Тойдо сөзсүз миндеп адам чакырштын кажети барбы? Тойдогу салттар жана ысыраптар
#1 31 Январь 2018 - 19:22
Мен турмушка чыга элекмин салттар кандай экенин билбейм.жакында байкеми үйлөнөтөлү десек өтө эле ысыраптар көп экен. Менин жиним келгенин себебиби өтө эле кереги жок салт санаалар. Ырчы чоорчулар жок эле сонун кылып ресторандан өткөргөнү сиздерден идея же болбосо кенешинерди күтөм. Кызыктуу оюн зооктор озубуздун эсибизде кала турган жакшы нерселерди күтөм.
#2 31 Январь 2018 - 20:30
Тооба каада салт жаман
Сенин ата энен барып ичеерин ичип жеерин жеп алган эми ал адамдар келсе жаман
Кой паланча той берип жатыптыр уят барып кызмат кылалы деп келгендер жаман
Анан ресторан каяктагы шалаакы оюн зооктор жакшыбы.Тамада каалагандай калчап ошончо элди атасын кызын кучактатып катынын болок эркектин алдында кыйшаңдатып бийлетип иттей эле кылса жакшыбы?

БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУ ЖОЛДОР БАР
МЕН ЖОНУНДО ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОН ОЙЛОЙ БЕР
МЕН СЕН ЖОНУНДО ОЙЛОП БАШ ООРУТПАЙМ
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУ ЖОЛДОР БАР
МЕН ЖОНУНДО ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОН ОЙЛОЙ БЕР
МЕН СЕН ЖОНУНДО ОЙЛОП БАШ ООРУТПАЙМ
#3 31 Январь 2018 - 20:41
Ииии,жанагы тойдогу "интернет зивезда "боогон эжелерди көрүп, бизге ээч эле кереги жок экен ырчы чоорчу, тамадалардын деп калдым.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#5 02 Февраль 2018 - 13:22
Ар бир адам өзүнө жараша кылат да. Мен азыртадан эле көндүрүп койгом мен тойсуз эле турмушка чыгам деп. Күйөө жак эле макул болбой койбосо
Aşkta cesur olan kazanır *** Yesterday you said tomorrow
#6 02 Февраль 2018 - 13:37
Ал ар кимдин озуно жараша деп ойлойм. Дос-жары коп болсо, коп чакырат да. Жок болсо кайдан чакырмак?? Коп адам келсе да, акчаны ысырап кылбай сарамжалдуу колдонсо болот. Болгону алдын ала план тузуп алуусу керек...
(Анан теманы туура жазып койсонуздар жакшы болмок. Бир аз катачылыктар бар экен .
(Анан теманы туура жазып койсонуздар жакшы болмок. Бир аз катачылыктар бар экен .
#8 02 Февраль 2018 - 18:36
Aima94 (31 Январь 2018 - 19:22) жазган:
Мен турмушка чыга элекмин салттар кандай экенин билбейм.жакында байкеми үйлөнөтөлү десек өтө эле ысыраптар көп экен. Менин жиним келгенин себебиби өтө эле кереги жок салт санаалар. Ырчы чоорчулар жок эле сонун кылып ресторандан өткөргөнү сиздерден идея же болбосо кенешинерди күтөм. Кызыктуу оюн зооктор озубуздун эсибизде кала турган жакшы нерселерди күтөм.
Анда менин идеям жагабы жакпайбы билбейм.
Досторунун санына карап эки же үч спринтер кылып. Кыздын үйүнө кадимкидей эле барып сыйын көрүп кечкисине чакан 50-60 орундуу кафени эле сүйлөшүп жалаң достору эле барып чёткий ойноп келсе болот
Билдирүүнү түзөткөн: atai9292: 02 Февраль 2018 - 18:41
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#9 02 Февраль 2018 - 19:24
Бишкекте той кылсан тууган уругун,досторун,
коллективтерин и баланын достору болот, кыз тарапка мах 50кишиге чакыруу бересин, болбоду дегенде бир шишканын кызы болсо 80кишиге бересин чакырууну, Ошону менен чакан эле той болот 150,200киши менен.
