Бул сезим Келем дедиң, күтүп жүрөм...
#121 24 Июнь 2017 - 19:33
#122 25 Июнь 2017 - 20:44
Апам байкуш тырмалап, термелеп огородто журот. Айтмакчы, суйунчу, менин операция болгонум атамды сестентсе керек, акыркы кундору ичпей калды))) Оххх.., уйдо тынчтык орноп сергип калдык. Классташтарым гул, торт-порт которуп келип учурашып кетишти. Арасынан Умутайды ала качып кетип, отуруп, турмушка чыкты. Куда тосуп журот уйундогулор. Ииийй.. куда тосконун да азап турбайбы. Ата-энеси куда келет деп уйун ремонт кылып, жаны мебелдерди толтурду, апасы жайнатып тошок тигип атат, сеп берет го кыязы, байкеси бир жылкыны айланчыктап жем, суу берип байлап журот. Уйу биздин огородтун ары жагында. Аларды карап отуруп, "куйоого тийгенин да азап турбайбы" деп ойлонуп коем. Чын эле эгер мен турмушка чыксам ата энем кантип тосот кудаларды? Уйдун кебетеси бул, атам болсо тигил. Кудалар тараптан бери жагы жыйырма киши келип ит жаткан жерден бери сынап кетишет да ээ? Мына он тогузга чыктым. Кудайым ааай, атам ушул жонундо ойлонду бекен? Койчу ай, мага азыр кайдагы куйоо? Окуп, иштеп ата энемди буттан тургузушум керек. Эки иним не мага окшоп кудайым балт эте алтын сертификатты бермек беле.... ииий, уй жайды ондоп тузоо да оной эмес.... эххх,, бир сумка акча таап алсам(мынтип баары кыялданып чыкса керек) атамды кантип арактан сууруп чыксак экен? Кодировка кылдырсакпы? Анда ичип алса эле олуп калат дейт. Жок, жок кандай болсо атам да, карааны эле че стоит? Ичпесе жакшы киши. Уфф... башым ооруп чыкты, тууй... ата дарыгер мени коп ойлонбо дебеди беле. Кызык, ойлонбой жашоого мумкунбу? Дары ичээр маал болду, кой апама жардам берейин тамак жасап, кайра уктамай. Тиги Vefaда иштеп жургондо жаман наалыдым эле чарчап, окуу, жумуш деп. Мен жинди чалыш ошол кундорум жыргал экенин билбей кейигенимди айтаар киши жок. Азыркы учурдан да жаман учур болот экен. Шугур.. шугур кудайым, операциядан аман эсен чыктым, майып болуп калсам эмне болот элем? Бррр... денем дуркуроп кетти го. Баары жакшы болот, болгону кудай ден соолук берсе иштеш керек, иштеш.. эээккк, дарыгер ойлонбо дебеди беле. Ойлор таак башыман чыгып кеткиле, азырынча силерге орун жок, таак чыккыла, башымды силкилдетип ойлорду айдап жатам))) оффф... дарыгер башынды чайпаба деген....кашайгырдыкы унутуп калган турбаймбы(((
Билдирүүнү түзөткөн: NIkalike: 25 Июнь 2017 - 20:45
#123 25 Июнь 2017 - 21:01
Эээ... достор ушинтип жайы менен ойлонуп, философ болгону аз эле калдым. Менин ооруган башыма кошуп, силердин да башынарды ооруттумбу?
Уч айдан кийин шаарга жонодум. Атам акча таап берди. Бироонун сарайын салышты жайы менен. Ат баспайм деген жерин мин басат деген чын. Айланып эжемдикине келдим. Бирок былтыркыдан гумандуу болуп калганбы же мени аяп жатабы айтор унчукпайт. Окууга жай барып, шашпай келем. Деканатка справка бергем. Башым ооруп кетсе уйго кетип калам.
