Башында Аман менен турмуш куруп бактылуу болсо экен деп тургам...аягында баары жакшы жыйынтыкталганына суйунуп турам себеби,менда чыгармага толугу менен аралашып аты аталбаган каарманга окшоп озумду элестетип журдум. Чынын айтканда озумо чон сабак алдым,турмуш ары татаал ыгын тапсан ушунчалык жагымдуу экенин бир четин туйдум.
Аяш атамдын баласы
#102 04 Декабрь 2016 - 12:43
Автор озунуз айткандай "кобра кайненегеда"
бизге да, конул болуп, убакыт ажыратып жазганынызга рахмат!
Темага келсек:
Больницада озуно келип "Аман, Аман" деген жеринде оло жиним келди!…
Бухгалтер эже айткандай "турмуш озу сындырып" коюптур...

#103 13 Декабрь 2016 - 02:50
narime (16 Ноябрь 2016 - 21:38) жазган:
Чындыгында жакшы чыгармалардын бири экен.
Башында автордун озунун чыгармасы окшойт деп, суроо бергим келип карасам эле кочуруп жазган авторго тиешелуу эмес чыгарма экен. Китеп окуганда, же ушуга окшогон чыгармаларды окуганда,ошол чыгармага баш отум менен сунгуп кирип, элестетип окуймун каармандарды.
Каармандарды коргум келе берет, чыгармалар деле чыныгы жашоодон алынган да, бир аз эле коркомдолгону гана болбосо.

Толук кошулам.
Аябай сонун экен. Азыр кандай адамдар болду экен. Кээ бир жерлеринен Алтынайга жинденип дагы жашып дагы калып жаттым.
#105 04 Октябрь 2017 - 19:25
БАЛАМ..., БАЛАЛУУ БОЛГОНДО БИЛЭЭРСИН!
( АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ-2)
Биринчи болум.
Карап отурсан адам баласынын жашоосу да этап, этапка болунот тура?!. Биринчи этабы бала чагын. Ата-энендин коз алдында осуп чоноёсун. Бой жеткен сон бироого баш кошуп турмуш жолуна аттанасын. Мына ушул жерден омурундун экинчи этабы башталат. Андан ары кол кармашкан омурлук тугойун менен чогуу турмушунду улайсын. Балалуу болосун. Аларды тарбиялап остуром деп убакыттын кандай отконун да сезбей каласын. Бир кун карасан эле уул-кызын бой жетип козго корунуп калган болот. Эми аларды да оз -озунчо турмуш жолуна аттандырып ата-энелик парзындан кутулушун керек. Башкача айтканда жашоонун учунчу этабы башталат!
Мына ушуларды ойлоп, откон жаштык кундорубузду эстеп Гулмира экообуз тээ тун бир убакка чейин кобурашып копко суйлошуп отурдук.
- Алтынай, чынында турмуш дегенин -бул ото татаал нерсе экен!. Жаштыгында коп нерсени тушунбойсун. Турмуштун ачуу татуусун башындан откоруп журуп, жашын откон сайын анан баарын тушуно баштайсын. Бирок ..., бирок..ал убакта баары кеч болуп калат экен! Чынын айтсам мен дагы деле азыркыга чейин атама эч тушуно албай келем? Апам, апам байкуш....
Гулмира суйлоп жатып созунун ушул жерине келгенде коздоруно жаш тегерене оор дем алып алды да созун кайра улады.
- Апамдын козу откондон кийин бир куну уй-булобуз баарыбыз чогулуп отуруп Агаларым атамды башкага уйлонунуз деп айттышты. Бул созду угуп Атам ойлуу копко унчукпай отурду да, кудайдын башка салганын короорбуз, деп оор ушкурунуп койду.
Мен ошондо унчукпай эле жон отурсам эмне?! Ошондогу айткан создорумо азыркыга чейин окуном Алтынай. Эки баланын энеси болуп калсам да эсим жок экен ошондо. Атама болгон жек коруум кучоп
-Ата! Мына эми тилегине жеттин. Апамдын козунун тируусундо устуно аял алып анын кадырына жетпедин эле. Эми жолун ачык. Каалашынча ал аялды! дептирмин.
Гулмиранын коздорунон жаштары куюлуп агып кетти. Мен аны жоошутуп кирдим.
- Гулмира досум, алардын баары отту кетти. Эми ага капа болуп кайгыруунун кереги жок. Ал кол жоолугу менен козунун жашын суртуп жатып
-Ээ.., Алтынай. Атамды азыр карап отуруп аябай боорум ооруйт. Ошондо тилимди тишиме катып жон эле отурсам эмне?! Атам мумкун башкага уйлонуп, азыр эми мынтип жалгыз отурбайт беле. Элестет?, жыйырма жылдай жалгыз жашаганды?! Айрыкча эркек киши карыганда кемпири жок жалгыз калса кыйын эле болот экен, деди.
Биз экообуз тен унчукпай тунжурап ойлуу отуруп калдык. Гулмира отурган креслосуна башын чалкалай мага карап
- Дагы да кудайга шугур деймин. Атамдын ден-соолугу жакшы. Жашы сексенден ашып калса да озу отуруп-туруп, озу басып журот. Эн негизгиси мен азыр Атамды аябай жакшы кором Алтынай. Ага деген таарыныч менде азыр такыр жок. Апамдын арбагы ыраазы болсун. Атамды чын журогумдон кечирсем керек. Качан да болсо мен аны сагынып куса болуп, ага шашылып келем. Атамды коргон сайын апамды анын жанында жургондой сезип, озумчо жашарып алам.
- Ооба да Гулмира. Албетте аяш энемдин арбагы ыраазыдыр. Анын устуно Белек менен да катташып аябай жакшы кылдынар, дедим мен ага ыраазы болгондой тур корсотуп.
- Ооба.... Ошенттик. Бел-лек...! Атамдын бизге кылган белеги.
Гулмира башын ийкегилей мени карап мыйыгыган кулуп койду. Мен унчукпай эле аны тиктеген бойдон кулуп карап турдум. Ал кокурогун которо оор дем алып алды да
- Алтынай чынын айтсам..., мен Белек менен мынчалык жакын мамиледе катташып калам деп эч ойлогон эмес элем. Же Атамды аядымбы билбейм. Бир жагы Апамдын айтып кеткен созун аткарбай коё албадым. Анын устуно Белек озу да аябай эле козго жакын жигит болуптур. Мунозу да ачык, шайыр, боорукер. Ишенсен бир туруп Белектей инилуу болгонума ичим жылып да кетет. Биздин бир туугандай мамилебизди коруп Атам бизге аябай эле ыраазы болгондой, деди суйунучтуу коздору менен мени тиктеп.
- Ооба, Аяш энемдин да каалаганы ошол болчу Гулмира. Чынында мен да сага аябай ыраазымын. Баарынан да карыганда Аяш атама жакшы болду. Балдары баарынар Белекти оз ининердей кабыл алдынар, дедим аны коштоп.
-Да-а..Алтынай, ошондой болду, деген Гулмира телефонун жандырып саатты карады да
- О-го! Тан атышына аз калыптыр го?.Эмне кылабыз кудагый? Жатып эс алалыбы? Же биро толо танды аттырып, Алмазды ордунан тургузуп..., анан...?
Гулмира эсней колун кере ойдо которуп башына койду да мага карады
Мен анын кудагый деген созуно кулуп эле
- Кой анда кудагый. Уйкун да келди окшойт. Жатып эс алалы, дедим.
Отурган ордумдан ойдо козголуп туруп жатсам
- Алтынай кызынды сагынбай элесинби? Аны уйундон чыгаргандан кийин ..? деп Гулмира мага тийише суроо узатты.
- Жок Гулмира. Ал алыста окуп жургонго..конуп калсам керек. Анын устуно жатка эмес сага барды. Бирок..., чынын айтсам куйоого кеткенден кийин бир аз да болсо ичин ачышат экен. Ал жонундо бассам турсам коп ойлончу болдум. Балдарыбыз эми бизди уят кылбай, ата-энелерин сар санаага салбай, оздору менен оздору болуп жакшы жашап кетишсе экен деп кудайдан тилеп калам.
Гулмира менин созумду кулуп угуп турду да
- Досум. Кыжаалат болбо. Кудайга шугур. Экоонун суйуусу азыр аябай эле ысык. Экоонун бири бирине болгон мамилесин карап отуруп жон эле журогун эзилет. Чынын айтсам Мартанын мунозу атасына тартыптыр, деди мени сынай тиктеп
- Сага негизи эле Алмаздын мунозу кобуроок жакчу эмес беле? Мына эми анын кызын келин кылып алып отурасын, дедим мен да ага тамашалай.
Гулмира ордунан туруп келип бир колу менен мени желкемден кучактай
- Негизгиси Алтынай, биз балдарды мажбурлабадык туурабы? Биз ошого да суйунсок болот. Кудайга шугур! Балдар биздин созду, ыраматылык апамдын созун жерге таштабай, экоонун жылдыздары бири-бирине туура келип кол кармашып, жетелешип кетишти. Сени Алмазга алып качкандай, биз Мартаны уурдаганга муктаж болбодук, деди
Биз экообуз тен анын созуно каткырган бойдон кулуп уктоочу болмого карай жонодук.
Жаткан сон Гулмира тез эле уйкуга кетти окшойт. Мен ойлонуп уктай албадым. Качаандыр бир убакта Аяш энемдин козу отоордо мага айтып кеткен керээзин эстедим. Ооба ал мага ишенип, бул тапшырманы мага табыштаган болчу. Аяш энемди жерге берип кыркылыгы откон сон мен Гулмира менен суйлоштум. Ага аяш энемдин создорун жеткирдим. Аяш атамдын конулун оорутпай, кийинки жаш аялынан калган баласы менен катташуу керек экендигин айттым. Бирок Гулмира аны бир да уккусу келген жок. Кайра анын ачуусу келип жинденип чыкты.
- Эч качан! Эч качан андай болбойт Алтынай уктунбу! Апам байкуш аркы дуйного баратып да Атамды ойлогон тура?! Апамдын жумшактыгынан Атам оз билгенин кылып журду да. Мен эле болсом ал аялдын баласы менен катташып болуптурмун! Себеби ал аял биздин уй-булого кандай гана оор, кайгылуу кундорду корсотподу. Анын айынан биздин уй-було канча азап чекти. Апам байкуш озуно ооруу ашырды. Эми мен, эмне, ошолордун баарын унутуп, аларды кечиришим керек бекен?...
Гулмира ушул сыяктуу создорду суйлонуп буулугуп ыйлап жинденип жатты. Мен аны кучагыма алдым
- Акырын Гулмира. Ыйлаба. Озунду басып ал досум. Ооба сага азыр оор болуп турат. Азыр эле сени аларга бар деп жаткан эч ким жок. Болгону Аяш энемдин аманатын сага айтып коёюн дедим. Убакыт отсун. Баарын убакыттын отушу менен коро жатаарсын. Анан шашпай ойлоноорсун, дедим.
Гулмира эч болбоду. Алар жонундо эч нерсе уккусу келбеди.
Эртеси куну Гулмира Азамат экоо балдары менен чогуу Германияга жоной турган кун болчу. Ошол куну анын бир туугандары баары чогулушуп, Агалары Атасына уйлонууго макулдугун беришет. Себеби Аяш атам уйдо жалгыз калмак. Тимур да ал учурда уй-булосу менен Бишкекте турчу. Ошол жерде да Гулмира жон отурбастан Аяш атама катуу суйлоп албадыбы? Ошону менен Аяш атам эч кимге уйлонбой койду. Балдары туугандары кайра-кайра канча айтышса да конбоду. Бозурайып озу жалгыз жашап журду. Арадан торт беш жыл откон сон Тимур Бишкектен уй-булосун биро толо атасынын жанына кочуруп барып чогуу жашап калышкан.. Убакыттын отушу менен Гулмира да ойлонуп акыры баарын тушундубу, же Аяш атама чындап боору ооруган окшойт. Кантсе да атасы эмеспи. Бир куну ал Германиядан туруп Тимурга телефон чалыптыр. Атасынын баягы аялда калган баласын издеп тапкыла, деп айтыптыр.
