Титиреп ,калчылдап ,журогум оозума келип согуп аткандай болотат... Эч бирибиздин башыбызга мындай азап туш болбосун,Ыйык Рамазан айында коп коп дуа кылып сураналы жакшы уй булоону .
Эх тагдыр Тагдыр
#262 14 Июнь 2017 - 05:57
Ит жандуу аял экенсиз го.Кайра кетип,кайра келип,кайра сабап,кайра кечирим сурап кыскачы тажатты.
#263 14 Июнь 2017 - 07:22
Бул жолу кетпейм дедим.Эркек болсон сен кет.Бул уйду балам учун салгам балам жашайт дедим.Мас болуп келген куну машинанды ме, мага кереги жок деп ключун ыргытып жаткан эле.Алып кел деп ключту алып алдым.Уятын болсо сенда иштеп балдарынды бак дедим.Уйго келип уч кунго даватка чыгып кетти.Келип уйдо бир жума туруп Россияга иштегени кетти.Мектепке каникулга чыккан маалда келип автошколго окуп права алдым.Машинаны сатып жакшыраак машина алдым.Куйом иштеп акча сала баштады.Акчаларын топтоп жаттым.Бир эки жыл келбей иштеди.Шаардан 12сотых жер алып койдум.Кайненем бир азда болсо карылыкка мойун сунуп баштагыдай болбой калды.Бирок чон абысыным кайнагам менен кечке киришет.Куйондон канча келди.Кемпир чалдын пенциясын эмне кылдын.Же кайнагам почтодон эрте барып алып алчу.Шаардан жер алганыма тымызын жинденип журушту.Жоош былбыраган болбой калдым.Абысыныма тен келип урушчу болдум.Корсо жашоо озу баарын уйротот экен.Чон кызым беште окуп,уулум учто окуп,кичине кызым торт жашар болгондо куйом келди.
Кайнагамдар дале келип киришип жатышты.Абысыным торобогон аял болчу.Баарын молдого окутуп салганбы эч кимиси ойдо карап суйлошбойт, бирок артынан баары жамандашчу. Кайнежелерим айтышчу: бул баарыбыздын тилибизди байлатып салганбы, барып айтабыз деп келебиз,келгенден кийин айта албайбыз деп.Урушчаак эч ким менен мамиле кылбаган аял.Кошуналар мененда кириш чыгышы жок болчу.Куйомо жакын синдилерин алып берем деп журчу экен эле.Ушулардын баласын багып алам дечу экен.Куйом мени алып качып келгенде :-мен баарыбир силерди жашатпайм -деп айткан эле дейт куйом.

#264 14 Июнь 2017 - 07:34
Жазыныз эже кутуудобуз.
аял заты ушундай экенда азыркылар чыдабайт мындайга.апаларыбыз чыдап жашай бергенда бала бар деп.
#265 14 Июнь 2017 - 07:47
Кыскартып бутуруп салайын.
Кайнагам менен абысыным уйго келе жатканда кадимкидей нервтен калчылдап кетчумун.Дагы эмнени баштайт экен деп.Бир куну чачымды тарап жатсам аппак болуп кетиптир.Коруп алып ыйладым.Жашоомо таарынып ыйладым.Жоолук салынып жургонго байкабапмын эле.
Куйом бир -эки ай туруп кайра кетти.Кетип бара жатып уйдон бир торпокту сатып жолгире кылып кетти.Тунку саат эки жарымда учту.Куйомду узатып аеропорттон салып келдим.Машинемди айдап журом.Туну менен уктабай айылга тоого кеттим.Мектепте сабагым бар болчу.Бир эки саат уктап алайын деп эми эле жаткам.Кайнагам адатынча кыйкырып келди.Эки барак кагаз которуп алыптыр.Дагы эмне болуп кетиптир деп турсам,куйомду сотко берем деп келиптир.Ии неге десем короодогу торпокту уурдап сатып кетти дейт.Ал озубуздукугоо десем эч кандай бул малдын баары атамдыкы дейт.Бизди чакырып уруксат албады дейт.
ДОСТОР МЕН МЫНДАЙ УЙ БУЛОНУ ЭЧ КОРБОГОМ.Озундун корондогу малгада ээ кылбай калды.Айылдагы элдерде кайнагамды согуп жатышты уяты жок экен.Киришкенин койбоду деп.Куйомда айылга тааныш эле адамдарга саткан экен кайнагам алып келип алыптыр торпокту.Элдер уяты жок деп тилдешсе,торпокту алып калып акчасын алпарып бериптир.Ушундай кылыш шарт беле.Озуда,инисида(куйомда) элге уят болду.Куйом жеттим деп мага чалды эле баарын айттым.Билбейм сенин туугандарына соз жок дедим.Жинденип эле калды.Кошуна аялдар айтышчу сага тан калам.Сенден башка бироо болгондо инсульт болмок,же жинди болуп кетмек деп.

