KUMU89 (26 Декабрь 2013 - 22:35) жазган:
Сүйүп азабын тарткандар - кайрадан ушул азапка тушугуудан коркот. Өздөрү сүйүүдөн жабыр тартышат дагы, кыйналып кеткенде жүрөктөн эмес, тек гана өздүк оюу боюнча сүйүүнү жокко чыгарып, өзүн-өзү жубатып коюшат..
Сүйүп көрө электер - сүйүүнүн даамын билбейт, ошондуктан да сүйүп азап чегип же сүйүлүп бакытка бөлөнүп жүргөндөрдү анчейин түшүнө беришпейт..
Сүйүктүүсүнө жеткендер - жашоонун чыныгы маңызын сезе билген эң бактылуу жандар. Анткени бул дүйнөдө ар бир эле жанга сүйүктүүсү менен бир болууга мүмкүнчүлүк боло бербейт...Сиз жактырган адам, сизге да кош көңүл болбосо мына ушунун өзү чоң бакыт...