Үй-бүлөдөгү казан-аяк кагышуудагы кызыктар... кийин эстеп күлөсүн го...
#121 10 Март 2015 - 17:38
#122 10 Март 2015 - 18:25
Үйбүлөдө пикир келишпестиктер, талаш-тартыштар, кээде чыр-чатактардын болуп турушу кадимкидей көрүнүш. Бул социалдык жат көрүнүштү кыргыздар философиялык көз караш менен “казан-аяк кагыша берет” деп коюшат. Ал эми жогоркуда аталгандай көрүнүштөр дүйнөгө атагы чыккан, акылдуу инсандардын үйбүлөсүндө да кездеше берет тура. Ага далил катары үч белгилүү инсандын өмүрүнө учкай көз жүгүртөлү.
Л. Н Толстойдун көчөдө көз жумганынын себеби эмнеде?
Л. Н. Толстойду (1828-1910) дүйнөгө атагы чыккан жазуучу катары тааныйбыз. Ал диний-философиялык, эстетикалык, нравалык, публицистикалык эмгектерди жазган. Ошондой эле жаштарга билим-тарбия берүүнүн эркин түрүн киргизген (бул ыкма биздин мезгилде да кээ бир мектептерде колдонулат). Ал эми ага адабият тармагында жасаган эмгектери үчүн Нобель сыйлыгын ыйгарышканда аны алуудан баш тарткан.
Ошондой улуу инсан карыганда, 82 жашында Рязандын Астапова деген станциясында өпкөсүнө суук тийип каза болот. Ал киши каза болгондо чөнтөгүнөн кат табылып, анда акыркы керээзи төмөнкүдөй жазылган болот:
“Сиздерден сураныч, мен өлгөндө менин жаныма аялымды жана кыздарымды жолотпогула”. Анын себеби мындай: дүйнөгө белгилүү болгондой улуу жазуучу өз өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн өз элине арнайт, байлыктан баш тартат, балдарга тарбия берүүгө аракет кылат. Улуу адамдын андай көз карашын түшүнбөгөн аялы жазуучуну эртеден кечке тилдейт, кулагынын кужурун алат, жемелейт. Акыры аялынан тажаган улуу инсан карыганына карабай үйүнөн чыгып, жолдо каза болот.
АКШнын 16- президенти Авраам Линкольн аялынын урушчактыгынан тажап, көчөлөп кеткен
АКШнын 16-президенти, АКШда кулчулукту жойгон, азыр АКШда күчтүү саясий уюм болгон Республикалык партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Авраам Линкольн (1809-1865) да үйбүлөлүк бакытты баштан кечирбей өткөн. А. Линкольндун бою, колу узун, мурду чоң болуп, жүрүм-туруму олдоксон көрүнгөн. Күйөөсүнүн андай жүрүм-турумуна нааразы болгон аялы аны күнүгө жемелеп, мээсинин кужурун алган. Ал турсун бир жолу сый коноктор менен бир дасторкондо кофе ичип, сүйлөшүп олтурушканда олдоксон Авраам байкабай мурдун шар тартып ийет, ага ачуусу келген аялы ысык кофени күйөөсүнүн бетине олтургандардын көзүнчө чачып жиберет. Ошондо да Авраам унчукпай бетин жүзарчы менен арчып тим болот. Аялынын андай тажаалдыгынан чочулаган Авраам ишин шылтоолоп, үйүнө келбей талаа-түздө конуп, эптеп жан сактап жүрө берген. Ал 1861-1865-жылдар аралыгында АКШнын президенти болгон. 1865- жылы Авраам өлтүрүлгөндө аялы ким менен урушаарын билбей жиндеп жүрүп, ошол жин оорусунан каза болгон.
Сулуу кызга ашык болуп бактысыз калган Напалеон III
Франциянын 1852-1870-жылдардагы императору атактуу Напалеон III ( Луи Напалеон Бонапарт) агасынын жолун жолдоп, тынымсыз ар өлкөлөр менен согушуп турган. Бирок анын үйбүлөдөн бактысы болгон эмес. Напалеон III Францияны башкарып турганда Париждин эң сулуусу, бирок жөнөкөй үйбүлөнүн кызын сүйүп калып, аны менен баш кошууну чечет. Бирок анын кеңешчилери император бери дегенде падышанын кызына үйлөнүшү керек деген кеңешин беришет. Бирок Напалеон III кеңешчилердин айтканын эскилик деп чечип, өзү сүйгөн сулууга үйлөнөт. Тилекке каршы анын сүйгөн сулуу кызы кызганчаак, тажаал аял болуп чыга келет. Ал сулуу өзү ойнош күткөнүнө карабай күйөөсүнүн ар бир кадамын аңдып турган. Ал эле эмес Напалеон III өз бөлмөсүндө чет өлкөлөрдүн падышалары менен мамлекеттик маселелерди сүйлөшүп олтурганда аялы бөлмөгө эч уруксаты жок жулунуп кирип: “бөлмөңдүн ичине ойношуңду катып алгансың” – деген учурлары болгон экен. Аялынын кызганчаактыгынан, ажаандыгынан тажаган император кечкисин ишенимдүү жакын жолдоштору менен түнкү Париждин көчөлөрүн кыдырып жүрсө, кээ бир түндөрү тааныштарыныкында түнөп калууга мажбур болгон.
Эң кызыгы жогоруда аталган үч улуу инсан тең аялдары канчалык ажаал болбосун ажырашуу жөнүндө ойлоп да коюшкан эмес.
Баары жакшы, мен жаман...
#123 11 Март 2015 - 09:22
#124 12 Март 2015 - 16:02
#125 18 Март 2015 - 10:13
#126 19 Март 2015 - 15:20
#127 29 Март 2015 - 23:31
#128 30 Март 2015 - 20:53
#129 30 Март 2015 - 21:04
#130 31 Март 2015 - 12:43
#131 05 Апрель 2015 - 22:15
Менин атам менен апам урушп калышат.
Ортодо биз кыйналабыз.
#132 05 Апрель 2015 - 22:17
#133 05 Апрель 2015 - 22:24
#134 08 Апрель 2015 - 13:30
aijani (30 Март 2015 - 17:53) жазган:
Коюңузчу ай 20 минут сүйлөшкөн жетпейт. Мисалы биз жолдошум экөөбүз канча сүйлөшсөк да сөзүбүз бүтпөй калат. Урушкан учур боло элек.
Баары жакшы, мен жаман...
#135 08 Апрель 2015 - 20:46
Билдирүүнү түзөткөн: Lusi: 08 Апрель 2015 - 20:48
#137 08 Апрель 2015 - 21:31
Lusi (08 Апрель 2015 - 20:46) жазган:
Не десем кыйын экенсиз ой бооой бизде да болчу оозуну бышык жуумп унчукпасан да куноо мен тарапта болчу .
#139 10 Апрель 2015 - 01:05
Уй булодо казан аяк кагышып турса демек алга умтулуу барда, уй булоо жакшыртуу учун талаш-тартыш болуп туратго.
Билдирүүнү түзөткөн: jaskaaa: 10 Апрель 2015 - 01:10
#140 14 Апрель 2015 - 12:00
Билдирүүнү түзөткөн: Meka77: 14 Апрель 2015 - 12:03