Тимур ал аялды бат эле издеп тапты. Бирок ал аял уулун алар менен катташууга уруксат бербей коюптур. Себеби ал башкага турмушка чыгып бала-чакалуу болуп калган экен.
-Бизди тынч койгула. Уулум куйоом менен мамилеси аябай эле жакшы. Оз баласындай болуп калган. Уулум оз атасы жонундо эч нерсени билбейт. Билишин да каалабайм. Ошондуктан башка келип биздин тынчыбызды албагыла деп, Тимурду жолго салыптыр.
Ал учурларда бала мектепти аяктап жаткан жылдар окшойт эле. Ага болбой эле Тимур мектептен баланы сураштырып сыртынан коруп кетет. Ошону менен арадан эки, уч жылдай убакыт отот. Ал аял да ойлонгонбу же кандай экенин билбейм, айтор бир куну эле он тогуз, жыйырма жаштардагы келишимдуу бир жигит оз Атасын издеп Тимурдун уйуно кирип келиптир. Аяш атам ошондо аябай суйунгон. Балдарынын баары ошол эле куну уйуно бапырашып чогулушуп Белек менен таанышып отуруп кетишкен. Бир гана Гулмира алыста болчу. Ошондон коп отпой Гулмира атасы менен Белекти Германияга конокко чакырып алар барып келишкен. Мына ошондон бери аяш атамдын торт баласы, Белек менен жакшы катташып калышкан. Белектин уйлонуу тоюн да Тимурлар чон ресторанда откоруп беришти.
Ал эми Аяш атам жалгыз болгону менен балдары аябай жакшы чыгышкан. Эркек бала болсо да уулдары атасынын конулун алып эмне керек, эмне жок тынбай сурап турушат. Курорт санаторийлерге чет жактарга коп чыгарышат. Тимурдун кийинки алган аялы да жакшы чыккан. Аяш атамдын усту башын жакшы карап, таза кийинтип ичинтип турат. Андан тышкары кызы, чон уулу да тынбай неберелери менен келишип Аяш атам менен суйлошуп отуруп кетишет. Бирок кантсе да жалгыздын иши жалгыз экен. Аяш атам карыган сайын кээде мостоюп озунчо эч нерсеге конулу чаппай ойлонуп отуруп калат. Акыркы убактарда коп оорууй турган да болуп алды. Бул жолу Гулмира да атасынан тынчсызданып атайын алыстан учуп келген болчу. Биз да Алмаз экообуз аяш атама барып турабыз. Айрыкча Алмаз аяш атам менен ушул кунго чейин жакшы мамиледе.
Гулмира экообуз ал куну уйкудан шашпай турдук. Жайдын куну шашпай дегеним саат тогуздар чамасы болсо керек. Бети колубузду жуунуп таранып чайга эми эле отурганы жатсак уйго Алмаз кирип келди. Бугун ал жумушуна жолугуп коюп эле кайра келмек болгон. Себеби эртен Гулмира Германияга кетет. Ошондуктан бугун Алмаз экообуз ал менен чогуу журмокпуз.
Учообуз шашпай чай устундо балдарыбыз Асан-Усон жонундо кеп кылып отурдук..
- Биз эми ушул бойдон , Асан-Усондун тоюна келет окшойбуз. Тойду канчалык тездетсенер, кызынар Мартаны да ошончолук эртерээк коросунор, деди Гулмира бизге куло тамашалап.
- Кана Алмаз, ошондо балдарга качан той кылайын дейсин? деп ал Алмазга карады.
- Кудайдын буйруган куну го дейм. Эгер алардын суйлошкон кыздары даяр болсо эртен куздо деле той кыла беребиз деп Алмаз мага карады.
- Суйлошуп журсо дегенин кандай? Балдар биз менен кенешип, болочок келиндин ар жак бер жагын сураштырып, билип, анан уйлойбуз да? дедим мен
- Ооба Алтынай. Алар сага жакса эле болду. Сен кимди жактырсан балдар ошого уйлонушот деди Алмаз мени какшыктай.
- Ооба, кудай буйруса балдарым мен тандаган гана кыздарга уйлонушот! дедим мен да андан калышпай.
Гулмира биздин создорду угуп кулуп эле
- О-о Алтынай, сен да жон журбой кыздарды таап койгонсун го дейм? деди.
- Чынын айтсам Мартанын классташ жакшы бир дос кызы бар. Ата-энелери да жакшы адамдар. Ошол кыз коптон бери конулумо жагып журот. Ал жонундо Асаныма да айткам...
-Анан?
Алмаз мени козунун усту менен тиктеп турду
- Анан ошол. Асанга деле ал кыз жакса керек. Мартанын тоюнда ал экоо жакындан таанышып, бирин-бири жактырышкандай эле болуп бийлеп журушкон, дедим мен.
Алмаз унчукпай эле чайын ууртап отуруп калды. Гулмира бир мени, бир Алмазды тиктеди да
- Мейли. Негизгиси балдарыбыз бактылуу болсун. Балдар бактылуу болсо ата-энелер биз да бактылуубуз, деди.
Кызыбыз Мартаны кышында январь айында чон той менен куйоого узатканбыз. Суйунгонум баары биз ойлогондой болду. Кызым Марта Гулмиранын баласы менен суйлошуп, жактырышып журуп баш кошушту. Чынында мен аябай коркуп журдум эле. Балдар бирин-бири жактырбай калса эмне болот деп? Жок алар башында интернет аркылуу таанышып суйлошуп журушкон болсо. Кийин бирин бири коруп, бат эле кол кармашып жетелешип кетишти. Ортодогу суйуулору да кучтуу болду. Ичимден кудайга мин мертебе ыраазы болуп, аяш энемдин да арбагы ыраазыдыр деп ойлоп коюп журом.
Эми кезек Асан-Усонумо келди. Алардан мурда карындашы турмушка чыгып кеткен сон, балдарды да эртерээк уйлосок экен деп калдык. Анын устуно кайненем да шаштырып
- Озунор да кеч балалуу болгонсунар, эми балдарды эртерээк уйлогуло деп тынчыбызды койбой жатат.
Кайненем демекчи, мен деле кайненеме окшош болот окшойм. Же алардын уйго эн чон келини болуп келгенге, алардын тарбиясын кобуроок алып калсам керек. Анын устуно ал убакта Алмаздын чон-энеси да бар эмес беле. Ал да таягын таянып алып мага коп акыл-насааттарын айтып калчу. Ошентип эки кайнененин таалимин алган мен да, балдарым Асан Усонумо барган жерлеримден озумчо тымызын кыз тандап журом. Усонумду го билбейм. Бирок Асаныма кобуроок ишенем. Себеби ал мени кобуроок угат. Анан да балдарымдын эн улуусу сенсин, биз атан экообуз силерге Усон экооно кобуроок таянабыз деп ага коп айтып, коп кенешип калам. Усонум Асанга караганда бир аз тентегирээк. Тамашалап коп суйлоп бат эле мени алдап бал тилге салып кочого чыгып кетет.. Асаным боорукер. Мени аяп турат. Мунозу да атасын тартып оор басырыктуу, сабырдуу болгон. Ал эми Усонум женилирээк . Ошондуктан мен Асанга кобуроок таянып, кобуроок ишенем. Кээде ичимден ойлоп калам. Мен жактырып тапкан кызга Асан созсуз макул болуп уйлонсо керек деп ага ишеничим чон. Ал эми Усонду айта албайм.

#106 04 Октябрь 2017 - 19:26
БАЛАМ..., БАЛАЛУУ БОЛГОНДО БИЛЭЭРСИН!
( АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ-2)
Экинчи болум.
Мындан эки кун мурун айылга кеткен кайненем бугун эн кичуу кайним анын аялы болуп учоосу уйубузго кирип келатышса аларды тушунбой эле ордумда катып карап туруп калыптырмын.
- Ой эмне болду сага? Мени эми коргонсуп, аябай таныркадын го? деген кайненемдин созунон улам шашып калдым.
- Аа, жо-ок. Жон эле...мм. .Мындай келчу эмес эленер дейм да? Айтпай дебей эле келип калыпсыз....?
- Кандай айтпай дебей? Алмаз озу бизге телефон чалып уйго тез отуп баргыла дегенинен келдик.
Ал мага тушунбогондой карады.
- Алмаз?... Аа эмнеге ?
- Мен кайдан билейин?
Биз баарыбыз суролуу бири-бирибизди тиктеп турдук.
- Сизге эч нерсе айткан жокпу? деп кайним менден сурады
- Жок. Ал эрте менен жумушка кундогудой эле чыгып кеткен. Мага эч нерсе деген эмес.
Мен Алмазга тушунбой, ал жонундо эмне деп ойлоноорумду да билбей, кайненемдерди уйго ээрчитип кирдим. Озубузчо отуруп алып ар демени болгоолоп жатып мен Алмазга тынбай телефон чалып жаттым. Бирок ал эч эле телефонун албай койду. Ичим бышып журогум бир кызыктай болуп чыкты. Эмненидир бир нерсени сезгендеймин. Бирок эмне? Башым катып турду. Ангыча Усонум мага чалып калды
- Ало-о! Апоов. Кандайсыз жаным Апам?
- Жакшы балам. Эмне болду? Каяктасын?
- Жакын эле жердемин Апа. Сизге келин алып баратам.
- Тамашанды койчу балам. Азыр озум аран турганда
- Эмне болду?
- Айылдан чон энендер келишкен.. Атана чалсам албайтат.
- Ошол элеби? Камтама болбонуз Апа. Атам биз менен чогуу.
- Тушунбодум? Биз менен дегенин кандай? Эмне эле болуп жатасынар? Атана айтчы мага чыксын!
- Апа азыр баарыбыз уйго барып калабыз. Сизге сюрпириз бар.
- Кандай сюрпириз?
- Барганда коросуз.
- Усон... балам...
- ........?
Ал телефонду очуруп салды. Мен эч нерсеге тушунбой эле туруп калдым.
- Жене Усонунуз келинчек алып келаткан жок бекен?
Кайним мага озунчо суйунучтуу тиктеди
- Койчу! Кайдагыны айтпачы.
Мен тынчсыздана ага жооп бердим.
- Анын эмнеси жаман. Алып келсе, келе берсин. Азыр жаштар оздору билет.., деген кайненем кубуронуп созго аралашты.
-Биз менен кенешпей туруп андай болушу мумкун эмес. Анын устуно биз келиндерди той менен эле алабыз деп максат кылып журобуз, дедим мен.
Чынын айтсам ойлорум чырмалышып, башым айланып чыкты. Биз балдарга айтып эле жургонбуз. Экооно чон той откоруп, элден батаа алып, анан келиндерди уйго киргизебиз деп. Ошондуктан андай болушу мумкун эмес. Жок, Менин балдарым антпейт. Мен балдарыма ишенем. Алар эмнеге андай кылмак эле. Аларга уйлонууго шарт тузуп берип отурбайбызбы?
Оз ойлорум менен болуп жатып канча убакыт отконун да билбей калыпмын. Бир убакта эшикти чон ачып
- Апа! Атамдар келишти деген кичине уулум шашылып уйго кирип келди.
Эмнегедир ошол учурда денем бир кызыктай оорлошуп, буттум тушалып отурган ордумдан аран козголуп ойдо болдум. Ангыча ооздон Алмаздын, анын артынан уулдарым Асан Усонумдун карааны корунду. Мен аларды коздой бир эки кадам таштап эле ордумда селдейип туруп калдым. Себеби алар менен чогуу бир кыз уялынкы кошо кирди. Усон колуна бир жашка жете элек баланы которуп алыптыр.
Уйго кирээри менен Алмаз менин онумду коруп жаныма басып келди да
- Эмне анчалык онун бозоруп кеткен? деп коздорумо тигилди. Ал жылмайынкы бир колу менен мени далыман таптай кучактап кайненеме карады
- Апа..., биз кутпогон кубанычтуу иштер болуп кетти. Балдарым мага баарын айтып тушундурушту. Ата- бала озубузчо суйлошуп чечишип силерге келин алып келдик, деди.
Биз баарыбыз унчукпай эле тушунбогондой балдарга карап туруп калдык.
