Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт
#1061 16 Ноябрь 2015 - 12:10
А биз аны тушунбойбуз ичибизден кайра жаман коруп коёбуз ээ койчу ал чайнегин эски чайке ошол чайнекке да ичин ооруйбу деп.
Балким ошол кезде целый зарплаттасына алгандыр
#1062 16 Ноябрь 2015 - 12:46
Мен жаны келин болуп барганда нанга камыр кылганда кайынэнем алдымдан кетпей койо эле,тооба кылдым"тандыр суук тушуп калат каттуу ийле"-деп анан камыр ийге келип калганда эле "камырын аз болуп калды"-деп устуна суттон куйуп,ундан салып койот эле мен пышылдагандан уялып оозумду жумуп алып ийлей берет элем,ичимден "бироо чакырып калса экен,эшикке чыгып кетсе экен"-олло тилейт элем эшике чыгаары менен оозумду ачып алып чукур-чукур дем алып алат элем.
Тошок жыйдыдан кийин кызматка чыктым эрте менен кухняда журсом кайним бир нерсеге кирип калды,ошол убакта кычып бир идиш кулап столдун устунон улам бири-бирине тийип 4-5 идиш акыргысы бир нерсенин крышкасы жерге тушту токто албай калгам кайним наары карап турат эле "акырыын" -дейт октом мыскыл уну менен.
#1063 16 Ноябрь 2015 - 16:03
begimai1989 (16 Ноябрь 2015 - 09:10) жазган:
А биз аны тушунбойбуз ичибизден кайра жаман коруп коёбуз ээ койчу ал чайнегин эски чайке ошол чайнекке да ичин ооруйбу деп.
Балким ошол кезде целый зарплаттасына алгандыр
Ар ким өзүнүн деңгээлине жараша түшүнөт да. Целый зарплата болсо эле жакшы го, көз жумуп коёсуң?! А биз деле кудайга шүгүр иштеп машина алперип, мал кылышып эле басып жүрөбүз эки үч жылдык зарплаталарыбыз менен. Аларга чайнек кымбат болсо, мага ден соолук арзан бекен? Мейли мен жакка деле күн жарыгын чачат деп коюп жүрөм. Кудай ден соолугумду берсе андайдын көбүн алперем.
#1064 16 Ноябрь 2015 - 16:36
#1065 16 Ноябрь 2015 - 17:45
zaika.tvo9.1990 (16 Ноябрь 2015 - 16:03) жазган:
Азыр жашоо женил да бизге.
Москвада хозяин менен жашачубуз эки комнат болчу бироосун биз бироосундо аз.
анан бироонун буюмдарын аябайсынды столдун устуно нанды бычак менен кесе берсек эле ыйлай берчу доска коюп кеспейсинерьи столдун устун чийгилеп атасынар Мен кухонный гарнитурумду целый зарплаттама алгам силер тушунбойсунор ал убакта модада болчу кымбаттына карабай алгам деп ыйлактай берчу.Куйоом болсо айтчу койчу 20жыл мурун алган столунду аябай деп.
холодильниги бар болчу ага да ыйлактай берчу ал холодильник мени менен тен мени менен чогуу карыйт морозильниктеги муздарын тазалар тургула деп.аягында бузулду темирге саттып жибергембиз анысын
#1066 17 Ноябрь 2015 - 12:01
zaika.tvo9.1990 (16 Ноябрь 2015 - 16:36) жазган:
Сиз чыныгы Каракулжанын чыныгы келини болгон экенсиз (туура эмес тушунуп албагыла, ханышадай карагандар деле бар). Жакшы жагы, тиричиликке тын болгонду озунуздун тажрыйбаныздан эле уйронуп алганыныз. Бир эжемдин айтканы бар: "Оозумду ачып, созулган эле кыз элем, кайненем нары алып барып, бери алып келип жатып эле чыйралтып койду. Кайненеме ошон учун ыраазымын" деп.Ошондуктан да Каракулжанын кыз-келиндери чыйрак болушат.
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
#1067 17 Ноябрь 2015 - 12:56
ereka (17 Ноябрь 2015 - 09:01) жазган:
Ошо айтам негеле чыйралмак турсун опытный болуп баратам десе кайненемдин эмгеги тура. Чын, сөзүңүзгө кошулам. Болбосо дагы деле мурдумду тарталбай жүрсөм керек эле .
