ОРОЗО КАРМАБООГО УРУКСАТ БЕРИЛГЕН УЧУРЛАР ОРОЗО КАРМАБООГО УРУКСАТ БЕРИЛГЕН УЧУРЛАРЭч бир себепсиз орозо кармабай койуу чоң күнөө. Рамазан айында орозону эч бир себепсиз же атайын бузуу каффаратты талап кылат. Ал эми төмөнкү жагдайларда орозо кармабоого шариятта уруксат берилет. Бирок бул учурда кийин орозо кармабай калган күндөрдүн ордун толуктап кармап койуу керек. Орозо кармабоого уруксат берилген учурлар төмөнкүлөр:
1. Сапар: Шариятта көрсөтүлгөн аралыкка сапарга чыккан адам орозо кармаса да, кармабай койсо да болот. Бирок орозо кармаганы дурус.2. Оору: орозо кармоого тоскоол боло тургандай оорусу бар адам орозо кармабаса болот.3. Ден-соолугу начар карыялар орозо кармашпаса болот. Бирок ар бир күн үчүн битир садага берүүлөрү керек.4. Боюнда болуу же эмчекте баласы болуу. Эгер боюнда бар аял орозо кармаган чакта өзүнө же балага зыян келе турган болсо, орозо кармабай койсо болот. Кармабай калган күндөрүн кийин каза кылышы керек.5. Согуш майданындагы жоокерлер орозо кармашпаса болот.6. Кысым көрсөтүлгөн учурда ооз ачууга уруксат бар.
Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу.
#641 28 Июнь 2015 - 00:54
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#642 28 Июнь 2015 - 04:11
Сухурдун маанилүүлүгү менен
артыкчылыгы
Ар бир мусулман түндүн
акыркы бөлүгүндө, орозо
тутууга ниет кылып, сухурду
(саарлыкты) ичүүсү керек.
Аллахтын Элчиси ﷺ айткан:
« Таң атардан мурун
тамактангыла, анткени
сухурдун берекеси бар ». (ал-
Бухари 1923, Муслим 1095 ) .
Сухурдун артыкчылыгы
тууралу, Пайгамбар ﷺ мындай
деген: «Акыйкатта, Аллах жана
Анын периштелери сухур
(саарлык) кылгандарга
салават жолдошот». (Ахмад
3/12. Шейх ал-Албани хадисти
хасан деген ) .
Ошондой эле Сухур
мусулмандардын орозосу
менен христиандар жана
яхудийлердин орозолорунун
ортосундогу айырмачылык.
Аллахтын Элчиси ﷺ айткан:
«Чындыгында, биздин орозо
менен китеп ээлеринин
орозосунун айырмачылыгы –
бул сухур». (Муслим 2/770 ).
Сухурдун
маанилүүлүгү тууралу көптөгөн
сахих хадистерде айтылган.
Ибн ‘Амр, Абу Са’ид жана
Анастан жеткен хадисте,
Пайгамбар ﷺ айткан: « Бир
ууртам суу менен болсо да,
сухур (саарлык) жасагыла ».
(Ахмад, Абу Я’ля, Ибн Хиббан.
Хадис сахих. Кз. «Сахих ал-
жами’» 2945 ).
« Акыйкатта, сухурда береке
бар, ошондуктан аны
калтырбагыла». (Ахмад 11003.
Хадис хасан. Кз. «Сахих ал-
жами’» 3683 ).
« Момундун эң жакшы сухуру
(саарлыгы) – бул курма». (Абу
Дауд. Хадис сахих. Кз. “Сахих
ат-таргъиб” 1/448 ).
Сухурдун убактысы
Сухурдун убакыты таң атууга
жакын калганда башталат.
Эгер адам таң атаардан бир
нече саат мурун же болбосо
(түндө) уктаар алдында
тамактанса, анда бул сухур
(саарлык) болуп саналбайт.
(Кз: “ал-Маусу’атуль-
фикъхия” 3/269 ).
Сухурду түндүн акыркы
бөлүгүнө чейин калтыруу,
таң намазынын алдында
тамактануу абзел.
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«Бизге, пайгамбарларга оозду
эртерээк ачып, сухурду
кечирээк кылууга буйрук
кылынган». (Ибн Хиббан, ат-
Табарани, ад-Дыя. Хадис
сахих. Кз: “ас-Силсиля ас-
сахиха” 4/376 ).
Адамга, таң атып баштаганы
аныкталмайынча тамактана
берүүсүнө уруксат этилет.