- Апа, Чон эне, суйунчу!. Асан бугун силерге келинчеги менен кошо небере алып келди, деди Усон кудундай делделендеп суйунуп. Ал колундагы баланы бизге коргозо бетинен жыттап ооп койду..
Бул созду укканда менин кулактарым тунуп коздорум карангылашып баратты. Мен кыз менен жанаша турган Асанга карадым
- Эмне-е ? А-сан.....?
Мен ушул созду тан калыштуу унум менен аран айтканга жарадым окшойт. Башым айланып, козумо уйдун ичи тегерене бозоруп, Алмаздын кучагында озумду жоготуп бараттым.. Кулагым эн акырында
- Алтынай! деген Алмаздын унун алыстан уккандай болду. Айлана тыптынч болуп мен карангыга сунгуп кирип кеттим.
Андан бери арадан бир жумадай убакыт отту. Мен аны кабыл албасам да, ушул кундору биздин уйдо келинибиз буту-бутуна тийбей ары бери чуркап, кызматын кылып журот. Себеби баягы куну менин эсим ооп жатканда, кайненем озу эле ага ак жоолукту салып, кичуу абысыным экоо аны кошогого киргизип коюптур. Бирок ушул келин биздин уйго келгенден бери менин кабагым такыр ачылбай койду. Коктугум кармап уулум Асанга дагы деле таарынып суйлобой журом. Ал экоонун ортодо никеси кыйылганы менен, андан башка эч кандай каада салты боло элек. Тууган-урукка да жарыя салбадык. Кыздын ата-энесинин алдына да эч ким барып кабар бербеди. Себеби баары менин конулумо карап турушат. Оюнда Алмаз мени таарынычы тарасын, анан акырындап баары болот деп мага сабыры тутуп журот. Ал балдарга да ошентип айтып, алардын конулун жайгарып журсо керек. Бирок кайда-ан? Менин андай оюм жок. Бул келинге баламды эч бир ыраа коргум келбей койду! Мындан ары кандай айла кылаарымды билбей башым катып отурам. Балам кантип бул кызга башы айланып калды экен? деп журогум эзилет. Айтып отурсан арман коп.
Мындан бир ай мурун Асан Усонумдун дипломун жууп жакын адамдарыбыз уйго чогулушкан эле. Ошондо Мартанын дос кызы Нурайды да атайын мен чакырткам. Байкуш кыз келиптир. Нурайдын Асаныма конулу бар. Экоо жанаша чогуу басышса бойлору бири-бирине жарашып, тим эле аларды баары суктана карашчу. Асан деле ошол куну Нурайды жакшы сыйлап андан козун албай жаткандай болгон. Кийинки кундору да анын телефондон Нурай менен суйлошуп жатканын сезип калып ичимден кудундап суйунуп алгам. Чынын айтсам мен балама катуу ишенген экем. Ошон учун да Нурайдын апасына балдарыбыз тууралуу соз баштап койгон жайым бар эле. Бир жолу бир тойдо Нурайдын ата-энеси менен чогуу бир столдо отуруп калыппыз. Ошондо да ата-энелер бири-бирибизди аябай сыйлашып, тамашага чалып балдарыбыз тууралуу создор айтылып кеткен болчу. Эми алардын бетин кантип карайм? Нурай кыз Асандын уйлонгонун укса кандай абалда калат?
Асан бул кыз тууралуу мага эч бир соз кылган эмес эле. Экоо кайдан, кантип табышып калгандарына азыр деле жакшы тушуно элекмин. Алардын ортосундагы бала сегиз айлык болуп калыптыр. Ушуга чейин алар эмне кылып журушту? Булардын ортосунда суйуу барбы? Же жон гана бир эки жолу жолугуп алышып, ... ? анан ойлобогон жерден келиндин боюнда болуп калды бекен? Андай дейин десен ал жаш кыз болбосо. Жогорку окуу жайын бутургон, адиси- тамак-аш боюнчо инженер технолог имиш. Жашы да Асандан торт жашка улуу. Ооба Асан озунон торт жашка улуу кызга уйлонуп отурат. Аты Зарема. Ал эми уулунун атын Бектур деп атасынын атына озу коюптур. Себеби ал жети жаш кезинде эле атасы авто кырсыктан каза болуп калган экен. Андан сон Апасы башкага турмушка чыгып, андан бир уулдуу болот. Бирок ал куйоосу менен коп отпой эле ажырашып кетиптир. Азыркы кезде апасы ошол улуу менен жалгыз айылда жашаарын кайненемден уктум.
Кечээ куну уйго апам келиптир. Байкуш Апам десе. Ал айылчылап Бишкектеги синдимдин уйундо болчу. Аны да жон койбой телефондон арыз мунумду айтып шолоктоп ыйлабадымбы. Мага кыжаалат болгон апам, отура албай ал жактан баса бериптир. Ал келип менден иштин чоо-жайын уккан сон копко ойлонуп отурду да оор дем ала
- Балам..., балалуу болгондо билээрсин! деген соз ушул тура, дебеспи.
Мен апамдын айткан созунун торкунун тушунуп турсам да, ага тан кала
- Апа, сиз эмне мени табалаганы келдинизби? дедим ыйлактап.
- Жок кызым. Сенин абалынды коруп туруп неге антейин. Болгону бир убактарда менин айтканыма тушунбой, мага аябай капа болуп журдун эле. Мына эми бугун сага турмуш озу жооп берип отурат. Менин ошондогу абалымды эми азыр озун тушунуп жаткандырсын? Эненин журогу бала учун кандай болоорун эми сезген чыгаарсын? деди Апам, менин коздорумо кадала.
Мен бир азга унчукпай ойлонуп турдум да, кучумду апама чыгардым.
- Макул апа. Мен сизди тушундум. Мен эми Асан менен колумдан келишинче курошом. Аны эптеп, бул кыз менен ажыратып, озум айткан кызга уйлондуром, дедим.
Апам озунчо кейигендей башын чайкады да
- Эси жок десе. Сен дагы деле эсине кире элек турбайсынбы. Мен олгондон кийин гана, сен мага ыраазы болбосон, ага чейин ыраазы болбойсун го! деди да Апам ордунан туруп басып кетти.
Мен унчукпай ордумда отура бердим. Тээ качанкы бир убакта Алмаз менен уруша кетип апамдын алдына ыйлап барганымды эстедим. Анда биз балалуу боло элек болчубуз. Алмаз, Айбектеги Аман экообуздун тушкон суротубузду коруп калып, мага копко чейин ынжып кызганып мени жудотуп журбоду беле. Бир куну андан ушундай жадап кеттим да, Апамдын алдына ыйлап баргам. Барсам Атам уйдо жок жумушта экен. Ошондо атамдын уйдо жоктугунан пайдаланып Апама болгон нараачылыгымды айтып бугумду чыгарып алган элем. Апамды какшыктап
- Апа! бул жашоого мен озум учун эмес, сиз учун жашаганы келгем. Сиз кандай кааласаныз мен ошондой жашашым керек! Туурабы? дедим ага кадала тиктеп.
- Алтынай акылына кел кызым. Мен сенин бактынды гана ойлойм, деген апама
-Эгер сиз менин бактымды ойлосонуз, анда эмнеге мени тушунбойсуз! Эмнеге мени Алмаздан ажыратып албайсыз? дедим.
Апам унчукпай эле оор ушкурунуп отуруп калды. Мен кайра сайрай баштадым
-Жок Апа, сиз мени эмес озунузду гана ойлойсуз. Сиз ушундай кыйын, эстуу аялсыз Апа?! Кыздарыныздын бироосу да сиз айткан сызыктан чыкпашы керек! Баары сиз айткандай болуусу шарт! дедим.
- Алтынай, сен мени азыр баары бир тушунбойсун кызым. Кудай буйруса сен да балалуу болосун. Балдарын чоноёт. Сени да ошондо короормун, бала учун эненин абалы кандай болоорун, деди айласы кеткен Апам.
Корсо ошондо Апам мени балалуу боло электигимден улам аяган окшойт. Болбосо ал мени анчалык суйлото койбой эле, эки ооз соз менен тыйып коймок.
Мен опком опкомо батпай копко ыйлап отурдум.
Ошондо да апам мени шаштырып
- Алтынай, кой кызым. Атан азыр жумуштан келип калат. Ал келгенче сен уйуно кетип кал деп жатпайбы?
Ыйлап жаткан жеримден басылдым.
- Макул Апа, сиз кет дединиз, кетейин. Бирок эсинизде болсун! Мен бактысызмын! Угуп жатасызбы? Мен бак-ты-сыз бир байкушмун. Бирок, Айла жок силер учун Алмаз менен жашашым керек! дедим да ага тултундап таарынган бойдон келген жолума туштум.
Апам Зарема экоо оздорунчо суйлошуп отурганын мага кичуу кызым айтып кирди. Мен аларга конул деле болбодум. Акыркы кундору менин алым куруп эч нерсеге конулум жок журуп калгамын. Тамакка да табитим жок. Озумчо бир болмодо телевизорду сайып алып ойлонуп отура бергенди адат кылып алгамын. Кээде жатып алып уктап калам. Ооруп жаткан адам болуп тамакка да коп учурларда чыкпай коём. Анан мага Алмаз кирип келип ал абалымды сурайт. Мен ага козумдун жашын сызылтып агызып ыйлап баштайм.
Уландысы бар.

#107 04 Октябрь 2017 - 19:27
БАЛАМ..., БАЛАЛУУ БОЛГОНДО БИЛЭЭРСИН!
( АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ-2)
Учунчу болум.
Эненин коону балада,
Баланын коону талаада, деген соз туптуура экен. Оз дененден болунуп чыккан ымыркайынды бооруна кысып, ак сутун эмизип, бакытка балкыткан балдарынды нечендеген туйшуктор менен алышып жатып чонойтосун. Бапестеп канатына калкалап чонойткон балдарына кудайдан жакшы тилектерди тилеп, озунчо кээде алар тууралуу таттуу кыялдарга болоносун. Сенин жашоон, сенин бактын, алдыдагы умут максаттарындын баары ушул балдарын болуп, балдарын учун гана жашап калат эмессинби. Айрыкча зарлап тапкан Асан Усонумдун торолушу менин турмушума чон озгоруу, чон бакыт алып келбеди беле? Менин ак жолтойлорум десе! Ооба, мен балдарымды кичинекейинде "менин акжолтойлорум" деп эркелетип калаар элем. Бассам этегиме жабышып, жумуш кылдыра койбой ыйлагандарычы? Мектепте окуп журушкондо канча тентектик кылышпады. Анан чоноюп Студент болушту. Алыста окуган балдарым тынч болсо экен деп кээде озумчо санаага тушом. Аларды сагынам. Балдарым каникулга келет деп кун эртеден тамак ашымды камдап алар учун даярданам. Мына ошол балдарым бугун эр жетип, мени менен иши да жок, оз билгениндей уйлонуп отурат. Усонумду шогуураак деп журсом, ишенген Асанымдын кылганы бул болду.
- Апа, мени кечирип коюнуз! Мен сизди мынчалык жаман ойдо болот деп эч ойлобоптурмун. Себеби сизди, мени туура тушунот деп ишенген элем, деген уулум Асан мени жалдырап тиктеп турду.
Мен диванда отурган жеримден кабагымды чытый анын жузуно тигилдим.. Болмодо экообуз гана башка эч ким жок. Асан буга чейин да мени мн суйлошуп таарынычымды жазганга аракет жасаган болчу. Бирок мен ага ото катуу тарынып
- Жолобо мага, Жакындаба! Апа деп айтпа мени. Апан менен ишин жок, оз билгенинди кылып журо бер! деп ыйлактап аны озумо такыр жолотпой койгом. Создоруно кулак да салбай тетири карап, оз болмомо кирип кеткем. Артымдан Усон келип кучактап алдап соолап бетимен ооп канча аракет кылса да болбодум. Айтчу создорумду ачуу устундо Усонго айтып ыйлап, аны да урушуп салдым. Акыры болбогондо Алмаз кирип келип
- Апанарды азырынча тынч койгула. Бир аз кун отсун. Озуно жакшылап келсин. Анан.., деп койду.
