Диний фанатизм - улуттун келечегине чабылган балта ойлон кыргыз, ойгон кыргыз
#121 18 Июнь 2015 - 14:49
Ажеп эмес Ислам олкосу болсо.
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#122 20 Июнь 2015 - 04:48
Бирок окунучтуусу динди кабыл алгысы келбегендер ар турлуу шылтоолорду айтып ал тургай шылдындаганга откону кызык экен .
Ошо силертоготпогон эски китептер , сасыган дамбалдар , чубалжыган хидджабдар диндин шарияттын окуму аны силерге окшгондор танып кабыл алалбайт.Озунорчо биз
кыргызбыз биз кыргызча жашайбыз , ата бабабыз элечекчен откон биз да ошентип отобуз деп атышат , бирок бул да курулай оздорун алдоо кана ошо айткандар дагы деле европаны туурап ошолордой болуп жашашты каалагандар .
А дейбиз Б дейбиз барибир Аллахтын каалосу менен ар бир нерсе .Озунчо бул нерсе арабтардыкы дегендерге айтарым Аллах ушундай ыйык нерселеринен насип кылбашынан корккула демекчимин .
Бул менин билип туруп , тушунуп акылы жетип туруп моюундарына алгысы келбегендерге айтканым.
Талап кетпегиле .
#123 20 Июнь 2015 - 07:28
Beka. (17 Ноябрь 2014 - 14:52) жазган:
Адам олтуруу боюнча соз кылаарда алгач ислам мамлекеттериндеги кан тогуулорду эске алуу керек. Менин оюмча адамдардын баарын Кудай жараткан жана баарына бирдей мээрим тогот. Каапырлар деле Кудайдын жараткан адамдары. Эгер Кудай аларды жек корсо ислам менен кричтиян деп болуп отурбай озунун керемет кучу менен жер бетинен жок кылып же согуштуруп отурбай озу ислам динин тутунтуп коймок. Ашынган манкуртка айланган фанаттар жонундо айта турган болсом эки жыл мурда Ноокат районундагы Ынтымак айылындагы тээ илгерки мазардагы бабалардын эски кумбоздорун туну талкалап кетиптир. Иликтоого алганда талкалагандар ошол ислам фанаттары болуп чыгышты. Сурак бергенде алар ислам дининде мындай кумбоз болбошу керек деп жооп беришкен. Албетте алар оз жазаларын мыйзам турундо алышты. Олгон адамдын тынчын алып кумбоз бузгандарын эмне десек болот? Ошол кумбоздо жаткан адамдын балдары, неберелери азыр 80-90 жаш куракта экен. Алардын ыйлаган жуздорун коруп ушундай фанаттарга болгон жек коруум осуп кеткен.
#124 20 Июнь 2015 - 07:38
Билдирүүнү түзөткөн: Likvidator: 20 Июнь 2015 - 07:39
#125 09 Сентябрь 2015 - 17:09
Цитата
Бейиш издеп, Сирияга кеткен тоңдуктар
Кыргызстандык өспүрүм балдар ата-энесин ээрчип, Сирия менен Ирактагы согуш талааларына кетип жатканы маалым болду. Тоң районунда жашаган бир үй-бүлө беш баласы менен белгисиз тарапка кетсе, 80 жаштагы байбиче очор-бачар болгон төрт кызын ээрчитип согуш жүрүп жаткан аймакка жол тарткан....... ....
- "Биз бир жакка кетебиз" деп айтты беле?
- Жок, бир жакка кетебиз деп айткан эмес.
- Сен досуңду акыркы жолу көргөндө эмне деп айтты эле?
- Эртең сабакка барбайм деген. Эжейге эмне деп айтып койоюн десем, “билбейм деп кой" деген.
- Биз алыска кеткени жатабыз деп айтты беле?
- Жок, антип айтчу эмес.
- Мектепте мечитке барган балдар көппү?
- Көбүнчө балдар мечитке барбай калышты.
- Мурда баарыңар барчу белеңер?
