салам достор,мен силер мн ушул окуяны бөлушкум келди,кеп анда башынан болсун
ТҮН..
#2 14 Сентябрь 2016 - 07:49
Келчи жаным,-жигит бүшүркөй кайрылды.
– Жөнчү!-кыз ары карап жаткан калыбында
унчукту. Жигит эмне кылаар айласы
калбагандай саамга үнсүз отуруп калды да:
– Ушинте бересиңби эми? Кечирим сурадым
го?.. Бул саам жигиттин үнү ыйламсырап
чыкты. Кыз укпагандай болду. Кыймылдап да
койгон жок, тек гана уктап калган кишиче бир
калыпта дем алып жата берди. Жигит үнсүз
жооп күтүп, толуп турган жаш кыздын
төшөктөн билинип турган денесин суктана
карап турду. Кыязы, ал кыздын жылаңач
денесин элестетип кетти окшойт, тамагында
шилекейин “кылт” эткизе жутту да, кыздын
төшөктөн чыгып калган жылаңач ийнине колун
койду. Кыз унчуккан жок. Атүгүл эч нерсе
сезбеген кишидей ого бетер дымый түштү.
Тынчтыкты дагы Дамирдин үнү бузду:
– Айжан, кел...-сөзүнүн аягын жутуп алып,
“күнөөмдү билип турам” дегендей бошоң үн
менен, – кел, эми жакшы жашайбыз?..
Учурунда ойлоно албай калдым, чын. Кечирип
койчу. Мен баарын башкача болот го дегем...
Ушинте берсек кантип жашоо болот? Элге да
уят болобуз. Акыры турмуш өзү ушундай го..

Аа
#3 14 Сентябрь 2016 - 10:55
Бул ар бир уй булоо таарынышып кайра табышкандагы окуя болсо керек.Мен ошондой элестеп кеттим анан кечиресин бир топ ынтымактуу жашайсын ,кайра бир кун тарынтып алат ,даагы ошентип жарашып аласын.Ал эми озун таарынтып алсан жакшы адам болуп жумушун жасап журо бересин сыр бербей.
#5 14 Сентябрь 2016 - 17:24
Эмне дээрин билбей жигиттин башы
шылкыйып турду. Терезеден түшкөн айдын
нуру бөлмөнү экиге бөлүп, жарым-жартылай
ачылып турган көшөгөнүн ичин сүттөй агартып,
бөлмөнүн бир тарабын коюу караңгылык
каптап турган. Айдын шооласы Дамирдин оң
тарап бетинен ылдый куюлуп, анын көзүндө
турган жашты жылтылдатып көрсөтүп жатты.
Бир аз убакытка тынчтыкка чөмүлө түшкөн
бөлмөнү Айжандын зирпилдеген жек көрүңкү
үн менен айтылган сөзү бузду:
– Турмуш өзү ушундай деп коёт! Турмушту
ушундай кылган ким?! Эмне, мен сени “мени
ала кач” дедим беле?! Зирпилдеп тура калган
Айжандын көзүндө жаш бар болчу. Дамирдин
бетине тигиле карап турду да, кайра күү менен
ары карап жатып алды.
– Мен сени ушунча таш боор экен деп ойлогон
эмесмин,-жигит алсыз унчукту.

#6 14 Сентябрь 2016 - 17:27
– А мен сенин ушундай “лох” экениңди
биринчи көргөндө эле билгем,-кыз да өктөм
унчукту. Кыздын сөзүнө жигит ардана түштү.
Бир заматта шылкыйып турган денеси чыңала
түшүп, ак шейшепти мыкчый кармап турду:
– Энеңди!.. Катын болбосоң жогол анда!-деди
да ордунан тура жүгүрдү. Коңшу бөлмөдө
буларды тыңшап жаткан эне да баласынын
аркасынан ич көйнөкчөн далбактап чуркап
жөнөдү. Бүгүн да анын корккону ушул болчу.
Канча күндөн бери уктабай аңдыганынын да
себеби ушул эле. Жана эле жатаарга мезгил
келгенден баштап Кудайдын балакетин алып,
эми бүгүн жакшы болсо экен,-деп тиленип
кирген. Анткени, өткөн түндөн кийин эненин
жүрөгү өлүп калган экен. Өткөндө да так
ушинтип тыңшап жаткан болчу буларды. Бир
убакта күбүң-шыбың болуп жаткан экөө
кыйкырыша түшүшкөн дагы уулу эшикке
чуркап чыккан эле. Эмне болуп кетти,
чыксамбы чыкпасамбы деген эне чыдабай
уулунун артынан чыккан. Анда да түн ушинтип
мелмилдеп тынч турган болчу. Чыга калып эле
каалгасы бир аз ачылып калган сарайга кирип
барган. Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Уулу
Дамир шыпта асылып туруптур. “Баа!” этип
чыңырууга үлгүргөн эне жетип барып уулун
бошотуп калганга жетишкен. Жиптин анты
болот деген чын окшобойбу, мүнөттүн ичинде
уулу эсин жоготуп ийиптир. Чыңырыктан
үйдөгүлөрдүн баары ойгонуп, Дамиринин
бетине суу сээп атып араң эс алдырышкан.
Атасы сөгүнүп келинин каарып өткүсү келди
эле, бирок, антүүгө уруксат берген эмес эне.
Анткени, күнөө бизде деп ойлогон эле. Ошол
ошону менен бүттү го деген. Эми эсине
келишээр,-деген айласыз. Эми минтип кайра
ошол көрүнүш кайталанып турганына жаны
чыгып баратты эненин. Бирок, бул саам Дамир
асынууну ойлогон эмес окшойт, бакчага кирип,
арык жээгинде отуруптур. Энесинин келгенин
билген жок. Тек гана кулдурттап агып жаткан
арыктагы сууну карап отура берди. Эне да
баласынын абалын түшүнүп, не кылаар
айласын таппай турду.