Ошону менен уйдо баары озу менен озу болуп, ар кимиси оз жумуштары менен болуп калышкан. Уйдун ичи негизинен тынч. Мурдагыдай шарактап кулгон ундор жок. Бири-бирине акырын суйлошуп, тамакты да тынч отуруп ичип калышкан. Кичине уулум менен андан кийинки кенже кызыбыз экоо гана кээде ызылдашып калбаса, негизинен уйдо тычтык окум суруп турат. Акыркы кундору уйдогулордун баары эле суз тартып калышты. Неберебиз Бектурду али бир да колума ала элекмин. Аны мага коп жакындатышпай, балдарымдын ойнотуп калгандарын кээде байкап калам. Мартадан кийинки уулубуз Канат студент. Анан Аида кызым. Ал быйыл акыркы жыл мектепти бутурот. Уйдогу жумуштарды колумдан алып мага ошол кызым жардамдашат. . Келин келгенден бери Аида аны уй жумуштары менен тааныштырып корсотуп койгон. Аиданын жардамы менен уйдун иштерин азыр бут баарын Зарема жасап журот.
Бугун уулум мындай суз жашоодон кысылдыбы, Асан мен отурган болмого кирип келиптир. Мен анын коздоруно карап туруп, анын кыжаалатчылыктан бир аз жудой тушконун байкадым.
- Асан, кел отур, экообуз жакшылап суйлошсок суйлошуп алалы, дедим аны.
Ал арыда турган стулду алып мага туштап отурду. Экообуз бир аз унсуз отурган сон
-Кана..суйло. .кулагым сенде, деп мен аны кутуп калдым.
Асан эмнеден соз баштаарын билбей бир азга онтойсуздана. .
- Апа..., Сизди тушунуп турам. Мени да туура тушунуз, суранам сизден апа. Сиз айткан Нурайга уйлонбой калганым учун мени мынчалык куноолой бербениз, деди
- Кеп бир эле Нурайда эмес Асан. Кеп, Мен балдарымды кантип тарбиялап остургом? Мен ошого тушуно албай жатам. Мен балдарыма жакшы тарбия бердим деп ойлоп жургон экенмин. Корсо.., корсо андай эмес экен...
- Апа....!
- Корсо мен начар Эне экенмин!
- Жок Апа, андай дебениз!
- Эгер мен силерге туура тарбия бергенимде, сен мындай жолго бармак эмессин. Сен Ата-эненди угуп, аларды сыйлап, бизди...
Асан менин созумду акырына чыгарбай ордунан тура калды
- Апа! Мен силерди сыйлайм! Антип айтпаныз. Мен деле мындай болуп кетээрин билген эмесмин. Болгону биз. ., болгону биз Зарема экообуз бири-бирибизди тушуно албай жургонбуз. Анан...
Асан ары-бери басып созун улай албай турду
- Анан ?...,Мен Асанды кекете сурадым
-Анан ошол Апа. Мен Заремага уйлонууну чечтим. Атама баарын тушундуруп айттым, ал менен кенештим.
- Балам, эгер сен чындап ата-эненди сыйласан, бизди угам десен анда сен Зарема менен ажырашасын.
- Эмне? Ал эмне дегениниз Апа?
Асан коздорун чон ачып мени тиктеп турду.
- Асан эмнеге ал кыз тууралуу буга чейин бизге бир да жолу соз кылган эмессин? Ортодогу бала сегиз ай болуптур. А эмне учун ал жонундо сен укпагансын? Зарема эмнеге аны сенден жашырып жургон?
Асан ойлоно озунчо оор дем алып алды да
- Апа, чынын айтсам.., мен башында Заремага уйлоном деп эч ойлогон эмес элем. Экообуздун ортодогу мамилени озум да кандай экенин тушунгон эмесмин. Же жашы менден улуу болгонго ошенттимби билбейм. Бирок.., бирок аны мен ичимден дайыма ойлой берчумун. Эмне экенин озум да тушунчу эмесмин..., деген уулум ойлонуп эле башын жерге салып туруп калды.
- Тушунук-туу, дедим мен озумчо ушкуруно
Асан башын которо мага карады
- Башынды айландырып алган экен да? Анын оной кыз эмес экени жузунон эле корунуп турбайбы? дедим ага..
Асан мага башын чайкай кулгон болду.
- Апа суранам! Андай жаман ойлордон алыс болунуз. Коросуз го, Зарема жакшы кыз. Сиз антип адашпаныз.
- Мен эмес, сен адашпа балам.
Асан мага суйлойун деп барып, токтоп калды. Озунчо ичиндеги оюн мага тушундуро албай тутуланып , ары-бери басты да стулду туздоп ага отурду.
- Апа..., мен .. мен...
- Ал менен качан таанышкансын. ?
Мен ага суроо узата салдым.
- Экинчи курсту бутуп каникулга келгенимде биринчи жолу ошондо таанышкам.
- Анан?
- Анан.., экообуз интернет аркылуу кэз-кез байланышып суйлошуп журдук. Каникулга келген сайын мен ал менен жолугушуп журдум. Ошол эле учурда мен..., мен дагы башка бир кыз менен дос болуп жургом. Ал тууралуу Зарема угуп, бир жолу ал экообуз кочодо баратсак алдыбыздан чыгып калган. Анан...,ошол бойдон Зарема экообуздун байланышыбыз узулуп калды. Мен ага башка басып барбадым. Окуума жоноп кете бердим. Бирок мен аны коп эстеп журдум. Бир эки жолу ага интернеттен жазсам ал жооп жазбай койду. Окууну бутуп келгенден кийин мен озум Зареманы жашаган жерине издеп бардым. Таппадым. Мага аны Россияга иштеп кеткен деп айтышты. Арадан бир топ кун отуп, бир куну кокустан Зареманын жакын дос кызын жолуктуруп калдым. Мен андан Зареманын дайынын, тел.номерин беришин отундум. Ал кыз копко ойлонуп отуруп анан мага жарылды. Мен андан Зареманын уул торогонун уктум.
(Мен баламдын создорун угуп отуруп оз баламды озум тааныбай отурдум. Бул эмне дегени? Бир эле учурда Зарема менен, анан дагы бир кыз менен дегени эмнеси? Алар аз келгенсип Асан Нурайга деле конул коюп журбодубу? Тообо! )
- Ушундай Апа. Мен сизге кыскача баарын тушундуруп бергенге аракет кылдым. Бизди туура тушунуз Апа. Зарема да биздин уйго келгенден бери кыйналып кетти, деп балам созун бутурду.
- Жок балам. Мен сага бир да тушунбой жатам. Сени мен тузук эле бала деп журсом, корсо сен женил ой балдарга кирет турбайсынбы? Зарема да озуно окшош болсо керек. Бир сени менен, анан башкасы менен ....? Деги бала сеники экени чынбы?
Асандын мага жини келе тушту.
- А-па!..., Зарема сиз ойлогон кыздарга кирбейт. Ал такыр башкача....
- Тушундум. Болду токтот! Эгер бизди десен Асан! Жакшылап ойлоносун. Мени угасын. Сага туурасын айтайын. Бул Зареманды мен келин кылып кете албайм.
- Бул менин тагдырым Апа. Сиз антип....менин жеке жашоомо чектен ашып кирише албайсыз. Туура, Мен силерди Атам экоонду угам, бирок...
Мен баламдын бул создорун угуп алып аябай жаман абалда калдым. Кечээ эле менин айтканым менен болуп чонойгон балам, бугун минтип эр жетип, мени оз жашоосунда бат эле экинчи орунга коюп калат дегени эмнеси? Же эмне бала чоноюп алса эле болдубу? Менин денемди муздак тер басып кеткендей болду. Озумдон озум чыйрыгып чыктым. Асанга ичим муздай тушту.
Ошол кундон баштап, менин кабагым салынып Асан менен Заремага катуу тийип суйлоп журдум. Зареманын жасаган жумушунан кыйкым таап, кээде Асандын козунчо эле аны кагып, какшыктап суйлоочу болдум. Андайда Асан ону бозоруп эле унчукпай отуруп калат. Кээде бизди коргон Усон ортодо тамашалап суйлоп, мамилебизди жакшыртканга аракет кылып калчу. Ага мен конул да бурбайм. Унчукпай козумду алайтып аны жаман коздорум менен тиктеп коём.
Келин келгенден бери менин озгоруп калган мунозум балдарымды да жудотуп салды окшойт. Кээде Аида кызым
- Апа, эмне эле Зарема женемди жактырбай жатасыз. Женем жакшы эле адамдай корунот. Тамактарды даамдуу жасап, салаттардын да турлорун билет экен, дейт.
- Сен эмнени билет элен! Уйдогу жумуштардан бошоп калганына суйунуп журосун да сен! деп аны да кагып кирем.
Алмаз экообузго соз жок. Кундо жатаардын алдында экообуз бир катар урушуп алабыз.
Ага да менин Асан менен Заремага жасаган мамилем жакпайт. Бугун да уктоочу болмого кирээрим менен, Алмаз жаткан жеринен мага
- Алтынай, балдарга эмне анча очогушуп жатасын? Болоор иш болду! Эми эмнени озгорто алмак элен ? Ортодо эле Асанды кыйнап бутмой болдун го?! деди.
- Акылы жок болсо ошондой болот. Озун да, ата-энесин да кыйнайт.....
Мен озумчо суйлонуп, жатууга камданып баштадым. Алмаз мени унчукпай тиктеп турду да
- Эмне эле болуп баратасын акыркы кундору Алтынай. Сени аяп, озуно келет деген сайын, сен ажылдаак болуп баратасын да? деди.
Мен тошокту ачып ичине кирип жаттым да ушкуруно оор дем алып алдым.
- Билбейм.... Мен Асанды мындай болот деп эч ойлогон эмес элем. Баламды журогумдон канчалык аяп турсам да, аны эч эле кечире албай жатам. Себеби ал такыр эле мени тушунгусу жок.
- Кок бет. Озудукуну бергин келбейт. Асан эч качан сен айткандай болуп жашабайт Алтынай. Аларды бекер эле кыйнай бербей боло турган ишти жасайлы. Зарема да бироонун баласы экенин унутпа.
- Мен Энемин, Алмаз. Балам учун журогум тынч болбой жатат. Силер эркектер аны кайдан тушунмок эленер?
- Сен Энеси болсон, Мен атасымын. Болду созду кобойтпой токтот. Ушуга чейин сени аяп жон койсом, чегинден чыгып кеттин.. Келе жаткан дем алышта, келиндин апасынын алдынан откону барабыз. Болду. Ушуну менен соз бутту.
Алмаз тетири карап жатып алды. Бир аз унсуз жатканыбыздан сон мен бышактап ыйлап баштадым. Алмаз жакшы эле унчукпай коёюн деген менен баары бир чыдабады корунот
- Дагы эмне болду? Дагы эмнени баштайын деп жатасын? деп, ал мага карап оодарылды.
- Жок дегенде
балама да айтып, дегенге акым жокпу менин. Акыры бул уйдо менин Эне деген ордум болсо керек?
- Уф-ф.! Эмне деген катын болдун сен озу? Тынч гана жон эле жашай бербейсинби нары! Келин бир эле жакшына кызмат кылып журот. Жаман мунозун деле байкабадым. Сага дагы эмне керек?
- Сен аны тушунбойсун Алмаз. Кайнене менен келиндин эмне экенин билбейсин.
Ошондуктан. ..
- Жап жаагынды Алтынай. Башка суйлоп башымды оорутпа. Бул уйдо менин айтканым гана болот уктунбу?
Алмаздын жини келе ордунан турду да устуно халатын кийип, сыртка тамеки тартканы чыгып кетти.
Ошол кундун эртеси кечинде уйубузго келинибиздин апасы кирип келди. Алмаз да жумуштан эми эле келген болчу. Мен эч нерседен бээкапар отургам. Аида эшиктен ээрчитип кирген аялды тааныбай эле туруп калыпмын. Ангыча эле аны коргон Зарема
- Апа..,? Сиз кайдан? деп суйунгонунон барып апасын кучактады. Асан да уйдо болчу. Баарыбыз унчукпай эле аны карап туруп калдык.
- Кечиресиздер. Менин айтпай дебей эле келип калганыма таныркап жатат окшойсуздар ?