- Мурда баарыбыз барчубуз. Амандын атасы көчөдөгү балдардын баарын мечитке ээрчитип кетчү. Биздин көчө бүт барчубуз.
- Досуң кеткенин укканда сен эмне деп ойлодуң?
- Мен Аман кайда, үйүндө жок экен деп издеп барсам, коңшу атабыз “Тосорго кеткен” деп койгон.
- Аман эмне кино көрүп, кандай китептерди окучу эле?
- Алар үйүндө мусулманча дисктерди көрүп отурушчу.
- Сага дагы досуң буларды көр деп берчү беле?
- Жок, берчү эмес, өздөрү эле көрүшчү.
- Максат байкең силерди мечитке баргыла деп чакырчу беле?
- Мечитке баргыла, үйдө жөн жүрбөй, мечитке баргыла деп айтчу.
- Сирия жөнүндө айтчу беле, алыста согуш болуп жатат деп айтчу беле?
- Алыска дааватка чыгуу керек деп айтчу.
- Классыңарда канча эркек бала бар?
- Аманды кошкондо алты бала болчу, эми бешөөбүз калдык.
- Аман чоңойгондо ким болом дечү эле?
- Чоңойгондо геолог болгум келет дечү.
- Мектепте жакшы окучу беле?
- Ооба, 6-7-классында үч сабагынан жетпей калган.
- Аман кайда жүрдү болду экен деп классташтар сүйлөшөсүңөрбү?
- Азыр сүйлөшпөй деле калдык, ал келбейт деп ойлошот...
Амандын чогуу өскөн досу аны менен акыркы жолу сүйлөшкөнүн эстеп сүйлөп берди. Келечекте геолог болом деп кыялданган, 9-класстын окуучусу ушул тапта кайда, кандай күндө, ким менен жашап жатканы белгисиз. Амандын классташтары чоңдордон укканы боюнча ал ата-энеси, төрт бир тууганы менен алыска Сирия деген согуш болуп жаткан жакка кетиптир.
Бейиштен кезигебиз...
Көл жээгиндеги чакан кыштакта бир үй-бүлө түн жамынып качып кеткени, болгондо дагы Сириядагы согушка бет алганы тууралуу сөз айылга чагылгандай тез тарады. Мындай кабарды уккан карапайым айылдыктар адегенде нес болсо, ага улай окуянын чоо-жайы талкуулана баштады. Декабрдын 21инен 22сине караган түнү айылда колунан көөрү төгүлгөн уста, беш уулдун атасы, кадыр-барктуу үй-бүлөнүн кенже уулу, 40 жаштагы Максат уулдарын, жубайын алып, түн жамынып, 80 жаштан өткөн атасын үйдө жалгыз калтырып качып кетет деген эч кимдин оюна дагы келбесе керек.
Сирияга барып жихадчы болгон өзбек жараны Бир түндө эле катарында чогуу жашаган коңшусун жоготкон айылдыктар Максат аялы экөө алыска кетүүгө эбактан бери камынып жүргөнүн эми гана баамдашканын, убагында ага маани беришпегенин эстеп отурушту. Максат кетерден 20 күндөй мурун догдурда дарыланам деп Бишкекке барып, жол камылгасын көргөн экен. Өзүнө, аялына, уулдарына арабча ысым ыйгарып, башка өлкөгө саякаттоо үчүн паспортторду алдын-ала даярдаптыр. Жубайы Фарида болсо соңку эки жылда бети-башын чүмкөп, коңшу келиндер менен такыр эле сүйлөшпөй калганын, “таалим сабактары" деп бир жактарга такай каттап турганын, айт майрамдарда чоочун меймандарды коноктогонун сөз кылып отурушту.
40ка чыга элек келин уулдарын отургузуп алып, эртеден-кечке DVD дисктерди көрүшкөнүн, үч жашар кичүү уулунун “Аллаху ахбар” деп кыйкырып ойноп жүргөнүнө өз маалында эч ким деле маани бербептир. Жубайлар ата-энеден энчиге калган малын, автомашинесин сатып, өздөрүнө, балдарына эң керектүүсүн гана алып чыгып баратып, 80 жаштагы атасына, бир туугандарына багытталган катты, үй-жайдын ачкычын чоң бөлмөдөгү столдун үстүнө калтырат.
