Улам такыр жараксыз варианттарды ойлоп таба берүүнүн эч кажети жок, тек гана биздин өзүбүздө бар жана биздин элге мүнөздүү болгон нерселердин ичинен пайдалуу жана жашап кете ала тургандарын өнүктүрүү керек. Жаңылануулар,
реформалар,
албетте керек. Бирок, алар ырааттуу түрдө, улам ары-бери ыргыбастан,
керексиз секирүүлөрү жок эле жүргүзүлүшү керек. Радикализм саясатта деле, маданиятта деле, динде деле, башка эч кандай чөйрөлөрдө деле жакшы эч нерсеге алып келбейт. Мыкты, абийирдүү жетекчи, өлкө президенти кайсыл бир деңгээлде бир чоң үй-бүлөнүн акылман атасы сыяктуу болушу керек. Мен көп балалуу үй-бүлөдө өсүп чоңойдум, ошондуктан бул салыштыруу мен үчүн абдан түшүнүктүү жана жагымдуу. Менин атам менен апам дал ошондой ата-энелерден болчу, биздин баарыбызды тең багып өстүрүп, бутубузга тургузушту,
бул үчүн мен жана менин инилерим – баарыбыз тең аларга ыраазыбыз. Мына ошентип, ата менен апанын биринчи катардагы жана эң эле маанилүү камкордугу болуп дале болсо ... экономика эсептелет, үй-бүлөнү тамак-аш менен камсыз кылып, нормалдуу жашоого шарт түзүлүшү керек. Андан соң гана билим берүүгө, маданиятка,
спортко, көңүл ачууларга көңүл бурууга болот. Мамлекет башчысы да биринчи иретте экономика маселелерин чечүү жөнүндө ойлонушу керек, ал эми билим берүү жана тарбия бул максатка жетүүгө баш ийдирилиши зарыл. Башкача айтканда, реформаларга жана демократияны өнүктүрүүгө багыт алынган болсо, булар элдин материалдык жыргалчылыгын көтөрүүгө көмөкчү болушу керек. Экономика маселелерине байланышпаган реформалар менен гана алектенип олтуруп алуу логикага сыйбайт жана да керектүү жыйынтыктарга жеткирбейт,
бул баягы аттын алдына арабаны коюп салуу аракетин гана элестет.
Мен кээде өз дарегиме маданиятка,
тарыхка, кыргыз тилди өнүктүрүү маселелерине,
динге жана башка ушул сыяктуу нерселерге жеткиликтүү көңүл бурган эмессиң деген жемелерди угуп каламын. Айрым адамдар, ал тургай мени патриоттук сезими жок деп айыптоого да ыкташат. Бул, албетте, туура эмес. Менин инсандык калыптануум интернационалдык чөйрөдө болгондугу – бул менин патриот эмес дегендикке эч жатпайт. Мен окурмандардын эсине салып коеюн, мен бийликке келгенден кийин дароо эле мен курултайды уюштурууга,
жана да коомдук ишмерлер тобуна Бедел ашуусуна барып, 1916-жылкы Үркүндө курман болгондордун сөөгүн көмүүгө жардам бергенмин. Биз мындан 100 жыл илгери падышалык жазалоочулардын колунан курман болушкандарга урмат көрсөтүп, чоң иш жасадык. Жусуп Абдрахмановго,
Абдыкадыр Орозбековго,
Ишеналы Арабаевге жана башка репрессияга туш болгон кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнө арналган конференциялар мамлекеттик жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Кыргыз тилинин мамлекеттик макамын чыңдоодо дагы маанилүү жетишкендиктер болду, кыргыз тили региондордо гана эмес, Бишкекте дагы кагаз, документация иштерин жүргүзүүдө көбүрөөк колдонула баштады. Дал менин тушумда биздин армиянын солдаттары кыргыз тилинде сүйлөй башташты. Маданиятка,
республиканын Жазуучулар Союзуна, диний уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп турду. Мен Кыргызстан мусулмандарынын муфтиятынын ишин чыңдоого колумдан келген салымымды коштум. Эске салып коюшум керек, азыр курулуп бүтөйүн деп калган Бишкектеги борбордук мечиттин пайдубалы да менин тушумда эле түптөлүп, курулушу башталган болчу. Мен 2008-жылы эле анын бардык маселелерин комплекстүү түрдө чечүү каралган жарлыкка кол коюп, жер бөлүп берүүдөн баштап, финансылык каржылоого чейинки маселелер чечилген болчу. Бирок, мен дагы бир жолу кайталап айтып коюшум керек, өлкө жетекчисин биринчи иретте экономика маселелеринин ийгиликтүү чечилиши жана иштеп кете ала турган команданы тандап алуу толкундатышы керек, ошондо гана бардык маанилүү маселелер иш тартибинин алкагында чечиле баштайт.
