Атамы эскерип...
5-май... Ушул кунду мурда майрам катары,атамын туулган куну катары күтсөк,8 жылдан бери аза күтүү куну болуп калды.Ушул туулган күнүндө ажал атамы арабыздан алып кетти.
Арадан 8 жыл өтсө да мен арабызда атамын жок экенине көнө албай келем.Өзум деле небере күтүп,чоң эне,тайэне болгонума карабастан атамын акыл насаатына дагы деле муктажмын.Жашоодо кыйналып-кысталган,
бирөөнун акылына ,кеңешине муктаж болгон кезде атамын ырларын окуп аз да болсо каниет кылам.
Айылга барганда атамын “Атама “деген ырынын төмөнкү саптары эсиме келет:
Ар жылы барып айылга,
Аралап көңүл ачамын.
Толкундап кетем көргөндө
Жолдорун баскан атамын.
Кээде турмуштун оор сыноолоруна кабылганда атам дайыма дем берип:”Турмуштун бейиши да,кейиши да болот.Баарына сабырдуулук менен чыдаш керек.Адамдагы эң жакшы касиет сабырдуулук жана токтоолук”-
дечү.
Чынында карап турсаң турмуш катаал,
Чыйырсыз,өңгүл-
дөңгүл,жолу татаал.
Тоскоолду тоготпостон алга умтулуп,
Тайгылбай,кыя жолдон тактап басаар,
Багынып кырсыктарга тизе бүкпөй,
Баарына акыл керек көзүңду ачаар.
Атам тамырын,түбүн унутпаган атанын уулу,өз элинин патриот атуулу эле.Кыргыз элинин теңдешсиз касиеттерин кулагыбызга куюп турчу.Өз мекенин сүйүү,элине ак,астейдил эмгек өтөп,элдин жүгүн аркалай билүү ар адамдын ыйык парызы деп талыкпай кайталай берер эле.
Элине эстен кетпес кадырлуу бол,
Үзүрдү журтуң көрсүн, пайдалуу бол.
Ааламдын сырларын ач түмөндөгөн,
Адам деп жаралган сон акылы мол.
Пайдасыз туулуп жашоо кимге опо,
Андайдын болоору анык таалайсыз, кор.
Атам адамдык бийик кадырды,адамгерчиликти жогору баалаган адам эле.Ар нерсенин өзүнүн татыктуу баасы болот—дечү.
Адамды баалай билүүдө,адамга баа берүүдө ыйманга байланыштуу абийир менен акыйкаттыктын,
чындыктын ордун өзгөчө белгилөөчү.
Кулу бол,башынды ийип бир чындыкка
Туу кылып аймагынан алыс чыкпа.
Чыныгы акылмандын белгиси ошол,
Жалтанбай чын сөзүндө тургандыкта.
Бир чынды ашкерелеп чыгарууга,
Жуз калпты чалыш керек курмандыкка.
Ошондон болуу керек мен адамга акыйкат,туура баа берүүгө аракеттенип келем.
Дайыма көрө билип болбос жакты,
Ар иште адилеттүү болгон жакшы.
Сөз болсо тушуп турган талаштарга
Тартпастан жакыныңа ,калыс кара.
Кез-кезде ырларын окуп өзүмө дем куч алам.”атамы көргөн өлбөсүн”дейт го, атамы көргөн адамдар..санаалаштары,
калемдештери.
..Баары көзгө сүйкүм,баары ыйык,баары кымбат.Ата конуш...Ал жердеги атам отургузган тал-теректер,
алма-өрүктөр атам тирүү кездегидей мени кучак жайып тосуп чыккансыйт.
Айла канча,ушуларга каниет кылып жашоо улана берет тура..
Атамды эскерип...
#1 08 Май 2016 - 13:42
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#2 08 Май 2016 - 14:01
Ээхх.
.."ата" деген бир керемет Жан болсо керек…
В каждой шутке есть доля правды...
#3 08 Май 2016 - 16:46
Атанын жашоодогу орду табылгыс.Атамдан ажырагандан кийин билдим кадырын.Атамдан каза болушу мен учун жоодон элин коргогон баатырдан айрылгандай эле болду.Азыр деле атамдан айрылганыма ишене албай кетем.Жумушта журсом уйдо жургондой,уйго келсем сыртта жургондой эле сезиле берет.Атанарды сыйлагыла,урматтагыла,
кучактап бетинен,колунан оопкуло,жузун эл алдында жер каратпагыла,
катуу суйлоп конулун оорутпагыла,
ооруса жанында жолок болгула,басса бутуна бут,колуна кол болгула.
Жаратканым жанаттан жай берсин сизге атакем.Сиз учун дайым Жаратканга жалбарып дуба кылам атакем.
Жаратканым жанаттан жай берсин сизге атакем.Сиз учун дайым Жаратканга жалбарып дуба кылам атакем.
#5 09 Май 2016 - 02:21
Бейиш багын араласын ылайым!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#6 11 Май 2016 - 20:56
Мен корком эн жакын адамдарымды жоготуп алыштан. Кундо бассам турсам алардын амандыгын тилейм.
Анан ушул теманы окуугандан кийин апамдарды эстеп кеттим. Аларда сизге окшоп сагынса керек. Сагынып кыйналса керек.
Анан ушул теманы окуугандан кийин апамдарды эстеп кеттим. Аларда сизге окшоп сагынса керек. Сагынып кыйналса керек.
