Мен кыргызмын! Сенчи?
#161 12 Февраль 2017 - 23:53
Мен кыргыз таптаза кыргызмын канымда нукура кыргыздын каны бар.
#163 13 Февраль 2017 - 00:19
Мен КЫРГЫЗМЫН, КЫРГЫЗ ДЕП СОГОТ ЖҮРӨГҮМ
Мен КЫРГЫЗМЫН, КЫРГЫЗ ДЕП ЖАШАП ЖҮРӨМҮН
Мен КЫРГЫЗМЫН, КЫРГЫЗ ДЕП ЖАШАП ЖҮРӨМҮН
"Адамга эн кыйыны күн сайын адам болуу" Ч.
Айтматов
#171 21 Апрель 2017 - 04:27
Тааак..
Атам Кыргыз жана Апам да Кыргыз..
Демек Нукура Кыргыз бала ...
#ошооооо
Атам Кыргыз жана Апам да Кыргыз..
Демек Нукура Кыргыз бала ...
#ошооооо
Билдирүүнү түзөткөн: malik.kadyr: 21 Апрель 2017 - 04:28
#172 23 Апрель 2017 - 23:16
Тамырдан аккан каным,
журокко барган демим да, жаным да КЫРГЫЗ, элим, жерим кыргыз, МЕН КЫРГЫЗ!! !
Келечекте уул,кызымда болот кыргыз(буюрса).
журокко барган демим да, жаным да КЫРГЫЗ, элим, жерим кыргыз, МЕН КЫРГЫЗ!! !
Келечекте уул,кызымда болот кыргыз(буюрса).
Билдирүүнү түзөткөн: Lakyas: 23 Апрель 2017 - 23:18
#173 24 Апрель 2017 - 21:33
Мен кыргызмын сыймыктанам бирок Россияда эшик шыпырып жургон жигиттерди коргондо намыстанам .Биз улуу элбиз деп креслодо отургандар чиренет.Улуу эл эсептелуу ак уй менен кок уйдо Россияда акыркы алардын акыркы сорттогу адам ордуна корбогон мусор жыйгыч элбиз
#174 27 Апрель 2017 - 00:30
Мен кыргызмын деп коюштун ОЗУ жетпейтко дейм. Кыргыз болсо кыргызга тете уул, кыздардан бололу, киргиз болбой.
#176 30 Июнь 2017 - 16:45
Түптүү кыргыз түгөнгөн сайын
түтөп, үзүлгөн сайын уланып
эчендеген кылымдардын суусун
ичип келген. Селдей каптаган
жоо, кан төгүлгөн кыргын, бел
кайыштырган ачарчылык, балээдей жармашкан оору,
сөөктөн өткөн суук, мээ кайнаткан
ысык, булардын бири да
кыргыздын беделин түшүрө
алган эмес. Анткени, кыргызды
кыргыз кылган анын ар-намыс, абийири болгон. Ак сакалын
жайкалтып, акыл-насаатын айтып,
ак батасын берген аталар, аталык
абийирин сактаган. Келин-кызга
үлгүлүү сөзүн айтып, үй ишини
тейлеген ак элечек энелер, энелик абийирин сактаган. Эли-жери
үчүн жанын курман кылып, эл
четинде жоо бетинде жүргөн
жигиттер, жигиттик абийирин
сактаган. Адамга тике карабай,
кемтик сүйлөбөй, кыйшык баспай кыз келиндер өз абийирин
сактаган. Азыр болсо, оозунан
арак буркурап, алгылыктуу бир
сөз айта албай, бата ордуна тост
көтөрүп, аталар абийирин
кетирди. Чачтарын камгактай тармалдатып, тысырайа шым
кийип, кыз-келинден орун
талашып энелерден абийир кетти.
