Жубайыныз (жолдошунуз) менен кантип таанышкансыз,
канча убакт кыз жигит болуп суйлошуп журуп турмуш курдунуздар . Ар бир уй булонун алгачыкы таанышуусу озунчо эле Индия тасмасындай элес келет . Башкача айтканда ар кимибиз озубуздун "Лов стори"бизди жазабыз
Баракча 1 - 1
Жаны жашоого алгачкы кадам Жубайыныз(жолдошунуз) менен кантип таанышкансыз
#2 17 Октябрь 2015 - 12:35
Бул убака чейин бир нече жигиттер менен суйлошуп келгем бирок суйлошконубузго бир жыл болгондо гана турмуш куруу жонундо ойлонуп, мен куткон адам ушулбу жанылбадымбы деп копко ойлонуп бирок кандайдыр бир себептер менен мамилебиз узулуп кеткен . Бирок кудайым менин жолума жаман адамдарды жоолуктурган жок . Былтыр жумушумдан отпуска алып чогу иштеген кыздар менен колго эс алып барып калдык , ошол убакта бир кыз телефоннун чукулап эс эле чыкпай калды кызыгып сурасам бир таанышуу сайтында отурат экен , мен андай сайтта туруктуу жакшы жигиттер отурбасын айттым бирок ал мени да кызыктырып регистрация кылып койду . Бирок жигитим бар болчу бир жылдан бери суйлошуп жургон келечек турмуш жонундо соз болгондо азырынча уйлонбойбуз бутумдан турупуйду ремонттоп антип минтип 2 жылдын аралыгында уйлонобуз деген эле , уйдун кичуу баласы жана айылдын айылында жашачу апасы озу шаарда иштечу , баары бир ага тийсем апасын каралашып айылда жашашыма туура келет эле бирок ага деле макул элем , бирок жамандык жакшылыкта ата энем ошончо алыстыка барып келгенин ойлосон боорум ооруп экоону каарыганда кыйнабай жакынырак жердге тийсем жакшы болот эле Жана 2 жыл аны кутуп каарып кетемби андан коро башкаларга да конулумду койуп корсомбу деген ой бар эле. Ал сайтка регистрация кылгандан кийин коптогон каттар келе башталы бир аз суйлошуп жаккан 3 менен жолугуп кордум бирок мен айткандай эле биринчиси 5 мин суйлошкондо эле серезный максаты жок кунумдук жашоо менен жашаган адамдар отураарын байкадым да ал сайттан озумду очурууну чечтим . Ошол кундордун биринде коптогон каттардын ичинен бир адамдын катына козум тушту 3 кун тынбай таанышуу максатында жазыптыр менден жооп келбеген сон менин намысыма тийип кыжырым келчу созду жазган экен , жиним келгенинен озоно жараша жооп жаздым . Корсо менин конулумду буруу учун жазган амалы экен))) ал создоруно кечирим сурап экообуз суйлошуп калдык ал озу жонундо уй булосу жонундо бут баарын айтып берди. Ошентип ал чет мамлекетте жургонуно байланыштуу 2 айдан кийин атасы инсульт алып келип тезинен 3 кундун ичинде козум барда уйлон деп шаштырып калат. Апасы ар кайсы кыз менен тааныштырса эс кимди жактырбайт экен. Анан мага жоолугалы деп сунуш киргизди жолугуп жарым сааттай суйлошуп жумуштан чарчагангабы (банкта кардарлар менен иштечумун) бат эле уйго кирип кеттим , эртеси жолугуп киного барып Курманжан датка тасмасын коруп кайра уйго жеткизип келип эртен ата энем менен тааныштырайын деди, бир жагынан таанышууна эрте Деп ойлосом бир жагынан дагы бир эки жыл суйлошуп убакытты текке кетиргенде эмне уй було жакпаса ушу менен жыйыштырам деп таанышууга макул болдум. Эртеси жумуштан кийин келип алып кетти жумуштагы костюм ак койнок кара юбкачан эле келе бердим жасанганда эмне жакпасам озно Деп койдум, ата энеси менен тааныштым экоо тен бир за суйлошуп отуруп эле жакты алып калабыз деп калышты , жолдошум кызды кантип алып келсем кайра ошентип уйуно жеткирем эртен ата энеси менен суйлошуп алардын макулдугу менен колдон алып келебиз мен кызга озум да макулдугун сурай элекмин деп ата энесин жоошута баштады , опкосу кооп алган ата энеси ага болбостон азыр калат биз ата энесине барабыз Деп калыпты. Мен мындайды кутпогон эсим ооп эле эмне дешти билбей калдым мынчалык жакын арада турмушка чыгыш ойдо да жок эле , апасы мени кондуро баштады ойлосом бала жакты, ата энеси деле жакшы адамдар экен азыр жанжал кылып чыгып кетсем эртеси кайра келин болуп келип калсам уят эле экоо тен каарыган адамдар экен Деп ары ойлонуп бери ойлонуп макул болуп калып калдым . Ата энеме чалып койдум алар менден бетер ШОК баарын тушундуруп жакшы кабыл алгыла кайнатам жакындале инсульт алган деп тушундурдум.
