Барс агайдын өздүк чыгармалары Барстан бытыгый, жөнөкөй аңгемелер, новелла, монолог, тамсил...
#161 26 Март 2017 - 12:45
#162 14 Апрель 2017 - 14:52
Билдирүүнү түзөткөн: belka: 14 Апрель 2017 - 14:52
#164 14 Май 2017 - 00:43
Эй, канаттуу куш, мактанба учсаң асманга!
Эң эле бийик көкөлөйм сенден жогору,
Эргүүлөр келип жакшына ырды жазганда...
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 14 Май 2017 - 00:46
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#165 06 Июнь 2017 - 14:48
А достор а, а дейсиңер, бу дейсиңер,
Ат башындай “арманым” бар...билбейсиңер!
Азыр айтам бар себебин өзүңөргө,
Агер ката болсо мейли , күлбөйсүңөр:
Ар күнүгө эл. почтама каттар келет,
Ар кайсы фонд алда канча сумма бөлөт.
Алар талап кылышкандай банк картам жок,
Албай калып жатамын-ов, кокуй өлөт!
Кат башында: " 30 миңди Сизге берет..."
Аягында: " 150 руб. бизге жөнөт..."
Бирок менде алар айткан “VisaCard” жок,
"Байкуштарга" койсом десем аны төлөп...
А достор а, а дейсиңер, бу дейсиңер,
Ат башындай "армандарым" ... билбейсиңер!
Азыр муну окуганда кээ бирлериң:
"А башы жок!.. " – дейсиң, балким, тилдейсиңер!
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 06 Июнь 2017 - 14:53
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#166 15 Июнь 2017 - 05:43
Ымыркай, сени төрөдү энең төрөшүн...
Ыйлаба көп да, жазганын эми көрөсүң!
Таалайың кандай, тараза ташы көрсөтөт,
Тагдырга кулсуң, өзүңө өзүң төрөсүң.
Мунусу кызык: турмуштун түрдүү түйшүгүн,
Муунуш үчүн чылбырдай кылып өрөсүң.
Көрөсүң али жашоодо толо кызыктар:
Кышында тургай, жайкысын жаабайт ысык кар.
Кең дүйнө келдиң, анткени менен, наристем,
Кең окшоп туруп, ийненин көзү – кысык бар.
Бейпилдик менен күн кечирип жүрсөң да,
Билинбей сени айланып тооруйт кырсыктар!
Айкашка чыктың жекеме-жеке бир өзүң,
Андыктан карма жашоонун тамыр күрөөсүн.
Алсыздык кылсаң ачылбайт гүлүң, соолуйсуң,
Алышып жеңсең, алдыга өмүр сүрөсүң.
Адам Ата, Обо Энеңден калган салт,
Адамзат келет улантып ушул күрөшүн...
...Ата-энең үчүн айландың бүгүн майрамга,
Аныгы өзүң кармашчу келдиң майданга!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#168 20 Июнь 2017 - 07:40
ЧЫҢГЫЗХАН
Сөзү: Бернд Майнунгер (Германия)
Обону: Ральф Зигель (Германия)
( Бул ырды 1979-жылы “Евровидение”сынагында Германиянын “Чыңгызхан” тобу ырдап 4-орун ээлеген.)
Талаадагы шамал менен жарышкандар
миң адам,
Анын бири алдыда.
Ошол миңдин ээрчигени – Чыңгызхан.
Туягынан даңкан ыргыйт аттарынын,
Үшүн алган өлкөлөрдүн баарынын,
Токто албайт аларды
Бороон-чапкын, чагылган.
Чың, Чың, Чыңгызхан!
Эхей! Атчандар, – Охой! Атчандар, – Эхей!
Атчандар – Бар алга!
Чың, Чың, Чыңгызхан!
Тур, боорум! – Жут, боорум! Чап, боорум!
Дайыма алдыга!
Монголдорбуз анык биз,
Арак эмес, каркыт ич!
Азгыра албайт бизди шайтан да!
Чың, чың,Чынгызхан!
Эхей! Атчандар – Охой! Атчандар – Эхей!
Атчандар – бар, алга!
Чың, чың, Чынгызхан!
Эхей! Эрендер – Охой! Эрендер –
Бийлегиле, берендер! – Башта, кана!
Угушсун баары күлкүсүн анын,
Дайыма шаңдуу каткырганын,
Ат үстүндө көөкөрдү бошотконун таптаза!