Аял, коп болсо менден жети сегиз жашка улуудай корунду. Арык чырай. Костюм юбка кийгенине караганда мугалим окшойт деп ойлоп койдум. Чачын туйуп, жоолук салынбай эле келиптир. Таза, тыкан бою узунураак болгон учун устундогу кийими озуно куп жарашыптыр. Колундагы кара сумкасынан да анын мугалим экенин жон эле билсе болгудай.
Мен унчукпай эле оозум ачылып аны тиктеп тура берипмин. Бир убакта Алмаз мени бир тиктеп алды да
- Келиниз эже. Биз сизди тааныбай эле...бул жакка отунуз, деп ага тору жактан орун коргозду.
Баарыбыз тегерене унчукпай отуруп калдык. Алмаз утуру мени тиктеп коёт. Асан да башын жерге салып коюп, ал отурат. Мен же ак дебей, же кок дебей унчукпай отура бердим. Аял бизди карап отуруп озунчо бир аз кысыла тушконсуду. Созду озу баштады.
- Кечиресиздер. Кызымдын артынан кабар барбаганынан озум ушинтип келип калдым. Телефон аркылуу кызым менен суйлошуп турам. Абалынарды уктум. Эне болгон сон, мындай корунушко башка чыдап отура албадым. Чынын айтсам, мен башынан эле кызымдын Асанга турмушка чыгышына каршы элем. Болбогон нерсе башынан эле болбойт, деп кызыма да канча айтып жургом. Бирок балдар болушпады. Асан айылга уйумо барып алып, кетпей журуп алганынан ага кызымды кошуп бергенге аргасыз болдум.
- Эмне дединиз? Асан барып кетпей журуп алды дейсизби?
Мен тан кала аялга суроо узаттым. Аял менин жанатан бери унчукпай отуруп узата салган суроомду кутпосо керек. Ал бир азга сестене коздорун аландатып Асанды бир тиктеп алды да
- Ооба..ошондой, деди
Менин онум озгорулуп кетсе керек. Мен кабагымды чытый Асанды тиктедим.
- Сен Бишкекке барам, деп кетпедин беле?
- Апа, Ата мен силерге убактынча ошентип тургум келди. Анан баарын силерге тушундуруп айтып берем деп ойлогом, деди Асан бизге жалдырап карап.
Мен оор дем ала ушкурунуп алдым да, бир колум менен башымды мыкчый чыканагымды отурган креслонун четине жолодум.
- Мен кызымды силерге мажбурлап бергендей болбоюн. Бизге да кудайдын айтканы бардыр. Балдарымды атасыз озум жалгыз чонойттум эле. Бирок тен-тени менен дегенди балдар тушунушпойт тура. Силердей адамдарга биздин жашоо шартыбыз да туура келбейт.
Аял улутуна озунчо ойлонуп бир азга тунжурап турду да.
- Кун кечтей электе биз эртерээк жолго чыгалы. Уруксат берсенер мен Зарема кызымды алып кетейин, деди.
Алмаз унчукпай ойлуу отура берди. Асан бизди эмне дээр экен дегенсип бир мени бир атасыны элендеп утуру карап коёт. Ортодо жымжырттык окум суруп туруп алды. Алмаз эмнеге унчукпай отурганына мен коп тушуно бербедим. Же аялдар оздорунчо бир аз суйлошуп алсын дедиби билбейм? Мен башка чыдап отура албадым. Журогум кысылып чыкты. Ичимден Асанымдын жоругуна тушунбой ага жиним келип олтургам. Мен ордумдан шарт турдум да устунку кабатка которулмокчу болуп жоноп калдым. Баары унчукпай эле мени тушунушпой артымдан карап турушту.
Мен тепкичке жетип уч торт тепкич ойдо которулгонумдо артымдан Алмаз кыйкырды.
- Алтынай токто!
Мен тепкичтен дагы ойдого которулуп барып токтоп калдым. Алмаздын жини келе ордунан козголуп мага карап басты
- Сен каякка баратысын?
Мен унчукпай аны тиктеп тура бердим.
- Алтынай, сенин уйуно адам келип отурат. Сен аны карабай, каякка жонодун?
- Алмаз, мен озумду жаман сезип кеттим. Барып бир аз...
- Ал эмне дегенин? Сага ал аял суйлоп жатат. Зареманы алып кетейин деп уруксат сурап жатат.
- Менден уруксат сурагыдай, Зареманы бул уйго мен алып келген эмесмин Алмаз. Алар Асан менен оздору чечишип алышсын. Себеби уулум Асандын жеке жашоосуна, менин кийлигишкенге акым жок! дедим мен аларды какшыктай карап.
Мен дагы ойдого карап эки уч тепкич которулгонумдо Алмаз мага соомойун которо
- Алтынай токто! деп буйрук бере кыйкырды.
Мен токтоп калдым. Алмаздын ону бузулуп жини келе тепкичтер менен ойдо которулуп мага жетип келди. Ангыча аял ордунан тура калып, бизге карай басты.
- Алмаз, Алтынай! Суранам силерден. Мен келип силерди уруштургандай болбоюн. Мени да туура тушунуп, мага капа болбогула! деди.
- Жок эже, мен сизге эмнеге капа болмок элем. Менин сизге капа болгонго эч акым жок. Мен оз уулума капамын, дедим мен.
Алмаз бир мени бир аялды тиктеп турду да
- Алтынай, акылына кел. Сенин уйуно конок келип отурат. Сенин балдарындын тагдыры чечилип жатат, деди мага ызырына.
- Менин Балам оз тагдырын озу чечет Алмаз. Менин ага эч кандай тиешем жок! Менин жолумду тоспо, дедим да мен андан ары бурулуп жоной берээрде Алмаз мени жини келе колдон алып озуно бура каратты. Ал кутуусуз эле болгон кучу менен мени жаактан ары катуу тартып жиберди. Мен боюмду токтото албай тепкичтерден ылдый тоголонуп тушуп бараттым.

#108 04 Октябрь 2017 - 23:42
Ии анан?Алтынай эже кызык экен,менин сабырымды кетирди.))
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#109 06 Октябрь 2017 - 11:15
Аябай жакшы коруп аттым эле бир паста каардуу кайынэнеге айланып кеттиго адамды кыжаалат кылып
#110 10 Октябрь 2017 - 22:41
БАЛАМ.., БАЛАЛУУ БОЛГОНДО БИЛЭЭРСИН!
( АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ -2)
Тортунчу болум.
Ордумдан кандай туруп келип терезенин жанына турганымды билбей калдым. Козумдон жашым сызылып агып, терезеден сыртты бирдей калыпта телмирип тиктеп тура бердим. Аккан жашым бетимен ылдый куюлуп мойнума чейин кирип жатты. Ичим эншерилип ичим туз куйгандай ачышат.
- Алтынай жакшы элесинби? Мумкун, медайым кыздарды чакырыш керектир.
Мага артымдан стулда отурган Зареманын апасы ун катты.
Мен унчукпай эле тетири карап турган жеримен башымды чайкадым.
- Жок. Кереги жок ...
Менин унум ый аралаш чыгып кетти. Мен бир колум менен бетимди аарчый булкулдоп ыйлап жибердим. Бир убакта ичимдеги ысык демди оор дем ала сыртка чыгарып ушкуруно туруп калдым.
- Тушунуп турам сени Алтынай. Сага бул айткандарым канчалык оор тийээрин билсем да, арга жок айтууга туура келди. Корсо балдар силерге жашырып эч нерсени айтышкан эмес турбайбы. Ошондуктан сенин ооруканада жатканына карабай сага туурасын эртерээк айтып коёюн деп атайын бул жерге келип калдым.
- Эртерээк дегениниз ушулбу? Эмне учун убагында, буга чейин айтпадыныз? !
Мен артыма бурула Зареманын апасына кыйкырып суйлодум. Ал коздорун чон ачып эле эмне дээрин билбей мени тиктеп туруп калды. Мен ыйлап жаттым.
- Чынын айтсам менин деле башым айланып, андай нерсе оюма бир да келбептир. Бир жагы Асандын создоруно ишендим окшойт, деген Зареманын апасы ушкуруно кунолуу адамдай ойлонуп отуруп калды.
- Сиз озунузду менин ордума коюп кордунузбу? Же оз кызынызды гана ойлоп, башканын баласы сизге баары бир болдубу?
- Антип айтпа Алтынай. Албетте мен силерди да коп ойлодум. Бирок, биз экообуз тен балдарыбызга бирдей Энебиз. Сен оз балана журогун эзилгендей, мен да оз кызым учун жаным ооруп, азаптанып журом. Айыл жеринде элдин козуно карабай, кызымды торогон баласы менен уйумо алып барып озум багып журдум....?! Сен да мени куноолой бербей туура тушун. Ансыз да элге соз болуп, элдин алдында басынып журуп ушул кунго чейин келдим. Айла жок ошондой турмушка да конот экенсин. Эч жакка качып кете албаган сон ага да чыдайт экенсин.
Зареманын апасы ушул жерге келгенде козуно жаш тегерене мукактанып алды да созун кайра улады.
- Эми мындан ары да ошондой эле жашообузду улап кете беребиз. Эки баламды озум жалгыз багып чонойткон, эми неберемди да эптеп багып алаармын. Бирок чынын айтайын, Силерге башынан эле кызымды эптеп тануулайын деген ой менде такыр болгон эмес. Ошондуктан менин кызым жонундо жаман ойлоп, куноонун баарын ага жуктой бербегиле. Оз баланарды да карагыла.
Менин ал аялга жиним келе тушту. Ызама чыдабай ачуу унум менен
-Эрден чыккан кызынызды анан жакшылап карабайт белениз! Бойдок, жаш баланын башын айландырып алып, туштон кийин менин алдыма келип актанбай! дедим.
Аял мени тиктеген бойдон катып калды. Ону кубарып козунон жашы ылдый кетти.
Мен аны башка чыдап карап тура албадым.
Терезе жакка бурулдум да, ага жай гана
- Кетиниз. Чыгып кетиниз бул жерден, дедим.
Ал ошол замат ордунан турду да болмодон чыгып кетти.
Менин бул жеке клиникага келип жатканыма бугун туура бир жума болуптур. Алмаз мени ооруканадан туура эле бул жакка бир курс дарыланууга атайын жаткырган болчу. Ооруукана демекчи, мени ошол лесницадан кулаган кунум тез жардам машинасы келип алып кетиптир. Чынын айтсам менин эки айлык боюмда бар экенин озум да билген эмесмин. Климакс болуп жургонумдон улам андай нерсе эч оюма келбептир. Эмне эле кежирленип, тамагымдан эч нерсе отпой жатат десе...? Корсо боюмда болуп калган экен. Тепкичтен кулап ал бала да боюман тушуп калды. Муну укканда Алмаздын чындап ичи ачышты. Озун аябай куноолоп да журду.
Мен ага таарынып жакшы суйлобой жатканыма карабай бир куну ага тамашалап
- Алмаз коп капа боло бербе эми. Эмнеси болсо да жети баланы сага тороп бербедимби. Биринчисин Аман, акыркысын сен жок кылбаганында азыр тогуз балабыз болуп калмак экен, дедим.
Алмаз мени унчукпай тиктеп отуруп
- Эмне, Аманды дагы деле унута элексинби? десе кулкум келди
- А сен эмне, дагы деле мени андан кызганып журосунбу? дедим ага
Ал мага унчукпай эле кулуп койду. Бир аз ойлонуп отурган сон Алмаз мага
- Алтынай. Зареманы мен алып калдым. Ал уйдо кеткен жок. Тез жардам машинасы келип сени алып чыгып баратканда, мен анын апасына
- Зарема эч жакка кетпейт. Ушул жерде болот деп, катуу дайындап чыккам. Байкуш аял. Ал да сен учун озун аябай кунолуу сезип калды окшойт. Кайдан да келдим эле деп ичинен озун жемелеп жаткандыр, деди
- Ага эмне анчалык боорун ооруду?
Ал аялды да туура тушунуу керек Алтынай. Эки ортодо балдар жаштык кылып канчалык ката кетпесин, биз ата-энелер бири бирибизге болгон адамгерчиликти сактайлы. Кантсе да биз ата-энебиз. Кандай кырдаал болбосун, биздин кандай адам экенибиз адамгерчилигибизде жатат.