Ошентип же онум эмес же тушум эмес болуп 2 кун коргон адамга турмушка чыктым , биринчи обушуу да никеден кийин болду ))) Жолдошум кийин айтат сайттан бой которгон кыз элен ата энеме чай кайнатып жыргатпайт го деп жон жоолугуп коройун деген экен корсо жакшыле кыз экем))) Азыр турмуш курганыбызга бир жыл болойун деп калды тфу тфу кудайга шугур ушул кунго чейин бир сен мен деп урушкан жокпуз . Мындай озум тан калган чечимди кабыл алганыма эч качан окунбой. Кудайга мин мертебе ыраазычылык кылып келем. "Однажды рискнув можно остаться счастливым на всю жизнь " деген статусту окуп туура айтасын Деп калам. Азыркы убакта тунубузду кутуп отурабыз, тилеке каршы кайнатам биз уйлонгондон кийин 2 айдан кийин оо дуйного сапар алды шашып баласын уйлонтконунун да себеби бар экен небере жытын жыттабай кеткени окунучтуу...
#4 17 Октябрь 2015 - 20:54
UsenovaAizada (17 Октябрь 2015 - 18:08) жазган:
Эже мындай тема бар журок сырында
Эми эжекең бул форумда 2008-жылдан бери жүрсө да жаңыдан бал турмуштун даамын татып, бакытка тунуп турганда андай тема бар экенине көңүл оодарууга чамасы болот дейсиңби? Өзү жазгандай эле поискте жүрсө кайдан билмек эле андай теманын бар экенин. Бул жактын админдери бириктирип коёр.
Ал эми бир теманын авторун куттуктайбыз бактысын табышы менен!
#5 17 Октябрь 2015 - 23:29
Соонун окуя го. Ушинтип эле тийип кетиш керек экен, ар жак бер жагын коруш керек деп олтурбай)). (тамаша).
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#6 19 Октябрь 2015 - 19:27
Кудай сактаптыр да
Билдирүүнү түзөткөн: Nurdoolot94: 19 Октябрь 2015 - 19:27
#8 20 Октябрь 2015 - 16:44
Ушул окуяны окуп ойлонуп калдым...
Менда азыр ушундай тандоонун алдында турам.
Менда азыр ушундай тандоонун алдында турам.
#9 21 Октябрь 2015 - 00:16
Geran (20 Октябрь 2015 - 16:44) жазган:
Ушул окуяны окуп ойлонуп калдым...
Менда азыр ушундай тандоонун алдында турам.
Менда азыр ушундай тандоонун алдында турам.
Тобокелге салган туура эмес. Омурлук жолдошту жакшылап тандаш керек. Себеби озунор билгендей бул оюнчук эмес, бул "омурлук жолдош".! Анын ата энесин, тегин, чойросун, тарбия, кулк мунозун ж.б жонундо сураштырыш керек адамдардан.