#8 15 Сентябрь 2016 - 00:34
#9 15 Сентябрь 2016 - 08:09
ххх
Канча ойлосо да, тагдыры ушинтип
бузулаарын ойлогон эмес Айжан. Окууну бүтүп,
анан Кайрат экөө бактылуу үй-бүлө куруп көп
баланы багып чоңойтушмак. Биринчи түнүн
дагы миң түрлүү кылып элестетчү. Ак
шейшепте көптөн бери бирин-бири күткөн
денелер кошулушмак да, кыз асманга учмак.
Кээде коркуп да кетчү. Анткен менен ошол
түндүн келээрин билчү дагы өзүн-өзү даярдап
жүрөр эле. Бирок, такыр ушундай болот деп
ойлобоптур. Баары теңирден тескери
болбодубу.
Айылдан жаңы эле эс алуудан келген болчу
анда. Келип бир аз эс алып алгандан кийин
окууга чейин жумуш таап иштей калганга
жарнама гезиттердин бирин алып барактап
отурган. Телефон шыңгырап алса, досу Эрлан
экен:
– Салам Айка, кандай келдиң? Не келип эле
унчукпай жатып алдың? Көрүшпөйлүбү? -деген
шартылдап. Ансыз да айылдын түйшүгүнөн
чарчап келип, бир аз эс алгысы келип турган
кыз дароо макул болот. Бул жолу Эрлан өзү
жалгыз эмес экен. Жанында өзүнө окшош,
бирок, айылдан жаңы келгени билинип турган
кызыл жүздүү жигитти “классташым”, -деп
тааныштырды.
– Дамир,-деген жигит Айжанды кызыктай
астыртан карап койду. Айжан анын бул
карашын байкамаксан боло колун берип
учурашты да, жигитке көп деле көңүл бурган
жок. Андан кийин үчөө кафеге киришти. Ал
жерден да Эрландын “эски” классташтарына
жолугушту. Арасында кыздар да бар болчу.
Чоочун компанияга келип калган кыз бир аз
ыңгайсызданып отурду. Тигилер да сыр
билгизбей отура беришти. Ичкендер ичип
жатышты. Бир гана жанагы кызыл жүздүү
жигит ичпей отурду. Тойго бараткансып ак
көйнөк кийип алганы да кызыктай эле. “Ак
көйнөк менен кызыл бет төп келбей калат
экен”,-деп ойлоп койду кыз ичинен айылдык
жигиттин кийген кийимине карап. Өзү деле
айылдан келген дечи, бирок, анын келгенине
үч жыл өтүптүр. Ошондуктан, жигиттердин,
кыздардын кандай кийиниш керек экендигин
жакшы эле билип калган. Өзү да
шаардыктардай тыкыя кийинип жүрөт.

#10 15 Сентябрь 2016 - 08:10
Бир аз убакыт компания шарактап отурган
соң отургандардын бирөөсүнүн туулган күнүн
тосмокко анын үйүнө жөнөмөй болушту.
Айжандын жүрөгү бир нерсе сезгендей туйлай
берди, ошондуктан, баруудан баш тартты.
Бирок, күүлдөгөн компания ал барбаса
болбоорун айтып, көндүрүп киришти. Атүгүл
бир жигит Айжан барбаса, анда ал да барбай
турганын айтып отуруп алды. Кыздын айласы
куруп шылтоо таба албай жатты. Акыры канча
айла кылышса да, барбай турганын айтты
Айжан. Ошондо жигиттердин бир-экөө көз
ымдаша калышты да, кызды турган ордунан
эле машинеге көтөрүп жөнөштү. Күчүнө толуп
турган жигиттерге кыз каршылык көрсөтө
алган жок, бирок алы келгенче алышып
баратты. Айыл да абдан эле алыс экен. Кеч
кирип калган кезде гана белгисиз бир айылга
бурулду машине. Баргыча ичип бара жаткан
жигиттер эми машинелерден колдорун
чыгарып кыйкырып жатышты.