Көзү түшкөн аялдарды апкелдирип,
Чатырына жаткырган.
Аны көргөн дүйнөдөгү аял атпай
Бири калбай жактырган.
Бойлоруна жетөөсүнүн бүтүрүптүр
Бир түндө.
Душманынын үстүндө
мазак менен каткырган.
Анткени, ага тең келүүчү күч жок эле күчүнө.
Чың, Чың,Чыңгызхан!
Эхей! Атчандар, – Охой! Атчандар, – Эхей!
Атчандар – Бар алга!
Чың, Чың, Чыңгызхан!
Тур, боорум! – Жут, боорум! Чап, боорум!
Дайыма алдыга!
Монголдорбуз анык биз,
Арак эмес, каркыт ич!
Азгыра албайт бизди шайтан да!
Чың, чың,Чынгызхан!
Эхей! Атчандар – Охой! Атчандар – Эхей!
Атчандар – бар, алга!
Чың, чың, Чынгызхан!
Эхей! Эрендер – Охой! Эрендер –
Бийлегиле, берендер! – Башта, кана!
Угушсун баары, күлкүсүн анын,
Дайыма шаңдуу каткырганын,
Ат үстүндө көөкөрдү бошотконун таптаза!
(Кыргызчалаган: А. Абылкасымов)
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 20 Июнь 2017 - 07:56
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#169 22 Июль 2017 - 08:40
(Р. Гамзатовду туурап)
Ким, качан, кайда болсун жаңы ыр жазса,
Ал ырларда улут шаңы жаңырбаса,
Ошол да акынбы?
Ким, Чындык өлсө кошо өлбөсө,
Кайрадан наристедей төрөлбөсө,
Ошол да акынбы?
Ким махабат азабын бир көрбөсө,
Сүйүүдөн толуп жана бөксөрбөсө,
Ошол да акынбы?
Ким сулууга тамшана суктанбаса,
Ошондон эргүү алып шыктанбаса,
Ошол да акынбы?
Ким жыгылып ар жалаптын аягына,
Кыянаттык кылып жүрсө аялына,
Ошол да акынбы?
Ким алып мал-мүлк жана арам акча,
Татыксызды мактаган “ыр” арнаса,
Ошол да акыбы?
Ким бийликке тик карабай, жалтайласа,
Адил сөзүн так, кесе айта албаса,
Ошол да акынбы?
Ким түйшүктөн, күнүмдүк санаа-ойдон,
Сезимдерин сактабаса бала бойдон,
Ошол да акынбы?
Ким сүйбөсө тууган жерин бабалардай,
Көтөрүлсө жадынан, кабар албай,
Ошол да акынбы?
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 06 Ноябрь 2017 - 21:07
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#170 25 Июль 2017 - 15:44
БАРЫНАН... ЖОГУ!
(кыска варианты)
Атайын жээрип, жашабай чогу,
Атчудай көздө болсо эгер огу.
Ай-жылда келип кабарын албас,
Ата-энеси оорубу, сообу?..
Андай уулуңдун барынан... жогу...
Кийими айтат жоктугун обу,
Кыйын эй билиш: маспы, же сообу?
Акылың айтсаң, асылат кайра:
«Аны өзүм билем, ишиң не?..» Жообу.
Андай кызыңдын барынан... жогу!
Бал сөзү менен томкоруп тоону,
Байлыгын талап келсе эле оңу,
Жарагын алып, коргобой элин,
Жашынып калган көргөндө жоону,
Андай жигиттин барынан... жогу!
Омоктуу ой жок бириксе ону,
Оорутат башын бир курсак тогу...
Каадалуу сүйлөп, кеңешин берчү,
Кайда ага, кокуй, Бакайдай болуу!
Андай карынын барынан... жогу!
[/ quote]
Браво!!! Бали Барс ава!!! !
#171 14 Август 2017 - 15:40
Токтот, Кыргыз, башкаларга баш койгонду:
Орустардан үйрөнгөнсүң чач койгонду.
Ошондо эле орус болуп кеткен жоксуң,
Ошол эле кыргыз башың баш бойдонбу?..
Токтот, Кыргыз, Батыш жактан үйрөнгөндү:
Үйрөн, макул, илим-билим, сүйлөгөндү,
Бирок дагы туураймын деп айбан болбо,
Аялга аял, эркекке эркек үйлөнгөндү!