#1069 21 Ноябрь 2015 - 13:31
#1070 21 Ноябрь 2015 - 14:44
Келин болуп барганымдан бери 2 тарелка сындырдым,союз убагындагы сонун тарелкалар эле озумда аябай жакшыы кором союздун идиштерин,сындырып алып аябай ичим ачышкан бироосун очоктун жээгинде калтыргам мышык сындырган мен куноолу,бироосун тепкичтен жыгылып колумдан тушуп сынган.Кийин бир китайский чынысын сындыргам((( Тарсылдап ылдам кыймылдаган, гопол келин болдумда
Билдирүүнү түзөткөн: aidai88: 21 Ноябрь 2015 - 15:42
#1071 21 Ноябрь 2015 - 23:19
Эки ай болуп калган беле,москвага кетейин деп атканбыз даярданып алдын Ала. Анан кайненемдер тоок союп берди тазала деп. Чаларак ыссык сууга чыланып калганбы же ото эле катту беле иши кылып бир бала болгон. Печканын алдында ысып тазалап атам, же тазалансачы. Озум такыр тазалап коргон эмес да болчум. Баары карап отурат,кайненем, авысыным, кайнежем. Эшике эле тазаласам болот эле эч кимге корунбой деп ичимден суйлонуп атам. Бир убакта кайнатам кирип калып "ИИ озун апкетесин, озун тазала дединерби " деп чыгып кетти. Ошондо кайненем келип жардамдашты. Сынаштыбы иши кылып тазаладык анан.
Ошентип кетип калгам кыйратыпда кызмат отободум. Кайненемдер болок жашачу. Бир айга жетпей кызмат кылдым. Калганы авысынымдын ызы чуу салган балдары мн отчу. Эрте мн туруп келинге окшоп короо шыпырбадым кыйратып. 3 4 кундо бир шыпырчумун. Кошуналар авысынын корунбойтко дептир.. Бирок эрте турчумун. Кышта кылаарга же иш жок. Эрте мн чай, обед, ужин, ушул мн кун отчу.
Келин болгонума 2 3 кун болгон эле. Иштер мн шаарга тушконбуз. Жоолугум сыйгалак учун башымдан сыйгалана берип олло жудогом. Уйго келсем Чон кайненем келип калыптыр уйго. Мени сураган экен уктап атат деп коюшуптур. Жудоп келетсам кир уйго деп калышты. Энем коруп ИИ уктап атат Белен, жакшыы эс алдынбыы дейт. Уялып жаман болгом.
Тойдун эртеси кеч жур чай ичебиз деп калды авысыным. Андан мурунраак кайната кайнагага салам салып кеткен болчум. Уйго кирсем Баары тизилип чай устундо соорудо экен. Жормолоп чыгып алып карасам пияла жок экен, азыр апкелейин деген боюнча минге коюп уйго кирип кеткем. Курсагым ачып туратле. Ошол боюнча жатып алгам курулдап курсак.
Билдирүүнү түзөткөн: miracle_m: 21 Ноябрь 2015 - 23:21
I hope to meet again ..
#1072 22 Ноябрь 2015 - 10:36
#1073 26 Ноябрь 2015 - 23:30
#1074 27 Ноябрь 2015 - 13:55
Кечээ эле, ушу жумуштан эртерээк барганым себеп болду окшойт. Барсам апам тамак жасаганы жатыптыр. Эмне тамак экенин сурап жасай баштадым. Нан азыраак калыптыр, бир аз камыр жууруп койдум, духобкага эле жабабыз, эрте мененкиге жетсе, мен жумуштан келип нан жаап коем деди, макул деп тамакты кууруп коюп, эшиктин алдына жалбырактар тушуп калганкен, аны шыпырып коеюн камыры ачыганча деп чыгып кеткем, келип камырды таппайм, апам сыртка чыгып кеткенкен. Ал жагын издедим, бул жагын карадым, камыр жок. Олду го, камыр жууруп кой десе, камыр жууруп койдум дегендей уккан окшойм деп шашыла камыр жууруп кирдим. Барып бир ооз сурайын деп тартындым. Анан жууруп бутсом апам кирип келди, мен ушинтип туура эмес угупмун, ээми жуурудум десем, мен жууруп койгомдаа деп камырын алып чыкты. Кичинее эле болчукен, бир нан чыкчудай, аны тошоктордун арасына пакетке ороп салып коюптур. Бетим ииий, эмне дээримди да билбей калдым. Барып сурап койсом болчукеен деп тилимди тиштеген бойдон калдым, озумо иш ашырып