#10 21 Октябрь 2015 - 09:56
Жакшы окуя экен, "Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту"
- деген макал ушул окуяга туура келгидей экен. Бирок, баары эле мындай боло бербесе керек! Ал эми, сизге бакыт каалайм ар бир кызга ушундай бактылуулук насип этсин.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#11 22 Октябрь 2015 - 09:10
туура айтыптыр Нурболот сураштырыш керек жакшылап жада калса жылдыз белгисинен бери топ келеби жокпу чтобы кийин окунбой жашаганга окунуч ар бир аламда болот дечи бирок Жан шеригинди тандоодо окунуч болсо бул ото жаман ошондуктан бешене деп койот бирок ошол бешенени да адам озу тандайт озу жасайт.
#12 23 Октябрь 2015 - 15:15
Тиягын караш керек, биягын караш керек деген менен, алда качан эле нике кайып тушуп, Алла бешенеге жазып койсо карапда болуптурбуз.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#13 26 Октябрь 2015 - 09:17
osh93 (21 Октябрь 2015 - 09:56) жазган:
Жакшы окуя экен, "Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту"
- деген макал ушул окуяга туура келгидей экен. Бирок, баары эле мындай боло бербесе керек! Ал эми, сизге бакыт каалайм ар бир кызга ушундай бактылуулук насип этсин.
Рахмат калоонузга #### да бакыт калайм. Тияк биягын сураштырганга 3 кун жетти)) озу токпой чачпай уй булосу , кыял мунозу, ата энесинин мунозу, тууган уруктардын мамилеси, ал тургай кимге кандай мамиле кылыш керек экенин да айтып берген мен ата энеси менен таанышканда айткандары чындык экенин салыштырып анан гана макул болгом . Мындайды бир жыл мурун бир синдим 2 ай суйлошуп турмушка чыккан ага аябай тан калган элем ото аз убакыт жакшылап ойлоп таанысанчы деп, ойлосом 5 -6 жыл суйлошуп журуп турмуш курган жубайлар бир ай жашап ажырашкандар кездешет , кудай ар бир адамга оз тугойун мандайына жазып койгон дегенге ишенип эртеби кечпи ошол озундун адамына жолуктурууга жараткан насип кылсын. Бир адамдын козун карап отура бербей башкага да шанс бериш керек окшойт. Ошол убакта суйлошуп жургон жигитим дагы деле бойдок ,а мен кыялымдагы мырза менен жолугушууга даярданып отурам тыпыраган сайын ичимди сылап койуп...
#14 31 Октябрь 2015 - 23:21
Сиз учун куанып алдым! Бактылуу болунуздар жана аман эсен бошонуп алыныз!
#15 01 Ноябрь 2015 - 18:56
Анда мен да жаза кетейин...Биз дагы кайсы бир соц тармактан жазышып калдык таанышпай эле,ошентип анча мынча жазышып журуп эле жолугууну чечтик.Андан да кызык жери экообуз жолукпай туруп уйлонобуз деп алганыбызчы.
"Сени уйдогулорун бербесе ала качам "-дейт.А мен ага да макулмун.Ошентип октябрдын аягында жолуктук.Анан эле "Уйдогулорду жиберем" деп калды.Мен уйго айттым,баары танкалышат.
Колумду сурап келчу кун да келди,чалып "Кетишти айтмакчы менин атым мындай,мынчанчы жылы туулганмын анкетадагылар туура эмес"-дейт.
Эмне дешти билбейм же уйго айта албайм.Корсо биз атыбызды да сурап таанышпаптырбыз,
менин атымды да болжолдоп озу коюп алыптыр.Ошентип келип кетишти баары чечилди,анан апам "Ай кызым анындын аты мындай экен го,мынчанчы жылкы экен"-дегенде оозума Алла кирбей соз таппай кызарып туруп бергенмин.Атыбызды да дурусураак билбей туруп шашылыш 2айга жетпей уйлонуп алдык.Кудайга шугур азыр баары жакшы бактылуубуз,
эстеп алып кулуп калабыз жинди экенбиз деп..А озум 1,5жыл суйлошконумду чанып кеткенмин,азыр окунбойм ....
Баракча 1 - 1