Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу.
#722 04 Июнь 2016 - 13:31
Жалпыңыздардын кирип келген Рамазан айыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз. Жараткан Алла Таала Рамазан айында кылган дубаңыздарды кабыл кылсын. Ар бириңиздердин жүрөгүңүздөргө ыйман нуру ыроолоп, Жараткан ишиңиздерге береке берсин.
Эскертүү: Жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырма болушу мүмкүн.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#723 04 Июнь 2016 - 15:38
#724 04 Июнь 2016 - 20:00
Жооп жазып койгулачы
#725 04 Июнь 2016 - 20:03
#726 04 Июнь 2016 - 21:14
#727 04 Июнь 2016 - 21:41
#728 05 Июнь 2016 - 03:08
begimai1989 (04 Июнь 2016 - 20:00) жазган:
Жооп жазып койгулачы
Васкрсениядан панилельникке караган тун тактап айтканда.Васкрсения куну тунку саат 2:03,отконго чейин жаап бутуш керек..
Айдын чыгышына карап озгорот деп атышат эле бир кунго
Билдирүүнү түзөткөн: kaidasyn: 05 Июнь 2016 - 03:10
#729 05 Июнь 2016 - 03:21
Latysh (02 Сентябрь 2008 - 12:10) жазган:
Биринчиси - өтө карып калган, орозо кармаганда кыйналып кала турган адамдарга. Бирок, алар ар күнү колунда жок өтө начар жашагандарга орозо битирдин баасынчалык тамак берип туруусу зарыл.
Экинчиси - ден соолугу начар, ооруп калгандар, же дарыгерлер тарабынан ден соолугуна байланыштуу дайым тамак жеп туруу сунуш кылынган адамдар, орозо кармоо алардын оорусун күчөтө турган коркунуч болсо. Алар да мындай себептен кутулгандан кийин, ар бир калтырылган күн үчүн кийин орозо кармашат.
Үчүнчүсү - боюнда бар, бала эмизген аялдар, орозо кармоо эненин өзүнө же баласына зыяны тие турган болсо.
Төртүнчүсү - аялдардын ай сайын болуучу табигый кубулуштардан улам орозо кармабаса болот. Бирок ал кубулуш өткөндөн кийин орозо карызынан кутулушу керек.
Бешинчиси - адам сапарда жүрүп, сапары өтө машакаттуу болсо. Ал себептерден өткөндөн кийин кутулса болот.
Azura машакаттуу деген оор, алыс, тамак жегенге болбосо деген мааниде
#730 05 Июнь 2016 - 03:27
Jadyrashka (04 Июнь 2016 - 21:14) жазган:
Демек,тутса болот экен.Азыркы заманда "Оор машкаттуу" -деле сапар болбосо керек? Андыктан каза кылбай кармай берсен расса жакшы болот экен.
#731 05 Июнь 2016 - 11:07
#732 05 Июнь 2016 - 11:18
.✍Таравих намазы Рамазан айында гана куптан намазынан кийин витр намазынын алдында окулуучу 20 рекет суннату муаккада (бекемделген сүннөт) намаз болуп эсептелет. Таравих намазы эркек, аял окууга тийиш болгон сүннөт амал. Таравих намазын жамаат менен окуу сүннөт. Таравих намазын жеке өз алдынча окуса да болот. Бирок жамаат менен окуу абзел.
Азирети пайгамбарыбыз САВ: “Кимде ким бекем ишеним жана сообун Аллахтан үмүт кылуу менен окуса, ага чейинки күнөөлөрү кечирилет” (Муслим, Салатул-Мусафирин 174) – деп таравихтин сооптуулугун баса белгилөө менен таравихти окууга чакырган.
Таравих намазы жыйырма рекет. Ар бир төрт рекет намаздан кийин бир саламга тыныгып бой жазылганы үчүн "Таравих" деп аталган. "Таравих" - тыныгуу, эс алуу, бой жазуу деген мааниде. Бир жолку таравих намазында беш тыныгуу бар. Тыныгуу учурунда Алла Тааланы зикир кылуу, тасбих айтуу же Пайгамбарыбызга салават айтуу мустахаб болуп эсептелет.
Таравих намазына: “Алланын ыраазылыгы үчүн таравих намазын окууга ниет кылдым, уюдум ушул имамга, халисан лиллахи таала Аллааху Акбар” – деп ниет кылынат.
Таравих намазынын ар бир төрт рекетинен кийин тасбих айтып олтуруу сүннөт. Олтурган кезде тасбих же тахлил айтып олтуруу мустахаб:
“Субхаана зиль мульки валь малакуут, субхаана зиль ьиззати валь ьазамати валь кудрати, валь кибирийаи валь жабаруут, субханал маликил хаййиллазий лаа йанааму уа лаа ямуут, суббухуун, куддуусун, роббунаа ва роббуль малааикати вар-руух. Лаа иллаха иллалааху настагфируллах, нас-алукал жанната ва наьуузубика минаннаар”.