Алсызды алдап, күчсүздү
коркутуп, өз элин тоноп жигиттер
абийирин жоготту. Улуудан уялбай, кичүүдөн тартынбай,
атаны көзгө илбей, энеге кулак
салбай кыз-келин абийирден
ажырады. Адамзаттын акылманы,
акылдуулардын кеменгери улуу
Пайгамбарыбыз(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир
осуятында: «Силердин башыңарга бир күн
келет, ошол күндө жакшы иштер
силерге жаман, ал эми жаман
иштер силерге жакшы көрүнүп
калат» - деп айткан эле. Бүгүнкү
замандын терезесинен карап отуруп, ошол күндүн илеби
келип калганбы деп ойлоп кетем. Аталарыбыз аракты оозуна алмак
турсун, «каапырдын тамагы» деп,
аны алыстан айланып өтчү. Азыр
болсо, «агынан баштайлы» деп,
аны тамактардын ана баш кылып
алышты. Мас адамды көргөндө, ажыдаарды көргөндөй дене
титиреп, жек көрүү күчөйт эле.
Азыр болсо, «бул мас турбайбы»
деп колтуктан жөлөп төргө
чыгарабыз. Кыз-келиндин бир тал чачы
көрүнүп калса, энелер «кокуй
атаң көрсө шерменде болот» деп
жаны калчу эмес. Азыр болсо,
«бети-башыңарды жаап араб
болуп кеттиңер» деп жоолук салынгандарга асылышат. Үйгө жат адам келгенде ага
караанын көрсөтүүдөн тартынып,
чыгдан ичине жашына калчу кыз-
келиндер, бүт денесин «реклама»
кылып көчөдө жүрүшөт. «Баланчанын кызы эринен
ажырап келиптир» деген сөздү
угуу, өлгөн адамды угузгандан да
катуу тийчү эле. Азыр болсо,
ажырашуу жыртылган байпагын
таштап салгандай эле жеңил болуп калды. Пара, паракор деген сөздөрдү
эзели кулак укчу эмес. Азыр
болсо, дааратканын кароолчусу
да пара алат. Акыл-эстүү карыялардан да,
алардан үлгү алган жаштардан да
нускалуу кептер айтылып, уятсыз
жаман сөздөр сүйлөнчү эмес эле.
Азыр болсо, карысы да, жашы да
кыйналбай эле кыйшык сөздөрдү сүйлөп калышты. Ал эмес, сөз
куржунун асынып, тилдин
баркын сактоочу куудулдарыбыз
да абийир чегинен ашып
кетишти. Бир нече жыл илгери
«американын фильмдери болуп жатканда, үй бүлөөдө чогуу отура
албайсың» деп какшайт элек. Эми,
кыргыздын куудулдары тамаша
айтып жатканда чогуу отура
албай калдык. Чукугандай сөз
таап, күлдүрүп да, күйдүрүп да сүйлөгөн кайран Куйручуктун,
Жоошбайдын, кечээки эле
Шаршендин алтындай сөздөрү
жоголуп, куудулдарыбыз
«киндиктен» өйдө көтөрүлө
албай калышты. Кыскасын айтканда «пай-пай,
кайда барсаң мамай…» дегендей,
кай тарабыңды карасаң да
ачылган абийир менен сатылган
абийрди көрөсүң. Бирок, мунун
баары көзүбүзгө жакшы көрүнүп, жакшы менен жаманды, ак менен
караны ажырата албай
калгансыйбыз. Каадалуу
кыргыздын наркы менен баркы
кетип, чайпалса төгүлчүүдөй
толуп турган абийир чөйчөгү күн өткөн сайын соолуп
бараткансыйт… Бейшенбек Уулу Урмат.
түтөп, үзүлгөн сайын уланып
эчендеген кылымдардын суусун
ичип келген. Селдей каптаган
жоо, кан төгүлгөн кыргын, бел
кайыштырган ачарчылык, балээдей жармашкан оору,
сөөктөн өткөн суук, мээ кайнаткан
ысык, булардын бири да
кыргыздын беделин түшүрө
алган эмес. Анткени, кыргызды
кыргыз кылган анын ар-намыс, абийири болгон. Ак сакалын
жайкалтып, акыл-насаатын айтып,
ак батасын берген аталар, аталык
абийирин сактаган. Келин-кызга
үлгүлүү сөзүн айтып, үй ишини
тейлеген ак элечек энелер, энелик абийирин сактаган. Эли-жери
үчүн жанын курман кылып, эл
четинде жоо бетинде жүргөн
жигиттер, жигиттик абийирин
сактаган. Адамга тике карабай,
кемтик сүйлөбөй, кыйшык баспай кыз келиндер өз абийирин
сактаган. Азыр болсо, оозунан
арак буркурап, алгылыктуу бир
сөз айта албай, бата ордуна тост
көтөрүп, аталар абийирин
кетирди. Чачтарын камгактай тармалдатып, тысырайа шым
кийип, кыз-келинден орун
талашып энелерден абийир кетти.