Медина Жылдызга очошуп алып, кайра-кайра менин абалымды сурап уйго келген адат тапты. Эрмек болсо Жылдыз менен анда санда жолугуп журуптур. Жылдыз болсо Эрмекти Мединадан ашып суйуп калыптыр байкуш. Ах, Эрмек, Эрмек тим эле муну кара, жактырасынбы Жылдызды? десем "жок" дейт, планды болсо токтотконбуз. Деги ага не керек?
#124 28 Июнь 2017 - 02:45
Мен борбордо окуу менен алек боло кыш да келип калды. Эрмек менен Жылдыз кыз жигит болуп суйлошуп жургонун коруп ичим орттонуп жатса да сыртымдан жылмая аларга бакыт тилейм. Анткени мен Эрмекти суйом.... Эжемдин кызын эмес алысыраак бироо менен журсо унутууга ачко болоор беле?
Андан коп отпой атам ооруп калды, ашказаны. Аракты коп ичкенге болсо керек кан кусуп аябай кыйналды. Чиедей эки иниме атамды кошо апам шаарга келди. Атам оор абалда, апам ооруканада жанында. Менин башым жакшы болгону менен бир аз куч келсе эле ооруйт. Атам менден ото дарыны уучтай ичип жатат. Эшикте суук. Ошондогу кыйналганыбызчы((((
Туугандар бир жардам берет, эки, бирок алардын ар биринин уй булосу бар. Атамдын териси соогуно жабышкан арыктыгын коруп аяп кетем. Мейли арактын артынан тушуп ичти, бизди толук кандуу баккан жок, бирок ал менин атам. Аны жек корууго акым жок. Ал менин бул жашоого келишимдин себеби. Мен атамдын бир болугумун! !! Атакем менин, баары жакшы болот деген умут менен кундор отуп жатты.
Эн окунучтуусу айылдагы тамды сатууга муктаж болдук. Жартысын атамды дарылатып, калганына участок сатып алалы дегенбиз. Бирок батирге, инилеримди борбордон мектепке киргизгенге, апам экообуз ылайыктуу жумуш тапкыча акча деген суу экен. Коз ачып жумгуча жок болуп кетти. Бир уй булонун ичип жегени, ижара акысы да бат баттан келе берет экен. Же бизди колдоп кете турган бироо жок. Шаарды жакшы билбейбиз. Ашыкча чачкан деле жокпуз. Дары дармеке кетти, кымбатын айтпагыла. Айрыкча апам менден аябады, дарыгерлерге жакшылап текшертип, акыры эн жакшы жыйынтык менен айыктым. Кудайым кут кылсын.
Акыры апам жумуш тапты. Тигуу цехинде уйрончук болуп журуп конуп калды. Мен эки курсту аяктадым. Апамдын тапканы эч нерсеге жетпейт. Атам болсо ашказаны жакшы болуп калды. Эн окунучтуусу ичкенин токтотподу.
#125 28 Июнь 2017 - 04:14
#126 30 Июнь 2017 - 18:32
Кечке жумуштан чарчап келген апам кээде тан аткыча атам менен алышып отуруп, эртеси жумушка жонойт. Башкабыз окууга. Окуудан чыгып апамдын жанында иштейм. Тигилген кийимдерге топчу тагам, баштыктарга салам. Айлыгым ото коп болбосо да, ар бир айдын ижара акысына жетет, кээде жетпей калат.
Кыщ. Бул жылы негедир абдан суук. Деги бир коркконум атам ичип журуп бир жерге тонуп калбаса экен деген ой. Жок, кандай мас болсо да уйду билет, келип калат тамтандап.
Жаны жылга дастаркон даярдап жатканбыз. Эки иним эгиз козудай боло жанымда отурушат. Оливьеге туурап жаткан бышкан эттен чонураак кесип экоонун оозуна алмак салмак салып коюп отургам. Апам жаны жыл куну да жумушта. Бир уй булонун туйшугун озу жалгыз которуп журот байкушум. А мен тигуучулор тигип буткондон кийин топчу тагам. Мага бугун жумуш жок. Жаны жылдын шаны кылып, салат, даамдуу тамак аштарды аз болсо да ырымдап даярдап жатабыз. Апам бир аз акча таштап кеткен. Базарга барып аны муну алып келгиче атам градус кырк боло уйдо уктап жатыптыр.
