Эркектер эмнеге уул бала дешет?
#121 23 Октябрь 2015 - 15:02
Ынсабы жок эркек уул торолсо деле кете берет ынсабы бар болсо 10 кыз торолсо да кыздарын эркелетип отура берет. Апамдар уйдо 8 кыз 2 уул бирок уулдары таенемди карашпайт. Катын алмаштырмай менен убара. Бир тайкем Россияга кетип 8 жылда келди . Таенемди кыздары карашат. А мен уйдо 2-мин. Эжем мен 2 иним бар. Мен торолгондо атамдын карындаштары бунун энеси кызды коп торогон бул уул торобойт дешчу экен. Менен кийин 2 уулду Алла берип атам менен апам жашап калган экен.
#122 23 Октябрь 2015 - 16:53
Бироого зар дуйно, бироого кор дуйно.Шугур кылышпайбы кызбы уулбу берсе да, жети мучосун акыл баш ынсабын соо кылып берсин Кудайым.
#123 23 Октябрь 2015 - 20:54
Баарыбыз патыратып уул тороп салсак,келечегибиз не болот,азыр озу деле кыз коп заманда эркек эркекке уйлонуп оозунду ачырып жатпайбы.Албетте эркекке созсуз уул керек,тукум улаш керек,атым очпосун дейт,уйумдун шамын очурбой улайт деп тилешет.Кызды берген кудайым уулду да берээр,эн башкысы кызбы,уулбу алты саны аман,акыл эси,ыйманы,ынсабы,
мээримдуу бала берсин кудайым.Эптеп эле уул деп тилей бербей.
#124 24 Октябрь 2015 - 00:06
Эркектер эмнеге уул дегенин билбедим го. Бирок менин түшүнүгүм боюнча, эркек үйлөнгөндөн баштап, отдельно семья болуп калат. Өзүңөр билесиңер кыргызда "Жалгыз кол" деген кеп бар, жалгыз кол эркек көп жумуштарды убагында бүтүрө албай калышы мүмкүн. Кыскасы кыйналат да. Биринчи баласы уул болуп калса атасына күч (тирек), мындайча айтканда оң колундай болуп калат, атасына жардамчы болот, колунан ишин алат. Кыскача ушундай да...
Бирок кыз балабы, эркек балабы, ага кейип аялын жемелеп урушкан туура эмес көрүнүш. Алланын бергени кызбы эркекпи эң башкысы алты саны аман, ден-соолугу жакшы болсо. Ошого шүгүр кылыш керек го. Кызды берген Жараткан уулду да берерин унутпасын деп, сабыр кылып жашай бериш керек. Ниетиң жакшы болсо, Аллах албетте берет.
"Кудай деген кур калбайт"
"Аллах деген ач калбайт"
Бирок кыз балабы, эркек балабы, ага кейип аялын жемелеп урушкан туура эмес көрүнүш. Алланын бергени кызбы эркекпи эң башкысы алты саны аман, ден-соолугу жакшы болсо. Ошого шүгүр кылыш керек го. Кызды берген Жараткан уулду да берерин унутпасын деп, сабыр кылып жашай бериш керек. Ниетиң жакшы болсо, Аллах албетте берет.
"Кудай деген кур калбайт"
"Аллах деген ач калбайт"
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#126 01 Ноябрь 2015 - 15:13
Уулбу, кызбы, кудайымдын бергени да мага айырмасы деле жок, бирок суйлошкон кызым кыздуу болобуз дейт буйруса 4 кызыбыз болот
#127 01 Ноябрь 2015 - 15:54
Биз 6 бир тууганбыз. Эн чон Акам бар андан кийин уч эжем торолгон экен ошондо Атам чон балама шерик болуп дагы бир уулум болсо экен деп кудайдан тиленчуу экен. Анан уул торолуптур.
анан Атам суйунуп акасина барып уул торолду деп эми ат койолу десе.балдардын атын жазып койгон дептерин алып эки уч баланын атын айткан экен. Анан Атам эки бала торолду эгиз деп бизге Эсентур Амантур деп ат коюшкан экен. Эми балалуу болгусу экелгендин себеби. Аркамда уругум калсын десе керек менимче.