- Зареманын апасы, сылык сыпаа суйлоп келсе эле, сен эмне аны жакшы аял экен деп ойлоп жатасынбы?
Мен Алмазды сынай тиктедим.
- Анан эмне сага? ажылдап беттен алып кириши керек беле? Тушунуктуу адам болгон учун ошентип кирди да
- Тушунуктуу адам болсо кызын жакшылап тарбиялабайт беле?
- Сен аны коюп озундун уулунду бил Алтынай. Бироого эле эмес, озуно да куноону коё бил!
Алмаздын жини келе тушту. Мен унчукпадым. Ал унчукпай бир азга турду да
- Алтынай, болду эми. Асанды да оз жайына кой. Аны жакшы эле айыптап, тузук эле жемелеп алдын окшойт. Жаштык кылып экоо ортодо балалуу болуп калышыптыр. Келинчеги озунон эки жашка улуу болсо эмне болуптур. Нигизгиси ал экоо бактылуу болушса болду да, деди
- Эки жаш эмес, торт жашка улуу
- Сага ким айтты торт жаш деп?
- Энем айтты. ( кайненем)
Алмаз кулгон болду.
- Апам торт жаш деп айтса, сен ага дагы кошуп алты жаш деп айтып жур анда. Аялдар каяктан ушундай создорду кобойтуп басып журосунор? деп Алмаз озунчо суйлонуп кирди.
Билбейм кайненем туура эмес угуп алганбы? же кандай экенин билбейм айтор озумду жоготуп эсим ооп жатып мен аны торт жашка улуу деп тушунгом. Зареманын озу менен деле ачык чечишип суйлошо элекмин. Анын устуно ал мени коргондо эле айбыгып козумо тике карай албай, жумушун жасап кирчу. Эмнегедир ал менден корккондой болуп, мага батына алчу эмес.
Ошентип Алмаз мага кундо келип журуп, менин конулумду кыйла алып журду. Анан калса Усон келип мага Зарема менен Асанды мактап жактап, ар создон тамашалап суйлоп кирчу. Чынын айтсам алар жонундо бир аз жакшы ойлорго жетеленип калган болчумун. Бирок бугун минтип ойдо жок жерден Зареманын апасы келип мени дагы туйшукко салып кетти. Корсо бекеринен менин журогум Асанга тынч болбой жаткан эмес экен. Эне байкуш бала учун бардык нерсени сезет турбайбы. Зареманы да мага коп батына албай, менден коргонуп жургонун эми тушундум окшойт. Анын апасы бугун мага келип кызы Зареманын башта турмушка чыгып ажырашканын айттып кетти. Анын айтуусу боюнча атасынын алысыраак эле эжелери куда тушуп келишсе Зарема ага конбоптур. Бала конулуно туура келбептир. Анан баягы эле ала качуу. Кызды ой боюна койбой ала качышат. Туугандары Нике ысык жашап кетишет деп ойлошот. Бирок андай болбойт. Зарема эки жумага жетпей ал уйдон кетип калыптыр. Ал убакта Зарема жыйырма жашта, экинчи курста окуучу экен. Ошентип ал окуусун бутуруп жумушка орношот. Ал аралыкта Асан экоо жолугуп калышат. Зарема Асанды апасы менен тааныштырат. Ошол кундон баштап эле аларга апасы да каршы чыгып журуптур. . Ага болбой эле Асан Зареманын артынан калбай тушуп алат. Анан дагы кандай экенин билбейм. Айтор Зарема бир куну кочодо баратып Асанды башка кыз менен ээрчишип жургонун корот. Ал убакта анын жаны эле боюнда бар экенин ал озу кийин билиптир. Ошону менен Зарема озун Асанга коргозбой алып качып журот. Убагы келгенде ал уул торойт. Бирок Асан аны баары бир бир куну артынан айылга издеп таап барыптыр. Апасынын канча каршы болгонуна карабай Асан ал айылдан кетпей бир жумадай алардыкында журуп алат. Элден корунган апасы акыры аргасыздан Асанга Зареманы кошуп берген имиш.
Мен клиникада дагы уч кун жатышым керек болчу. Бирок мен ага чыдабайм. Бул жерде дагы уч кун кантип чыдап жатмак элем. Мен ошол замат кетууну чечтим. Медик кыздарга азыр чыгып кетээримди билдирип мен кетууго камына баштадым. Алмазды да кутконго чамам жетпегидей. Кийинип алып сумкамды которуп коороодон чыгып баратсам кудай жалгап алдыман Алмаз чыгып калса. Ал менин онумду коруп эле чочуп кетти.
- Алтынай, сага эмне болду? Тынчылыкпы? деген Алмазга мен ошол жерден эле боюмду таштап буркурап ыйлап жибердим. Ал мени соороткончо машинага алып келип отургузду. Мен машинада отуруп ага баарын шашпай бир чекеден болгон окуяны айтып бердим.
Биз уйго келсек Асан уйдо жок экен. Бизди алдыбыздан балдарыма кошулуп Зарема тосуп чыкты. Зарема менин онумду коруп эле баарын тушунду окшойт. Ал апасы менен да телефондон суйлошсо керек. Ошондуктан ал коздорун чон ачып эле бир нерсени сезгендей бизди сырдуу тиктеп турду. Алмаз унчукпай эле басып болмосуно кирип кеттип калды. Мен устумдогу женил плащымды чечип Аидага карматтым да Зареманы ээрчитип ашканага кирдим.
- Бугун мага апан келип кетти Зарема, деп мен созумду баштадым.
- Ооба билем. Апам менен жана эле телефондон суйлошком.
- Билсен анда ошол Зарема. Озун баарын тушунгондурсун. Сага башка ашыкча созду суйлоонун кереги жоктур, деп ойлойм. Болгону баламды! Асанымды! тынч кой. Ага караанынды корсотпо! дедим.
- Ал жагынан кыжаалат болбонуз.
Зарема мага буулуга суйлоду да козунон жашы ага ашканадан чыгып баратканда
- Кочодо Алмаздын машинасы кутуп турат. Шафёр сени айткан дарегине таштап коёт, дедим.
Ал унчукпай менин созумду угуп турду да артына карабастан эшикти ачып чыгып кетти.
Зарема кун мурунтан эле даярданып койгонбу, ал эмнегедир болмосунон которунуп бат эле чыкты. Балдарым баары тушунушпой эле аны карап калышыптыр. Неберебиз Бектур уктап жаткан окшойт эле, ал тыбырчылап чынырып ыйлап алыптыр. Баланын уну менен кошо эмнегедир менин да журогум тилинип жатты. Женесинин ыйлаган жузун коруп Аида коздорун аландата мага карады
- Апа силерге эмне болду?
- Эч нерсе болгон жок. Зареманын сумкасын которушуп машинага чыгарып узатып кой! дедим мен ага буюра.
Карасам женесинин кетип жатканын тушунгон кенже кызым эриндерин булдуротуп бир чекеде ыйлап туруптур.
Зарема уулун колуна которуп уйдон ыйлаган бойдон чыгып кетти. Артынан сумкасын которушуп Аида чыкты. Алар чыгаары менен мен тенселе басып келип оор денемди диванга таштап отуруп калдым.
Заматта уйдун ичи жымжырт боло тушту. Усон да уйдо жок болчу. Аида баш болуп эки кичинекейим кумсарышып баары суз журушот. Алмаз кучун тамекиге чыгарып сыртка кирип чыгып ойлоно басып жургон. Себеби ал экообуздун тен коркконубуз Асан болуп жатты. Ал келсе эмне дейт? Журогум тынч эмес.
Мен унчукпай ордуман турдумда болмомо кирип кеттим. Арадан коп убакыт отпой уйго Асан кирип келди. Анын келгенин болмомдо жатып сезип турдум. Бир убакта ал Аидадан Зареманы сурап баштады. Алардын унун угуп мен ордумдан турдум да болмодон чыктым. Чыксам Алмаз диванда отурган экен. Асан чуркаган бойдон оз болмосуно кирип чыкты да Атасына карап
- Ата! Эмнеге антинер? Эмне учун Зареманы кетирдинер? деди
- Асан. Кел отур балам жаныма. Отуруп алып жакшылап суйлошолу.
Алмаз оор дем ала Асанга жанынан орун коргозду. Асан бир атасын бир мени карап алды да.
- Жок Ата, отурбайм. Зарема кетсе, мен да кетем бул уйдон, деди
- Асан, кагылайын балам. Биз сага жакшылык гана каалайбыз. Кантип эле биз сага душмандык кылып калалы. Ата-Эненди жакшылап укчу садаган!
Мен Асанга карап жалдырап жибердим.
- Сиз, сиз кылдыныз ушунун баарын Апа. Зареманы кетирип акыры максатынызга жеттинизби! Эми мени да корбойсуз!
- Асан! Токтот созунду! Отур мындай!
Алмаз ага буйура суйлоду.
- Жок Ата. Чынын айтсам мен сизге ишенген элем!. Сизге тушундуруп башында баарын айткан элем. Бирок сиз мени тушунбой Апамдын тилине кирип кетипсиз.
- Асан, сен мага баарын айткан эмессин . Сен неге Зареманын турмуштан ажырашканын менден жашырдын?
- Анын бул жерде кандай тиешеси бар?
- Ал эмне дегенин балам..? Асан, Акылына келчи айланайын. Бизди ата-эненди да бир аз ойлочу. Эмне максат менен биз сени чонойттук элек?
Мен ыйлактап кирдим.
- Жок. Силер мени баары бир тушунбойт экенсинер Апа. Мен Зареманы антип балам менен кошо таштап коё албайм. Мен аларсыз жашай албайм.
- Асан токто!
- Аса-ан!
Ал бизге башын чайкай шашылган бойдон уйдон чыгып кетти.
Мен аны артынан шалдырап эле турган ордумда узатып кала бердим.
Козумдун жашын агыза артыма бурулуп карасам Алмаз отурган жеринде бир колу менен журок тушун басып отуруптур. Аны коруп коркуп кеттим
- Алмаз! Сага эмне болду?
Мен шашыла ага жетип келдим.
- Эч нерсе эмес. Отуп кетет азыр.
Ангыча Аида анын дарысын чуркап барып алып келе калды. Алмаз дарысын ичип бутуп мага карады да
- Мен ушундай болоорун билгем Алтынай. Асан биз айтканга эле коно койчу бала эмес, деди ушкуруно.
Мен унчукпай эле ойлонуп отуруп калдым. Кенже кызым ыйлактай басып келип мени мойнуман кучактап турду.
Ал кундор куз айлары болчу. Асаным уйдон чыгып кеткенден бери менде тынч уйку жок. Ойлоном, ыйлайм. Куздо балдарыбызга чон той кылып уйлойбуз деген максатыбызды таш каап, мынтип санаага батып отуруп калдык. Кээде мен Алмазды, Алмаз мени озубузчо аяп коюп журобуз. Алмаз да азыр мурдагыдай эмес. Ондон азып кеткен. Анын да журогундо ооруусу бар эмес беле. Аны да операцияга даярдап жатканбыз. Эх, Асан. Жок дегенде атандын ден соолугун ойлоп койбогонуна капамын.
Адатымча терезеге келип сыртты карап ойлуу турам. Сыртта аппак кар. Асаным.....

#114 17 Октябрь 2017 - 00:27
Аябай кутуп калдык 10 жазган барабар жоксузго.Жазып коюнузчу
#115 17 Октябрь 2017 - 00:29
БАЛАМ..., БАЛАЛУУ БОЛГОНДО БИЛЭЭРСИН!
(АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ-2)
Бешинчи болум.
