Psixolog_po_jizni (02 Декабрь 2016 - 09:59) жазган:
Мен жаңы келин болуп келгенден кийин 10күнчө туруп эле күйөөм экөөбүз Рос кеткен элек төрөөргө жакын келгенмин сени келин кылып алгандан кийин ала уйубуз арам өлүп калды келин ак жолтой болбосо чыгаша болот деп оозуму ачырдыго. Ушундай да болобу балким мен келин болуп келбесем деле өлмөктүр эле уйу келин болуп келе элегимде деле койлорун карышкыр алып кетчү экен эми бөөдө кырсыкка да келин күнөөлү экен да тоба деп калдым
Чын айтасыз кээде жамандык болуп калса кокустан, келиндин аягы оор келди деп калышат го. Кайнимдин тою болот деп даярданып жургонубуздо, бир кайнежем келип кайненем экоо суйлошуп отурушкан. Мен ары бери отуп ишимди кылып жургом, ошондо кайнежемдин "бул келининдин деле аягы (буту деген мааниде) жакшы эле экен, Кудайга шугур десен болот экен" деп айтканын угуп тан калгам. Кылган ишибизди артка таштап, биз келгенден кийинки киреше-чыгашаны да бизге бизге жуктоп коюшат экен да.