MACKA. (07 Февраль 2016 - 00:06) жазган:
Өлүм төшөгүндө жаткан аялы күйөөсүнө суроо узатты:
- Мен өткөнgөн кийин качан үйлөнөсүң? Аялынын сөздөрүн угуп, көздөрүндөгү жашы менен:
- Кам санаба гүлүм, топурагың кургамайынча үйлөнбөйм. Аялы жылмаюу менен дагы бир ирет суроо берди:
- Чын элеби? Күйөөсү жаштуу көздөрү менен:
- Ооба жаным, сөз берем. Аялы оюндагы жоопту алган соң, бир аз өтүп көзү өтөт. Жанынан артык көргөн жубайынын бетинен жылуу өөп акыркы сапарына узатты. Арадан бир нерче ай өттү, ал аялына берген сөзүн эсиненен чыгарбады. Тез-тез аялынын жаткан жерине келип, карап кетчү болду. Арадан кыйла убакыт өтүп, аялынын топурагы дагы кургап калчу кез келе баштаган эле. Ошол күндөр аралыгында күн сайын келип, топурагын карап кетчү болду. Бирок арадан көп убакыт өтсө да, аялынын жаткан жери эч кургачу эмес. Качан келип карабасын ным болуп турчу. Муну көрүп, аялын сагынып кошумчалап ыйлап дагы кетчү. Бир күнү бул иштерге таң калып, башы жетбей ойлонуп калчу болду. Себебин билгиси келип, ал жерге кечиндеси барды, кайын иниси эжесинин жаткан жеринен суу чачып жатканын көрүп, жанына барып себебин сурайт:
- Эмнеге суу чачып жатасың?
- Бул эжемдин мага дайындаган акыркы сөзү болчу, аткаруу мен үчүн парз эле.
Бул сөздөрдү угуп, аялынын сүйкүмдүү жан экенине, көзү өтсө дагы башкасына бергиси келбегенин түшүнүп жетти. Ага башкалар көп жолу айтып көрүштү, "Башка аял ал," - деп, бирок анын жообу баарына бирдей эле: "Аялым кызганат." Бул жалган дүйнөдө башка табылгыс аялынан кийин, эч кимге үйлөнбөдү...
Таптаза эгоизм го бул.
Олгон сон жолдошун башына тартабы, тируу жан болгондон кийин ал деле олор олгончо мурзо астында козун жашылданта бербей уйлонуп тошок жаныртканы эле дурус го.