Барс агайдын өздүк чыгармалары Барстан бытыгый, жөнөкөй аңгемелер, новелла, монолог, тамсил...
#141 10 Октябрь 2016 - 19:11
(кыска варианты)
Атайын жээрип, жашабай чогу,
Атчудай көздө болсо эгер огу.
Ай-жылда келип кабарын албас,
Ата-энеси оорубу, сообу?..
Андай уулуңдун барынан... жогу...
Кийими айтат жоктугун обу,
Кыйын эй билиш: маспы, же сообу?
Акылың айтсаң, асылат кайра:
«Аны өзүм билем, ишиң не?..» Жообу.
Андай кызыңдын барынан... жогу!
Бал сөзү менен томкоруп тоону,
Байлыгын талап келсе эле оңу,
Жарагын алып, коргобой элин,
Жашынып калган көргөндө жоону,
Андай жигиттин барынан... жогу!
Омоктуу ой жок бириксе ону,
Оорутат башын бир курсак тогу...
Каадалуу сүйлөп, кеңешин берчү,
Кайда ага, кокуй, Бакайдай болуу!
Андай карынын барынан... жогу!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#142 12 Октябрь 2016 - 13:14
#143 23 Октябрь 2016 - 17:27
#144 07 Ноябрь 2016 - 18:26
(Элегия)
Күз символу – сары жалбырак,
Карайсың не мени жалдырап?
Тамсаң дагы көздүн жашындай,
Таң калыштуу жүзүң албырат,
Күз символу – сары жалбырак!
Күз символу – сары жалбырак,
Калды жолдор... көздү талдырат.
Кайда жаз, жай, калпыс өмүрлөр?..
Калды сүйүү, муңдар калды ыраак,
Күз символу – сары жалбырак.
Күз символу – сары жалбырак –
Өткөн кезди эске салдырат.
Өмүрлөргө күздүн келээрин,
Ойлонбоппуз бир аз алдыраак,
Күз символу – сары жалбырак...
Күз символу – сары жалбырак,
Карабачы минтип жалдырап...
Сен карасаң, ичим өрттөнүп,
Сезим ыйлайт... денем шалдырап...
Күз символу – сары жалбырак...
Күз символу – сары жалбырак,
Коюу туман... туман бардык жак...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#145 24 Ноябрь 2016 - 01:46
#147 15 Декабрь 2016 - 00:14
Барс (10 Октябрь 2016 - 19:11) жазган:
(кыска варианты)
Атайын жээрип, жашабай чогу,
Атчудай көздө болсо эгер огу.
Ай-жылда келип кабарын албас,
Ата-энеси оорубу, сообу?..
Андай уулуңдун барынан... жогу...
Кийими айтат жоктугун обу,
Кыйын эй билиш: маспы, же сообу?
Акылың айтсаң, асылат кайра:
«Аны өзүм билем, ишиң не?..» Жообу.
Андай кызыңдын барынан... жогу!
Бал сөзү менен томкоруп тоону,
Байлыгын талап келсе эле оңу,
Жарагын алып, коргобой элин,
Жашынып калган көргөндө жоону,
Андай жигиттин барынан... жогу!
Омоктуу ой жок бириксе ону,
Оорутат башын бир курсак тогу...
Каадалуу сүйлөп, кеңешин берчү,
Кайда ага, кокуй, Бакайдай болуу!
Андай карынын барынан... жогу!
Мындай саптардан соң эргүү келбей койбойт го.. Бар болуңуз!
#148 22 Декабрь 2016 - 20:55
Оош-кыйыш татаал жолдо,
О, Жараткан, Өзүң колдо!..
Башыңа Күн туусун,
Аягыңа – Ай,
Көкүрөгүңдө – Жай.
Бакытың мол болсун аябай!
Көздөрүңө дайыма көрүнсүн – Жаз!
Жогорула, төмөндөбө пас,
Жазасын алсын дили кара кас,
Артта улуу тарыхың бар!
Алга карай ишенимдүү бас...
Берекең – Күз...
Барар жолуң болсун тегиз да, түз!
Актыгын берсин сага Кыш,
Ар дайым болгун кырсыктан тыш!
Сага буюрсун түбөлүктүү өнүгүп, өсүүчү өлчөм,
КЫРГЫЗ ӨЛКӨМ!
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 22 Декабрь 2016 - 20:58
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#149 23 Декабрь 2016 - 15:15
Барс (16 Апрель 2016 - 10:03) жазган:
Эми бир аңгеме анда...