Дасторкон жая апамды кутуп отурдук. Негедир кечигип жатат. Ишин бутпой жаткан го. Ангыча атам оордунан туура суу ичип ары бери калтырай басып жургон. Жаныма келе:
-Кызым мен олойун деп атам, дуконго барсам бербей койду, башымды жазбасам болбойт, кыйналып атам, жуз грамм таап берчи, каным коюланып кетти окшойт...
Онунон кете, коздору кызарга калчылдап, титиреп турган атамды коруп кеттим. Абдан аянычтуу жана коркунучтуу абалда эле. Чыдай албай тыбырчылап жерге жата кетти. Далбастап чонтонумду карасам азык тулуктон ашкан майда тыйындар эле калыптыр. Жыйырма сомдой бар жкенин айтсам атам акчаны чонураак инимдин колуна кармата:
-Балам, тезирээк дукончуго бар да, эки стакан йогурт бериниз деп алып кел, чурка а то олуп калам.
Башын ийкей иним отугун кие дуконго жоноду. Ангыча апам келип калды. Атамдын абалын карап аспирин таблеткасын ичирди. Атам эки козун алайтып улам эшикти кайрайт. Иним да кычап кечигип жатты. Дукон уйубуздун жанында эле болчу, ойноп кетпес эле карангыда. Артынан чыксам байкушум шалпактап чуркап келе жатыптыр. Жетелеше уйго кирдик. Колундагы йогуртту атама суна:
-Жакынкы дукондо йогурт жок экен, анан жолдун нары жагына ото чон дукондон алып келдим. Экоо келбейт экен, мына малина менен жакшы дейт, жениз..
Шашыла "Нежный" деген молочный йогуртту атама сунду))). Калтыраган колун сунуп келе жатып, кайра тарткан атам:
-Ой энендурайвндын баласы, алып келгенин кара! Тууй, ата.
Суйлогонго алы келбей колу буту тырышып жатса керек, шалдая тушту. Иним эч нерсе тушунбой элейип тиктейт. Абалга карабай апам боору эзилгиче кулот. Мен да эч нерсе тушунгон жокмун. Атам алсыз жалдырап жатат. Апам кулот. Сумкасынан элуу сом алып чыгып мага кармата апам:
-Назик чурка дуконго бар да тез, йогурт, арак десен берет, алып келип берчи, олуп калбасын.
Шашыла дуконго кирип, апамдын айтканын сурасам, шумдугун кургур, колума йогуртка окшош стаканга арак сунуп жатпайбы! Капкагын да окшоштуруптур. Чын эле йогуртка окшош. Кылкылдата жутуп алган атам коп отпой эсине келди окшойт. Тубун тушкур арак! Канчаларды сыздатып жатат? Анысы аз келгенсип тиги йогуртту чыгарганын айтпайсынарбы. Бул деген арзан арака ундогондук эмеспи. Ииийй, койчу, ошол йогуртту корсом куйбогон жерим кул болот.
Инимдин арак эмес, айран йогуртту которуп келгенин эстегенде жылмайып алабыз)).
Билдирүүнү түзөткөн: NIkalike: 30 Июнь 2017 - 19:08
#127 01 Июль 2017 - 02:03
#128 01 Июль 2017 - 14:46
#129 02 Июль 2017 - 14:52
Бирок ушуну менен отуруп калуу жарабас. Кызылдай тапкан акчанды ижара акысына санап беруу кандай ичти ачыштырат. Кунумдук жашоодон тажап бара жаттык. Озгочо апам экообуз.