Аллах Таала Куранда айтат:
«Таңда ак жип менен кара
жипти айырмалай алганыңарча,
тамактана бергиле» (Бакара 2:
187), ак жип бул таң, кара жип
бул караңгылык б.а. таң
киргендин белгиси киргиче
тамактана бергиле .
Ибн `Аббас айткан: «(Таң
аткан-атпаганы) тууралу шек-
күмөнүңөр жок болмоюнча,
Аллах силерге жеп-ичүүгө
уруксат кылды ». (Абду-
Рраззак, хафиз Ибн Хаджар
иснадын сахих деп атаган. Кз:
“Фатхуль-Бари” 4/135).
Шейхул-Ислам Ибн Таймия да
ушу пикирди карманган. (Кз:
“Маджму’уль- фатауа” 29/263 ).
Ал эми, ооз жабууну таңдын
алдын 15-20 минут мурун
токтотуу керек деген түшүнүк
– бидаат (динге киргизилген
жаңылык). Кээ бир орозо
календарларында ооз жабуу
убактысынан тышкары
«имсак» (т.а. жеп-
ичүүнү токтотуу убактысы)
деп аталган өзүнчө бөлүк бар.
Мунун эч кандай негизи жок,
анын үстүнө бул сахих
хадистерге каршы келет .
Абу Хурайрадан жеткен
хадисте
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«Эгер силердин кимдир
бирөөңөр намазга чакыруучу
азанды укса, ал эми
анынидиши колунда турган
болсо, андан жеп болгонунча,
аны койбосун». (Абу Дауд
1/549, Ахмад 2/423, ал-Хаким
1/426, ал-Байхаки 4/218, ад-
Даракутни 2/165. Хадистин
сахихтигин имам ал-Хаким,
шейхул-Ислам Ибн Таймия
жана шейх ал-Албани
тастыкташкан. Кз: “ас-
Силсиля ас-сахиха” 1394 ).
Бул хадисте, азан кирген
убакытка чейин тамактануудан
коркуп, таң намазынан 15-20
минут мурун бекитилчү имсак
убакыты динге киргизилген
жаңылык (бид`а) болуп
табылышына далил бар. (Кз:
«Тамамул-минна» 418 ) .
Бул хадис көптөгөн сахих
кабарлар менен ырасталат. Абу
Умама айткан: « Күндөрдүн
биринде, намазга чакырылып
жатканда, `Умардын колунда
чыны бар эле, ошондо ал
Пайгамбардан ﷺ : « О,
Аллахтын Элчиси, буну ичип
коёюнбу?» - деп сурады. Ал:
«Ооба, ичип кой! » - деди». (Ибн
Джарир ат-Табари 3017.
Хадистин иснады хасан ).
Абу Зубайр айткан: «Мен
Жабирден: “Орозо туткусу
келген адам, азан айтылып
жатканда колунда суусундугу
бар чыны болсо эмне кылуусу
керек?” - деп сурадым. Ал
мага: “Биз да
Пайгамбарыбыздын ﷺ лдында
бул тууралу сөз козгогон элек,
ошондо ал: « Иче берсин », - деп
жооп берген”, - деди». (Ахмад
3/348. Хафиз ал-Хайсами
хадистин иснадын хасан деген.
Кз: “Маджму’у- Ззауаид”
3/153 ).
Ибн Мас`удтан жеткен
хадисте, күндөрдүн биринде
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«Билалдын түндө чакырчу
азаны силерге, таң атуунун
алдында тамактанууңарга эч
кандай жолтоо болбосун.
Анткени, ал азан сөздөрүн, таң
намазынын убакыты киргенин
кабардоо үчүн эмес, бирок
араңарда уктабай
жатканыңардын көңүлүн
буруу, ал эми уктап
жатканыңарды ойготуу
үчүн ». (Бухари 621, Муслим
2/768), б.а.
учурунда Пайгамбарыбыздын
эртең менен эки азан айтышчу
– биринчиси сухурдун
башталышына (бул азанды
Билал айтты), экинчиси
сухурдун бүтүп багымдаттын
башталышына (бул азанды Ибн
Масуд айтты ) .