Таравих намазында Фатиха сүрөсүнөн кийин имам бир кыска сүрө окуса жетиштүү болот. Же болбосо Курандын башынан баштап Рамазан бүткөнчө аягына чейин окуса өтө чоң сооп, сүннөт амал болот. Имам таравих намазын үн чыгарып окуйт. Таравих намазын окуп бүткөндөн кийин бул дуба окулат:
“Аллохума солли алаа Мухаммаддив- ва алаа, аали Мухаммад. Аллохума заййинаа бизийнатил иимаани, ва шаррифна, ва акримна фи шахри Рамазана, варзукнаал жанната вал гуфрана ва такаббал миннаа тараавиихана яа Субхан, вастажиб дуа-анаа яа Ханнаану, би фазлика важуудика яа Маннану, бирохматика йаа Архамар рохимиин”.
Эң акыркы таравихте бул дубаны окуса болот: «Субхаанал ханнаанил маннаани. Субхаанал малиикид даййаани. Ал мавсууфу бил ихсаан вал маърууфу бил гуфроони, алвадааъ алвадааъ йаа шахро рамазана, алфироок алфироок йаа шахрот тараавийхи ваттасаабийхи ва хатмил кураани, хааза шахруун аввалуху рахматун ва авсатуху магфиратун ва аахируху иткумминан нийроони. Лаа илаха иллаллоху настахфируллоху насалукал жанната ва наъузу бика минаннаар.»
Таравих намазынын рекеттеринин саны Азирети Умардын халифалык доорунда Набави мечитинде окулган таравих намазынын 20 рекеттик таризине таянат. Пайгамбарыбыздан кийинки алгачкы төрт халифанын учурунда бул намаз 20 рекеттен окулган. Кийинки мусулмандар да ушул боюнча окуганды четке кагышкан эмес. Пайгамбарыбыз мындай деген: "Менден кийин, менин сүннөтүмдөн жана туура багыттагы халифалардын сүннөтүнөн ажырабагыла" . (Абу Дауд, Суннат-5; Тирмизий, Илим-16; Ибн Маажа, Мукаддима-6; Ахмад бин Ханбал, 4/126-127; Даримий, Мукаддима-16).
Таравих куптан намазынан кийин окулат. Куптандан мурун окулса, аны кайра окуу керек.
Таравих намазын жалгыз киши да окуса болот. Ар бир экинчи рекетте салам берүү дурус. Ошондой эле ар бир төрт рекетте бир салам берип окуса да болот.
Таравих намазында кыраатты узун окуу абзел. Ошону менен бирге жамааттын абалына жараша аракет кылууну да эстен чыгарбоо керек. Намазды эрте бүтүрүү үчүн ылдам окуу
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 05 Июнь 2016 - 11:19
#734 05 Июнь 2016 - 11:40
#736 05 Июнь 2016 - 18:36
Ар бир ийгиликтүү жана мөмөлүү иш, ошол ишке алдын ала план кылып, ал планга тартип коюп жана ошол тартипти иш жүзүнө ашыруу менен болот эмеспи. Биз дагы бул ыйык жана берекелүү Рамазан айынан жакшы пайдаларды алышыбыз үчүн өзүбүзгө бул айды кантип өткөрөм деген план коюшубуз керек. Бул планды жазып аткарган жакшы, себеби жазылган план жазылбаган планга караганда аткарууга көбүрөөк түрткү болушу аныкталган.
Эми бул Рамазан айындагы пландарга көңүл бурсак:
1⃣ Аллах Тааладан ушул берекелүү айда мени жакшы амалдарды кылууга жардам бере көр деп көп-көп ага жалбарып дуба кылышыбыз зарыл, себеби Жараткандын жардамы болбосо, эч качан ийгиликке жетпейбиз.
2⃣ Уктаган жана уйкудан турган убакыттарды тартипке салуу, себеби бул айда көпчүлүгүбүздүн уктап туруу убактысы өзгөрүп кетиши мүмкүн. Кайсы бир адам түндө таравих намазынан кийин уктай турган болсо, анда ал адам багымдат намазына турушу керек. Ал эми кайсы бир адам түндү уктабай өткөрсө, анда ал адам багымдат намазын окуп жаткандан соң түшкү бешим намазына турушу керек. Ошондой эле беш убак намазды мечитте жамаат менен окуганга аракет кылыш керек, себеби жамаат менен намаз окуу жалгыз намаз окуганга караганда сообу жыйырма жети эсе көп болот деп айткан Пайгамбарыбыз.
3⃣ Бул бир жылда бир келген берекелүү айда телевизор, фейсбук жана ватсап деген нерселер менен көп алек болбой ибаадат менен алек бололу.
