Адам пендеси кызык эле жаратылган жан болот тура чиркин! Жараткан ага чектелүү акыл, ой, сезим, анан кошумчалап ойку-кайкы тагдыр ыроологон экен, ошолордун шарданы менен бирде сүйүнүп, бирде күйүнүп, төрөлгөндөн көз жумганга чейин насибин ашап, бири-бирине окшошпой жашап,келечектен жакшылыктарды үмүт этип, өмүр сүрөт өңдөнөт.
Мына азыр да григориан жыл санагы боюнча келүүчү жаңы 2018-жылды күтүп, жакшылыктардан үмүт этип, бирин-бири куттуктап, майрамдап ( жер үстүндөгү адамдардын баары эле эмес дечи!..) шаттанууга даярданып жатышат. Чын эле бүгүнкү түндүн жарымында,саат түнкү 12-00 убакытты көрсөткөндө, Жаңы Жылдын келери такпы? Чын эле эски 2017-жыл кетеби? Эртең эрте менен Жаңы жылдын жарыктык Күнү чыгыштан жаркырап чыгабы?
Анда эмнеге юлиан жыл санагы боюнча григориан жыл санагынын 13-14-январында (мындан нары ушул григориан жыл санагы боюнча белгилейбиз. ) эски жаңы жыл келет дешип,элдин бир тобу зарыгып күтүп отурушат? Анда эмне үчүн байыркы Кытайдын жыл жазмаларында жылдардын тоголушу 21-январдан 21-февралга чейинки күндөрдүн биринде деп белгилеп кетишкен? А ирандыктарды туурап биз илгерки ата-бабаларыбыз атаган Жыл ажыраттыны “Нооруз”деп атап алып, эмне себептен 21-мартта тособуз? Андан да кызыгы Бангладеште бенгал жылы 14-апрелде, 9-11-сентябрда еврейлердин Рош Ха-Шана жылы Израилде,ал эми мусулмандардын хижра жаңы жылынын башталышы быйыл 14-сентябрга туш келет... жана башка ушул сыяктуулар. ( ж.б.у.с деп коюшчу беле?)
Ко-ош,ошондо Жаңы Жыл качан жаңырат? Кайсыларга жана кимдерге ишенебиз! ?
Анткен менен Жараткандын ар бир күнү майрам! Тирүү тоскон ар бир күнүң шаң! Эмесе баарыңыздардын шаңдуу майрамыңыздар кут болсун! Жалпы Адамзатына , өз элибизге, үй-бүлөбүзгө жана да керт башыбызга тилеген жакшы тилектерибизди, ниеттерибизди Жараткан ар бирибизге берсин! Ар бир күнүңүздөр майрам болуп, майрамыңыздар майрамдарга улансын, замандаштар! !!
Сиздерди урматтоо менен БАРС.
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 31 Декабрь 2017 - 14:44