Iwkawimdikmin (06 Март 2016 - 17:06) жазган:
) ЛУТ АЛАЙХИС САЛАМ ПАЙГАМБАР ТУРАЛУУ.
ЛУТ ПАЙГАМБАРдын толук ысмы -Тарихтин уулу Харандын уулу Лут болгон.Лут а.с пайгамбар Ибрахим пайгамбардын иниси болгон тагыраак айтканда , Ибрахимдин атасы Тарихтин :Ибрагим , Наур , Харан деген уч уулу болгон.Ибрагим пайгамбардын бир тууган агасы Харандын -уулдарынын бири ушул Лут пайгамбар. Лут пайгамбар Аллахтин амирине жараша Ибрагим а.с пайгамбардан болунуп , озунчо даават кылууга Содом шаарына кетет.Ал жердин жергиликтуу тургундары оздорунун ашынган кудайсыздыгы жана жан кечти каракчылыгы менен чолкомдо белгилуу болгон калк эле.Алар адамзат тарыхында эн биринчи болуп ""содомия" "деп аталган гомосексуализм (бачабаздык ) баштап, инсаният тарыхындагы эн ыплас кылмыш менен шугулданган эл экени белгилуу .Атугул алар оздорунун бул ыплас жоруктарын эл алдына (публично) жасоону да адатка айландырышкан. Кайраты мол , чечкиндуулугу жетиштуу , эрдиги эч кимден кем калышпаган , бирок жумшак муноздуу , ак конул Лут пайгамбар аларды Жалгыз Аллахка кана сыйынууга даават кылып , эч кандай ширк келтирбестен , шерик кошпостон , Анын озуно кана ибадат кылууга чакырып , алар жасап жаткан ошол ыплас кылмыштардан баш тартууга , адеп ахлактуу жашоо кечирип , ыйман -ынсаптуу тиричилик кылууга ундоп , жакшылыктарга чакырып , жамандыктардан кайтарууга коп жыл талыкпай эмгектенип , Аллахтын дини учун жан аябай мээнет кылат.Бирок кылмышкер -каапырлар оздорунун ыпластыктарын токтотуунун ордуна , тескерисинче каапырлыкта ого бетер ашына ожорлонуп , Аллах Таала тарабынан оздоруно жиберилген Лут пайгамбардын дааватын четке кагуусун далай жылдар бою улам кучоп уланта беришет.Ошондуктан Алла Таала алардын талкаланган тагдырлары менен оксугон омурлору , каран кунго кабылган жылдары менен мундуу шорго баткан айлары жаамы инсаниятка Кыяматка чейин сабак болуп калуусу учун улуу азапты жиберип , алардан кийин да адамзат кириптер болбогон зор балээге тушуктурат. ....Бузулган бул коомго Аллах Таала болуп корбогондой кордук берген.Ар бир жазалануучунун аты жазылган куйгон таш башынан кирип , аягынан чыгып жаткан .Акыры ал жерде эч бир жан кыбыр этпеген , суусунда балык журбогон Аллахтын кудурети менен (ОЛУК ДЕНИЗ) пайда болгон .ОШОНДУКТАН КИМДЕ КИМ АЛЛАХТЫН ЭРКИНЕ МОЮН СУНБАСА АЛ ДАЛ МЫНА УШУНДАЙ ЖАЗАГА КИРИПТЕР БОЛОТ. (Аллах бизди ошондон сактасын).
Китепте кенири жазылган ))))....мен узунду эле жаздым азыраак кылып .
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 06 Март 2016 - 20:02