aijan (13 Декабрь 2014 - 00:25) жазган:
КРде жаш бала м.н болгон интимдик катнаш- кылмыш. Канташ добровольно/ недобровольно болсун, ага барган адам жазаланат. Катнашка барган адам гейби, гетеробу, бул бизде кылмыш.
Кайрадан айтышымдын себеби алардын коркунучтуу экендигин билдирүү эле. Болбосо кээ бирөөлөр азыр аларды "аппак жана пушистый (кыргызчасын таппай койдум)" деп ойлоп жатышпайбы. ..
Ушул жерден дагы бир суроо пайда болуп калды. Эгер күндөрдүн биринде Кыргызстанда да педофилияга уруксат берген мыйзам кабыл алынса (Кудай сактасын), ошондо да аларды кылмышкер деп эсептей бересизби же кандай?
Айтайын дегеним азыр депутаттарыбыз тез-тез жаңы мыйзам кабыл алышып жатышпайбы. Кээ бир мыйзамдардын үлгүлөрү сырттан англис жана орус тилинде даярдалып келинип, депутаттар жөн гана колдорун көтөрүп колдоп берээри тууралуу уксаңыз керек. Ошентип бир күнү сырттан даярдалып келген мыйзамды депуттатарыбыз кабыл алып жиберсе дегеним да. Анткени буга чейин башка өлкөлөрдө педофилдер боюнча мыйзамдар өзгөртүүгө учураган.
Мисалы: Чехияда 15 жаш, Венгрия, Эстония, Литва, Сербияда 14 жаш, Испанияда 12 жаштагы адам өз каалоосу менен каалаган адамы менен жыныстык байланышта боло алат.