Кээде ойлонуп жатып жинди болоюн дейм. Апакем да ден соолугу жакшы болбой журот. Элуудон ашкандан кийин шарт болбосо ден соолук деле эскирет турбайбы.
Жумуштан чарчап келген апамды карап ичим ачышып кетет. Озгочо акыркы кундору алы жок, ичи башы ооруп жакшы эмес. Нервтери чарчаган деп тушуном.
Эки инилерим акылдуу, айылдан келгенине карабай жакшы жетишип жатышат окууларына. Балким чойро алмашканга болсо керек бул жактан атабыздын ичкени, жашоо шартыбыз менен эч кимдин иши жок, сени суруштуруп, териштирип эч ким сынап, талкуулабайт. Жаны достор менен жаны ийгиликтерди багынтып, арасын узатпай грамоталар менен кубантып турушат. Жетине албай суйунгон апам:
-Балакетинди алайындарым, жакшы окугула, менин умутумду актагыла жожолорум. Качан буюруп уйлуу болгондо озгочо бир болмону жасап, силердин грамотанарды, ийгиликтеринерди атайын коюу учун горка жасатып алып сыймыктанам.
Ансайын эки иним куч ала кундолукторун бешке толтуруп келишет. Мен да сыймыктанып алам)))
Акыркы кундору апамды аячу болдум. Тууган урук чогулганда, достордун арасында озубузду экинчи сорттогудай сезебиз. Жамандык, жакшылыктарга кошумчасыз бара албайт экенбиз. Алардан акырын четтеп калдык.
#130 02 Июль 2017 - 16:15
Тогуз толгоо бир келет дегендей жазга маал, бир куну апам жумуштан эрте келди. Маанайы жок. Мен сессияга даярданып жаткам. Кабагы салынкы. Чай ичип ичпей жатып алды. Озун жакшы сезбей, колу буту чымырап жатканын айтып, мага бир топко кармалатып отуруп уйкуга кетти. Кечке маал эшикти тарсылдата атам келди. Бутунан тура албайт. Адаты да босогону аттабай жатып, апамды сурап, согунуп издеп ашканага отурду. Мас неме билбей калбасын деп бычак, учтуу нерсенин баарын катып коебуз. Апамдын атын кайталвй бергенинен апам ордунан тура атамдын жанына жетпей жерге узунунан кулап тушту. Мен бакыра апамды кучактап эсине келтире албайм.
Тез жардам келди. Алар менен кошо ооруканада чуркап журдум. Эжеме чалдым. Алар да жетип келишти. Эжем, жездем, Жылдыз да кошулуп алыптыр. Мени бутуман башыма чейин сынап карап, учурашсам козун сузо бурулуп кетти.
Тан атканда апам эсине келди. Инсульт. Козун аран ирмеп, мени тиктейт.
Ыйлап жаттым. Ооба, апама корсоткон жокмун. Дарыгер бир жак капталын кыймылдабай калаарын эскертти.
Уйго жиним менен келдим. Инилерим мектепте. Ойгоно элек атамдын жуурканын сыйрып ыргытып, болгон кийимдерин баштыка салып, ыйлап, суйлоп да атамды сыртка туртуп чыгардым:
-Кет, жогол, сенин керегин жок! Сендей атанын кереги жок! Корунбо козумо.
Эч нерсе тушунбой башы ооруп аран турган атамды эшиктин ооозунан ары туртуп, кийимдерин артынан ыргытып, эшикти жаап, жерге отура ыйлап жаттым. Неге? Неге?Неге?Негеее? суроо коп, бирок ким жооп берет?
Ичимде белгисиз бир куч сыртка чыга албай жарылып кетчудой муунуп бараттым. Неге? Ордумдан тура бакырып жаттым. Негееее? козумдон жашым он талаа агат. Негееее?