#1075 27 Ноябрь 2015 - 16:48
jasi (27 Ноябрь 2015 - 13:55) жазган:
Кечээ эле, ушу жумуштан эртерээк барганым себеп болду окшойт. Барсам апам тамак жасаганы жатыптыр. Эмне тамак экенин сурап жасай баштадым. Нан азыраак калыптыр, бир аз камыр жууруп койдум, духобкага эле жабабыз, эрте мененкиге жетсе, мен жумуштан келип нан жаап коем деди, макул деп тамакты кууруп коюп, эшиктин алдына жалбырактар тушуп калганкен, аны шыпырып коеюн камыры ачыганча деп чыгып кеткем, келип камырды таппайм, апам сыртка чыгып кеткенкен. Ал жагын издедим, бул жагын карадым, камыр жок. Олду го, камыр жууруп кой десе, камыр жууруп койдум дегендей уккан окшойм деп шашыла камыр жууруп кирдим. Барып бир ооз сурайын деп тартындым. Анан жууруп бутсом апам кирип келди, мен ушинтип туура эмес угупмун, ээми жуурудум десем, мен жууруп койгомдаа деп камырын алып чыкты. Кичинее эле болчукен, бир нан чыкчудай, аны тошоктордун арасына пакетке ороп салып коюптур. Бетим ииий, эмне дээримди да билбей калдым. Барып сурап койсом болчукеен деп тилимди тиштеген бойдон калдым, озумо иш ашырып
болуп турат
вызывает улыбку!
#1076 05 Декабрь 2015 - 05:39
#1077 08 Январь 2016 - 05:02
лунка (08 Январь 2013 - 15:25) жазган:
Окуяныз меникине окшош экен.Ошко келин болгом . Кундо эшик шыпыргандан зеригип эртен менен турганда жамгыр жаап жатса деп тиленем. Каяктагы жамгыр же Ошто жамгыр аз жаайбы билбейм.Даже декабрдын он бешине чейин кар да жаабай койгон. Бир куну кудай жалгап жамгыр жаап жатыптыр кудай берди деп тошокко чумконуп уктай бериптирбиз. Бир убакта кайнисиндим келди жене не болду бугун чыкпадынызго деп. (Башка уйдо жатып эртен менен кайнатамдардыкына барчубуз) Корсо саат туштон отуп 2 болуп калыптыр уялганым ооруп жатам деп калп айткам
#1078 08 Январь 2016 - 05:12
raia (12 Январь 2013 - 18:01) жазган:
Мен келин болуп келгенимде аял кишинин колу жок уй оокат кор болуп калган кези экен. 5-6 кундон кийин эле уй актадым карга баарын чыгарып кагып кайра киргиздим.корсо биякта ошол учурда уста гана актайт экен.Уйго эмне жетпейт атама айтым ал киши мен эмне айтсам ошону алып келер эле. Уйго тагып илип койсом жаш баладай суйунор эле.Сайма сайсам мулина жибдерди озу тандап сонун светинен алып келер эле.Ар бир сайган саймама суйнор эле колу бар ууз аял затын отто сыйлачу окшойт эми ойлосом.Уктап калсам эшигимдин астына келип эки уч жотолуп койорэле.жашпызда кечке ойноп телевизор корсок балам жат деп койор эле.Анткени менин ишим коп да эртеси бары бир ошнчо иш кутуп турар эле да.Атам айтмакчы тын келин болгом бирок бир айыбым аркалык элем.Менин жаман жагым эч тергегим келбейт эле да .Чондорун мейли эмчектегилерин да тергегим келбейт эле да.Тергебедим десем да болот бирок кайтар заман кайтып озумо келди десем да болот.Келиндерим ыймандуу чыкты ал жагынан бактылуумун. Келин алдым келиним менин атымды шакылдатып айтып атат анан балам менин атым ошондой го десем жок апа мен сизди айткан жокмун чогу иштеген кызды айтым дейт.Мына тамаша балам экоотен орус мектеп анан университет же кыргыз эмес эе орус эмес анан да кайтар заман кайтып озумо келди деп калам.Кызыма келиндериме тамашалап айтып калам кайтар заман бар кайтып озунорго келип калат этиет болгула деп.
#1080 28 Январь 2016 - 14:59