#266 14 Июнь 2017 - 08:04
beka2605 (14 Июнь 2017 - 05:57) жазган:
Ит жандуу аял экенсиз го.Кайра кетип,кайра келип,кайра сабап,кайра кечирим сурап кыскачы тажатты.
Ит жандуу дегенинер эмнеси?
Автор аябай эле кыйналыптыр, окуп отуруп козумо жаш келди,унум кысылып,буулугуп айтор чын дилден кейидим,тагдыр болбой олсун. Кайнене да бир кызыктай аял экен, журогу ташпы эмне.
Кыскартпай кенен жазынчы
#267 14 Июнь 2017 - 09:10
Кыскартпай эле жаза беринизчи эже.
Кутуп окуйбуз,сиздин баскан жолунуз,тагдырыныз кээ бир обу жок кыздарга ,Болбогон нерсеге тырандап качкан келиндерге, каттуу чучкурсо чочуп кеттим дегендерге сабак болоор эжеке!
Мына жаш туруп ушунча кыйынчылыкка чыдап,бел байлап жашадыныз.
Азыр кыз -уулдарыныз чоноюп бактылуу болсонуз керек деп болжоп жатам!
Себеби сиз бактылуу болушка татыктуусуз!
Суйдум куйдум,олдум калдым дегендерден сиздин баштан откон тагдырыныз алда канча маанилуу,тарбиялык мааниси бар экен.

#268 14 Июнь 2017 - 10:17
Кыскартпай эле убактынызга карап жаза берин жаштарга сабак болчудай
#269 14 Июнь 2017 - 11:16
Азыркы жашоон ойлондурду кайнагана соз жок экен.Коп ойлонбо баарын озуно албай жакшы жур.Ушул кыйналганындын акыьети кайтсын.Уул-
кызындын урмат сыйын кор.Убактына карап кенири жаза бер.
#272 14 Июнь 2017 - 13:00
#273 14 Июнь 2017 - 13:21
Эже сизге аябай оор болуптур ичиниздегини жазып айта берин бир аз да болсо женилдейсиз
#274 14 Июнь 2017 - 14:38
Кыскартпай жаза бериниз.Сиздин жашоодогу басып откон жолунуз бизге чон сабак болот.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
#275 14 Июнь 2017 - 15:21
Рахмат баардык жакшы ой тилектерге.
Ден соолугума кам коруп бугун санатория келип жаттым.Буйруса кеч улантам.
#276 14 Июнь 2017 - 15:28
Аябай тирликти кылган мыкты аял экенсиз. Озунузду озунуз камсыз кылып, балдарынызды да багып кете турган болгон экенсиз.Акчанызды башынан эле бекитип топтоп, шаардан уй алып, бул дармоед-извергди таштап эле кетпепсиз.
Бирок бул турмуш, бизге(окуп аткандарга) оной корунгону менен, сизге кыйын болгон ошону кылыш. Себептери болгондур.
Теманыз копторго сабак болчу тема экен.

#278 14 Июнь 2017 - 16:11
Турмушка аябай тын экенсиз, тан бердим. Бизге да ушул сапатыныз жуксун,жуксун.
"Мен уйдон кетпейм деп чечтим, жолдошум Россияга иштеп келууго кетти" деген жерде "охх" деп эле женилдей туштум го))) "Наконец ар ким оз ордун табат экен: апасы балдарынын жанында, атасы булосун багып" деп. Бирок бул кундорго жеткичениз чачыныздын агарганын окуп...эхх...ушундай кундордо эзилбей эбин таап, жоктон бар кылып кеткениниз мен учун чон сабак. Жазып коюу оной, бирок ошол эки ооз соз, бир абзац ичинде сиздин коптогон коз жашыныз, миндеген ой-толгоонуз, санааларыныз, бир чечимге келгенче далай ирет талданган келечекке коюлган кадамдарыныз жатат го, эже. Бир эмес,далай ирет келген сыноолордон озунузду жоготпой, башты бийик которуп откондугунуз абдан таасир берди.
Кайра-кайра кайталап окуй турган баян экен, омурунуз.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#279 14 Июнь 2017 - 18:40
Оо Кудай мынча азап берген!өтө чырак экенсиз.Бактылуу болүңуз
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#280 14 Июнь 2017 - 20:05
Ар бир калтырган билдируунуздо ото чоон сабак жатат эже.. Бизге окшогондор окуп тирилет экен кичине,жашоого башкача коз караш мн карап калдым. Соодага эбин таап бышканыныз,
уй салганыныз,
машина,жер...
Бала-чака,куйоо,
кемпир чал,тууган-урук,
,,айтоор озунуз менен сыймыктанып эле отура бере турган аял экенсиз,жанынызда болсом,бекем кучактап ооп коёт элем).