Болмонун ичине батпайм. Колум менен жер муштап, мандайымда турган нерселердин баарын туш тарапка ыргытып жаттым. Ичимдеги нерсе басылчудай эмес. Неге? деген суроону кайталап копко ыйладым. Акыры демимди баса, ыйлагандан ачылбай калган коздорумду аран ирмеп ойлуу отурдум. Эми неге? эмес башымда кантип? деген суроолор айлана баштады. Бул абалдан кантип чыгыш керек?
#131 02 Июль 2017 - 16:29
#133 02 Июль 2017 - 16:55
-Атаке таарындынбы? Кечириниз. Сиз жакшы адамсыз. Суранам ичпенизчи. Ичкилик баарыбызды талкалап жатат. Жок, таптакыр ичпениз деп айтпайм. Мейли ичсениз да чектен чыкпай, кызуу абалга келгенде токтотсонуз. Биз жок болуп кетебиз ата. Сиз кандай жакшы адамсыз..... мен сизди жакшы кором... каранызчы балдарыныз сизди тартып жакшы окуйт. Биз деген чон атам геройдун тукумдарыбыз да....
Ыйладым. Оголе коп нерсе айтып, бир топко суйлодум. Откондо катуу айтсам, бул жолу алдаганга оттум. Мактадым, бизге керек экенин тушундурууго аракет кылдым.
Айй... ал айткан создорум эки кун аран таасир берди, бул жагынан айтсам тиги жагынан чыгып кетет.
Апам уйго чыкты. Инилериме бир топ караан боло уйло отурду. Мен жумуш уй, уй жумуш. Окууга барганды токтоттум. Апам кайгырбасын деп акча менен бутурсо болот деп коем. Ишенип калды окшойт. Антпеске арга барбы?
Коп отпой окуудан очисление болду деген маалыматты уктум. Кайгырдым кичине. Бирок ушундай кырдаалдан чыгып алсам диплом табылат, ээээ.. койчу, канчалаган дипломдор элдики сандыкта деле жатпайбы деп сооротконум менен эки жылдык эмгегиме ичим ачыша журдум. Апам кичине тынып, инилерим кол арага жарап, атам ичкенин токтотосо кайра сырттан болсо да окуп алам деп коем.
Ошентип жумушка барам кайра келем.
Билдирүүнү түзөткөн: NIkalike: 02 Июль 2017 - 17:03
#134 02 Июль 2017 - 17:26
Окшош кундор. Коп отпой Жылдыз турмушка чыгаарын уктум. Кызык кимге? Эрмекеби? Ичим ачышып жатты. Менин кол жеткиз бактымабы? Менде тустуу кыялдарды элестеткенге да убакыт жок. Кээде дем алыш албай иштейм. Эки иниме, апамдын дарысына, ичкен жегенибизге акча керек.
Жумуштан чыга ношорлогон жамгырга карабай бир топко жоо бастым. Мен Эрмекти ушунчалык жакшы кором. Бирок мен ага татыксызмын. .. Сагындым. Бактылуу болсун, ой бактылуу болушсун.
Билдирүүнү түзөткөн: NIkalike: 02 Июль 2017 - 17:31
#135 03 Июль 2017 - 05:18
Жылдыздын кыз узатуу аземи болот экен. Бир эки жумадан кийин. Оло жаман болуп жаттым. Не мен Эрмекти кызганып жатамбы? Телефонумда сакталып турган анын номерине бир канча ирээт чалайын деп барып токтотом. Оло чалгым келет. Акыры жон гана "кандай?" деп смс жазып койдум. Дароо кайра чалып атпайбы. Экрандагы "звонит Эрмек" деген жазууну окуп алып ордумдан секирип турдум. Соткамдагы жанырып жаткан Nokiaнын адаттагы уну менен кошо бут денем вибрация болуп кетти го чиркин. Эххх... суйуу, суйууууу. Жаман нервти жеп салат экен. Уфф.. унумду туздоп алып, аябай эч нерсе болбогон немедей жайдары тур менен:
-Ало? дедим
-Оо... Назик сенби? конур уну мынча жагымдуу)))
-Оба, кандайсын?