“Булар мурун эле дайынданып жүрүшүптүр. Катты жазып даярдап коюшуптур. Бизге таарынбагыла, ушундай жолду тандадык. Биз өзүбүзгө тиешелүү оокатты саттык, бизге таарынбагыла. Биздин артыбыздан сөз айтпагыла, бизди каргабагыла. Үйдү уулдарыңардын бирөөнө каттатып койгула. Бейиштен кезигебиз" деп жазылыптыр. Ага чейин малын сатыптыр. Бир жолу байкасам жетимиштен ашык коюнун жыйырмадайы эле калыптыр. Булар эмне болгон деп өзүмчө таң калып койгом. Келин болсо торпок сатып жатканын көргөм. Үйдөгү аксакалдын болсо мал менен иши жок болчу. Картошкасын сатыптыр, машинесин сатыптыр. Булар түнү менен учуп кеткен окшойт. Алар качып кеткенден кийин туугандары Бишкек менен байланышып, аэропортко чалышса, эбак учуп кетишиптир. Кетээрге чукул ишке көңүлдөрү жок, башкача болуп калышкан. Эмне булар минтип калган деп бүшүркөп тим болгом. Койлорун коругуна киргизип ийип, кечинде айдап келип, андан сырткары жумуш жасабай калышкан. Көрсө ошондо эле көңүлү бузулуп жүрүшкөн тура...”
Үч окуучусун жоготкон мектеп
Бир түндө үч окуучусу дайынсыз болгон чакан мектептин уюштуруу иштери боюнча директорунун орун басары Суусар Камчыбекова Максат башкаларга үлгү көрсөткөн ата катары, мектептин ата-энелер комитетин жетектеп, алтургай мектепке келип, балдарга тарбия саат өтүп турганын баяндап отурду:
ИМ согушка даярдап жаткан балдар. Сүрөт интернетке тараган видеодон алынган. Аллеппо, Сирия - Атасы мектептин ата-энелер комитетинин төрагасы болчу. Абдан тартиптүү, ишеничтүү адам болчу. Балдарга келип тарбия саат өтүп, тартип боюнча лекция окучу. Антип кетип калат деген эч кимдин оюнда жок эле. Дин жөнүндө балдар мечитке барып окушат. Балдары мечитке барчу. Амандын баскан-турганынан дагы эч нерсе байкалчу эмес, мектепке эч кандай диний китептерди же дисктерди алып келгенин көргөн эмеспиз. Үч уулу тең токтоо балдар. Эч кимге эч нерсе билгизишчү эмес. Алар кеткенден кийин Аман классташтарынын бирөөнө интернеттеги агент аркылуу “биз жөнүндө айылда эмне деп атышат?" деп сурап жазыптыр. Интернетке такай кирбейт экен, суроосунун жообун алгандан кийин өчүрүп коюптур. Балдар кеткенин укканда биз дароо райондук билим берүү бөлүмүнө, милицияга, айыл өкмөтүнө билдирдик. Балдар окуудан чыгып кетти, бирок документтери биздин мектепте турат. Бирөө 9-класста, кийинкиси 7-класста, дагы бирөө 4-класста окуйт. Андан кийин мектептеги балдарга дин боюнча сабактарды өтүп, эгер силер дагы туура эмес жолго түшсөңөр, ушундай болот деп түшүндүрүп атабыз. Мектептеги балдар алар кайда кеткенине кызыгышат, Сирияга кетиптир деп айтышат. Биз адегенде Түркияда деп укканбыз, эми Сирияда деп атышат...
Сирияга жол баштаган 80деги байбиче
Согуш оту алоолонгон Сирияга беш балалуу үй-бүлөнү эмне тартты? Туулуп-өскөн айылынан алыс чыкпаган карапайым жубайларды ата-бабасы көрбөгөн алыста эмне кызыктырды?