Алсызды алдап, күчсүздү
коркутуп, өз элин тоноп жигиттер
абийирин жоготту. Улуудан уялбай, кичүүдөн тартынбай,
атаны көзгө илбей, энеге кулак
салбай кыз-келин абийирден
ажырады. Адамзаттын акылманы,
акылдуулардын кеменгери улуу
Пайгамбарыбыз(Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир
осуятында: «Силердин башыңарга бир күн
келет, ошол күндө жакшы иштер
силерге жаман, ал эми жаман
иштер силерге жакшы көрүнүп
калат» - деп айткан эле. Бүгүнкү
замандын терезесинен карап отуруп, ошол күндүн илеби
келип калганбы деп ойлоп кетем. Аталарыбыз аракты оозуна алмак
турсун, «каапырдын тамагы» деп,
аны алыстан айланып өтчү. Азыр
болсо, «агынан баштайлы» деп,
аны тамактардын ана баш кылып
алышты. Мас адамды көргөндө, ажыдаарды көргөндөй дене
титиреп, жек көрүү күчөйт эле.
Азыр болсо, «бул мас турбайбы»
деп колтуктан жөлөп төргө
чыгарабыз. Кыз-келиндин бир тал чачы
көрүнүп калса, энелер «кокуй
атаң көрсө шерменде болот» деп
жаны калчу эмес. Азыр болсо,
«бети-башыңарды жаап араб
болуп кеттиңер» деп жоолук салынгандарга асылышат. Үйгө жат адам келгенде ага
караанын көрсөтүүдөн тартынып,
чыгдан ичине жашына калчу кыз-
келиндер, бүт денесин «реклама»
кылып көчөдө жүрүшөт. «Баланчанын кызы эринен
ажырап келиптир» деген сөздү
угуу, өлгөн адамды угузгандан да
катуу тийчү эле. Азыр болсо,
ажырашуу жыртылган байпагын
таштап салгандай эле жеңил болуп калды. Пара, паракор деген сөздөрдү
эзели кулак укчу эмес. Азыр
болсо, дааратканын кароолчусу
да пара алат. Акыл-эстүү карыялардан да,
алардан үлгү алган жаштардан да
нускалуу кептер айтылып, уятсыз
жаман сөздөр сүйлөнчү эмес эле.
Азыр болсо, карысы да, жашы да
кыйналбай эле кыйшык сөздөрдү сүйлөп калышты. Ал эмес, сөз
куржунун асынып, тилдин
баркын сактоочу куудулдарыбыз
да абийир чегинен ашып
кетишти. Бир нече жыл илгери
«американын фильмдери болуп жатканда, үй бүлөөдө чогуу отура
албайсың» деп какшайт элек. Эми,
кыргыздын куудулдары тамаша
айтып жатканда чогуу отура
албай калдык. Чукугандай сөз
таап, күлдүрүп да, күйдүрүп да сүйлөгөн кайран Куйручуктун,
Жоошбайдын, кечээки эле
Шаршендин алтындай сөздөрү
жоголуп, куудулдарыбыз
«киндиктен» өйдө көтөрүлө
албай калышты. Кыскасын айтканда «пай-пай,
кайда барсаң мамай…» дегендей,
кай тарабыңды карасаң да
ачылган абийир менен сатылган
абийрди көрөсүң. Бирок, мунун
баары көзүбүзгө жакшы көрүнүп, жакшы менен жаманды, ак менен
караны ажырата албай
калгансыйбыз. Каадалуу
кыргыздын наркы менен баркы
кетип, чайпалса төгүлчүүдөй
толуп турган абийир чөйчөгү күн өткөн сайын соолуп
бараткансыйт… Бейшенбек Уулу Урмат.