Эгер тарыхты алып карасак 19 кылым, 20-кылымдын башындагы КЫРГЫЗ ысымдарынын басымдуу болугу кыпкыргызча эле болгон. Капкакбай, Жузбай, Минбай, Токторбай, Кочкорбай, Акбаш, Карабаш, Кызылбаш, Баяке (Бай аке), Токтогул, Коргоол, Кожомкул, Алымкул, Абдыкул, Торокул, Абдылдас, Алымбек, Карабек, Алтымыш, Жетимиш, Куйукбай, Бугубай, Арстанбек, Кудайберген, Кармышак, Сатылган, Самсаалы, Кадыркул, Жамангул, Моют, Кутунбет, Омураалы, Сапараалы, Бердике, Шамбет, Шергазы, Жаназар, Ыбыке, Торогелди, Балбай, Тайлак, Оскон, Сыдыкбек, Тумонбай, Туголбай, Ниязалы, Эсенгул, Бакдоолот ж.б.
Сайрагул, Кийизгул, Сыягул, Айымкан, Аккыз, Каракыз, Курманжан, Каныкей, Айчурок, Седеп, Бермет, Маржан, Асылкан, Акак, Алтынай, Кумушгул, Уркуя, Ажар, Уулбала, Бурулча ж.б. ж.б. Жаза келсен коп....
Эми эле айрым жаштар уул-кыздарынын ысымдарын арабча (Ксаниф мырзанын тили менен айтканда мусулманча) кое башташты, Мухаммед, Али, Умар, Билал, Арафат, Нурислам, Ибрагим, Муса, Ясмина, Раяна, Сумая ж.б.ж.б. деп коюда...
Ошондо Ксаниф мырзанын уул-кыздарыбызга арабча эмес, кыргызча эле ысым ыйгаруубузга каршы болушунун себеби эмнеде?!! Же адам ашкере ислам фанаты болгон кезде оз улутунун баалуулуктары, тарыхы, каада-салты ал учун "мусорго" айланып калабы?!! Анда оз улутун, оз тилин баалабагандар эмнеге ошол Саудияга кочуп кетпейт деген суроо туулат?!!
Мен арабча ысымдарга каршы эмесмин, бирок чектен чыгып ачык эле арабдашуу туура эмес деп билемин... Араб тилинен алынган ысымдарда кандай жакшы маани-маныз катылса, кыргыз тилиндеги ысымдарда да ошондой жакшы маани-маныздар да жетиштуу. Ары калса тушунуктуу. .. Мен жеке озум уул-кыздарына кыргызча ысым тандагандарды колдоймун...
Билдирүүнү түзөткөн: Revolyutsiya2: 21 Июль 2017 - 02:23