Бул суроолорго жооп издеп, Максаттын аялы Фарида туулуп-өскөн айылга бардык. Фариданын үй-бүлөсүн бала кезинен жакшы таанып билген апа Сирияга сапар алгандардын сырын ачты.
Белгисиз дүйнөгө алгач эки жыл мурун Фариданын агасы, 37 жаштагы Майрамбек кош бойлуу аялы, үч баласы менен кетиптир. Алыска кеткен уулу сизди сагындым деп айылда калган 80 жаштагы апасын чакыртат. Байбичени коштоп, очар-бачар болгон 52 жаштагы кызы Жыпар күйөөсүн, балдарын-неберелерин таштап, өткөн жылдын март айында алыска жол тартат.
80деги апа жаңы конушуна жеткенден кийин Тоң районунун төрт айылында турмуш куруп, бала-чакалуу болгон кыздарын жаңы жерге, жаңы турмуш курууга чакыра баштайт. Апасынын тилине кирип, өткөн жылы 33 жаштагы Нурзат күйөөсүн ээрчитип, үч баласы менен өз үй, өлөң төшөгүн таштап чыгып кетет. Сиңдисине улай 43 жаштагы Жазгүл дагы күйөөсүн алып, баарына кайыл болуп, сапарга аттанат. Апанын кичүү кызы, баяныбыздын башында сөз кылган Максаттын келинчеги, 38 жаштагы Фарида беш уулу менен өткөн жылдын декабрь айында түн жамынып, айылдан качып кеткен.
Ушул тапта 80деги байбиче төрт кыз, үч күйөө баласы, уул-келини менен кайда, кандай турмуш өткөрүп жатканы белгисиз.
Жогоруда белгилүү себептен улам аты-жөнү өзгөртүлгөн, Сирияга согушка кетти делген Тоң районунун тургундары, үйдөн чыгып кеткенден кийин кайрылып кабар берген эмес.
Алтургай айыл ичинде айрымдары согуш талаасында апаат болуп кетиптир деген ушак-айың сөз дагы бар. Облустук атайын кызматтардын өкүлдөрү мындай маалыматты жокко чыгарышты.
Булак: Азаттык
#126 13 Сентябрь 2015 - 20:40
#127 03 Октябрь 2015 - 19:32
Билдирүүнү түзөткөн: stimyl.kg: 03 Октябрь 2015 - 19:33
#128 03 Октябрь 2015 - 19:42
Билдирүүнү түзөткөн: Nurmuxammet: 03 Октябрь 2015 - 19:43
#129 03 Октябрь 2015 - 19:52
stimyl.kg (03 Октябрь 2015 - 19:32) жазган:
Туура айтасыз. Илимий маалыматтардын жетишсиздигинен, Фанатизм-Радикализмдер кобойуп, и ошолорду колдогондор да кобойуудо. Чындыгында, Кыргызстанда да, диний илимий кадрлар ото-ото аз, ошон учун, динде аша чаап кеткендерда аз эмес...
#130 31 Август 2016 - 00:54
asmera (11 Ноябрь 2014 - 08:50) жазган:
Ал эми динге ашкере ишенген, басса-турса Куранды, Шариятты айтып, өзүн да, башкаларды да алагды кылып, "ерунда" менен "заниматься" эткендерге айтаарым: "Өз ханын сыйлабагаң - башканын ханын сыйлап калат".
Ошондуктан кысчу жерди акырын кысып, куску келтирчү, түшүнүсүз "мазхаб" , "ширк-мирк" , ж.б.у.с. сөздөрдү эч кимге угузбай сүйлөп, сасыган, чубалжыган дамбалыңарды, хиджабыңарды көзгө көргөзбөй, үйүңөрдө кийип, акырын турмушуңарды өткөрө бергиле. Антпесеңер, президент айткандай, "ошондой өлкөлөргө барып жашап каласыңар. Эч ким каршы эмес. Биз эл-жерибизди, тилибизди, дилибизди коргоп, сактап калуу үчүн чечкиндүү кадамдарга даярбыз. Муну эч ким унутпасын! ".