[ quote][/quote]
#7 11 Май 2016 - 21:46
Ата-знени карыганда жоготосуңбу ,жаш кезиңде жоготосуңбу,
баары бир орду толгус жоготуу болот.Бала-чакасы чоңоюп өз алдынча болуп калган кезде ата-энесмнен айрылуу деле оор.Себеби ата-эне сенин таянычың,капа болгондо көңүлүңдү көтөрөт,кубанганда кубанычыңды тең бөлүшөт.Жакшылыгыңа да ,жамандыгыңа да ата-энен гана түтөт.Ошондуктан ата-энени тирүү кезинде колуңардан келишинче сыйлагыла.Атама тирүү кезинде сый көрсөтө албадым.Эми апама кудайдан өмүр тилеп,колуман келишинче сыйлооо аракет кылып келем,бирок көр тириликтин айынан ага да канааттандыраарлык көңүл бөлө албагандаймын.
Апам балам деп дагы деле мени аяп турса,мен да балдарым деп өз балдарыма көбүүрөөк ыктап турам.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#8 11 Май 2016 - 22:06
Айтканынызда калет жок!
Бу кор тирилик деп журуп ата эне кадырына качан жетеер экенбиз а...
Бу кор тирилик деп журуп ата эне кадырына качан жетеер экенбиз а...
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#9 12 Май 2016 - 00:51
Ата-энебиздин козу барында кадырына жетеличи, сый урмат менен мамиле жасап, айткан создорун жерге калтырбай, кабак буркобой, каяша айтпай, Омурунун узак болуусун тилейличи. Баарыбыздын ата-энебиздин омурлору узак болсун ылайым.
#10 12 Май 2016 - 17:42
Бир жерден уккан элем Адам ата менен Обо эненин ата энеси болбогон балдары болгон ошон учун адамзаттын канына биринчи болуп балдарына кам коруп балдарын ойлоо синип калган экен(Мени талап ийбениздер укканымы эле жаздым)
#11 12 Май 2016 - 20:57
Туура эле айтылган сөз.Адам ата менен Обо эненин ата-энеси болбогондуктан адамзат ата-эне дебей балам деп калган деп,илгертен айтылып келет
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#12 12 Май 2016 - 21:17
Атаң менен апаңа кимдир бирөө сөз тийгизсе силерде кандай реакция болот? Урушуп кетесиңерби,
же кулак сыртынан кетиресиңерби?
Мисалы мен канчалык сабырдуу болом десемда кеде чыдамым түгөнүп, катуу сүйлөп алмайым бар.
#13 12 Май 2016 - 22:39
Ata dep aitkandy sagyndym... Byiyl tuptura 6 jyl bolot, dale bolso sizdin bul jawoodo jok ekeninizge iwene alvaim, sizdi sagyndym! Jatkan jeriniz jailuu bolsun
#14 12 Май 2016 - 22:47
Ата менен эненин оорду чексиз го. Ата-энелерибиз бар болсун ылайым. Силерге сабыр жана сабыр.
Билдирүүнү түзөткөн: EdikoKG: 12 Май 2016 - 22:48
#15 10 Ноябрь 2016 - 20:26
Мен да атамды сагындым .Ата деп бир жолу айтууга зармын .6жыл болуптур кандай гана азаптуу кундор отту.Эстегенде журогум согушу башкача бодуп жашоо кызыксыз болуп кетет.
#16 10 Ноябрь 2016 - 21:02
Эгер атамдын арабыздан эрте кетээрин билсем жакшы создорумду аябай айтпайт белем. Жоготкондон кийин окунуп отуруп калат экенбиз.
Кээде отуруп баскан турганын суйлогонун элестетем. Кандай гана сонун адам эле. Камкордугу, боорукерлиги. .. Эхх....
Кээде отуруп баскан турганын суйлогонун элестетем. Кандай гана сонун адам эле. Камкордугу, боорукерлиги. .. Эхх....
#17 10 Ноябрь 2016 - 21:02
Эгер атамдын арабыздан эрте кетээрин билсем жакшы создорумду аябай айтпайт белем. Жоготкондон кийин окунуп отуруп калат экенбиз.
Кээде отуруп баскан турганын суйлогонун элестетем. Кандай гана сонун адам эле. Камкордугу, боорукерлиги. .. Эхх....
Калдайган карааны
Кээде отуруп баскан турганын суйлогонун элестетем. Кандай гана сонун адам эле. Камкордугу, боорукерлиги. .. Эхх....
Калдайган карааны
#18 10 Ноябрь 2016 - 21:03
Эгер атамдын арабыздан эрте кетээрин билсем жакшы создорумду аябай айтпайт белем. Жоготкондон кийин окунуп отуруп калат экенбиз.
Кээде отуруп баскан турганын суйлогонун элестетем. Кандай гана сонун адам эле. Камкордугу, боорукерлиги. .. Эхх....
Калдайган караанындан кагылайын атакем. Караанынды бир корууго унунду бир угууга зармын.

#19 10 Ноябрь 2016 - 21:19
Ата сөзү бакыт алып келбеген мендейлер да бар.
Внешность - это козырь , но не туз…
#20 10 Ноябрь 2016 - 21:25
Атаааууу деп мен да 4 баланын энеси болсомда эркелегим келет. Аябай сагындым...тушумо кирет кучактап ал да мени сагынганын айтат...тушумдо тоюп тоюп алам кучактап.Алланын буйругу экен...бейишин берсин ар бир пенденин куноолорун кечирсин..
Баары достору туугандары атамды эстешип ыйлашат...анткени ал боорукер болчу...эч кимдин конулун оорутпачууу. .баарын ыраазы кылат элет...жаназасына келген адамдар...баары ыйлаган..
Той бердик ал кундо да баары эстеп ыйлашып ...журокту эзишти...
Эхх атам атам
Алтындан шакек салчуу элен ата
Ай сайын кабар алчуу элен ата
Кумуштон шакек салчуу элен ата
Кун сайын кабар алчуу элен ата...
Рухуна Аль-Фатиха.. .
Сагындыыыммм сизди атауууу