NIkalike (28 Октябрь 2017 - 00:05) жазган:
-Кандай Назик.
-Жакшымын.
-Жумуштасынбы?
-Жок бугун дем алыш.
-Ха,ха унутуп койгонумду кара. Демек бош элесинби? Кечкиге пландар барбы? Эгер макул болсон киного же бир жерге барып тамактанып келсекчи?
-Ммм... балким жон эле сейилдейбиз.
-Болуптур. Кечки алтылар чамасында кайсыл жактан кутойун?
- Билбейм, жолугушууга сиз чакырып жатасыз го.
-Анда Бишкектин картасын карап, ойлонуп анан чалам э?
Куз керемет эмеспи. Асман кок, жалбырактар сары, кызыл боекторго жамынып, салкын абада кандай жагымдуу. Белгиленген жерде "Уйлонойун деп, татыктуу айымды издеп, бирок таппай жургон" мырзаны кордум. Жолуктук. Мен коп суйлобогонгобу айтор, Бекнур озун ото сабырдуу, токтоо кармап, болушунча маданияттуу корсотуп жатты. Эми жасалма мамиле дароо билинет го. Мен да унчукпай жанында башымды ийкеп коюп журо бердим. Озунчо эле классика! Мен мынчалык дистанцияны кармап, олуттуу суйлоп, серьезная болуп, "Биздин айылдагы эн маданияттуу, даже этти вилка менен жейбиз" дегендей,)))) филасофияны талкуулап, жасалма болсо да акылдуураак коруно албашымды билсе, шайтаным кармап, тамашалап, эркелеп, оюма келгенди шарт айтып салаарымды билсе, кээде мультфильм коруп отурганымды корсо, Бекнур братан артын карабай, куйругун туйо качып кетпесе мага келгиле" деп ойлоно, ичимден кулкум келе жанаша келе жаттым.