Баса белгилеп айтаарым, дин - азыркы заманда силер ойлогондой ишеним эмес, эң күчтүү, эң кубаттуу идеология. Ал идеологияны ишке ашыруу үчүн ислам төбөлдөрү эч кандай финансылык ресурстарды, адам өмүрлөрүн аябайт. Бул буга чейин болгон, азыр да болуп жатат жана мындан ары да боло берет. Муну - дүйнөлүк саясат деп койот. Алар эч кандай партия-мартия түзүп убара болбой эле, дин аркылуу башыңарды айлантып, "тирүү бутага (мишенге)" айлантып коюшат. Өзүңөр да байкабай каласыңар.
Ошондуктан, көзүңөрдү ачкыла, каяктагы эскирип, чалдыбары чыккан, пайдасы жок китептерди окуп, чала сабат, өздөрү эмне айтып атканын түшүнбөгөн "молдоке" сөрөйлөрдүн айтканын угуп, башыңарды "мусорго" толтурбай , Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө пайдасы тие турган илим-билимге ээ болгула, амалдарды жасагыла!
Ошондо, анча-мынча болсо дагы кээ бир түшүнүксүз суроолор, аз-маз болсо дагы "сомнениелер" пайда боло баштайт. Анткени, адам болгондон кийин болуш керек да мындай нерселер. Эгер мал болсок, анда кете бермекпиз айдактаган жакка.
Азамат ушул адам.Мен колдойм!
#131 31 Август 2016 - 18:36
Анан бир нерсе десе эле силер да Европаны туурап жашап атасынар, силер орусча сүйлөп атасынарбы демек биз да арабча сүйлөп алабыз деп чыгат экенсинер. Биз оронбогондор өз улуттук кийимибизди кийе албай жатабыз, ошол хиджабты кийе албагандай эле. Силер хиджаб кийгенден көрө ошол өзүбүздүн улуттук кийимдерди кийбейсинерби деген ойдо эле жазышып атат баары.
Карап турсан дин кадимки саясий ойунга айланып баратат. Динди бурмалап адамды тирүү куралга айлантып алышат оной эле.
#132 31 Август 2016 - 22:03
JENTELMEN (31 Август 2016 - 00:54) жазган:
Жентилмен, чаң басып калган темаларды казып чыгып, бүткөн талаш-тартыштарга май тамызып, от жагып жиберет экенсиң. Адамдар арасында ынтымакты кетирүү аябай эле жаман иш экенин туйюп деле тургандырсың. Жалаң эле Исламга каршы темаларды чубап жүрөсүң да... Уят, оо Жентилмен, уяаат.
#133 31 Август 2016 - 23:32
#134 01 Сентябрь 2016 - 07:34
brother
#135 01 Сентябрь 2016 - 07:39
JENTELMEN (01 Сентябрь 2016 - 00:32) жазган:
Адам кантип динге берилет же берилбейт? Дин - бул жашоо болсо, кантип жашоого берилип же берилбейсин? Динди турмуштан ажыратууга аракет кылгандарын жана ажыраткандар - булар демократия доктринасын кабыл алышкандар. Демек адашкандар.
brother
#136 01 Сентябрь 2016 - 08:03
Бул жашоодо максатын эмне дегенге " озун чечип ал эмне учун жашаарынды" - дейт демократия. Бул жерде кайра эле хаос башталат: бири коп окуп билим алууну жашоонун максатын кылып койот. Бири уйлу, жайлуу, унаалуу болууну. Бири дуйно жузун кыдырып чыгууну, бирок ошолору ишке ашабы????? Адам материалдык койгон максатына жетишине кепилдик барбы? Жок!
Кайда барасынга демократия кайра эле " озун чечип ал "- дейт. " Кааласан жон эле чирип жогол, кааласан космосту аралап учуп кет...." . Ушул акылга сыйган нерсеби?!