Жаңы келин
“Келин келди!” – деп тапырашып, урук-тууганды чогултуп той берип, ата-эненин кубанычы койнуна батпай, кайын эне: “эми колум узарып, тириликтен башым бошоп, мен да башка аялдардай кериле басып, келиндин ысык чайын ичет экенмин” деп, өзүнчө эле кудуңдап, кайын атасы: “эртең мененки дааратыма сууну байбичем тампаңдабай келиним даярдап берет эми”, – деп көңүлү ток, Кудайга шүгүрлүк келтирип, бейгам болушуп калышты. Бул тилектер келинин кулагына кирсин деп, бирөө жарым келип калса да, мактана айтып, бир дасторкондо отурганда да сөз арасына кыпчып, тамак жешип бүткөндөн соң, бата кылаарда да дубасына кошуп жатышты.
Бирок... натыйжа боло бербеди. Келин андай жумуштарга ык салбай, эрмеги телефондун адебин берип, кулагына сайып алып, музыка укмай, “одноклассникке” чыкмай, бир аз алаксыса, күзгүдөн бети-башын карамай... улана берди. Кайнене мурунку эле үй кызматындагы аялдын ролунан бошой элек. “Жаңы келди, жаңы үйгө үйүр алышса анан жаш неме үйрөнүп кетээр...” дешип үмүттөнүштү. Ошентип, арадан ай өттү. Бирок, өзгөрүү болгон жок. Же эр жаныбары, өзүнүн уулу, андай-мындай деп шартты айтып, козгоп койбоду.
Түштүктүн элин билесиңер да, таң эртең менен суу сээп, эшик шыпырмай адаттары бар. Бир күнү кайын ата менен кайын эне мастаат курушту:
- Байбиче, - деди абышка – бу дейм келиниңдин тиричиликке козголоюн деген ою жок окшойт го? Эмне кылабыз? Жылмалап айткан сөз акылына жетпей жатат өңдөнөт?..
- Э, жаш да, чал, бир күнү нысабына келээр, күтөлү.
- Келгенине бир ай ашып баратат, андай ниети билинбейт го?
- Анан эмне кыл дейсиз?
- Мындай кылалы, Эртең менен эрте турганда, намаздан кийин, эшикти мен шыпырып калайын, сен:” Коюңуз, уят!” – деп шыпыргыны менин колуман ал. Мына ушуну көрүп, уялаар да, ишти баштаса, ажеп эмес – деди кайын ата. Макулдашышты. Эртеси айтылгандай абышка эшикке суу сээп, шыпыра баштады.
Аны бир аздан соң байкап калган киши болуп, байбиче үнүн катуу чыгарып, чыр дей түштү:
- Ой, чал, мине кылып атасыз, кокуй!
- А эмне болду? Сага жардам берейин деп эшикти шыпырып атамын.
- Ой, өлдү-үм, көргөн эл эмне дейт? Аялы, жапжаш келини туруп ( “жапжаш келини” дегенди баса, катуу айтты) сакалын сүйрөп, өзү эшик шыпырып жүрөт деп, эл аягы менен күлбөйбү?!
-Анан күндө эле сен шыпырасың, кой, бүгүн мен эле шыпырайын... – деп ишин улантканы дагы баштады эле, аялы шыпыргыны талашып: “коюң эле, коюң” деп андан да бийик үн менен чуу көтөрүп калды. “Жоок, коё бер, шыпыра берем”, - деп кайын ата шыпыргыны бербейт.
Мына ушул убакта кызык болду.
Жаңы келин ич көйнөкчөн, чачтары апсайган бойдон айванга чыгып, байкап турган экен, бир аздан соң:
- Ой, эмне жаңжал? – деди жогорудан үн салып. Шыпыргы талашкан экөө шыпыргыны эки жагынан кармаган боюнча келин жакты карашты.
Бир жалт карап алып, кайын ата жер тиктеди, кайын эне:
- Атаң сакалы менен эшик алдын шыпырып жатыптыр, аял киши үйдө жок өңдөнүп... Ошону “коюң, уят” деп атканым.
- Эй ушуга да ушунча шум-гамбы?! Үйдө шыпыргы бирөө элеби, эмне балээ?
- Ооба, бирөө... – деди оозу ачылган кайын эне.
- Андай болсо, таң азандан кишинин уйкусун бузуп, тынчын албай, бир күн бириң, экинчи күнү кийинкиң шыпыра бербейсиңерби? Бош турганың чай коюп кой... Ушуга да чоң акыл керекпи, вот, деревенщина! .. – деди да, кайра ичкериге кирип кетти.
Шыпыргыны кармашкан бойдон кайын ата менен кайын эненин ылдыйкы ээктери жерге түшүп калды!
Сиздикичи, урматтуу окурман?!
16. 04. 2016-жыл.
Менин да ээгим түштү..
Кудай бизге ыймандуу, жакшы келин туш кыла көр..
Мен да кайын журтум нааразы эмес, ыраазы эле болгон келин болсом экен..
#150 24 Декабрь 2016 - 00:25

Ушул чыгарманыз абдан сонун жазылыптыр, бар болунуз. Дагы да чыгармачылык ийгилик!