Хадистин башка риваятында
мындай айтылган:
«Ошондуктан, Ибн Умм Мактум
(Ибн Масуд) азан айтканына
чейин жегиле жана ичкиле!»,
б.а. багымдаттын азаны
.киргиче
Адамдардын: “Эгер адам
экинчи азанды укса, ал эми
анын оозунда тамак болгон
болсо, анда ал аны түкүрүп
таштоосу керек” деген
сөздөрүн фикх кайтарат,
ошондой эле ал Сүннөткө да
каршы келет. Бул динде
ашачабуу. Хадисте
айтылгандай «Динде
ашачабуудан (`улю) оолак
болгула. Чындыгында,
силерден мурункуларды динде
ашачапкандык кыйроого
учуратты» (ан-Насаи 2/49, Ибн
Маджах 2/242. Хадистин
сахихтигин ал-Хаким, аз-
Захаби, ан-Навави ) .
Ибн ‘Умардан жеткен хадисте,
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
« Чындыгында, Аллах Таала, Ал
койгон чектен чыгууну кандай
жек көргөн болсо, ошондой эле
Ал берген жеңилдиктерин
кабылдаганды жакшы
көрөт». (Ахмад 2/108, Ибн
Хиббан 2742, ал-Када’и 1078.
Хадис сахих. Кз: “Сахих ат-
таргъиб” 1059р
артыкчылыгы
Ар бир мусулман түндүн
акыркы бөлүгүндө, орозо
тутууга ниет кылып, сухурду
(саарлыкты) ичүүсү керек.
Аллахтын Элчиси ﷺ айткан:
« Таң атардан мурун
тамактангыла, анткени
сухурдун берекеси бар ». (ал-
Бухари 1923, Муслим 1095 ) .
Сухурдун артыкчылыгы
тууралу, Пайгамбар ﷺ мындай
деген: «Акыйкатта, Аллах жана
Анын периштелери сухур
(саарлык) кылгандарга
салават жолдошот». (Ахмад
3/12. Шейх ал-Албани хадисти
хасан деген ) .
Ошондой эле Сухур
мусулмандардын орозосу
менен христиандар жана
яхудийлердин орозолорунун
ортосундогу айырмачылык.
Аллахтын Элчиси ﷺ айткан:
«Чындыгында, биздин орозо
менен китеп ээлеринин
орозосунун айырмачылыгы –
бул сухур». (Муслим 2/770 ).
Сухурдун
маанилүүлүгү тууралу көптөгөн
сахих хадистерде айтылган.
Ибн ‘Амр, Абу Са’ид жана
Анастан жеткен хадисте,
Пайгамбар ﷺ айткан: « Бир
ууртам суу менен болсо да,
сухур (саарлык) жасагыла ».
(Ахмад, Абу Я’ля, Ибн Хиббан.
Хадис сахих. Кз. «Сахих ал-
жами’» 2945 ).
« Акыйкатта, сухурда береке
бар, ошондуктан аны
калтырбагыла». (Ахмад 11003.
Хадис хасан. Кз. «Сахих ал-
жами’» 3683 ).
« Момундун эң жакшы сухуру
(саарлыгы) – бул курма». (Абу
Дауд. Хадис сахих. Кз. “Сахих
ат-таргъиб” 1/448 ).
Сухурдун убактысы
Сухурдун убакыты таң атууга
жакын калганда башталат.
Эгер адам таң атаардан бир
нече саат мурун же болбосо
(түндө) уктаар алдында
тамактанса, анда бул сухур
(саарлык) болуп саналбайт.
(Кз: “ал-Маусу’атуль-
фикъхия” 3/269 ).
Сухурду түндүн акыркы
бөлүгүнө чейин калтыруу,
таң намазынын алдында
тамактануу абзел.
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«Бизге, пайгамбарларга оозду
эртерээк ачып, сухурду
кечирээк кылууга буйрук
кылынган». (Ибн Хиббан, ат-
Табарани, ад-Дыя. Хадис
сахих. Кз: “ас-Силсиля ас-
сахиха” 4/376 ).
Адамга, таң атып баштаганы
аныкталмайынча тамактана
берүүсүнө уруксат этилет.
Аллах Таала Куранда айтат:
«Таңда ак жип менен кара
жипти айырмалай алганыңарча,
тамактана бергиле» (Бакара 2:
187), ак жип бул таң, кара жип
бул караңгылык б.а. таң
киргендин белгиси киргиче
тамактана бергиле .
Ибн `Аббас айткан: «(Таң
аткан-атпаганы) тууралу шек-
күмөнүңөр жок болмоюнча,
Аллах силерге жеп-ичүүгө
уруксат кылды ». (Абду-
Рраззак, хафиз Ибн Хаджар
иснадын сахих деп атаган. Кз:
“Фатхуль-Бари” 4/135).
