Enesai (04 Июль 2015 - 19:48) жазган:
Ашуу - бул асман тиреген кырка тоонун бөксөргөн, адам ашып өтө алчу жери да. Ашуу, бел, өтмөк - дегендерибиз бири - бирин толуктаса керек.
Долон - бул Нарын областындагы ашуу эмеспи.
"Долон" сөзүн чечмелеш үчүн тарыхка да басым жасаш керек болот экен. Санжырадан алып караганда, "Долон" кыргыз элинин түпкү теги катары айтылат экен. Азыркы тапта Чыгыш Түркистанда уйгур элине жуурулушуп кеткен долондор жашайт дешет. Алардын түпкү теги Кыргыз экенин айтуу менен бирге көптөгөн каада - салтыбызды да унутка чыгарбастан сактап келишиптир. ..
"Долон" бурят - монгол тилинде "жети" санын аныктайт экен.