#151 18 Январь 2017 - 09:09
Буркурап ыйлай албайм...
Кан чыгара эринимди кесе тиштеп...
Оюмдун баары азыр
“Манас” аэропорту... Дача-СУ... Бишкек...
Буркурап, үн чыгарып ыйлабаймын,
Көздөн аккан жашка гана күчүм жетпейт...
Аптыктырып сөз айттырбайт Аттиң, Арман!
Көөдөнүмдү кулап түшкөн учак жарган!
Жан дүйнөм... тебеленген
жапжаш кагылайын наристедей,
боюнда бар периштедей,
куйкаланып күйүп калган, жалп өчүп өлүп калган...
“Боорум!. . “ – деп салт боюнча көнүп калган,
өкүрө албайм!
Анткени, өзүмө өзүм сөз бергенмин:
“Мындан нары элим толот!
Бир ажайып жыргалдуу заман болот!
Кайгы соолот!..
Муң жоголот!..
Жанымды эми кыйнабайын!
Жакшылыгы көбөйөт - кубанайын,
эми түк ыйлабайын... ”
... Бугумду чыгара албай,
Буркурап ыйлай албай,
Турамын эс-мас болуп...
Кан чыккыча эринимди кесе тиштеп...
Оюмда жалаң гана Аза сөзү...
“Манас” аэропорту... Дача-СУ... Бишкек...
Аксы. 16.01.2017-жыл.
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#152 21 Январь 2017 - 15:08
Сага салган мунара урап калган,
Сага белек гүлдесте куурап калган.
Сүйүү акпайт күтпөгүн жан түтүктөн,
Сен тарапкы тетигин бурап салгам!
Жаркын маанай мезгилдер ыраак калган,
Жан жыргаткан кол жуугам ыргактардан.
Ал кездеги акын жок шайыр-шатман,
Азыр муңдуу күү чертип, ырдап калган.
Үшкүрүнгөн бир күйүт турак алган,
Үстү-үстүнө салтанат курат арман.
Сени деген жок азыр тирүү жүрөк,
Сезим тилген сөздөрүң туурап салган.
...“Өкүнгөндөн, күйүттөн өзү дагы
өлдү...”– дешээр, анысы, бирок жалган!
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 22 Март 2017 - 21:26
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#153 01 Февраль 2017 - 10:51
Өчөр элдин балдары,
Бирине-бири тыңсынат.
Алдап алган байлыгын,
Аш кылалалбай ынтыгат.
Өсөр элдин балдары,
Бирине-бири дем болот.
Өзү ачка болсо да,
Элине көөнү кең болот.
Өчөр элдин ичинен,
Өзүм деген чыр чыгат.
Биримдикти жактырбай,
Үрүп турат ыркырап...
Өсөр элдин ичинен
Элим деген тың чыгат.
Эл ичи бейпил, токчулук,
Ээлеп турат ынтымак.
Өчөр элдин ичинен,
Өпкө чыгат кыз-жигит.
Эң акыры уялтат...
Элин итке мингизип.
Өсөр элдин ичинен
Өнөрлүү чыгат кыз-жигит.
Көкөлөтөт улутун,
Көп элдерге билгизип...
.................. ...................... .....
Ушул деле жетишээр,
Узартпайын калганын...
Алгылыктуу кайсысы,
Акыл калчап аңдагын!
Кандай жол сага ылайык,
Кыргызым, өзүң тандагын!
1.02.2017-жыл.
Кара-Көл шаары.
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 01 Февраль 2017 - 10:57
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#154 01 Февраль 2017 - 12:04
#155 10 Февраль 2017 - 08:07
Айрымасы асман, жер какыр чөлдөн,
Аккан суусу ортосун жара бөлгөн.
Саратаны сапсалкын, кышы карлуу,
Салам сага, досторум, Кара-Көлдөн!
Кара-Көлдүн көлү бар, жок карасы,
Кара-Көлүм – Кыргыздын токканасы!
Шаар тыптынч, бейпилдик ээлеп турат,
"Шапар тепкен" жок экен шок баласы.
Форель кармап Нарындан жешет экен.
“Фонары – биз өлкөнүн” – дешет экен,
Башка шаардай, кыштактай, анткен менен,
Биерде да жарык тез-тез өчөт экен...
Бийик тоолор арасы асман челген,
Баарыбызга ток берген, жарык берген.
Баарыңарга оң заряд салам жолдойм,
Бакыт шаары, ток шаары – Кара-Көлдөн!
9. 02. 2017-жыл.
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#156 20 Февраль 2017 - 12:08
Айлана бир заматта,
Ак таңга айланат да,
Тизиле куттук айтат,
Тил бүтүп айбанатка,
Мен сага жолукканда!