#11 15 Сентябрь 2016 - 09:08
Бул окуяны жакында эле адабият болумунон окудум, бирок темасын эстей албайтам. Бар тема.
Слова - еще не дело
Ф. М.Достоевский
Ф. М.Достоевский
#12 15 Сентябрь 2016 - 10:53
Адатынча эрте турган Дамир койду жайытка
чыгарып ийип короону бок-сактан арылтып
тазалап жиберди да, эртең мененки тамакка
отурду. Үйдө эң улуусу болгондуктан, күндө таң
эрте атасы, апасы жана Дамир гана эрте
туруп, иштерди бүтүрүп чайга отурушчу. Бул
кезде кичинелер уктап жатышмак. Бирок,
бүгүн өзгөчө күн. Ошондуктан, кичинелердин
баарын, атүгүл эки жаштагы Кенжени да эрте
тургузушкан. Бүгүн Дамирди шаарга колукту
алып келгени узатышат. Баары үнсүз чай ичип
отурушту. Атасы оозундагы тамагын жутуп
болуп Дамирге кайрылды:
– Тиги жетим козуну эмне кылдың?
– Берки сүттүү койго эмизип койдум,-деди
Дамир. Атасы дагы оозун бултуйта нандан
сугунуп баласынын түйшүктүү болуп турган
кейпине карап:
– Коркпо балам, шаарга барсаң катындын
түрүн табасың,-деди баласынын башынан
эркелете мыжыгып,-көтөр мурунду, баары
жакшы болот. Үйлөнүп алсаң, бул үйдү сага
калтырып, өзүбүз жаңы үйгө көчөбүз. Койлорду
силер багып туудурасыңар. Антпесек, апаң
экөөбүз карыдык, биз да келин жумшап эс
алалы да ботом. Дамир макул болуп, бирок,
ошол эле убакта көңүлсүнбөгөндөйбү же
кандай болор экен дегендей коркуу сезим
мененби акырын унчукту:

#13 15 Сентябрь 2016 - 10:54
Ата, мен кыз менен сүйлөшкүчө коё
турсакчы?.. Үйдөгү жумуштарга өзүм деле
жетишем. Атасы үндөгөн жок. Ушул учурда
апасы аркы бөлмөдөн уулунун ак көйнөгүн
үтүктөп көтөрүп келди.
– Мына, уулум. Муну кийип алсаң, кыздардын
баары өздөрү эле сеники болуп калышат. Ме,
кие кал. Дамир апапак көйнөктү алып жатып
унчукту:
– Муну модадан чыккан деп шаардык балдар
шылдыңдашпайбы?
– Ой, ошолордун атасынын оозуна урайын! -
Атасы сөзгө кошулду, -
айылдан шаарга барып, эки ооз орусча сөз
үйрөнүп алышып эле кыйын болуп калышат.
Бирдеме дешсе эле мага айтып кой, уулум.
Эмне гана кылаар экенмин. Дамир унчуккан
жок, аркы бөлмөгө кирди да ак көйнөктү кийип
келди.
Таң эрте туруп жыт чыгарган энеси ушуну гана
күтүп тургансып бата берип жиберди.
Энесинин артынан кичинелердин баары
алакан жайышты.

#14 15 Сентябрь 2016 - 11:46
адабият болумундо бар болсо,темасы кандай билгендер болсо айтып койгулачы.
#15 15 Сентябрь 2016 - 11:54
Кыянатты кутуп,эми Тун ду да кутот экенбизда.Тема ачкандан кийин бат-баттан бутуруп салбайбы
#16 15 Сентябрь 2016 - 12:28
Оомийин, Аллаху Акбар! Кудай жолуң берип
бир жумадан кийин бизге келин ээрчитип
келип кал. Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр
болсун. Омийин, багың ачылсын, балам. Баары
бата жасап Дамирди узатууга эшикке
чыгышты.
– Шаарда машине көп, эки жагыңды карап
абайлап өт көчөлөрдөн. Дамир апасына
жиндене дулдуңдады:
– Эк, килейген баласын ушинте берет экен.
Болдугулачы, кеттим анда мен. Дамир токтоп
турган таксиге түштү да эшигин жаап отуруп
алды. Ушуну гана күткөнсүп машине ордунан
жылып жөнөдү. Бирок, Дамирдин
узатуучалары көпкө чейин машине менен кошо
басып дагы бирдемелерди айтып жатышты.
Акырында гана апасы:
– Келин алып келе турган болуп калсаң
телефон чалып кой. Анан акчаңды абайла,
үнөмдөп сарпта,-деди.
Ошондон бери төрт күн өттү. Шаардык достор
тааныштырган кыздардын улам бири тизмеден
чийилип калып жатты. Ансайын шалпайып
кейпи боор оорутарлык боло баштаган
Дамирди достору капа болбой жүрө берүүсүн
айтып, далыдан таптап коюп жатышты.
– Дамир, не шалпаясың? Кыз деген миллион,
сага мыктысын тандап жүрбөйбүзбү. Деги
айтчы, сага кандай кыз жагат? Ушул суроо
азыр гана оюна келгендей Дамир бир аза
такала түштү да, анан өзү да толук
ишенбегендей сүйлөдү:

#17 15 Сентябрь 2016 - 12:31
Сулуу, анан түшүнүктүү болсо...
– Эмнени?
Дамир тигинин эмне деп атканына түшүнө
албай:
– Эмнени?-деди кайра.
– Эмнени деп коёт. Эмнени түшүнүктүү
болсун? Сениби, жашоонубу, апаңдыбы? Досу
чындап азыр Дамир каалаган кызды тактап
билип алайын дегендей такып сурады. Дамир
болсо эми чындап эмне дээрин билбей кетти.
– Немечи, жашоону да. Мени түшүнгөн кыз
болсо... Тиги да аягына чейин билип алмайын
жанын койбочудай дагы сурады:
– Сенин эмнеңди түшүнүш керек? Бул жолу
Дамир жооп таба албай моюнунан бери кызара
түштү да:
– Мени түшүнсө... Айткандарыма көнсө болду
да... Жанатан берки пивого кызый түшкөн
шаардык досу каткырып ийип Дамирди далыга
таптады:
– Деги биздин жигиттер кыйын. Өздөрү мырка
болуп туруп сулуу анан түшүнүктүү кыздарды
самашат. Хи-хи-хи... Күлкүсүн тыя албай күлүп
жатты. Тигинин айткандарын Дамир
жактырбай сүйлөдү:

#18 15 Сентябрь 2016 - 22:40
#19 16 Сентябрь 2016 - 10:35
таап окуп келдим аягын
Билдирүүнү түзөткөн: ere: 16 Сентябрь 2016 - 11:03
Бакыт - деген жан-дүйнөнүн абалы.
Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.
Бакыт - деген телегейи тептегиз,
Там-Туң баскан наристенин кадамы!
Ата-энеңдин ар дайым тынч-аманы.
Бакыт - деген телегейи тептегиз,
Там-Туң баскан наристенин кадамы!
#20 16 Сентябрь 2016 - 11:44
– Ики, көрөм сени. Сен эле кыйын болуп
үйлөнө калаарыңды. Ушундай болуп калат
экен, мен сүйлөшкөн кыздардын баарын
башкалар ала качып кетпедиби. Болбосо,
менин кыздарым сеникинен көп болчу билсең.
Дамирдин түрүн көрүп тиги дале күлкүсүн тыя
албай:
– Болду эми чычалабай, тамаша, досум. Сени
деле айткан жокмун, жалпы алып айтып
жатам. Ошондой дегендей Дамир дагы
мурчуйду. Ушундан кийин Эрлан Дамирди
Айжан менен тааныштырды.
Бардыгын күн мурун пландап алышкан болчу.
Кызды жолугууга чакырышат дагы туулган
күнгө барабыз демиш болуп машинеге
отургузуп алышат. Калганы иттен оңой.
Кыздын эки жагынан эки жигит баса отурат
дагы айылды көздөй зуу коюшат. Бирок,
отуруш аягына келип эми пландын экинчи
бөлүгүнө өтөөрдө кыз такыр каршы болуп
машинеге отурбай койсо болобу. Ошондо баягы
эле тапкыч Эрлан балдар менен ымдаша
калды да, алар кызды машинеге көтөрүп
барып салып коюшту. Кыз болушунча
каршылык көрсөтүп жатты. Бирок, кыздын алы
кимге жетмек эле, анын үстүнө жигиттердин
баары кызып калган болчу. Жолдо катар ичип
бара жатышты. Ырдашты, түшө калып
бийлешти. Айжан болсо ыйлап келе берди.
Шаардан чыккандан кийин эле анын алы
кетип калган болчу. Ошентип отуруп күүгүм
кечте гана айылга кирип барышты. Шаардан
чыкканда эле үйгө кабарлап телефон
чалышкан болчу, үйдөгүлөр эбак даяр болуп
күтүп турушуптур. Жеңелер Айжандын ой-
боюна койбой эле бат эле көшөгөгө кийирип
кетишти. Ал эми эшикте эркектер Дамирди
куттукташып, шампандар атылып той
башталды.