Бул озу жигиттерге тиешелуу окшойт го. Сунуш- кыздарга кайрылганыбы ошондо?
Жигиттерди, айымдардын "жылдызына" карап билип алалы Айымдар үчүн мырзалардын “кызыктай” жылдыз төлгөсү
#142 02 Май 2017 - 16:00
FIANIT (22 Декабрь 2011 - 14:34) жазган:
Кой
Беткабы – «чыныгы мырзалык» таасир калтырат. Өтө ынак, ойлобогондой батымдуу, кээде жоомарт, берешен.
Алсыз жактары – досторунун өтүнүчтөрүн кабыл албай коё албайт. Жадатма сөздөргө жана иштерге чыдабайт. Ден-соолугуна анча көңүл бурбайт. Баш ийүү дегенди билбейт. Себепсиз эле жоголуп кетип, кайра пайда боло калганды жакшы көрөт.
Сунуш – анын ашыкча энергиялуулугу жана жекечилдигинин артындагы камкордукка муктаж жаш баланын мүнөзүн байкаганга аракет кылыңыз.
Букачар
Беткабы – бейпил, тынч жашоодо жашагандай болуп көрүнөт. Үйдө эптүү кожоюн. Тырышчаак келет.
Алсыз жактары – көк бет. Айымдарга баш ийип калуудан коркот. Сөз менен тоону томкоро берет. Билимдүү маектештерден качат. Таттуу тамактарды жактыргандыктан бат эле толуп кетет.
Сунуш – дайыма эркелетип туруу керек.
Эгиздер
Беткабы – сүйкүмдүү жана акылы курч. Өзгөчөлөнүп турууну жактырат жана тапкыч. Кандай гана коом болбосун бат аралашып кетет.
Алсыз жактары – колунан келбесе деле сөз бере берет. Эки коёндун аркасынан чуркаган учурлары көп болот. Эмнени каалап жатканын кээде өзү деле билбейт.
Сунуш – жашоодогу максатын аныктоого жардам берүү керек. Андан кийин ал максатка жетишин көзөмөлдөп туруу зарыл. Эгиздерге эки сүйүү, бирок бир эле аял керек.
Бөйөн
Беткабы – айымдарга карата болгон сезгичтиги күчтүү. Аябай камкор. Берилип маектешкенди жактырат.
Алсыз жактары – өткөндү эстеп жарасын ырбата берет. Жалгыз калуудан коркот. Кирдеп калса да жакшы көргөн кийимин чечтире албайсыз. Абдан алсыз, көп сүйлөбөйт, сергек, бирок күңкүлдөй бермей адаты бар, кежир.
Сунуш – жини келген убакта жалгыз калтырыңыз. Аны эсине келтире албасаңыз, оорумуш болуп коюңуз.
Арстан
Беткабы – сүйкүмдүү, көрүнүктүү сырткы келбет жана кийим. «Айымдарды өзүнө тартып алуучу» баркын сактап туруусу ал үчүн абдан маанилүү. Өзүн романтик, берешен элестетет.
Алсыз жактары – өзүнө болгон көңүл коштук мамиледен коркот. Жакшы көргөн отургучу, гезит жана коньяк болсо болду. Коомчулукта жолу болбогон киши болуп көрүнүүнү каалабайт.
Сунуш – сиздин падышаңыз экенин билдириңиз. Ошол эле убакта сиз падышанын аялы экениңизди унутпаңыз. Эң негизигиси – чексиз суктануу, мактоо жана тазалык.
Бийкеч
Беткабы – таза акыл-эс жана бардык жерде белгилүү бир системанын болушу. Дайыма так жүрөт. Өзүн өзү башкара алат.
Алсыз жактары – алгач жашоодогу көз карашын табышы керек, андан кийин гана ага карата багыт алат. Акылында түзүп алган негизден чыга албайт. Жоопкерчиликтен коркот.
Сунуш – ишениминен тандыра алсаңыз, мурунку көз карашынан кайтарып, башка көз карашка келтире билсеңиз, анда бул мырзаны колго алганыңыз.