А туштук тарапта болсо кошунанды, кошунандын кошунасынан бери чакырасын, ал олду дегенде эки кызын, небересин жетелеп келет, кыскасы привет,покаларындын баары келет тойго, карасан эле Ош базар болупаткан болот.
Кыскасы бул той масалеси бизде алибери чечилбейт

Түнт мүнөздүү түркөй болушпай
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
#10 02 Февраль 2018 - 19:46
Aima94 (31 Январь 2018 - 19:22) жазган:
Мен турмушка чыга элекмин салттар кандай экенин билбейм.жакында байкеми үйлөнөтөлү десек өтө эле ысыраптар көп экен. Менин жиним келгенин себебиби өтө эле кереги жок салт санаалар. Ырчы чоорчулар жок эле сонун кылып ресторандан өткөргөнү сиздерден идея же болбосо кенешинерди күтөм. Кызыктуу оюн зооктор озубуздун эсибизде кала турган жакшы нерселерди күтөм.
Илгертен бери эле калынсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт деген, анын сынарыдай салты жок той болбойт, бирок ырчы чоорчусу жок жакшы тамада менен ыймандуу оюндарды уюштуруп откорсо болот, мисалы ыр, макал, табышмак сыяктуу оюн откоруп убакытты откозсо болот, анан адам чакырууга келсек катышы бар бардык жакынынарды созуз чакырасын.
#11 02 Февраль 2018 - 20:19
Бул жерде деле ар кимдин каалоосу ар кандай деген нерсе да. Кимдиндир каалоосу башкача той откоруу, болсо башкасыныкы дагы башкача. Негизи тойдун кызыктуулугу келген конокторго да карайт. Кээ бир коноктор да ырчыдан бетер тойдун коркун ачып салат, ар кандай оюн зоокторго катышып бийлеп нетип, кээ бири тултуйуп олтуруп берет, тултуйгандар коп болсо тойдун кызыгы да жок. Анан да алып баруучу жакшы болуш керек. Ошондой эле бизде тойлордо азыр улуу кичуу, кары картандардан,
тууган урук ж.б баары барат. Кээ бирки жаштар тартынат улуулардан.
Нары жакта аяш атасы олтурат, же тайкеси, же дагы бир нерсеси олтурат. Алардын козунчо озун корсотуудон тартынып калуусу мумкун. Азыр келин куйоонун достору бул жакта калып эле, улуу эле адамдар тойду жыртып жаткан болот. Ошол той кимдер себепчи болуп жатат? Демек кыз жигиттин досторуна гана арнала турчуу нерсе озу ушул той вечеринкасы.
Чондор пусть башка жакта ойной беришсин. Бир биринин туулган кунун откоруп деле кафе ресторанда ойной беришсин оздорунчо. Ал эми загсты коштогон кортежди айтсам, бизде азыр чектелип эле калышты окшойт мурдагыдай болбой. Кавказ чечендердин загска чыкканын коруп, кыргыздар тузук эле окшойт деп калдым. Аларда кыздын уйунон чыккандан баштап, айнектерин ачып алып асманга автоматтан тытыратып атып ойноп кетишет экен. Ал эмненин белгиси билбейм, бирок кокус андайда бироо жарымды атып алса эмне болот белгисиз. Эки жаш баш кошуп жаткандан кийин, кандуу курал добушун угузушуп эмне кылат билбейм. Ушуга окшогон бейжорук нерселерди коюп, жакшынакай ойноп бийлеп откоруп койсо болот. Ошондой эле ресторандагы кечеден сырткары, баш кошууда себепчи болгон ыпыр сыпыр болбогур салттарды жок эле кылып салса.
#12 03 Февраль 2018 - 14:47
Мага чакан эле той жетишет. Ар адамдын максаты,оюу ар башка да. Тааныштары көп болсо чакырсын баарын. Бирок биздин менталитетте баарын сыйлаш керек деген нерсе сиңип калган. Келип белектерин берип,куттуктап кете беришпейт.