Шейхул-Ислам Ибн Таймия да
ушу пикирди карманган. (Кз:
“Маджму’уль- фатауа” 29/263 ).
Ал эми, ооз жабууну таңдын
алдын 15-20 минут мурун
токтотуу керек деген түшүнүк
– бидаат (динге киргизилген
жаңылык). Кээ бир орозо
календарларында ооз жабуу
убактысынан тышкары
«имсак» (т.а. жеп-
ичүүнү токтотуу убактысы)
деп аталган өзүнчө бөлүк бар.
Мунун эч кандай негизи жок,
анын үстүнө бул сахих
хадистерге каршы келет .
Абу Хурайрадан жеткен
хадисте
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«Эгер силердин кимдир
бирөөңөр намазга чакыруучу
азанды укса, ал эми
анынидиши колунда турган
болсо, андан жеп болгонунча,
аны койбосун». (Абу Дауд
1/549, Ахмад 2/423, ал-Хаким
1/426, ал-Байхаки 4/218, ад-
Даракутни 2/165. Хадистин
сахихтигин имам ал-Хаким,
шейхул-Ислам Ибн Таймия
жана шейх ал-Албани
тастыкташкан. Кз: “ас-
Силсиля ас-сахиха” 1394 ).
Бул хадисте, азан кирген
убакытка чейин тамактануудан
коркуп, таң намазынан 15-20
минут мурун бекитилчү имсак
убакыты динге киргизилген
жаңылык (бид`а) болуп
табылышына далил бар. (Кз:
«Тамамул-минна» 418 ) .
Бул хадис көптөгөн сахих
кабарлар менен ырасталат. Абу
Умама айткан: « Күндөрдүн
биринде, намазга чакырылып
жатканда, `Умардын колунда
чыны бар эле, ошондо ал
Пайгамбардан ﷺ : « О,
Аллахтын Элчиси, буну ичип
коёюнбу?» - деп сурады. Ал:
«Ооба, ичип кой! » - деди». (Ибн
Джарир ат-Табари 3017.
Хадистин иснады хасан ).
Абу Зубайр айткан: «Мен
Жабирден: “Орозо туткусу
келген адам, азан айтылып
жатканда колунда суусундугу
бар чыны болсо эмне кылуусу
керек?” - деп сурадым. Ал
мага: “Биз да
Пайгамбарыбыздын ﷺ лдында
бул тууралу сөз козгогон элек,
ошондо ал: « Иче берсин », - деп
жооп берген”, - деди». (Ахмад
3/348. Хафиз ал-Хайсами
хадистин иснадын хасан деген.
Кз: “Маджму’у- Ззауаид”
3/153 ).
Ибн Мас`удтан жеткен
хадисте, күндөрдүн биринде
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«Билалдын түндө чакырчу
азаны силерге, таң атуунун
алдында тамактанууңарга эч
кандай жолтоо болбосун.
Анткени, ал азан сөздөрүн, таң
намазынын убакыты киргенин
кабардоо үчүн эмес, бирок
араңарда уктабай
жатканыңардын көңүлүн
буруу, ал эми уктап
жатканыңарды ойготуу
үчүн ». (Бухари 621, Муслим
2/768), б.а.
учурунда Пайгамбарыбыздын
эртең менен эки азан айтышчу
– биринчиси сухурдун
башталышына (бул азанды
Билал айтты), экинчиси
сухурдун бүтүп багымдаттын
башталышына (бул азанды Ибн
Масуд айтты ) .
Хадистин башка риваятында
мындай айтылган:
«Ошондуктан, Ибн Умм Мактум
(Ибн Масуд) азан айтканына
чейин жегиле жана ичкиле!»,
б.а. багымдаттын азаны
.киргиче
Адамдардын: “Эгер адам
экинчи азанды укса, ал эми
анын оозунда тамак болгон
болсо, анда ал аны түкүрүп
таштоосу керек” деген
сөздөрүн фикх кайтарат,
ошондой эле ал Сүннөткө да
каршы келет. Бул динде
ашачабуу. Хадисте
айтылгандай «Динде
ашачабуудан (`улю) оолак
болгула. Чындыгында,
силерден мурункуларды динде
ашачапкандык кыйроого
учуратты» (ан-Насаи 2/49, Ибн
Маджах 2/242. Хадистин
сахихтигин ал-Хаким, аз-
Захаби, ан-Навави ) .