Тараза
Беткабы – жагымдуу жылмаюу. Сүйкүмдүүлүгүн көп колдонот.
Алсыз жактары – кыялкеч, маселелер өзүнөн өзү эле чечилип калат деп ойлойт. «Жок» деп айта албайт. Сулуу айымдарды көрсө «акыл-эсин»жоготуп коёт. Көркөмдүүлүктү, сулуулукту жактырат.
Сунуш – бардык чечимдерди өзүңүз кабыл алыңыз. Бигуди, халат дегендерди анын көзүнчө тагынбаңыз, кийбеңиз. Жарашыктуу көйнөк, кооз бөлмө, шаан-шөкөт, шам болсо – мырза толугу менен сиздики.
Чаян
Беткабы – көрөгөч. Күчтүү жана ишендүү адамдын таасирин берет. Жаратылышынан эле психолог. Жашоонун бардык соккуларына туруштук бере алат.
Алсыз жактары – түрдүүчө кубулуп-кулпурган айымдарга ырайымсыз мамиле кылат. Анын өзүнө гана тиешелүү жүрүм-турум эрежелери бар. Ичиндеги карама-каршылыктардан улам көп ооруйт.
Сунуш – сизден чыдамкайлык жана берилгендик талап кылынат. Ал жакшылыкты да, жамандыкты да дайым эстеп жүрөөрүн унутпаңыз.
Жаачы
Беткабы – келбеттүү, ысырапкор, шайыр. Айтуусу боюнча, бардык маселелерин чечүүчү тааныштары көп. Спортту жактырат... телевизордон көргөндү.
Алсыз жактары – Өткөн-кеткенин жашырбайт, анын ичинде мурунку сүйүүлөрүн да. Дайым «бойдок»!
Сунуш – үйгө жана үй-бүлөгө байлабаңыз. Өзүңүз эркиндикти жактыраарыңызды билдириңиз. Кээде сырдуу телефон чалуулар же гүлдөр менен анын сизге болгон кызыгуусун арттырыңыз.
Текечер
Беткабы – ишенимдүү. Түбөлүк сүйүүгө кепилдик. Эмоционалдык жана материалдык абалдын туруктуулугу.
Алсыз жактары – никесиз өзүн алсыз сезет. Сезимдерин билдирүүдө, эркелетүүдө кыйналат. Бирок, өзү сүйүүгө муктаж. Башкалардын аны барктап, мактап, суктанып туруусун каалайт. Үй-бүлөлүк бюджетти көзөмөлдөп турат.
Сунуш – аны жарашыктүү кийимдер менен, сулуулугуңуз менен өзүңүзгө тартып алам деп ойлобоңуз, анын ордуна кандай кожойке экениңизди көрсөтүңүз.
Суупери
Беткабы – кыялкеч көз караш, ойлору алыстарга учуп кетет. Эгер сизди какшыктап жатса, анда жактырып калды деп түшүнүңүз.
Алсыз жактары – мейли адам болсун, мейли идея болсун жаңы жана өзгөчө нерселердин баарына ашыга берет. Материалдык байлыкка баш ийбейт. Эркин болууну каалайт.
Сунуш – аны дайыма кызыктырып туруңуз. Бардык сырларыңызды ача бербеңиз.
Балык
Беткабы – шайыр күлкү, кыялкеч көздөр, романтизм. Дайыма кайгыңызды тең бөлүшүп, жаныңызда болууга даяр.
Алсыз жактары – көпчүлүк убакта реалдуулуктан алыс болот. Тамактанууну да унутуп калат. Өзүнүн ыңгайлуулугун ойлонбойт. Досторуна жана сүйүктүүсүнө өзүн толугу менен арнап коёт. Анын күлкүсүнүн артында кайгы-капа, санаа сакталуу.
Сунуш – анын кыялдарына шек келтирбөө керек. Анын ордуна кошо кылданып, аларды ишке ашырууга жардам бериңиз.
Гулира КАЛЫКОВА
#143 02 Май 2017 - 16:34
анчалык деле эмес коооо. Суперимин, кыялкечтигим чын, бирок калгандары андай эмес.