-Мен жакшы, Нази че та жоголуп кеттин го?
-Журом баягыдай эле. Сени куттуктап коеюн деп чалгам.
Ичим ачышып жатса да, кубанган немече шандуу суйлодум.
-Тушунгон жокмун, неге куттуктап?
Оппааа, мына кандай жакшыыыы, дароо ичим жылый бир башкача сезим денемди каптап кетти. Анда да сыр бербей:
-Тиги Жылдыз замуж собирается. ..
- Ну и что?
-Эрмек силер суйлошуп журдунор эле го билишимче?
-Ааа... сен десе, ал качанкы окуя? Сен замандан артта калгансын го э?
Дароо каякта экенимди сурады. Дем алыш куну кечинде сейилдеп келууну сунуштады. Кубанганым ай.
Болгон жакшы кийимимди кийип, чачымды жасап, бир аз боенуп алып жолугушууга жонодум. Апам мени карап жылмая:
-Кызым эртерээк кел, атан урушпасын.
-Макул, апаке. Шоколад ала келем, чогуу чай ичебиз э?
Ооба, эртерээк келишим керек. Мейли ичкич болуп, бизге мээрим тогуп, камсыз кылыбаса да биздин уйдо атамдын орду бар. Анын себеби апам. Кандай жини келип турса да эч бир жаман соз оозунан чыга атамды тилдегенин корбодум. Ар дайым "Кандай болсо да, ал силердин атанар!" дегенинде.
Жолугушууга эрте барып алган окшойм. Алыстан мени коруп Эрмек колун булгалай жаныма келди.
-Салам Нази чын эле сени коруп жатамбы?
-Салам, обычно кыздардар кечигип келчу э?
-Хе, хе баягы адатын калбаптыр, биринчи менин суроомо жооп бер, анан суроо бер.
Ал абал сурашып паркты аралай сейилдеп журдук. Жылдыздын озунон бир топ жаш уулу бай кишиге турмушка чыгып жатканын айтса, оозум ачылып эле калды. Сыр бербей Эрмеке карап:
-Аайй байкушум сени таштап кеткен экен да? дедим какшыктап.
- Биздин ортобузда эч кандай мамиле болгон эмес.
Сагыныптырмын. Эхх.. мындай адамдар менен жон гана пикир алышуу кандай ырахат.
Акыркы жанылыктар менен болушуп, бири бирибизди тамашалап, чычалатып ойноп алып конулдуу уйго келдим.
Жылдыздын тоюна барган жокмун. Жумуштан бошогон жокмун. Эээ... чынында жумушту шылтоологонум менен баргым келген жок. Атам менен апамды жасантып жибергем. Суротко тушуп келишиптир. Сыртымдан билгизбегеним менен суроттогу Жылдыздын омурлук жарын карап ичиркенип алдым. Тобоо, бул киши бери жагы кырктан ашып калган. Бактылуу болсо болду да эми. Сын тагып эч нерсе айткым келбейт. Деги эле менин ишим эмне анын жашоосу менен чынбы?
Коп отпой Эрмек смс жазыптыр.
-"Грубо, (Мени Назик эмес тескеринче ушинтип айтат) бошсунбу? Бугун бир жака барып келбейлиби? "
- Каяка? десем
-Ишин болбосун! деген жооп келди.
-Рахмат! деп жазып койдум.
Коп отпой озу чалды. Жумушта болчумун. Бош эмес экенимди айтсам мен жака келээрин айтып, дарегимди сурап алды. Менин суйлошуп жатканыма коз салып турган Назар:
-Баягы айтып айткан Эрмекпи?
-Оба. дедим жымындай.
-Да ну коройунчу сенин ханзааданды.
Келди. Назар менен тааныштырдым. Назар жон турбай:
-Мен Назиктин жигити болом....буюрса! дейт тамашалай.
Жумуштан уйго чогуу келе жаттык. Озунчо эле суйлобойт.
-Таак Эрмек каяка баралы?