Билбейм, акыл эси соо адам демократиянын акыдасын кантип кабыл Алат?! Исламдын акидасын тушунуп, кабыл алган адамды фанат кылып койгонунар акыл эске сыйбаган нерсего.
Билдирүүнү түзөткөн: sister: 01 Сентябрь 2016 - 08:04
brother
#137 01 Сентябрь 2016 - 10:38
JENTELMEN (31 Август 2016 - 23:32) жазган:
Унутулуп калган теманы кайра көтөрүп чыгууң - "Билесиңерби, баягы 2010 жылкы июнь окуясын? Өзбектер кыргыздардын өлтүрүп" дегендей болуп калыптыр.
Сакал коюп, узун кийинип, намазын окуп, теспесин кармап "мечитке барып намаз оку" деген адамдарды фанат катары кабыл алуу туура эмес. Өзүбүз дүнүйөнүн фанаты болуп Аллахтын өкүмдөрүн тааныбай кеткенибизден улам Аллахты тааныгандар биге фанат көрүнүп жатат.
#138 01 Сентябрь 2016 - 13:38
s9zen098 (31 Август 2016 - 18:36) жазган:
Анан бир нерсе десе эле силер да Европаны туурап жашап атасынар, силер орусча сүйлөп атасынарбы демек биз да арабча сүйлөп алабыз деп чыгат экенсинер. Биз оронбогондор өз улуттук кийимибизди кийе албай жатабыз, ошол хиджабты кийе албагандай эле. Силер хиджаб кийгенден көрө ошол өзүбүздүн улуттук кийимдерди кийбейсинерби деген ойдо эле жазышып атат баары.
Карап турсан дин кадимки саясий ойунга айланып баратат. Динди бурмалап адамды тирүү куралга айлантып алышат оной эле.
Биз азыр технология күчтүү өнүккөн заманда жана фитна да эң күчтүү өнүккөн заманда жашап жатабыз. Бул заман биз адамдар үчүн эң сонун шарт жеңилдик болгону менен аң сезим, акыл ой жүгүртүү жагынан аксатып коюп жатат.
Мисалы: Акыл эсти иштетип олтурбайсың, эсеп кылыш үчүн эсептегич калькулятор колдоно коебуз, окууп акыл эсибизди кеңейтели дейбиз Гууглдан таап көчүрүп алабыз, ушинтип баарын жеңил жагына тап берип жүгүрүп жатып мээбизди акыл эсибизди жалкоо кылып бүттүк.
Ушулар сыңаары эле, Ислам динин кабылалышта да акыл эсти, жүрөк аң сезим менен кабылдабай эле, теле радиолордон кандай айтса туурабы туура эмеспи ошо бойдон кабыл жатабыз. Же болбосо көчөдөн кийингени жүргөнү турганына карап баа берип жыйынтык чыгарып жатабыз.Бул туура эмес, анткени Аллахтын эң сүйгөн дини бул -Ислам дини.
Бул жерде эч кимге эч ким таңуулабайт болгону, эскертип коет, калганын адамдар өз дезгээлине жараша кабыл алып кете берет.
Анан биз миң европаны туурасак да барибир орус же англичанин болуп кетпейбиз.Ошол эле мусулман бойдон калабыз.
Аа арабдарды туурасак, багытыбыз бир жолубуз бир мусулман бойдон эле калабыз.
Негизи кыйраткан илимим жок, алыбай алына жараша кылып жазып койдум Сюзен кыз.
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 01 Сентябрь 2016 - 13:47
#139 01 Сентябрь 2016 - 15:34
Темага эле анализ кылып жазып салайын.
Илимим жок.Жазышка деле акым жок,бирок кичине чиймелеп коеюн.
Диний фанат-ар бир эле динди тутунган жана ошол диндин артынан жана ошол ишеним учун бироолор менен талашып жана озунун ишеними учун озунун жана каршылаш адамдын жанын кыйууга даяр-адам.