#129 07 Ноябрь 2015 - 17:48
Мен деле мисалы туң балам уул болушун каалаймын, ага туура тарбия берип, спорт менен машыктырып сыймыктана турган эр азамат кылып тарбиялагым келет. Эң чоң уулум мыкты болсо келечекте инилерин, карындаштарын өзү эле карап тарбиялап алат буюрса. Кыз дагы эң жакшы. Кыз ар дайым үйдө болот,наның жабылуу, кириң жуулу, тамагың ыссык. Эми бул менин кыялым да) Негизи көп деле кыз болсун же уул болсун деп катый бербейм го буюрса, жолдошум дагы ошондой адам болуусун тилеп келем. Мындай сөз бар эмеси "Бала ата-энеге кызчалык сооп алып бералбайт,бирок бала кызчалык ата-энесин уятка калтырбайт"
деген андыктан мен ойлойм баланын уул, кызын тилештен мурун акыл эсин, узун өмүрүн тилөө зарыл.
Внешность - это козырь , но не туз…
#130 07 Ноябрь 2015 - 19:52
УЗИге барганбыз. Балам бутун бугуп ачпай койду))) Узист эч нерсе корунбоду, кыз окшойт десе атабыз 2 секундга башкача болуп кетти. Кыз да жакшы дейт кайра мени карап. Эркек торосон ошол куну машина алып берем дедиии.
МЕН ДАЙЫМА ЖАНЫҢДА БОЛОМ!
#131 11 Ноябрь 2015 - 22:44
Мен да жаны жылга барам,бизди да кыз деди,чонубуз кыз,кыз дегенине карабай уул тилеп атабыз,узинин эмес кудайдын айтканы болот,узи деле адашат экенго
#132 26 Ноябрь 2015 - 21:40
Бироого уул, бироого кыз керек экен да.Менин бир таанышымын 3кызы бар 3чу кызын торогондо уул бала багып алышкан эле эгиз деп элдерге.Эл оозунда элек жок дегендей болуп ал баланы багып алганын элдер билип калып атасы коп иче турган болду уулум жоок дегенсип ошого эми апасы уулду болуп алса жакшы эле деп тороп берген аял болсо жакшы эле деп издештирип жатат.Ошого ошондой маалыматы барлар менин купуяма жазып койгулачы.абдан керек болтат.сураныч.
#133 26 Ноябрь 2015 - 22:03
#134 27 Ноябрь 2015 - 16:10
Кудайга шугур бизде 3- уул. Жолдошум тамашалап " эми кийинкисин кыз тороп бер, эгер уул болсо кетирем"-
деп кулуп калат. Анда сеники тескерисинче экен да деп кулуп калабыз.
#135 27 Ноябрь 2015 - 16:35
Откондо городской род домдо УЗИ ге типо практика кылып группа менен бардык,барсак кобуно кыз деп атты,кыз десе баарынын настрою бузулат. Биз биякта карап туруп,журогунун соккондорун коруп эле башкача болуп суйунуп алганбыз,алар болсо жиндери келип врачка тултундашатта))))акыры врачтын жини келип коруп берген куноо мендеби,бар барып куйоонорго наалыгыла деп кыйкырды го))))бияктан карап турсан врач кыз кылып койгондой жиндери келет экен тообо ден-соолугу жакшы эсен аман экенине суйунушпойбу
#136 27 Ноябрь 2015 - 16:44
Менде 2 уул. Турмушка чыкканда кыз торогум келбейт башка уйго булоо болуп кетет дедим эле, эми 1 кыз тороп алсам деп журом
#137 27 Ноябрь 2015 - 16:46
Куйоомо вообще кыздуу болбой калсак жалан уул боло берсе эмне кыласын десем эмне кылмак элем Кудайдын бергени да деп кулот
#138 27 Ноябрь 2015 - 18:16
Gulnazz93 (26 Ноябрь 2015 - 21:40) жазган:
Бироого уул, бироого кыз керек экен да.Менин бир таанышымын 3кызы бар 3чу кызын торогондо уул бала багып алышкан эле эгиз деп элдерге.Эл оозунда элек жок дегендей болуп ал баланы багып алганын элдер билип калып атасы коп иче турган болду уулум жоок дегенсип ошого эми апасы уулду болуп алса жакшы эле деп тороп берген аял болсо жакшы эле деп издештирип жатат.Ошого ошондой маалыматы барлар менин купуяма жазып койгулачы.абдан керек болтат.сураныч.
Тобооо. 3 кызга эле ошончобу! 6-7 кызы барлар кантип чыдап жүрүштү экен анда.
#139 27 Ноябрь 2015 - 18:29
#140 27 Ноябрь 2015 - 18:34
Уулбу кызбы кудайым берерин унутпасын. Акылы жок эркектер дагы кыз тородун деп тултундайт .Эмне эксен ошону аласын дейт.
Билдирүүнү түзөткөн: kirgizstan: 27 Ноябрь 2015 - 18:34