Балдарым аз эле кундун ичинде Заремага коно тушушкон экен. Айрыкча алар неберебиз Бектурду копко чейин сагынып эстеп журушту. Аида кээде Заремадан уйронгон салаттарды жасап, ал жонундо мага соз кылып калчу. Чынын айтсам Зарема уй жумуштарына аябай тын, анан таза келин болчу. Жасаган тамактарын даамдуу экенин айтып аны кээде Алмаз да мага мактап калчу. Мен анын ал создорун уккум да келчу эмес. Жиним келип алдымдагы тамакты ичпей, атайын жактырбай ордуман туруп кеткен кундорум да болгон. Андайда балам Асандын ону бозурайып эле унчукпай отуруп калчу. Бирок канткен кундо да Зареманын оной кыз эмес экенин онунон эле билчумун. Журогумдон аны сезип эле жургом. Ал оз турмушу учун курошо билген кыз. Оозун ачып эле ыйлап отуруп кала тургандардан эмес. Анын мурдагы ала качып барган жери деле атасынын туугандары беле. Алар Заремага канчалаган акыл-наасаттарын айтышкан чыгаар? Ошого карабай эки жумадай жашап, отуруп калган кыз, ордунан туруп баса бергенди айткыла?! Андай нерсе бардык эле кыздын колунан келе бербестир. Ага да кучтуу эрк керек болсо керек. Зареманын бул касиетине мен чындап баа бердим! Демек.., ал оной кыз эмес. Асаным да ага катуу байланып калыптыр. Эми анын колунан Асанымды онойчулук менен ажыратып алалбашымды ото жакшы тушунуп турам.
Асан ошол уйдон чыгып кеткен бойдон бизге кайрылбады. Ал жонундо Усондон гана кээде угуп турабыз. Асан азыр Бишкекте экен. Ал дагы деле Зареманы издеп таппай жатыптыр. Айылга Зареманын апасына барган экен, андан онгулуктуу соз укпаптыр.
Ал эми Асандын уйдон чыгып кеткенин угушуп мага кайненем да, оз апам да нааразы болуп журушот. Зареманын кылган неткендери жакшы эле корунот. Аны уйдон бекер айдаптыр. Асан экоо бирин-бири жактырышкандан кийин жон эле койсо болмок, дешип. Бирок мен аларга Зареманын турмуштан чыккан кыз экенин айтпадым. Себеби Алмаз мага катуу тыюу салды. Ал жонундо экообуздон башка эч ким билбесин. Апамдарга да айтпай эле кой. Аларга айткан болсон аялдар бирге экини, экиге учту кошуп жатып дагы созду кобойтуп саласынар, деп.
Ошону менен ал соз бизде токтогон.
Жаны-жыл куну Усон бизге айтпай дебей эле, уйго суйлошуп жактырышып жургон кызын ээрчитип келиптир. Таанышып баарыбыз тамак устундо суйлошуп отурдук. Ал кыз жонундо Усон мага буга чейин эле айтып, телефондон суротторун коргозуп жургон болчу. Бирок аны уйго ээрчитип биз менен тааныштырып кетет деп бир да ойлогон эмес элем. Кыз да тартынбай Усон менен кол кармашып уйго кирип келишсе, Алмаз экообуз унчукпай эле аларды тиктеп туруп калыппыз. Кыз канчалык озун кармап биз менен ачык суйлошуп отурганы менен ал баары бир бизден сурдоп уялып жатты. Шаарда оскон татынакай гана мед.факта окуган студент кыз экен. Анын Атасын Алмаз жакшы эле тааныйт окшойт. Алар да бизге окшогон эле уй-було экенин буга чейин Усондон угуп жургом. Негизи кыз биздин конулубузго туура келди. Усон экоо да бири-бирине жарашып турушат. Аларды тиктеп отуруп мен Асанымды эстедим. Жаным балам десе. Кайдан да ошол Заремага жолуктун эле? Же бир баладай болуп мага ал кыз тууралуу убагында эртерээк айтып койсон эмне? Анда баары башкача болмок беле, ким билсин. Эми мынтип Эне-бала таарынышып эки башка жолдо журобуз. Сен анын артынан кетип эле эмне.., бизди ата-энеликтен сызып койдунбу? Жок дегенде ушундай майрам кундору бизге телефон чалып сурап койсон кана? Мынчалык эле таш боор болбосон балам. Кантсе да сенин Энен элем го! Сен учун журогум сыздап, ойлоно берип чачыма ак кире баштаганын сен кайдан сезмек элен каралдым. Балдарымдын эн улуусу, ак жолтойум деп Усон экоонду бир башкача жакшы корот элем. Силер торолуп менин Алмаз менен болгон бактылуу жашоом башталбады беле. Эми, Силер учун, силердин бактынар учун алышып ушул кундорду кечирип отурам.
Февраль айында Алмазга журогунон операция жасатканы атайын Бишкекке бардык. Биз менен чогуу Усонум журду. Байкуш балам десе. Асан уйдон кеткенден бери ал биздин конулубузго карап калган. Кээде ал мени бетимен ооп жаш баладай эркелеп, жакшы создору менен тамашалап конулумду которуп турат. Ушунусуна да шугур. Бугун да ары-бери чапкылап атасынын камын ушул балам коруп журот. Алыстан Марта кызым, тууган урук баары бизден кабар алып тынбай телефон чалып жатышты. Бир гана, Асаным ...жок. Башка убакта мынчалык жаман болгон эмес элем. Бугун Асанга аябай эле журогум муздап капа болуп отурам. Ушундайда оз балан атасынан кабар алып койбогону окундурот экен. Алмаз да билдирбегени менен озунчо Асанды кутуп жатканын сезип эле турдум. Мен да ага сыр бербейм. Алмазды жакшы создорум менен конулун алып жаттым. Айла жок. Балан тушунбосо кыйын экен.
Мен озумчо ушкуруно бир Асанды, бир Атасын ойлоп козумду жашылдантып коридордо ойлонуп отургам. Алмазга операция журуп жаткан. Бир убакта эле бизди карай басып келаткан Асанды коруп калдым. Аны коргондо козумдун жашы шорголоп куюлуп кетти. Асан келип эле менин жаныма отура калып колдорумду эки колдой кармалап опкулоп кирди. Баламдын башын боорума кысып чачынан ооп жыттадым.
- Апа аябай шашылып келдим. Кыргызстанда эмес элем. Усондон бугунку куну операция болоорун угуп эле жолго чыккам. Кыштын куну жетип келишим ушул болду, деди Асан мага.
Мен унчукпай эле баламдын башынан сыладым.
- Эч нерсе эмес балам. Келип аябай жакшы кылдын, дедим козумдун жашын агызып.
Асан менин бетимдеги жашымды аарчып, бир колу менен кучактай мени кокурогуно басты.
Балам. Балам менин. Баламдын жытын искеп журогум бир аз да болсо ордуна тушуп, женилдей отуруп калдым. Асаным менен болуп жатып убакыттын отконун да сезбей калган экенмин. Бир убакта кабинеттен чыккан врач бизди суйунучтуу тиктеп турду. Кудайга шугур. Алмаздын операциясы женил отуптур.
Асандын келгени Алмазга аябай чон дем берди. Баласын кубанычтуу тиктеген ал
- Сенин созсуз келээрине ишенгем Асан. Чынын айтсам мен сени кутуп жаткан элем, деди.
- Билем Ата. Мен да сиздин операцияга кирээринизди угуп, ордумда туралбай калдым. Сизге карап шашылган сайын жолум арбыбагандай болуп, аябай шашып келдим.
Биз ошол учурда баарыбыз аябай кубанып турдук. Ата-бала бири бирине ишенимдуу коз караштар менен тиктешип турса, аларды коруп ичим элжирейт.
Алмаз аз эле кундун ичинде чыйралып озун бир топ эле жакшы сезип калды. Асан биз менен коштошуп кетип жатканда Атасы андан уйго барышын отунду.
- Ооба Ата. Азыр жумуштарым коп. Сиз бат айыгып кетиниз. Анан мен да силердин артынардан барып калаармын, деп Асан атасынын конулун улады.
Мен Асанды узатып палатадан ал менен чогуу чыктым. Чынын айтсам балам менен келгенден бери ачык суйлошо элек болчумун. Ал экообуз суйлошуп отургучта отуруп калдык. Асандын азыр туруктуу деле жумушу жок окшойт. Мен да андан уйго кайтып барышын сурандым. Асан унчукпай озунчо оор дем алып алды да
- Апа, туурасын айтсам менин азырынча уйго кайтып бара турган оюум жок. Мен Зареманы созсуз издеп табышым керек. Сиз Зарема менен, анын апасы менен эмне деп суйлоштунуз билбейм Апа? Бирок алар менин уй булом! Зарема коп болсо менден бир эки жыл, жашынып качып журоор. Бирок мен аны баары бир созсуз табам! деди.
Мен балама унчуга алган жокмун. Ага азыр ашыкча создун кереги жок экенин ото жакшы тушунуп турдум. Убакыттын отушу менен бизди акырындап тушуноор деп, ичимден ойлоп койдум.
Экообуз тен унсуз тунжурап ойлонуп отуруп калган экенбиз, бир убакта Асан кайра созун улады.
- Апа, Билесизби? Сиз мени баягыда женил ой бала турбайсынбы! ?, деп айткан элениз. Эгер мен женил ой бала болгонумда, мен ошондо эле сиз айткан Нурайга уйлонуп кетсем керек эле. Бирок мен анте албадым Апа. Чынын айтсам мен Зареманы бир коргондо эле жактырып калганымды тушунгом. Бирок силерди , ата-энемди деп мен озумду андан алыстатып журдум. Айрыкча сизди коп ойлодум апа. Зареманы конулумдон чыгарууга канча арекет кылдым. Башка канчалаган жаш кыздар менен жолугушуп кордум. Анын аралыгында сиз айткан Нурайга деле жакшы конул коюп, аны да сыйлап журдум. Бирок алардын бироосу да мен учун Зареманын ордун ээлей алышпады! Ошон учун сизден суранам Апа. Мени да туура тушунгонго аракет кылыныз. Мен эч качан Зареманы башка эч кимге алмаша албайм!
Асан ордунан туруп жатып мага карады
- Апа, мен барайын эми. Атама жакшылап караныз. Мен озум силерге чалып турам.
- Асан, балам....
Мен ага жалдырай карадым
- Биз сени сагынып калабыз балам. Бизди саргайтпай эртерээк уйго бар.
Асан мени кучагына алып бир аз унсуз турду да
- Мен да баламды, Бектурду сагындым Апа, деди.
Жашоо...! Адам баласынын жашоосу карап турсан озу бир кызыктай? Себеби Асандын айткан создору мени копко чейин ойлондуруп журду. Асанда болгон сезим, бир убактарда менин озумдун башымдан деле отподу беле? Мен да бир убактарда Аманга болгон сезимимди мойнума алгым келбей жургом. Андан озумду алып качканыма карабай акыры суйууго баш ийгеним чын эле го? Мен да ата-энемди ойлоп ошолор учун ал суйуумдон кол уздум. Эми мынтип убагы келгенде озум да Эне болуп отурам. Корсо Эненин балага болгон суйуусу каалоосу такыр башкача болот турбайбы. Мен деле баламдын бактылуу болушун каалап ал учун курошуп озумчо бир жолдо журом. Балам да ата-энесин ойлоп, биздин конулубузду ооруткусу келбегени менен, ал да оз бактысын издеп башка бир жолдо журот. Бирок ата-эненин копту коруп, копту билип, тушунуп калганынын балан байкуш кайдан тушунсун? Асан го эркек бала экен. А менчи. Мен деле оз убагымда Апам айтмакчы кыз бала башым менен, апама таарынып уйго барбай журдум эле го? Болгону бул жерде Асан экообуздун айырмачылыгыбыз, бул жашоого мен аял болуп, ал эркек болуп жаралганыбызда. Корсо аял заты баары бир эркекке караганда алсыз болот экенбиз. Себеби жашоонун мыйзамы ошондой. Жараткан эгем бардык укукту эркекке берген.