-....
- Журу, Россия кино театрга жаны ачылыптыр дейт, ремонт болуп.
-.....
Унчукпайт. Чыдабай кеттим. Колум менен ийинине турто:
-Ээ, эмне болду сага? Оозуна талкан салып алган жок белен?
Кулуп жиберди.
- Не кулосун? Не мени менен минута молчание кылайын деп келдин беле?
-Жок, Назик жанагы бала тиги, Назар экоонор че та?
-Не? Че та?
-Ортонордо эч нерсе жокпу?
- Ааа... ортобузда дайыма швейная машина бар жумушта катар отурабыз не болду?
- Назик, жиниме тийбечи, менин суроомду прекрасна тушунуп турасын го?
-Ха, ха тамаша ал ошол цехтин ээсинин баласы. Кожоюн деп койбоюнбу?
-Ммм... дейт кашын которо
-Не, айтпайсынбы? тим эле мммм... деп.
#136 03 Июль 2017 - 06:19
Эрмек менин жиндидей кылыктарымды карап башын чайкай "Аман эле бол, качан чоноесун? эл кылбаган нерсени кыласын го, адам болбой калдын" деп чычалатат.
Кеч улам карангылап бара жаткан сайын уйго шашып ордумдан турдум.
-Кой мен кетейин кеч болуп кетти, уйго атам менен апам пропуск бербей койбосун.
-Кой эми, кичине дагы анекдот айтып бербейсинби?
-Сен кулгонду билсен айтамбы? дейм кабагымды туйо.
-Анда кел эми мен айтып берейин анан кет.
-Давай, кулкулуу болсун. деген шарт коюп жаша отурдум.
Бир саамга ойлонуп отурду да анан баштады:
-Бир бала болуптур да, анан ал дайыма кыялындагы кызды издеп журчу экен. Ал кыз ото жонокой, ак конул, эч жасалмасыз, ичинде кири жок, боорукер, акылдуу болсо деп тилечу. Аны менен суйлошкондо эч кандай правила жок, кандай болсо ошондой естественно болушун каалаптыр. Бир куну ошондой кызды жолуктурат. Бирок бала ошолбу? ошол эмеспи? деп ишенбей сыртынан коз салып журот. Ал кыз менен аябай конулдуу, маселе жоктой. Ошентип кумон санап жургондо вдруг ал кызды жоготуп алат. Озгочо кызды издеп айылдагы уйуно барса кочуп кеткен дейт, окуусуна барса окубай калган телефонуна чалса очук. Жанында жургондо сезбеген, кыз жок болуп кеткенде бала аябай окунот. Сагынат. Башка кыздар менен суйлошсо кылыктары окшобойт. Кобу жасалма, суйлогону, каяктагы бир принцессанын ролун ойношот. Кээ бири оздорунчо акылдуу болушса, калганы ашыкча назданышат. Балага жакпайт. Ошондо баягы озгочо кызды суйоорун билет. Ал кыздын ордун жоктоп куса болот. Кайда? Ким менен журот болду экен деп ойлогон сайын жини келет. Балким куйоого тийип кеткен чыгаар деген ойду ойлосо мобу журок тушу тырышып, ачышыып кетет. Кээде туну менен ойлонуп, элестетип алып уктайт. Тамак да кекиртегинен отпойт. Кумон санап откоруп жиберген мумкунчулугун ойлогондо дубалды муштап-муштап алып отуруп калат. Бир жыл эч нерсеге конулу жок. Кочодон, коомдук жайлардан караанын издейт. Кундон-кунго чыдамы тугонуп, дагы бир жолу шанс беруусун кудайдан тилейт. Эгер тапсам эч кимге бербейм деп озуно озу соз берет. Ишенесинби ал кызды кыялданып отуруп, жинди болуп калайын дейт. Бир куну смс келет. Дароо эле жазганынан тааныйт. Жолугат. Баягы жан дуйносундогу жетпей жаткан бир кесим орун кадимкидей толот. Жолугуп алып кудундап суйунгонучу. Ээххх, ал тентек кызды жетелеп, омур бою анын тантык создоруно кулуп, жиндидей кылыктарына эзилип жашагысы келет. Жарашса, жарашпаса да, модасына карабай ынгайлуу кийим болсо кие берген, жашоонун ойдо томонун тушунгон, кандай учур болсо да ар дайым жылмайып жургон кызды чын дилден суйооруно ишенет.