Өлкөгө кандай жетекчи келгендиги жарандардын өздөрүнө, алардын келечек жөнүндө ойлоруна, алардын ишенимине, акыйкаттыгына,
чынчылдыгына жана башка моралдык сапаттарына көз каранды болот. Мына, Беларусь президенти Александр Григорьевич Лукашенкого жана жалпы эле ушул өлкөгө жана да бул жактагы адамдар кандай жашап жатышканына,
кандай деңгээлде ой жүгүртүшүп,
өздөрүн кандай алып жүрүшкөнүнө өзүңүздөр карап көрүңүздөрчү.
Кандай таза жана камкордукка бөлөнгөн өлкө! Көчөлөрдө жана парктарда, ал тургай токойлордо да идеалдуу тартип орнотулган.
Албетте, алардын башчылыгына күчтүү сабаттуу чарбакер адам келип калышы белорустар үчүн ооматтуу иш болгон, ал совет бийлигинин 70 жылдык мурасын гана сактап калып, өз элинин жыргалчылыгы үчүн активдүү пайдаланып гана тим болбостон, колдо бар өндүрүштү ал азыркы заманбап батыштык технологиялар менен байытууга жетишкен деп айтар элем. Мурда даңкы чыккан советтик тракторлорду чыгарган заводдор азыр заманбап айыл чарба техникасынын моделдерин Германиянын жана башка Батыш өлкөлөрүнүн машина куруучу корпорациялары менен тыгыз кооперациялашып чыгарып жатышат. Лифттердин өндүрүшүндө,
турмуш-тиричилик электроникасында - телевизорлорду,
муздаткычтарды чыгарууда да ушундай эле болгон. Бардык жерлерде мурдагыинфраструктура тек гана сакталып калбастан, азыркы учурдун талаптарына жараша модернизацияланган.
Мына ушунун өзү эле чарбакердик мамиле жана таланттуу жетекчинин ишмердигинин жемиши деп аталат! Жеңил өнөр жайынын, тамак-аш индустриясынын,
агрардык сектордун продукциялары жөнүндө айтпай эле коеюн. Бардык магазиндер,
базарлар, гастрономдор,
универмагдар бийик сапаттагы атамекендик продукцияларга толуп турат, алар өнүккөн өлкөлөрдүн ушул сыяктуу эле товарларынан эч кем калбайт жана тиешелүү деңгээлде кооздолгон кутучаларга салынып, жасалгаланган.
Беларусь Республикасынын элине дайыма, бардык жерлерде абийирдүүлүккө,
тазалыкка, жупунулукка умтулуу мүнөздүү. Жөнөкөй жарандардын коомдук жайларда өзүн алып жүрүүсү бийик үлгү сыяктуу, көчөдө же паркта сейилдеп жүрүп бир дагы катуу чыккан үндү укпайсың, кимдир бирөөлөр ачуулана талашып, же сөгүнүшү, же спирттик ичимдиктерди ичип алып, коомдук жайларда жаңжал чыгарышы мүмкүн эмес. Мындайды бул жерде элестетүүгө да мүмкүн эмес. Белорустар өз өлкөсүнүн мыйзамдарын сыйлаган адамдар, алар өз бийликтерин жана өлкөпрезиденти Лукашенкону сыйлашат. Биз дагы бийлик түзүмдөрү менен элдин ортосундагы ушуга окшогон модельге умтулушубуз керек. Такай эле карама-каршылыкта тура бербей, бири-бирибизге жардам берип, колдоого аракет кылышыбыз керек.