Динде улутка болунуучулук жок.Же динди тутунган адам озунун динине улутунун коз карашы туура келбесе улутуна каршы болушу мумкун.(Дин деп Ислам же Християн же иудаизмдин бироосун айтбадым баардык эле дин жонундо соз болду)
Адам баласы адашуучу.Мен озумдуку туура деп кепилдик бере албайм.Талашкым да келбейт.Ойумду гана жазып койдум.
Билдирүүнү түзөткөн: argen.kg4: 01 Сентябрь 2016 - 15:40
#140 01 Сентябрь 2016 - 16:11
Meruet84 (01 Сентябрь 2016 - 13:38) жазган:
Мисалы: Акыл эсти иштетип олтурбайсың, эсеп кылыш үчүн эсептегич калькулятор колдоно коебуз, окууп акыл эсибизди кеңейтели дейбиз Гууглдан таап көчүрүп алабыз, ушинтип баарын жеңил жагына тап берип жүгүрүп жатып мээбизди акыл эсибизди жалкоо кылып бүттүк.
Ушулар сыңаары эле, Ислам динин кабылалышта да акыл эсти, жүрөк аң сезим менен кабылдабай эле, теле радиолордон кандай айтса туурабы туура эмеспи ошо бойдон кабыл жатабыз. Же болбосо көчөдөн кийингени жүргөнү турганына карап баа берип жыйынтык чыгарып жатабыз.Бул туура эмес, анткени Аллахтын эң сүйгөн дини бул -Ислам дини.
Бул жерде эч кимге эч ким таңуулабайт болгону, эскертип коет, калганын адамдар өз дезгээлине жараша кабыл алып кете берет.
Анан биз миң европаны туурасак да барибир орус же англичанин болуп кетпейбиз.Ошол эле мусулман бойдон калабыз.
Аа арабдарды туурасак, багытыбыз бир жолубуз бир мусулман бойдон эле калабыз.
Негизи кыйраткан илимим жок, алыбай алына жараша кылып жазып койдум Сюзен кыз.
Айтканыныз туура. Менин дин бойунча түшүнүгүм китептен окуп, теледен көрүп, анан айланамдагы динге берилген(өздөрү ошондой деп эсептейт да) адамдардын жүрүм турумунан көргөнүм бойунча эле чектелет. Китептен окуганым бойунча бир да китепте(көбүнчө 1916-жылга чейинки, ошондон кийинки СССРдин жаны түзүлүп аткан убагындагы турмуш чагылдырылган китептерди жакшы көрөм. Ошолорду көп окуйм) бир да молдокени он каарман катары көрбөгөм. Аларга болгон ишенбөөчүлүк ошондон улам кокүрөгүмө уйуп калса керек. Интернеттен, телевизордон көргөнүм бойунча диндин ашынган фанаттары көрүнгөн жерди барып жардырып аткан, шаарларды талкалап аткан. Жакшы жумушун али жолуктура элекмин. Айланамдагылардан көргөнүм болсо кыздар хиджаб кийет да бирок ошону эмнеге кийгенин түшүнбөгөндөй, айрым ошондой кыздардын жүрүм туруму да ирээнжитет. Ал эми ошондой байкелердин көпчүлүгүнүн аялына жасаган мамилеси жанды кашайтат. Аялына экинчи сорттогу адам катары мамиле жасашат. Эгер ошолор жакшы жагы менен өздөрүн көрсөтсө балким мен дагы кызыгып, алардын жолуна түшмөкмүн. Бирок жалан гана терс жактарын көрүп отурсан болушунча өзүндү алып качат экенсин.
Кече эле жакында байкемдин классташтары чогуу отурганда бир сакал койуп, намаз окуп жүргөн байкенин сөздөрүнөн оозум Ошту карап калды го. "Сирияга барыш керек. Ошол жактан өлсөн да дароо бейишке чыгасын"- дейт го. Кантип эле башка бирөөгө кастык кылып, жанын оорутуп, тынч жашоосун бузган адам бейишке чыгып кетсин. Ушундай нерсени айтып башкалардын башын айлантып эмне кереги бар? Тынч эле жашай бербейби десен дөөрүй бербей. Ушинтип отурсак улут жок болбогондо анан эмне жыргамак беле?