SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына арналган видеосынактын жеӊүүчүлөрүнө добуш беребиз!
#1 07 Сентябрь 2016 - 14:56
Кечээ эле там-туң басып, тушоосу кесилген сиздин сүйүктүү порталыңыз SUPER.KG`ге быйыл 10 жыл болду. Мына ушундай 10 жылдык мааракенин урматына колдонуучулар үчүн сынак жарыяланганын кабарлайбыз.
Катышуучу порталдын 10 жылдыгынын урматына куттуктоо жасашы керек. Куттуктоону видеоформатта жөнөтүү талап кылынат. Видеону ыр түрүндө, обону менен, жалгыз өзү же команда менен, ар түрдүү жайларда, ар түрдүү жанрда, айтор, фантазиясына жараша кызыктуу жана оригиналдуу кылып тартса болот. Даяр болгон эмгегиңизди admin@super.kg электрондук дарегине же +996557756342 WhatsApp номерине жөнөтөсүз. Сынак 2016-жылдын 16-августунда старт алып, 16-ноябрга чейин уланат. Видеону жөнөтүп жатканда катышуучу аты-жөнүн толук жазып, телефон номерлерин сөзсүз көрсөтүшү керек.
Видеосынактын шарттары:
1. Видеонун узактыгы 3 мүнөттөн ашпашы керек;
2. Видеону колдон келишинче сапаттуу тартуу керек;
3. Видеодогу куттуктоонун мазмунуна, маанисине жараша да баа берилгендиктен, уйкаштык, позитивдүү маанай, маани-маңызы дагы сакталышы шарт.
Жеңүүчүлөрдү SUPER.KG порталынын редакциялык кеңеши аныктап, 10 мыкты катышуучуну иргеп алат. Тандалып алынган 10 катышуучунун эмгектери SUPER.KG порталына добуш берүүгө коюлат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен мыкты делген 3 жеңүүчү тандалып алынат.
Байге фонду:
1-орунга ноутбук
2-орунга планшет
3-орунга уюлдук телефон
Жеңүүчүлөргө ыйгарылчу белектер декабрь айында SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата уюштурулган концерттик программада сахнадан тапшырылмакчы.
Эмесе, чамдаңыздар! Бардык катышуучуларга чыгармачылык ийгилик каалайбыз!
#4 05 Ноябрь 2016 - 01:02
же кабарлайсынарбы?
#9 18 Ноябрь 2016 - 12:42
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 16-августунда SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына арналган видеосынак жарыялаганбыз . Сынакка видеолорду кабыл алуу 16-ноябрда саат 18:00дө токтотулары тууралуу жазганыбыз менен, мөөнөттү узартуу суранычтары түшкөн, бирок сынак эрежелерге ылайык улантылууда. Үч ай аралыгында көптөгөн видеолор жөнөтүлдү, ичинен 42си талаптарга жооп бергендиктен, "Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүндөгү "SUPER.KG 10 жашта" аттуу рубрикасында жайгаштырылган. Бүгүн, 18-ноябрда 42 видеонун арасынан мазмунуна, маанисине жараша баа берип, редакция 10ун тандап, порталдын колдонуучуларынын добушуна койду. Добуш берүү 28-ноябрга чейин уланарын эске салабыз. Эң көп добуш алган алдынкы 3 видео жеңүүчү аталып, ээлери баалуу байгелер менен сыйланышат. Белектер үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата уюштурулган концерттик программада сахнадан ыйгарылат.
Анда эмесе талапкерлер:
- Абиталиф Аринов;
- Айпери Рахманбердиева ;
- Бакыт Бекташев;
- Кызыл- Жол орто мектебинин окуучулары ;
- Нурпери Сейтекова ;
- Нуртилек Токтомуратов ;
- Сезим Дилдедосова ;
- Сүйүнбек Турубек уулу;
- Кичинекей Жанеля ;
- Темирлан Ниязалиев .
1-орунга ноутбук
2-орунга планшет
3-орунга уюлдук телефон.
Эми сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо маалы келди. Видеолорду толугу менен көрүп, мыкты деп эсептеген видеого өз добушуңузду бериңиз!
#10 18 Ноябрь 2016 - 13:21
#11 18 Ноябрь 2016 - 15:38
#12 18 Ноябрь 2016 - 15:41
santiagogo (18 Ноябрь 2016 - 15:38) жазган:
Утсаң 50-50 кылабызбы
#13 18 Ноябрь 2016 - 23:42
#14 18 Ноябрь 2016 - 23:47
santiagogo (18 Ноябрь 2016 - 23:42) жазган:
Eka.kg (18 Ноябрь 2016 - 15:41) жазган:
Билдирүүнү түзөткөн: Eka.kg: 18 Ноябрь 2016 - 23:47
#15 19 Ноябрь 2016 - 02:25
--------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ----------
(бул менин жеке оюм)
Топ10дун арасындагы видеолордун 3-4суно караганда менин видеом Жакшы чыккан деп ойлодум!)
--------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ----------
Нуркамалов Имаштын оргиналдуу кутуктоосу деген видео бар, ошону коруп койсонор!
Билдирүүнү түзөткөн: ChynyhyFakt: 19 Ноябрь 2016 - 02:25
#17 21 Ноябрь 2016 - 16:13
Билдирүүнү түзөткөн: Chyngyz_kg: 21 Ноябрь 2016 - 16:14
#18 21 Ноябрь 2016 - 16:49
#20 23 Ноябрь 2016 - 22:24