Кыргызстанда гүлдөгөн жана толук кандуу мамлекет болуусу үчүн бардык зарыл нерселер бар. Ал кооз табигаты, абдан бай табигый ресурстары,
тарыхы жана кыргыз улутунун менталитети менен айрымаланып турат. Бул жөнүндө баарынан калыс, так бааны чет өлкөлүктөр берип келе жатышат. Алар ушулардын баарына четтен байкап, көз салып турушкандыктан,
алардын пикирине объективдүү көз караш катары карасак болот. Алардын жалпы пикирлерине караганда, биздин өлкө Борбордук Азиядагы бардык өлкөлөрдүн ичинен эң эле коозу жана өзүнө тартып турганы болуп эсептелет. Кыргызстандын тарыхы да абдан байыркы жанабай тарых болуп, көп жагынан алиге чейин изилдене элек. Албетте, биз революция, митингдер жана демонстрациялардын саны боюнча дүйнөлүк рекордго жакындап калдык. Арийне, 2010-жылдын апрелинде болгон окуяларга байланышкан бардык негативдүү нерселерди алып салсак, анда эркиндикти,
акыйкаттыкты жана демократияны сүйүү кыргыз жанынын жана менталитетинин негизги байлыгы деген жыйынтыкка келүүгө болот.Биз өзүбүздү төмөн таштап жиберүүгө акыбыз жок, биз сөзсүз түрдө биздин эң мыкты жана байыркы этностун жашоосундагы позитивдүү жана артка кайрылгыс өзгөрүүлөргө жетише алабыз. Мен бир жолу бул элдин президенти болуп, анын ээ-жаа бербеген күчтүү эркине баш ийип, бийликтин эң жогорку чокусуна жеткенмин. Мен муну башкаларга караганда жакшы билемин.
СОҢУ
Мазмуну
Сөз башы.............
......................
......................
..................... 2 бет.
Коңшуларды Кудай берет…........
......................
.................. 6 бет.
Аксы күйүтү дале жүрөк өйүтөт.........
......................
............ 10 бет.
Март революциясы жөнүндө.......
......................
......................
14 бет.
Кыргызстандын экономикасы жөнүндө азыноолак сөз..........48 бет.
Жалпы кыйроонун мезгили.......
......................
......................
.. 54 бет.
Сырткы карыз .....................
......................
......................
..........81 бет.
«Кумтөр» долбоору.....
......................
......................
...................85 бет.
АКШнын «Манастагы» базасы жөнүндө.......
......................
...90 бет.
«Кыргызгаз».
......................
......................
......................
...........93 бет.
Негизги социалдык-экономикалык
мүнөздөмөлөр (таблица).....
......................
......................
.............95 бет.
2006-2007-жылдардагы Конституциялык реформа.......
.................98 бет.
Убактылуу Өкмөттүн декреттери жөнүндө .....................
.............111 бет.
Бишкекте 7-апрельде….
......................
......................
.....................117бет.
2010-жылдын июнундагы трагедиялуу күндөр.........
......................
.131 бет.
Элдин тарыхый тандоосу жөнүндө…....
......................
..................137 бет.
Каркыра …..................
......................
......................
......................
140бет.
Башкаруунун формасы жана шайлоолор жөнүндө.............................144 бет.
Соңу
Менин оорум,сүйүүм жана үмүтүм - Кыргызстаным. Курманбек Бакиевдин китеби.
#22 25 Октябрь 2015 - 06:36
Nyrjamal.
Teshebaeva, Эже,рахмат улантып коюпсуз.Жумуштан бошой албай жаттым эле.
Эркек болсон - шок бол,
Шок болбосон - жок бол.
Шок болбосон - жок бол.
#23 28 Октябрь 2015 - 03:25
Болушунча актанып-мактаныптыр.
Деги, oзу жазганбы, ишенич кыйын. Балдары, туугандары жoнундo бир ооз да сoз жок, алардын кантип мамлекеттик "майталкан"
га аралашып калганы...(маркум иниси (Жусупбек беле, аты) Бакиевден башкасы...). Oзун кунooлу сезип элден кечирим сурайын деген ниети жок, го... Тарыхтын дoнгoлoгу кайра артка тегеренбейт,
болоору болуп, боёосу кангандан кийин...