Токтот, Кыргыз, бөлөктөрдү ээрчигенди:
Туурай бербе дин жамынган “элчилерди”.
Арасында дин Исламдын душманы бар,
Айнытмакчы акыл менен эсиңерди...
Токтот, Кыргыз, өз ич ара бөлүнгөндү:
“ Сен чала...” – деп, “Мен таза...” – деп сөгүнгөндү.
Эстен кантип чыгардыңар, бийлик үчүн,
Чачылганың Манас бабаң өлгөндөгү?!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#172 17 Август 2017 - 15:35
Барс (14 Август 2017 - 15:40) жазган:
Токтот, Кыргыз, башкаларга баш койгонду:
Орустардан үйрөнгөнсүң чач койгонду.
Ошондо эле орус болуп кеткен жоксуң,
Ошол эле кыргыз башың баш бойдонбу?..
Токтот, Кыргыз, Батыш жактан үйрөнгөндү:
Үйрөн, макул, илим-билим, сүйлөгөндү,
Бирок дагы туураймын деп айбан болбо,
Аялга аял, эркекке эркек үйлөнгөндү!
Токтот, Кыргыз, бөлөктөрдү ээрчигенди:
Туурай бербе дин жамынган “элчилерди”.
Арасында дин Исламдын душманы бар,
Айнытмакчы акыл менен эсиңерди...
Токтот, Кыргыз, өз ич ара бөлүнгөндү:
“ Сен чала...” – деп, “Мен таза...” – деп сөгүнгөндү.
Эстен кантип чыгардыңар, бийлик үчүн,
Чачылганың Манас бабаң өлгөндөгү?!
Ырларыңыз сонун экен. Ийгилик!
#173 17 Август 2017 - 16:42
#174 20 Сентябрь 2017 - 14:06
Көкүрөгүңдө күдүк турса да, күлүп тургун,
Көпчүлүккө ылайкаңды билдирбей, тунуп тургун.
Алдыңа куу да келет, макоо келет...
Алардын айырмасын билип тургун.
Унут мурунку келишпестиктерди ич ара,
Урмат менен, ишенимдүү, нуруңду чачкансып кара,
Сага каршы сөз айткандар да болот топтун ичинде,
Сабырдуулук менен жооп бергенге жара.
Белдүү бол, бирок чыгып кетпе, чийинден четке,
Бекем бол окшошуп байыркы Кытай чепке.
Азырынча: «ойбо-й, мээримдүү экен» - дешсин,
Алдыңа алардын ити келсе да теппе!
Айланага абай салып, акыл менен шашпай сүйлө,
Айткан куру убадаңа баары ишенишсин, ашырып ийбе.
Тууган боло кал кайсыл жерде эл менен жолуксаң:
Таластыкка Таласта, оштукка Ошто... чүйлүккө Чүйдө.
Кубулуп тур, бирөө кол сунса, сен кучактай кал, үркпө,
Кубангансып, жылмаюу менен өөп кой, жат бирөө көтөрүп турса чүрпө.
Жолугуша бер кенен залды, стадионду гана эңсеп турбай,
Жолдо, белде, эгер төрт-беш адам болсо, үңкүрдө.
Жеткире чач акчаны берки талапкерден көп эки-үч эсе,
«Жеген ооз уялат» дейт, урнага барганда уялаар жесе?..
«Ак эмгегим менен тапкам» - де, уурулугуңду айтып алба,
«Айтчы, бул эмне акча? Кайдан алгансың?» - десе.
...Ушул айткандарды аткара алсаң, жеңишке жетесиң,
Убайымы жок «Улуу Урматтуу Улук» болуп кетсиң.
