Маанай жок
Бүгүнкү маанай кандай? Сонун, Жаман, Боло берет...
#18065 16 Октябрь 2017 - 12:11
Байкасам тан атпай эле, элдин баарында эле маанай жокгооо..
Шайлоо-жайло болуп настр да тушту окшойт эхх((

#18066 16 Октябрь 2017 - 15:50
жашаса болот.
боло берет.
мага боло берет да.
мага бардык нерсе боло берет да((((
боло берет.
мага боло берет да.
мага бардык нерсе боло берет да((((
#18070 17 Октябрь 2017 - 15:56
![Сүрөт](https://www.super.
kg/superstan/public/style_emoticons/
default/applause.gif)
Главное - верить в себя. Мнение окружающих меняется ежедневно.
<
<
#18078 22 Октябрь 2017 - 23:03
МААНАЙДЫ КАНТИП КОТОРСО БОЛОТ?
Жашоодо кыйынчылыктар туруктуу болуп эсептелет. Себеби, алар эч качан аягына чыкпайт жана түгөнбөйт. Бири бүтсө, экинчиси пайда болот. Себеби бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андыктан көп кабатыр болбоңуз, баары өтөт да кетет... Жашоо кайрадан уланат... Кыйынчылыктын артынан ийгилик келет, кайгы- муңдун артынан күлкү келет...
Жан дүйнө оорусу да айыгат
Жан дүйнө оорусу физикалык оорудан көп деле айырмаланбайт. Албетте, метафорикалык түшүнүк боюнча. Себеби, физикалык ооруда денеңиздин кайсы бир жеринде көйгөй жаралып, аны дарылоого белгилүү каражат колдонулат. Ал эми жан дүйнө оорусуна кабылууда аны сезип жана ал учурду жашап өткөрүү гана керек. Бирок, ал убакыт өтүп, баары бир айыгат. Сиз болсо өзүңүз, жан дүйнөңүздү эмнелер оорутуп жатканын аныктап, андан арылууга аракет көрүңүз.
Пикирлеш адамдарды таба билиңиз
Ата- эне, бир тууган, жоро- жолдоштор ,курбулар, кесиптештер болсун айырмасы жок. Анткени алар сиздин санаалаштарыңыз, чөйрөңүздү курчап турган жандуу жандар... Андыктан эч качан озүңүздү жалгызмын- деп эсептебеңиз. Пикирлеш адамдар менен сүйлөшө билиңиз.
Баарын убакыт дарылайт
Жогоруда айтып өткөндөй кыйынчылыктар туруктуу болот. Жыл сайын жаңы көйгөйлөргө кабылып, ар башка жагымсыз сезимдерге кабыла бересиз. Албетте, алар кармалып турбай өтүп кетет. Ал эми сиздин милдетиңиз ошол кыйынчылыктардан өзүңүзгө тажрыйба топтоо болуп эсептелет. Ар бир кыйынчылыкка, маанайды чөктүргөн учурларды талдай жүрүңүз. Себбеби, экинчи ирет ага кабылбоого же болбосо кабылган учурда жеңил басып өтүүгө үйрөнөсүз.
Иллюзияга алданбаңыз
Албетте, бардык эле адамдар оор кырдаалга кабылган учурда сергек акыл жүгүртүүгө күчү жетпейт. Бирок, эсиңизде болсун, кыйынчылыкка кабылган учурда чыга турган жолу деп эле баш катырып отура берсеңиз, кыйынчылытар ошончолук катмарланып сизди тооруп, кучагынан чыгарбай кармайт. Андыктан, балким мындан жаман болсо кандай болмок, ал эми бул маселени чечүүгө болот- деген сергек акыл менен аракет жасаңыз. Негативдүү эле ойлорду ойлой берсеңиз ,акылыңызды иштетүүчү тарап кулпуланып калат.
Көйгөйлөрдөн качып кетүүгө болот, бирок, ал дагы абалга жараша жана анын канчалык деңгээлде курч экендигине байланыштуу болот. Убакыт дарылайт- деген туура кеп, чындыгында убакыт өтүү менен жүрөктүн көптөгөн жарасы айыгат. Демек, бардык нерсе өзүңүздүн колуңузда. Кайсы бир маселе тууралуу ар дайым жети өлчөп бир кесиңиз. Көйгөй пайда болгондон кийин баш катыруунун ордуна, балким бул мындай же тигиндей көйгөй жаратышы мүмкүн деп, алдын алууга үйрөнүңүз...
Жакшылыктан үмүт үзбөңүз
Ооба, бул чындык... Түндүн артынан жарыгын берген Күн сөзсүз чыгат. Сабырдуу болуңуз, жеңил ойлорго азгырылып, алданбаңыз.