mega777 (20 Февраль 2015 - 02:54) жазган:
тооктой туруңуз таксыр.Мындай да биз учурда РФтебиз,кыргыздар аз болсок да биримдүүбүз. Жалаң кыргыз аялдар жумасына бир жолу жумуштан кийин бир үйгө топтолуп Тажвидден баштап алдыңкылары Кураанга түшүп калышкан.Өз тартип,мугалим да бар.Кадимкидей эле ар бир мурунку алган тапшырмаларга жооп беребиз,кийинки сабакка тапшырма алып кетебиз.Бирок топурашпай жым жым отуруп тарайбыз.Сиз айткандай канчалык бир деңгээлде жашынабыз.Ошондо? деген суроо туулду да.
Анан кожойундарыбыз да 5-6адам чогулуп "Таалим" өтүп турушат,убактылары 20мүнөт гана.
Ии дагы жакында үйүбүздө кадырлуу таксыр конокто болуп кетти эле.Тизилип турган китептердин арасынан "Фазаил амалын"көздөн далдоороок жерге коюшубузду кулак кагып кетиптир.Бул китепте кандай сыр катылган,РФте эмнеге "куугунтукталып" жүрөт?
Канчалык жашынабыз дегенинизди аны мындай тушунуу керек. Сиздерди жашынуу дебейт болгону башка бир адамдардын же болбосо кошуналардын кандайдыр бир денгеелде тынчын албоо деген тартиптер бар да. А эркектер деле ошондой. Бизде мисалы Бишкекте ошондой. Мисалы мен жашаган уйдо ар жума сайын таалим болот эле аялдарга,ошол аялдар келгени да кеткени да билинбейт, себеби тартип ошондой аны жашынуу дебейт,аны тартип сактоо дейт.
Анан сиз айтып жаткан фазаил амал россиянын борбору москвада да сатылат го м.пр.мирада центр.мечитинде мен оз козум менен корот элем,ага эч кандай тьюу салган жери жок. Болгону кеебир дин агымдары анын ичин ачып окушпай туруп эле ар нерсени айта берет,алардыкы туура эмес.
Бир де да Чубак ажынын башын бироо аябай оорутуптур Куран да мындай жазган тигиндей жазган депчи, анан Чубак ажы айткан экен макул ошол китебинди алып келчи десе баягы салафий барып Алаудин Мансурдун котормосун алып келиптир. Анан Чубак ажы айткан экен Алаудин Мансурдун озун алып келсенда признавать этпеймин деп. Ошонун сынарындай фазаил амал китебин жазган аалымдадын дуйно жузундо денгеели кандайдыр бир орду бар. Аны мындай эле адамдар жазган эмес. Анын ичинде Куран аяттар,канча хадистер бар. Аны бир чекеге алып кой, коздон далдоо жерге койгула дей турган китеп эмес ал, ким ошондой деп айтса ошол дегени учун адам озу куноокор болот.
Ал фазаил амал китебин окуган адам тушунот анын эч кандай ичинде сыр катылып корко турган жери жок,тескеринчеси окуган адам пайда алат.