Ибн ‘Умардан жеткен хадисте,
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
« Чындыгында, Аллах Таала, Ал
койгон чектен чыгууну кандай
жек көргөн болсо, ошондой эле
Ал берген жеңилдиктерин
кабылдаганды жакшы
көрөт». (Ахмад 2/108, Ибн
Хиббан 2742, ал-Када’и 1078.
Хадис сахих. Кз: “Сахих ат-
таргъиб” 1059р
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#643 29 Июнь 2015 - 21:48
Орозо кабыл болсун!!
!
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
#644 29 Июнь 2015 - 22:08
Өмүрүмдөгү биринчи орозо айы, мен кармаган. Чынын айтайын нан мн суунун даамы ушунчалык башкача болоорун эми билдим. Туткан орозоңор кабыл болсун! Аллах тилеген ой максаттарыбызды кабыл кылсын!
I'm not PERFECT at least I'm not - FAKE
#645 29 Июнь 2015 - 22:10
Мына ушинтип бугун 11-кун болуп калды.Туткан орозобузду кудай кабыл кылган болсун.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#646 30 Июнь 2015 - 08:22
Ооз бекиткенден кийин эрте менен оозду чайкаса жана жаш баланы опсо болобу?
#647 30 Июнь 2015 - 08:28
#648 30 Июнь 2015 - 08:46
#649 01 Июль 2015 - 19:34
Кармаган оррзонор кабыл болуп,Аллах суйгон пенделерден болгула.Тилеген тилек-максаттарынар орундалып,жакшылыктын устундо журо бергиле.Аллахым озу сабыр берсин ушундай кундун ыссыгына карабай орозо кармап аткандарга.
#650 01 Июль 2015 - 21:48
МЧСтен күндүн ыссыгы катуу болоору жөнүндө маалымат келди туугандар, баарыбызга сабыр берсин
#652 01 Июль 2015 - 22:05
#653 01 Июль 2015 - 22:16
Күндүн ыссыгына карабай орозо кармап жаткан бир туугандардан Аллах ыраазы болсун!
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#654 02 Июль 2015 - 01:03
Ушул кундор абдан ысык болот деп жатышат. Орозо кармагандар деги абайлагыла,
колунардан келсе жумуштан суранып алгыла. Жумуш бергендер бар болсо, орозо кармаган кызматкерлеринерге жакшы карап койгула. Орозо айы бизди бул катаал заманда моральдык жактан рухубузду, духубузду которууго жардам берет. Ким билет орозо кармагандардын жакшы тилектери менен онугуп кетебиз.
Орозобуз кабыл болсун.
Орозобуз кабыл болсун.
#656 03 Июль 2015 - 10:23
Орозонор кабыл болсун мусулман бир туугандар!
!! Буюрса орозонун жарымынан оттук, калганы бат эле отуп кетет деген умуттомун.
#657 04 Июль 2015 - 02:51
Кармаган орозолорубузду Аллахым кабыл кылсын.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#658 04 Июль 2015 - 02:54
Баардыгыныздарга бекем ден соолук , ушул орозодо кармаган ар бир форумчуларга Аллахым орозосун кабыл кылып жашоолорун бийик кылып ,уй булоосуно бакыт тартууласын ИншаАллах
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#659 04 Июль 2015 - 23:02
Мен да ОРОЗО кармаган элем.Бирок бугун ночьтон жумуштан келип,башым катуу ооруп,кусуп баштаганда оозду ачышка туура келди,даары ичиш учун .Эми эртен кайра кармап баштасам болобу,же бир кун себепсиз ооз ачса 60кун карыз болот дейтко?11саат кармап ,кечке чейин чыдабай ачышка туура келип калды.
Билгендер айтып койгулачы?
Билгендер айтып койгулачы?
#660 05 Июль 2015 - 00:01
Morskayazvezda (04 Июль 2015 - 23:02) жазган:
Мен да ОРОЗО кармаган элем.Бирок бугун ночьтон жумуштан келип,башым катуу ооруп,кусуп баштаганда оозду ачышка туура келди,даары ичиш учун .Эми эртен кайра кармап баштасам болобу,же бир кун себепсиз ооз ачса 60кун карыз болот дейтко?11саат кармап ,кечке чейин чыдабай ачышка туура келип калды.
Билгендер айтып койгулачы?
Билгендер айтып койгулачы?
Ооруп ден соллука байланыштуу ачсаныз акырында тутуп бересиз. Эч себепсиз ачсаныз, орозонуз бузулган болуп натыйжада 60 кун тутуп бересиз, кандай болбосун азыр улап кетебериниз.
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!