Чыркырата анан баарынын жон терисин сыйрып,
Чыгарып аласың ушул көргөн «кордуктарыңдын» эсесин!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#175 06 Ноябрь 2017 - 20:56
Базар десе эле баягы бир кошунамдын окуясы эске түшө берет. Мурун базарга барып, малын аердеги далдал мактаса:” Э, кокуй мыкты уй турбайбы, сатпайм...” – деп кайра үйүнө алып кетип калган апенди туурасындагы ар кандай уламыштарды угуп жүрүп:” Бул эми адамдардын оюнан жаралган бир апыртма го...” деп гана жүрчүмүн. А көрсө, чын эле айтылгандын баары эле турмуштан алынат көрүнөт. Болбосо те илгерки апендинин ал окуясы го али адамдардын аң-сезими али анчалык калыптана электе болсун дейли. Анан жыйырма биринчи кылымда, илим менен техника адамдын кыялындагынын баарын ишке ашырып жаткан учурда, аны тим кой, адамдардын куйтулугу, кутумдугу жетээр жерине жетип турган учурда ушундай болот, ушул менин кошунамдай адамдар да дагы деле бар дегенге, өзүм күбө болбосом, кайдан ишенмек элем. А тургай сиз, урматтуу окурман, мен баян кылуучу бул аңгемени окуп алып, анын чын-төгүнүнө парасат кыла албай, ортозаар абалда калсаңыз, мен түк таң калбаймын, ишенип коюңуз!
* * *
- Тиги кара кой жама-ан жинге тийди. Же жемге тойбойт, же эки жылдан бери шүдүңдөп кысыр калганын койбойт. – деп аялы сөзүн уйкаштырып, иштен чарчап келген эринин кулагына кайра-кайра кыңылдап туруп алды.
- Ушул өлөтттү, эртең күнгө жума, Кербендин базарына апарып сатып, ордуна бир башкасына алып келбесең болбойт, – деп түз эле буйруй сүйлөдү.
- Э кепти узартпай чай берчи, коюңдун таржымалын укканга ал жок, жаман чарчадым... – деди күйөөсү.
- Ие, мен үйдө бош эле жыргап отурам, аттай болуп... ооба менин жаным темирден. Отурам да кечке очоюп... Мал-келди каралашып койгонго сенин убактың жок. Балдарың болсо сабак менен оюндан колдору бошобойт. Тиги өлөт алган кара кой... – деп дагы баштап келе жатканда, күйөөсү акырая карап:
- Ой болду дебедимби кара коюңду! – деп кыйкырып, жаман сөз менен сөгүнүп коё берди – Болуптур эртең базарга алып барып сатам, - деди эле, аялы айтканы аткарыла турганына көзү жеткени унчукпай калды да, күйөөсүнө чай бергенге дастарконун шашыла жая кетти.
* * *
Алар таң атпай эле турушту. Анткени, ошол жердеги базар аралап жүргөн далдал кошнасы мал базардын таң атпай эле кызуу башталарын айткан эле. Жатаарда аны менен сүйлөшүп, коюнун канча болорун божомол менен сурап, эртең сатышканга жардам берүүсүн өтүнүп, макулдашкан. Өзү айда, жылда мал базарга барбаса, мындай иш менен бирде экиде шугулданбаса, жардам керек да. Ошентип көңүлү бир аз ток болгон неме эртең менен чөнтөк тилпондон коңгуроо чалса, ал ден соолугу жакшы болбогонун айтып базарга барбастыгын билдирди, шайтан алгырдыкы! Анан не айла, тобокелге алып, жаман Москвичинин багажына коюн салып, өзү жеке “Кербен базары кайдасың?” деп жөнөй берди.
* * *
Базарга жакын машина токтоочу жайга машинасын токтотуп, койду түшүрүп, кире берген эле жерден бир аларман ага чып жармашты.
- Кой сатылабы?
- Ооба.
-Кана, канча сом берейин?
- Кошнасы айткан баа оозуна келе калып:
- Алты миң. –деди.
- Бир аз түшпөйсүзбү?
- Анысы эмнеси? – деп таң кала сурады ал.
- А эми бир аз арзандатыңыз да.
- Жок болбойт, - деп кесе айтты ал.
- Майли эми таңкы базар, колду бериң, бар береке, – деди тиги аларман. Анын эси оой түштү. Мындай тез сатып жиберери үч уктаса түшүнө кирген эмес да. Бир аз туруп калды. Аларман беркинин базар көрбөгөнүн, өтө эле кам экенине ого бетер көзү жетип:
- Кыйылбаң, бул баага кечке турсаңыз да сата албайсыз – деди тигинин колун силкип атып.
- Майли, - деди берки оозу бош.
- Жоок, “Бар береке” дең. Экөөбүзгө да берекесин берсин – деди тиги аларман.
Анын маанисине түшүнбөй эле:
- Бар береке, – дей салды ал.
