bosmos777 (10 Август 2015 - 23:38) жазган:
Эмне себептен сиздин энениз, эжениз, карындашыныз, келинчегиниз кыргызга жат кийинсе алардын өз абийири болуп калды да, ал эми менин апам, эжем же келинчегим хижаб кийсе "кыргыз бол! кыргызды сатпа!" болуп калды экен? Эмне себептен сиздин келинчегиниз кыргызга жат кийинсе ал "негизгиси ата-энеси жакшы тарбия менен! Өздөрүн алып жүрсө!" болуп калды да, а менин келинчегиме келгенде "кыргыз бол!" болуп калды. Эмне себептен сиздин кыргызга жат кийинген туугандарынызга "Эркиндиктин каны агып турса эле болгону! Аны бууп же тосууга болбойт!" эле жетиштүү болсо менин келинчегим кыргыздын кийимин кийиши керек? Сиз өзүнүз 16-жылы кыргызды кырган, отузунчу жылдарда кулакка тарткан, кыргыздын далай чыгаанын репрессиялап жок кылган орустун кийимин кийип алып койкондоп жүрсөнүз болот, а эмне үчүн мен кыргызды андай кыргынга учуратпаган арабдын кийимин кийүүгө акылуу эмесмин? Ушуга жооп берип коёсузбу?