4⃣ Бул ыйык жана берекелүү Рамазанда ар бир мусулманды эки дүйнөдө бактылуулукка багыттаган Кураан түшкөн ай. Ошондуктан бул Кураан түшкөн айда Кураанга көбүрөөк убакыт бөлүшүбүз абзел, аны көп-көп тилават кылып жана аны жаттоо менен алек болушубуз керек. Болбосо мечиттерибиздин жана үйлөрүбүздүн текчелеринде сырттарын чаң басып калган Курааныбызды ушул айда ачпасак, анда качан ачабыз?!
5⃣ Таравих жана тахажжуд намаздарын кайсыл мечитте окуйун деп ниет кылып жатасың? Сен чындап эле таравих намазына көңүл бурасыңбы? Эгер көңүл бурсаң, анда ар кайсы мечитке которулбастан жана кайсы мечитте кыска окуйт болду экен деп издебестен өзүңө жаккан мечитте гана окугун.
6⃣ Ушул берекелүү Рамазан айында орозо туткан тууган-уругуңду же курбуларыңды конокко чакырып ооз ачырганга аракет кыл, себеби хадистерде келгендей орозодо ооз ачыруу өтө сооптуу иштерден.
Келгиле туугандар, ушул нерселерди жана мындан да башка жакшы пландарды аткарганга Аллах Тааламдан көп-көп дуба кылып жалбарып суранайлы. Болбосо, бул ай көз ачып-жумганча эле өтүп кетет, өтүп кеткенден кийин аттиң деп бармагыбызды тиштеп калбайлы.
#737 05 Июнь 2016 - 18:39
*Так датасы 5-июнь кечинде аныкталат.*
Шаабан айынын 29-числосу шектик күнү деп аталат (эртең орозо тутабызбы же жокпу деп шектенген үчүн).
Быйыл шектик 5-июнга туш келип жатат. Бул күнү шам намазынан кийин ай каралат: эгер ай көрүнсө эртеси Рамазан орозосу башталат, ал эми көрүнбөй калса анда эртеси 30-Шаабан деп эсептелет да Рамазандын орозосу андан кийинки күнү башталат.
*Шек күндөрү орозо тутуу болбойт.*
Хадисте келет: “Рамазандын алдын 1 же 2 күн эч кимиңер орозо тутпагыла. Бир гана адаттагы орозосу болгондор бул күнү орозолорун тута алышат” (аль-Бухари: 1914; Муслим: 1082),
Адаттагы орозо – М: кайсыл бир киши ар Дүйшөмбү жана Бейшемби тутуп жүрсө, же карыз орозолорду кармап келе жатса – бул күндөр шектикке туура келип калса – анда ал тута берсе болот. Ал эми мурда тутпай жүргөндөр, Рамазандын 1-2 күн алдын атайылап #орозо тутуу уруксат эмес.
*Рамазан айынын башталышы* 2 учурдун бирөөсүндө болот: же 1 адилетүү киши жаңы айды көрүшү жана ал тууралуу адамдарга кабарлашы менен; же шаабандын 30-күнү бүтүшү менен.
Ибн Умар риваят кылган хадисте келет Аллахтын Элчиси ﷺайтты дейт: “[Жаңы айдын] көрүнүшү менен орозо туткула жана [кийинки жаңы айдын] көрүнүшү менен орозону токтоткула. Ал эми булуттар тоскоолдук кылып [айдын чыгышы же чыкпашы көрүнбөй] калса анда отуз күн деп эсептегиле” (аль-Бухари: 1900; Муслим: 1080)
Быйыл айды кароо 5-июнь (Жекшемби) болмокчу. Ошол күнү кечинде ай каралат.
Эгер ай көрүнсө - анда эртеси Дүйшөмбү соорго туруп, ооз жабабыз.
Эгер ай көрүнбөсө – анда Дүйшөмбү ооз ЖАППАЙБЫЗ, себеби #Рамазан баштала элек болот. Оозду 7-июнь (Шейшемби) таң менен жабабыз.
Муфтият кабар берет, иншаллах
*Рамазан айынын аякташы* 2 учурдун бирөөсүндө болот: же 2 адилетүү киши жаңы айды көрүшү жана ал тууралуу адамдарга кабарлашы менен; же Рамазандын 30-күнү аякташы менен.
Билдирүүнү түзөткөн: dreambig: 05 Июнь 2016 - 18:41
#738 05 Июнь 2016 - 18:41
Билдирүүнү түзөткөн: dreambig: 05 Июнь 2016 - 18:43
#739 05 Июнь 2016 - 18:56
#740 05 Июнь 2016 - 19:01
begimai1989 (04 Июнь 2016 - 20:00) жазган:
Жооп жазып койгулачы
burma92 (05 Июнь 2016 - 11:07) жазган:
aruuke2013 (05 Июнь 2016 - 18:56) жазган:
Москва убактысы боюнча календарь.