Теребел жытка толуп,
Тектирде гүлдөр жайнайт.
Куюлуп сезимдерге,
Куштар да ширин сайрайт,
Мен сага жолукканда.
Көңүлүм көктү сермеп,
Кайгымды унутамын.
Кеселден айыгамын,
Кезигип Улукманым,
Мен сага жолукканда.
Сүйүүнүн күчүн көрчү,
Сүйүнүч, таалай артып...
Бир гана эңкем кесет,
Басынтып тартынчаактык,
Мен сага жолукканда.
Керемет күндү кут кыл,
Кетпе эй, жүрөк, атып...
Бакыттын кереги не,
Балкыткан мындан артык!?
Мен сага жолуктум да!..
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 20 Февраль 2017 - 12:10
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#157 21 Февраль 2017 - 01:25
Барс (10 Февраль 2017 - 08:07) жазган:
Айрымасы асман, жер какыр чөлдөн,
Аккан суусу ортосун жара бөлгөн.
Саратаны сапсалкын, кышы карлуу,
Салам сага, досторум, Кара-Көлдөн!
Кара-Көлдүн көлү бар, жок карасы,
Кара-Көлүм – Кыргыздын токканасы!
Шаар тыптынч, бейпилдик ээлеп турат,
"Шапар тепкен" жок экен шок баласы.
Форель кармап Нарындан жешет экен.
“Фонары – биз өлкөнүн” – дешет экен,
Башка шаардай, кыштактай, анткен менен,
Биерде да жарык тез-тез өчөт экен...
Бийик тоолор арасы асман челген,
Баарыбызга ток берген, жарык берген.
Баарыңарга оң заряд салам жолдойм,
Бакыт шаары, ток шаары – Кара-Көлдөн!
9. 02. 2017-жыл.
Охоо жакшы жазылыптыр. Бирок Кара-Көлдүн балдары бейбаш, наспай, тамеки чеккен балдары коп! Тоноп кеткен дегендей
#158 23 Февраль 2017 - 16:54
Антсе да быйыл Кыргыз жергесинде орчундуу окуя болгону турат. Бул - шайлоо! Адилет, сергек, эмоцияга алдырбай, акыл менен таза өткөрүүгө ар бирибиз өз салымыбызды кошолу! Ар-Намыс, Абийирибизди сактайлы, сатпайлы! Кээлер, балким, бул айтканды эрте дээр! Мага эскертүү парыз, аткаруу сага карыз, тууганым! Ошого карата бир ыр!
КӨЗҮҢДҮ АЧ, ТУУГАНЫМ!
Кокуй алат, башталдыбы баягы эле,
Коркутуулар, боктошуулар, жаакташуу?
Коколосо тууганчылык, жердештигиң,
Кокту-сайга бөлүнүүлөр, жаатташуу.
Абийирлери төгүлгүчө, ыр кор болуп,
Арзыматтар ортосунда жамакташуу.
Ачкалардын абалынан пайдаланып,
Ар-Намысты сатып алар табак ташуу,
Ал аз десе арам оокат эсебинен,
Азын-оолак, болор-болбос акча чачуу,
“Кайран элим, мен шайланбай кор болдуң!..” – деп,
Кабыргасы кайышкансып, калптан “жашуу”...
..................... ...................... ...................... ..........
Тагдыр жолуң татаалдашты. .. жашың тамды,
Таштабастан таштандыга таштандыны.
Далай ирет оозу күйгөн тууганым а,
Дагы эмне, эски “адатың” башталдыбы?
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#159 01 Март 2017 - 22:32
Калайык, кабарсыз калбагыла:
Жаз келди...
Чыш-ш, эй... Чуулдабагыла. ..
Жаш Жазды чочутуп албагыла!
Ай, кантет?
Акырын... акыр-ын!
Жаз келди 9 ай жол басып,
болжолдо 705 миллион чакырым.
Муз жарып баш баккан көпкөк чөп...
Же канаты көркөмдүү көпөлөк
таризде,
Жаз келди наристе!
Балкылдап ийисин Жер-Эне,
Конуштап кут кирген жергеме,
Биротоло тиккиче жапжашыл чатырын,
чачканча жергеме атырын.
Шыбырап сүйлөшкүн акырын...
Акырын Жаз келди!
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 01 Март 2017 - 22:34
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#160 22 Март 2017 - 21:21
Накыл сөздөн эч ким ката тапкан эмес,
Наадан кептер бирөөгө да жаккан эмес.
Байкагының, ой-мүдөөңө дал келбесе,
Башкалардын баарысы тең акмак эмес.
Эстүү башчы калктын мүлкүн чачмак эмес,
Эл да каардын капкактарын ачмак эмес.
Перзентиндей көрүшкөндө букарасын,
Президенттин экөөсү тең качмак эмес.
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...