Айпери Токтогулова
Жашы – 20
Параметри – 82-63-90
Бою – 168 сантиметр
Салмагы – 53 килограмм
Учурда – Кыргыз улуттук университетинин финансы
кредит бөлүмүндө 3-курста окуйт.
«Сулуулар менен таймашканга даярмын»
– Айпери, идеалдуу айым кандай болушу керек деп ойлойсуӊ?
– Ар бир айым өзүн таза, тыкан алып жүрүш керек, жадакалса басканы да эл суктангыдай болуусу зарыл. Мен модель болуу үчүн эмес, өзүмдү татыктуу алып жүрүүнү үйрөнүү үчүн атайын курста окугам. Ал жактан дефиле, сүрөткө туура түшкөндү үйрөндүм. Ошондой эле өтө боёнгон кыздар жакпайт. Өзүм боёкко жакын эмесмин. Буюрса, окуумду бүтүп, банк тармагында иштегим келет.
– Банкир болгусу келген кыз каникулда эмне менен алек болуп жатат?
– Учурда түрк сериалдарын көрүп убакыт өткөрүп жатам. Андан сырткары үйдүн улуу кызы болгондуктан үй иштери менен алекмин. Үй жыйноо, тамак жасоо, ини-сиӊдилеримдин түйшүгү менин моюнумда. Тамакты түрлөп жасаганды жакшы көрөм. Өзгөчө лагман чойгондон ырахат алам. Сулуу болбосом да жылдыздуумун,
эч кимге окшошпогон өзгөчөлүгүм бар деп ойлойм. Колумдан баары келет, андыктан сулуулар менен таймашканга даярмын.
Супер сулуу-2016. Бали аралына барчу сулууну чогуу тандайлы
#383 01 Июль 2016 - 10:13
Экоонун тен бут кийимдери такыр айкалышпай калыптыр кийими менен...........
..............
Барпылыктар рулит))
#385 01 Июль 2016 - 11:43
#386 01 Июль 2016 - 12:24
S trudom veritsya chto Aygul vizajist?! Ili u nee makiaj ne udachno poluchilsya
#388 01 Июль 2016 - 13:24
Айпериге добушум
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#389 01 Июль 2016 - 21:48
Айпери менин карындашым добушунарды аябагыла колдоп койгула!
Билдирүүнү түзөткөн: blacl-star: 01 Июль 2016 - 21:51
#390 01 Июль 2016 - 23:07
акыркы 3 жума эч кимге добуш бербей койдум эле .татыксыз деп.эми айперини коруп добуш берип кызыга баштадым.добушум айпериге.себеби сан пан бут сутту жаап ыймандуу корунот.улгу алгыла
#393 02 Июль 2016 - 03:09
Экоо тен татынакай, татыктуу кыздар экен. Капа болушпасын,
сынак да эми, бири женип, бири женилуусу шарт. Айпери нукура кыргыз кызынын сулуусу экен. Бирок, Айгул да жакты, сулуу, озунчо жылдыздуу кыз экен. Бирок, кыргызга окшобойт экен. Ошого добушум Айпериге.
АльхамдулиЛлях!
#395 03 Июль 2016 - 01:16
Айпери жакшынакай экен. +1
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
#396 03 Июль 2016 - 13:14
экоо тен бир жерде суротко тушконбу....бут кийимдери окшошпой калыптыр
#398 05 Июль 2016 - 00:41
Экоо тен татыктуу кыздар экен. Бирок мен да Айпериге бергим келди. Себеби Айперинин жооптору чечкиндуу экен.
#399 06 Июль 2016 - 01:54
Айпериге добушум. Кийимдерида жакшы тандаптыр,жылдыздуу дагы экен...
[ quote][/quote]
#400 06 Июль 2016 - 15:06
Бул жуманын жеңүүчүсү - Айпери Токтогулова
. Ал 105 добушка ээ болду.