"Курбуларга бай болгула!"
Бул сапар мен жөн эле, мен жөн эле курбуларыма арналган сүйүүм менен бөлүшкүм келип турат
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
Дал ушул адамдар менен акыркы күндөрүм Асан-Үсөнгө айланды. Бош убакыт пайда болору менен темселеп көрүшпөй калган курбуларымды издеп жөнөйм. Буга чейин эмнеге ушундай жыргалчылыктан безе качып жүргөнүмө да капамын азыр...
Баарынан кымбат көргөн досум бар. Балким, эң кымбат сырымды ага ачыла айтканым үчүнбү, айтор аны баарынан улук көрөм. Сыр катылган сандык мезгил-мезгили менен ачылып-жабылып турат. Башында ал окуялар дайыма ый менен коштолчу. Убакыт өткөн сайын гилтейген эле сандыктын көлөмү кичирейип отуруп, азыр бир шакек араң салынчу кутудай болуп калган. Кээде ошол Пандорранын жашиги бар экенин унутуп деле калам.
А калган досторумдун баары кайсы бир сырлары менен бөлүшөт, а мен өзүмө бир партизан жетиштүү деп чечип, калгандарына баарын айтсам да, ошол азыркы кутунун сыртын да көргөзгүм келбейт. Жөн эле каалабайм, кааласам, ошонун баары мени таштай качып, кымбат досум жалгызсырап калмак...
Досторумдун ар бирин өзүнчө сүйөм, ар бирин түрдүү гүлгө окшоштурам. Жаз келбедиби... Баары четинен гүлүн ачып, күндөн күнгө кулпуруп, жаркырап, жадырап, тим эле дүйнөгө сулуулугун даңазалап жатышат. Кымбат досумду ак лилияга окшоштурам, чанда гүлдөйт, анан да үлбүрөгөн назик. Экөөбүздүн башыбыз бириккен жерде бул ааламда сөз болбогон адам калбай калат... Ромашкам бар, анын бир карашы эле жылмаюу жаратат, жагымдуу кабар ташыган, көбүнесе ишенчээк болушкан байчечекейлерим толтура, гүлү сопсонун, жыты сопсонун болгону менен, жакындасаң тикенеги менен чагып алган розаларым да жок эмес. А мен алардын жанында кактусмун, какыраган чөлдүн чөбүндөй болуп!
Баарыңарды жакшы көрөм. Жаз, жай, күз, кыш болсун. Арадан беш, он, элүү жыл өтсүн. Ыйлайбызбы, жыргайбызбы, атагыбыз ашып кетеби, элден бөлүнүп калабызбы, мейли кырсыкта, мейли жакшылыкта, тыныгуу кылымга созулуп кетсе да, ар бириңер тиштерибиз калбай калганчалык, жоолугубуз да ак чачыбызды жашыралбай калганчалык, "ыя" дегенди он кайталап дүлөй болуп калганчалык, карайлап көзүбүздүн курчу кайткан азиз болуп калган карылыкка чейин ДОС болуп калгым келет, ар бириңер менен!
![Сүрөт](http://s.fishki.net/upload/post/201504/14/1500995/ish-1.jpg)