Аларман акчасын тез санап, койдун мойнуна өз жибин байлап, тигинин жибин колуна карматты да, койду жетелеп базарга кирип кетти. Алармандын ким экенине, өңү-түсүнө астейдил караган да жок. Антсе да күңгүрттүктө даана деле көрө алмак эмес. Чынында ага ким болсо ошол болсун, баары бир эмеспи.
Ал үстүндөгү бир балакет оор жүктөн кутулгандай шуу үшкүрүп, алган акчаны шаша эсептеп, чөнтөккө урду да, нарыдагы ашкана тарапка басты. Таң эми агара баштаган эле.
* * *
Ашканадан курсакты кампайткан соң, эми жаңы кой сатып алуу кыжалаты анын мойнуна минди. Илең-салаң басып базардагы койлорду аралап жөнөдү. Койдун түрүнөн турат: Кичинеси да бар, чоңу да бар. Кочкору, ургаачысы, козусу бар. Агы, сарысы, карасы бар.
Кайсы бирин алат эми? “Баягы жылдары бир Акылбек Жапаров деген чоң ар бир койдун паспорту болушу керек дегендей ойду айтса, деле баары түп көтөрө каршы чыгышты эле. Балким, ошонуку туурабы деп калдым. Мына азыр мен окшогон көрбазарлар баштарын маң кылбай базардагы койлордун паспортуна карап, сатып ала берет эле. Ага кошумча өмүр баяны менен мүнөздөмөсүн тиркеп койсо андан бетер сонун болмок.” Ал ушуларды ойлоп ичинен бир мыңк этип күлүп да алды. Анан аялынын тигил сатылган коюнун оголе көп кемчилдиктерин санап айтканын эстеп: “Ой жок, - деп ойлоду ал кайра, – андай болгондо өзүмдүн коюмдун баасы да төмөн болмок да...”
Ушундай ой менен алпурушуп базар аралап баратып, бир койго көзү түштү. Негедир көзүнө ошол кой ысык көрүнүп туруп алды. “Жылдыздуу кой экен...” деп ойлоп койду ал. Анан андан нары жөнөдү. Кой базардын наркы четине чыгып, кайра бери аралады. Келе жатып алиги койго дагы көзү түшүп, жанына келди. Кармап турганы жигит жаш эле неме экен. “Бул деле мага окшоп жаңы келген бала го?” – деп ойлоду ичинен. Анан ээсине карап:
- Кой сатылабы? – деп койду, эртең мененки алармандын сөзү эсине түшүп.
- Сатылат... - деди ээси, көзүн ала качып, жылмайган тейде.
- Канча сурайсың?
- Жети миң... – деди ээси.
- Кеми барбы?
- Сиз сураңыз, – деди ээси жылмайып.
- Алты миң берейин, – деди ал.
- А жок болбойт. Сиз бул койду ала албайт экенсиз – деди ээси.
- Эмне үчүн ала албайт экенмин?. Алам эле... Нак баасын айт! – деди ал кызаңдап.
Ээси анын чындап эле баалашып жатканына эми ишенип, мыйыгынан күлүп туруп:
- Нак баасы: алты миң беш жүз сом. Андан бир тыйын да кемине бере албаймын, – деди.
“Дурус кой болсо кошумчалап аларсың” деп аялы үйдөгү акчадан миң сом кошо бергени абийир болгон экен. Ошону эсине алып туруп:
- Болуптур алты миң беш жүз сом болсо, келиштик, - деди ал анын колун бекем кармап.
Койдун ээси:
- Чындаппы? Макул сиз үчүн гана арзан берип жатамын. Болбосо, жети миңден кемге сатпайт болчумун... Бар береке, - деп жиберди.
Ал да кой сатканда үйрөнгөн сөзүн кайталап:
- А ырахмат сыйлаганыңа. Бар береке, - деп колун силкти.
Ошентип, эртең мененки сатылган коюнун акчасына үйдөн алып чыккан акчадан кошуп туруп кой ээсине нак санап берип, чөнтөгүнөн өз жибин алып, жаңы сатып алган койду байлады да, машинасына сүйрөп жөнөдү.
* * *
Үйгө келип, дарбазадан кирип эле аялын чакырды. Кудай жалгап балдары да сабактан келип калышкан экен, аларга машинанын ачкычын берип, багаждагы койду түшүрүп алуусун буйруду. Балдар койду түшүрдү. Аялынын көзү чекчейип:
- Эмне, бул арам өлгүр сатылбадыбы? – деди.