Мени тиктей, чекемден сылап, ушунчалык мээримдуу коз караш менен тиктеген Эрмекти карап отура бердим. Ал айтчусун айтып буттум дегендей жылмайды. Мен давно "ээрип" калгам)))). Ошентсем да билгизбей абалдан чыга:
-Анан бул анекдоттун кайсы жеринен кулуш керек эле? дедим.
-Тосчу кулагынды. деди
Ылдый боло жакындай, кулагымды тостум. Акырыын шыбырай:
-Назик, мен сени суйом...суйом.
Кучагына бекем кыса кое бербей:
-Бир гана шарт бар, колго туштунбу эми артка жол жок, айла жок меники болосун. Меникиии, жалгыз озумдуку.
Ишенген жокмун, ушунчалык ыйлагым келип чыкты. Бир нерсе дейин десем Эрмек:
-Чушшш... тынч, эч нерсе айтпа. Баары мен айткандай болот.
Бир топтон кийин кучагынан бошотуп, чекемден опту да:
-Эртен жумушуна барам кечинде, кутуп тур. Азыр болсо чурка уйуно урушуп журбосун.
#137 03 Июль 2017 - 06:58
Эртеси жумушка келди. Колуна кичинекей оюнчук маймыл которуп алыптыр:
-Бул сага, негизи кыздарга мамалак же коенек беришет, мен сага негедир маймыл бергим келди?
-Рахмат, Эрмек мен сага эмкиде чочко белек кылам.)))
Сейилдедик. Жиниме тийгенди жакшы корот. Колумдан жетелеп алып чон-чон кадамдарын таштап бат басат, аны менен катарлаш басып жетише албай чалынып, чуркап мен журом артында. Балмуздак алып берди. Озу жебейт. Мени карап отура берет.
-Эрмек, кечээки анекдотко жооп берейинби? дедим
-Кереги жок, жоопту озум табам. Сен не жооп берип кутулам деп жатасынбы менден?
-Жок, эми Эрмек сени менен официально суйлошкондо. .. уфф кандай десем. Эрмек, мен жакында кетейин деп жаткам. дедим жер карай.
- Кызык каяка? Эмнеге?
-Билесин го, атам ооруп уйубузду сатканбыз. Эми эки жылдан бери батирлеп журобуз. Окуумду да таштадым. Чет жака иштеп, кичине болсо да айылдан же шаардан атама уй алып берсембм дегем. Билесин атамды, апам болсо инсульт алды, инилерим жаш... по этому сенин шартына...
Маанайы дароо бузула тушту. Ордунан туруп башын тырмай:
-Ошондо каяка ким менен кетесин?
-Тааныш туугандар бар, каяка болмок эле, Россия же Турцияга да.
Дагы бир топко унчукпай отурду. Ушкурунуп алып:
-Назик, мен сени эч жака кетиргим жок. Мен сени менен омур бою чогуу жашайм. Сенден балалуу болгум келет. Сага окшош тентек балдарым болушун каалайм. Мен жаныдан эсиме келе баштаганда сени кантип кетирем?
Жаныма отура, кучагына бекем кыса:
-Жожом менин мен сени эч жака кетирбейм жана эч кимге бербейм. деп жатты.
Чын эле ошондой болуп калса кана(((( Баардыгы биз ойлогондой болбойт экен.;(
Билдирүүнү түзөткөн: NIkalike: 03 Июль 2017 - 07:10
#139 03 Июль 2017 - 08:02