#13 03 Февраль 2018 - 15:10
Темага жооп: Миндеп адам чакыруунун эээч КЕРЕГИ ЖОК.
Ар ким оз алына жараша откорот. Эл айта берет дей берет.
Чакырбай койсон, капа болсо, капа боло берсин.! Ошончо чыгым кетирип , а тойдун эртеси да жашаш керекпи адам?
Жогоруда айтып отушуптур го, эгер жаштар учун ,чакан гана болсо, анда болушу мумкун!

#14 03 Февраль 2018 - 23:46
Улуулардан тамашалуу кеп уктум эле : "Нечендеген байлар 40 кун, 40 тундоп той берсе, эл твоё жеп, ашыра макташчу. Бирок, тойдун эртеси созсуз бир кемчилигин айтып чыкчу
..."
Чакырсан да, чакырбасан да эл деген эл баарыбир суйлойт тура...
..."
Чакырсан да, чакырбасан да эл деген эл баарыбир суйлойт тура...
#16 04 Февраль 2018 - 03:36
Тар чойродо эле кылган жакшы экен,коп адам чакырып алсан деле 3,4 саат данка-дунк болуп эле бутот экен андай той жакбады.
#17 04 Февраль 2018 - 13:22
Эми аны ата-энеңер чечет да.
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#18 04 Февраль 2018 - 18:56
Кече кайненем Бишкеке тойго барып келди. Подружкасы кыз берип аткан экен. Ысырапкорчулук такыр жок экен, кудаларда кыздын уйуно келбеди, 7досу, 4 подружкасы келип сый коруп кетти, сарпайында жок кылыптыр, кыскасы ырым жырымды жок кылып тыкан эле откорду. Эн сонун болду деп келди. Бизге аябай оон учурады. Ушундай да болот бекен деп тан калдык))
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#19 05 Февраль 2018 - 11:41
Aima94 (31 Январь 2018 - 19:22) жазган:
Мен турмушка чыга элекмин салттар кандай экенин билбейм.жакында байкеми үйлөнөтөлү десек өтө эле ысыраптар көп экен. Менин жиним келгенин себебиби өтө эле кереги жок салт санаалар. Ырчы чоорчулар жок эле сонун кылып ресторандан өткөргөнү сиздерден идея же болбосо кенешинерди күтөм. Кызыктуу оюн зооктор озубуздун эсибизде кала турган жакшы нерселерди күтөм.
Ысырап дегенде кандай?
Ырчы- чоорчулар элеби?
Эгер ушул эле нерсе болсо капчыкка жараша караштырса каалаган баага таба алат. Себеби той алып баруунун да озуно жараша жоопкерчилиги бар.
Болбой баратса майтыфонду коюп музыканы данкылдатып, аксакалдардан тарта кичуулорго карай соз берип той откорсо деле окшошо берсе керек. Бирок чыгымдын кобу бул жакта эмес.
Ашыкча чыгым деп машина прокатка алып тегеренгенди, той койнокту сатып алганды айтмакмын)))
А мындай карасан кыргызда катышы коп, ошолорго карай ата-эне оздору каалагандай чектейт.
Той уйлонуп жаткан жаштардыкы эмес, той ошо тойдун финансы жагын которгон ата-эненики. Ошолор кандай откоробуз десе, ошого жараша болот.
Жаштар он досу менен белгилеп коебуз дешсе, оздору баарын которуп, ата-энеге оорун артпоосу керек.
Менимче ушундай.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#20 05 Февраль 2018 - 22:35
Ысырапкерчиликти азайтуу керек... Элге жакканың менен Кудайга жакпайт ысырапкерчилик.
Ысырапкерчиликти аз кылуу көп кылуу той ээсине таандык..
Ысырапкерчиликти аз кылуу көп кылуу той ээсине таандык..
Акылы көптөр-идеяларды,
акылы ортолор- окуяларды, акылы аздар- адамдарды сөз кылышат!