Мына жаз келип май айы да башталып калыптыр. Убакыт деген- учкан куш демекчи кундор биринин артынан бири чуурулуп ото берет тура. Айрыкча акыркы жылдардын кандай тездикте отконун мен сезбей да калыпмын. Алмаздын ден-соолугу азыр кудайга шугур, жакшы. Бишкектен келгенибизден бери ал бир топ жакшы болуп, азыр кадимкисиндей эле жумушуна барып келип элге аралашып калган. Жашообуз оз нугунда эл катары отуп жаткандай. Балдар чоноюп колумдагы жумуштарым бир топ женилдегени менен алардын жеке жащоосундагы туйшуктору кобойот экен. Аларды ойлоп отуруп кайсы бирине кантип жетишээримди деле билбей калдым. Мартаны куйоого узатып алганыбыз менен бул жакта калган балдарыбыз биринин артынан бири жетилип калыптыр. Жакынкы кундордо Усондун суйлошуп жургон кызына куда тушуп барып келишибиз керек. Аны ойлогон сайын Асанды эстеп ичимден эзилем. Усондун озуно кантип той откоробуз? Максатыбыз зарлап тапкан эгиз балдарыбызга чогуу той откоруп элден батаа алуу эмес беле? Аны Усон озу да жакшы тушунуп турат. Асан аны уйлонуп тоюнарды откоро бергиле, деген менен ага коонубуз чыдабайт. Ошентип Асандын айынан Усондун тоюу да кечигип келетат. Асан бизге кез-кез эле телефон чалып койгону болболсо, анын жакынкы аралыкта келе турган оюу жок. Чынын айтсам ал жонундо эмне деп ойлонушту да билбей башым катып калды. Мартадан кийинки уулубуз Канат жогорку окуу жайда экинчи курста окуйт. Ал баламдын суйуусу метептен окуп жургондо эле ото кучтуу башталган. Озунон бир жаш кичуу кыз менен кол кармашып ушул кунго чейин экоо ээрчишип журушот. Алар жонундо элдин баары, жада калса ата-энелери биз да билебиз. Ошол кыз деп алыска окубай атайын Ошко тапшырган. Кыз биринчи курс. Аларды да эртерээк уйлоп койбосок, алар да бир кун оздору уйлонуп алышып уйго ээрчишип келишпесе экен деп корком. Анан Аида кызым. Анын да озунон беш жашка улуу суйгон жигити бар имиш. Аиданы былтыры куздо атасы экообуз бир тойго ээрчитип барганбыз. Мына ошол жерден ал жигит экоо таанышып жатпайбы. Жигиттин ата-энелери да ошол тойго катышып аларды сыртыбыздан таанып калганбыз. Жигит ошондон бери Аиданы сыйлап жургонун байкап журом. Кээде Аиданы урушуп тыйган болом. Бирок ал ага болбой эле ал менен жолугушуп суйлошуп журот окшойт. Аида кобуроок мени тарткан. Айтканынан кайтпаган ожор кыз. Мына ушундай. Ушинтип балдар биздин шаштыбызды алып баштады окшойт. Баарынан да Асан бизди коп кыйнай турган болду. Азырынча анын тагдыры кандай болот белгисиз.
Алмаз акыркы кундору озунчо Асан менен Зареманы мага коп соз кылчу болду.
- Алтынай, мага айтчы. Зарема сага эмнеси менен жакпады? Бир ай биз менен чогуу жашап сен анын эмне катачылыгын кордун? деп калат.
Мен ойлонуп эле ага унчукпайм.
- Сени билбейм Алтынай, бирок мен неберебиз Бектурду сагындым. Кантсе да ал биздин биринчи небере болчу. А сен ага жакшылап конул да болбодун?
- Билбейм Алмаз. Мен Асанга катуу ишенчумун. Андан, андай нерсени эч кутпогон элем. Ошондуктан мен ал убактарда ооруп калбадымбы. Анын устуно боюма бутуп, ошондон болсо керек озумчо кежирленип эч кимдин созун жактырбаганым.
- Чынын айтсам Асан менен Зарема экоо жакшы жуптардан болчу. Эгер ал экоо кайрадан табыша турган болсо Алтынай, мен аларды созсуз кабыл алам. Себеби мен алардын бактылуу жашап кетээрине козум жетип турат. Зарема Асандын кадырына жете турган кыз корунот. Себеби ал турмуштун ысык-суугун апасы менен жаштайынан чогуу тартыптыр. Аны турмуш бир топ эле чыйралтып койгондой. Озу да акылдуу кыз. Ошон учун да ал кыз дайынын Асанга билгизбей качып журсо керек.
- Койчу Алмаз. Кайдагыны айтпачы. Эгер ал кыз сен айткандай болгондо башынан эле Алмазга жоломок эмес. Сен анын билгенин билбейсин. Ал эптеп балалуу болуп алып Асанды кармайм деген да. Мына эми бала учун Асан аны артынан темселеп издеп журот.
Алмаз ачуусун ичине катты окшойт. Ал унчукпай эле оор дем алып алды да
- Алтынай, мени менен талаша бербей, балким жакшылап ойлонуп короорсун. Эгер ушинте берген болсон, бул нерсенин аягы жакшылыкка алып барбайт! Асанды да тушун! Ал сага жаман келин алып келген жок. Зарема сага жакшы келин болуп берет. Мени айтты дейсин го Алтынай, убагы келип сенин эн ишенген келинин ушул кыз болот. Сен ага коп таянып, ал менен коп кенешесин деп созунун аягын мага тамашалап бутурду.
Мен ага карап унчукпай эле башымды чайкай мыскылдуу кулуп койдум. Алмаздын эптеп мени аларга кондуройун деген аракетине ичимден кулкум келет. Бир туруп аны аяп да кетем.
Бир куну эрте менен ойгонуп эле Алмаз мага тушундо неберебиз Бектурду коргонун айтты.
- Алтынай. Биз экообуз тен жапжашыл бийик тоодо журуптурбуз. Ушунчалык сонун кооз жер экен дейсин эми. Козун тойбойт. Экообуз айланага суктана карап жатканбыз. Анан эле ылдыйдан тоонун этегинен уулун колуна жетелеп жургон Зареманы коруп калдык. Анан сен аларды озубузго чакырып кол булгалап жаттасын. Бизди коруп Бектур суйунгон бойдон бизге карап чуркап келатса
- Алтынай карачы! Бектур басып калыптыр, деп мен суйунуп жатам.
Бектур бизге жакындаганда эле сен аны алдынан утурлай тосуп алып, колуна которуп алдын. Мен аркада конулсуз жай басып келаткан Зареманы коруп, Асанды издеп жатам. Аны тапай кыйналып жатам. Ошентип уйку соонун арасында,
-Айткандай Асан буларды башка жактан издеп журот эмес беле? деп, атып ойгонуп кеттим деди.
Алмаздын тушун угуп мен унчукпай эле ойлонуп жатта бердим. Анан оюма бир нерсе кылт дей тушту да
- Тушун укмуш туш экен! дедим ага кулуп
- Эмнеге?
Ал жаткан жеринен башын которо мага карады
- Бектурду колуна сен озун албай эле, мен которуп алыпмынбы?
- Ооба. Сен эмне мага ишенгин келбей жатабы?
Алмаз отура калып мага коздорун чон ачкан бойдон тан калыштуу тиктеп турду.
Мен анын кебетесин коруп каткырып кулуп жибердим.
-Байкушум десе менин. Алмаз сен эмне, мени эптеп эле ийге келтирейин деп эми туш да коруп жибердинби? Ха-ха...ха-аа!
Мен кулкумду токтото албай жаткан жеримден каткырып кулуп жаттым. Алмаз мени бир азга унчукпай тиктеп отурду да колуна балышты алып менин бетиме ыргытты. Ошентип экообуз алышып кеттик. Биз акыркы жолу качан минтип алышып ойногонубузду да билбейм. Алмаз экообуз бугун тан эртеден эле каткырыкташып болмону жаныртып кирдик. Озубузчо жашарып да алдык окшойт.
Ошол кундон бир жумадай убакыт отуп биз алыска жолго чыктык. Июнь айы болчу. Алмаздын коптон бери жолугуша элек армияда чогуу кызмат отогон достору атайын эс алуучу жайда жолугушмакчы болушуптур. Себеби алардын бироосу ошол жердин башчысы болуп иштейт. Барган жерибиздин жаратылышы аябай кооз тоолу жер экен. Жакшы эс алдык. Бир кун ал жерде туноп эртеси куну туш ченде кайра артка жол тарттык. Жолдо келатып мен машинанын айнегинен сырттагы жаратылыштын кооздугун тиктеп ойлуу келаттым. Алмаз алдынкы орундукта шафёр балага достору жонундо айтып берип жатты окшойт. Менин оюум дагы деле болсо Асанда. Ал азыр кайсыл жерде журот болду экен? Кимдер менен эмне иш кылып журот? Зареманы таппагандан кийин уйго баса бербейби эми. Анын эмне жумуш кылганын да ушул кунго чейин билбейбиз. Ал акчаны кайдан таап, кайдан ичип жеп журот. Азыр басканындын баары акча эмеспи! Анысы аз келгенсип машина айдап жургонучу? Жок. Биз туура эмес кылып жатабыз. Кокус балам жаман жолго тушуп жургон болсочу?
Менин журогум кысылып чыкты.
Ай балам ай, балам. Мени санаага салып эмне кылып журот экенсин. Сен бул Зареманын артынан журуп акыры эмне болоор экенсин? Же чындап эле мен туура эмес кылып жатамбы? Эмне кылсам?
Зарема демекчи алар жонундо мындан эки ай мурун тааныштарымдан суруштуруп билдим. Анын апасы чындап эле пенсиядагы мугалим экен. Коп жыл мектепте иштеп пенсияга чыккандан кийин да азыраак саат алып иштеп жургон экен. Анан Зарема тороп калып ал ошол байдон жумушка чыкпай калыптыр. Аялды жакшы адам деп айтышты. Эки баланы да озу жалгыз тарбилап чонойтту. Бирок Зареманын тороп, баласы менен уйундо отурганы айылда чон эле соз болуптур. Адамдар аны, биринчи куйоого барган жеринен баса берген учун ушундай тагдырга туш болду. Кетип бекер кылган. Назардан калган. Ошон учун да бактысын таппады деп айтышыптыр. Кээ бири
-Заремага каргыш тийген. Бир жакшы жерден баса берип туура эмес кылган. Мына эми эри жок, тороп коюп уят болуп отурат дешиптир.
Зарема биздин уйдон кеткенден кийин апасынын уйуно бир да барбаптыр. Кызык ал азыр каякта журот болду экен?. Откондо Усон айтып жаткан болчу. Асан бардык чек аралардан текшертиптир. Зарема кыргызстандан эч жакка чыкпаптыр. Ал ушул эле кыргызстандын бир жеринде журот болуш керек деп.
Менин оюум анын апасына кетти. Апасы Зареманы туугандарына же жакшыраак тааныштарына жонотуп жиберсе керек деп. Себеби ал баягыда биринчи Зареманын барчу жерин даярдап, анан биздин уйго барган. Ошон учун да ал бизге барып эле кызымды алып кетейин деп чечкиндуу айтпады беле. Демек Зарема ...?
Мен ойго катуу берилип кеткен экем. Бир убакта биз бараткан машина секирип кетип ичиндегилер чайпала туштук. Ангыча Алмаз шопур балага
- Акырын айда. Мына бул жерде да чункур бар экен. Анан калса ар жактан жолду суу басыптыр деп калды.
Машина бир аз жаай журуп биз акырын тегиздикке чыктык. Тегиз жолго чыгаарыбыз менен машинанын ылдамдыгы тездеди. Бир аз жургон сон мен жолдун боюнда турган адамдарга карадым. Алардын машинасы токтоп ичиндеги адамдар жерге тушуп турушкан экен. Биздин машина алардын жанынан ото берээри менен эле мен шофёрго карап кыйкырып жибердим.
- Токто! Токтот машинаны!
Машина акырын барып токтоду. Алмаз артына бурула мага карап тушунбой эле
- Эмне болду сага тынчылыкпы? деди.
- Алмаз эгер мен жанылышпасам бироону кордум!
Мен озумо озум ишенбей Алмазга карадым да, шашыла машинанын эшигин ачып жерге туштум.
- Кимди кордун?
Алмаз менин эмне болуп жатканыма жакшы тушунбой ал да менин артымдан машинадан тушту.
Экообуз турган ордубузда коргон козубузго ишенбей катып туруп калдык.

#119 17 Октябрь 2017 - 20:18
жакшы кино коруп жатканда реклама болгондой эле болуптур.Кызык жеринен токтоп.