- Кайсы арам өлгүр?.. Аны сатып жаңысын алып келбедимби? – деди күйөөсү.
- Эмне дейт?! Өй, өзүбүздүн эле кой го бул? – деди аялы, эринин чындап айтып жатканына ишенбей.
- Э койчу, кантип?.. – деди күйөөсүнүн оозу ачылып. Бир саамдан соң:
- Жок э, кантип? Өз коюмду?..– деп дагы бир ирет эриндери титиреп кайталады.
Көрсө, өзүнүн коюн кайра өзү беш жүз сом кошуп сатып алган тура! Качан гана ал чындык башына жеткенде, бир колу менен маңдайын, бир колу менен жүрөгүн кармап, жерге отура кетти...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#177 07 Ноябрь 2017 - 15:02
#178 13 Ноябрь 2017 - 21:43
Мен күз кезде, көрүнүшүң жаз экен,
Жамгыр экен, мөлтүр экен, таза экен.
Анча эртерээк төрөлүпмүн өзүңдөн,
Ушул мага тагдыр берген жаза экен.
Төөдөй мени чөгөлөтүп тиздейсиң,
Төөталтаңдай жоругумду издейсиң.
“Төрөлгөнү түшүмдө да, өңүмдө,
Төгүн эмес, издегеним Сиз!” – дейсиң!
Сен антсең да, ортобузда жар көчүп,
Жетүү кыйын,арман толо, бар өксүк.
Сага жетүү – артка кайтуу аптап жеп,
Жылаңаяк алга басуу кар кечип...
А себеби: ортобузда Жай, Кыш бар,
Арсыз жандар: “Уят – бул!..” – деп айтышаар.
Антсе дагы кечиримдүү аларга,
Анткени алар – Сүйүүсү жок байкуштар!
Эй адамдар, бизге ушак жаадырба!
Ким жыттабайт жазгы гүлдү адырда?!
Күздө дагы сүйүү берген, гүлдөткөн,
Ыраазымын, мен ыраазы тагдырга! ...
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 13 Ноябрь 2017 - 21:47
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#179 17 Ноябрь 2017 - 15:38
Саясаттын өтпөй калды жөн күнү...
Сасыктарга сары чака өндүбү?
Маңкурттарың алтын казып алууга,
Макул дейт го талкалоого мөңгүнү!
Жашоо алган тирүү жандын канчасы,
Жаткан мөңгү – суу-өмүрдүн кампасы.
Кусур урсун муну билип беришсе,
Күйүп кетип алган байлык, там-ташы!
Ырасында Жаратылыш – ырыскың,
Ырыскыңды алдырбоого тырышкын.
Кенин уурдап,ага тойбос бөтөндөр,
Көз артпасын мөңгүсүнө Кыргыздын!
... Ээн жерде доңуз копкон сыңары,
Эби бар да кыянаттык кылыштын! !!
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 17 Ноябрь 2017 - 15:40
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#180 17 Ноябрь 2017 - 20:28
Барс (13 Ноябрь 2017 - 21:43) жазган:
Мен күз кезде, көрүнүшүң жаз экен,
Жамгыр экен, мөлтүр экен, таза экен.
Анча эртерээк төрөлүпмүн өзүңдөн,
Ушул мага тагдыр берген жаза экен.
Төөдөй мени чөгөлөтүп тиздейсиң,
Төөталтаңдай жоругумду издейсиң.
“Төрөлгөнү түшүмдө да, өңүмдө,
Төгүн эмес, издегеним Сиз!” – дейсиң!
Сен антсең да, ортобузда жар көчүп,
Жетүү кыйын,арман толо, бар өксүк.
Сага жетүү – артка кайтуу аптап жеп,
Жылаңаяк алга басуу кар кечип...
А себеби: ортобузда Жай, Кыш бар,
Арсыз жандар: “Уят – бул!..” – деп айтышаар.
Антсе дагы кечиримдүү аларга,
Анткени алар – Сүйүүсү жок байкуштар!
Эй адамдар, бизге ушак жаадырба!
Ким жыттабайт жазгы гүлдү адырда?!
Күздө дагы сүйүү берген, гүлдөткөн,
Ыраазымын, мен ыраазы тагдырга! ...
Барс агай, үйдүн КУТУ, БЕРЕКЕСИ, коломто ээсичи?..