Илимдүүлөргө суроо
#6841 22 Май 2018 - 22:32
#6842 22 Май 2018 - 23:44
#6843 23 Май 2018 - 01:27
Stervamyn (22 Май 2018 - 22:32) жазган:
22-марттан, 22-июнга чейин түн кыскарып күн узарат. 22-июндан 22-сентябрга чейин түн узарып күн кыскарат. Ошондо акыркы 2.3 жылдан бери түндүн кыскаруусуна туш келип жатабыз, ошон үчүн ооз бекитүү убактысы азайууда.
#6844 23 Май 2018 - 01:34
0102beka17 (22 Май 2018 - 23:44) жазган:
Ошол жерин жууп койуп окуй бересиз. Анан заара кичине тийип калса, ошол кезде сапарда болсоңуз, же шарт оораак жерде болуп калсаңыз, анда шартка байланыштуу намаз окуй бересиз, себеби фикх илиминде <Мискали дирхам> деп келет, б.а кийимде дирхам тийиндин өлчөмүндөй суу нажас болсо, же нажас тийип калса анда намаз окула берет.
#6845 23 Май 2018 - 01:42
#6846 23 Май 2018 - 02:03
#6847 23 Май 2018 - 14:38
defne15 (23 Май 2018 - 02:03) жазган:
Бул маселени көптөгөн дин улуулары <Мустахаб> , б.а жактырылган амал деп билишкен, т.а жасасаңыз сооп, жасабасаңыз күнөө болбойт, <сөзсүз кой союуу керек> деген нерсе динде жок. Азыр бул акийка маселеси фарз сыяктуу болуп баратат, б.а модагада айланып кетти. Буга чейинки сиз, биз акийкасыз эле чоңойдукко эч нерсе болбодук. Ошол акчага балаңызга керектүү болгон көп нерселер бар, ошолорду алып бериңиз, ошол акчага өз үйүңүздөгү муктаждыктарды бүтүрүңүз. Акийка маселеси бекемделген сүннөт, же негизги маанилүү амалга ээ болгондо, анда илгертеден эле салт сыяктуу уланып келмек. Бул маселеге жакында эле амал кылуу башталды, жасбагандар фарздарын каза кылгандай обсуждать этип алышыптыр.
#6848 23 Май 2018 - 14:49
0102beka17 (22 Май 2018 - 23:44) жазган:
Заара тамган жерди жууп коюшун керек, эн жакшысы бошонгондон кийин, дароо чыгып кеткен болбойт, шайтан кармап калат, бир тамчыдай кылып. Шашпай тазалап чыгышын керек.Дааратын толук болсо, намазын да толук дегени.
#6850 24 Май 2018 - 16:40
0102beka17 (24 Май 2018 - 14:51) жазган:
Мындай маселе жекече турдо чечилет. Негизи, мумкунчулук болуп туруп, орозо кармагандан баш тарткан адамга алтымыш кун орозону толуктоого милдеттуу болот. Бирок атайлап орозонун бир кунун кармабаган учунбу, же орозо айын толук калтырган учунбу, билбейт экем. Билээрим, ошол алтымыш кун бою же орозо кармоо керек, же тамак ашка муктаж броону алтымыш кун бойу тамактандыруу керек. Жекече маселеси ушул жерде: аалымдар мындай учурда колунда бар адамга орозо тутууну сунуштайт, а кедей адамга бироону тамактандырууну сунуштайт.
brother
#6851 24 Май 2018 - 21:39
#6852 24 Май 2018 - 22:41
ЖООП
Албетте, бар. Түндөн ниет кылган орозосун атайылап бузууга кафарат керек экендиги дин китептеринин бардыгында бар. Кутуб-и ситта аттуу белгилүү алты хадис китебинен Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи жана Несаиде бар. Эң баалуу болгон бул беш хадис китебине ишенбеген адам эгер миссионер болбосо жахил же болбосо кыянат адам. Хазрети Абу Хурайра рываят кылган хадиси шариф мындай:
"Бир адам Пайгамбарыбызга келип: "Курудум, йа Расулаллах”, - деди. Пайгамбарыбыз эмне болгондугун сурады. Ал болсо Рамазан орозосун атайылап бузгандыгын айтты. Пайгамбарыбыз бир кулду азат кылуусун билдирди. Кулу жок экендигин айтканда аралыксыз эки ай орозо кармоосун буйрук кылды. Муну дагы кыла албай тургандыгын билдиргенде кедей адамды тойгузуусун билдирди.”
Ислам аалымдары дагы түндөн ниеттүү орозосун бир себепсиз, үзүрсүз атайылап бузган адамдын кафарат катары эгер бар болсо бир кулун азат кылуусун, болбосо арты-артынан 60 күн орозо кармоосун, орозо дагы кармай албаса 60 кедейди тойгузуусу керек экендигин билдиришкен. (Радд-ул Мухтар)
Пайгамбарыбыз "алейхиссалам” билдирген өкүмдү кылбаган адам Аллаху тааланын буйругун кабыл кылбаган болот. Себеби, Курани каримде мындай мааниде буюрулган:
"Расулга моюн сунган Аллахка моюн сунган болот.” [Ниса 80]
Суроо: Орозо кафараты кандай кармалат?
ЖООП
Орозо кафараты үчүн арты-артынан 60 күн орозо кармайт. 60 күндөн кийин кармабаган ар күн үчүн бир күндөн кошумча орозо кармайт. Бир нече Рамазанда кафараты бар болгон же бир Рамазанда 2 күн кафараты бар адам биринчи кафаратты кылбаган болсо экөө үчүн тең бир кафарат кылат. Биринчи кафаратты кылган болсо экинчи кафаратты дагы өзүнчө кылат.
Кафарат орозосу жолчулук сыяктуу бир себеп менен же Айт күндөрүнө туш келүү себеби менен бузула турган болсо же Рамазанга дал келип калса жаңыдан 60 күн кармоо керек. Айт күндөрү бузбаса кайра эле жаңыдан баштоосу керек. Хайз жана нифас себеби менен бузганда жаңыдан баштабайт. Тазаланган кезде калган күндөрдү толуктайт.
Рамазанда себепсиз орозо кармабоо - харам, өтө чоң күнөө. Алгач кармалбаган орозо үчүн тообо кылынат. Кийин күнүнө күн, б.а., канча күн кармалбаган болсо ошончолук күн каза орозосу кармалат. Бир адам Рамазан айында 30 күн орозо кармай албаса, кармай албаган күндөрдүн санынчалык каза орозосун кармайт. Бул орозолорго кафарат керек эмес. Кафарат – бул орозо кармабоонун эмес, орозосун атайылап бузуунун жазасы. Өтө картайып, өлгөнгө чейин Рамазан орозосун же каза орозолорун кармай албай турганчалык карылыктан улам же сакайып кетүүсүнөн үмүт үзүлгөн оорулуу адам жашыруун жеп-ичет! Хадиси шарифте:
"Орозо кармай албай турганчалык карыган же сакайуусунан үмүт үзүлгөн оорулуу адам фидйа берет”, - деп айтылган. Өтө карыган болуп, орозо кармай албаган адам бай болсо ар күнкү орозо үчүн фидйа берет. Кедей болгон адам фидйа бербейт, дуба кылат.
Фидйа катары ар күн үчүн бир фытра өлчөмүндө ун, хурма же жүзүм мейизи берилет. Мисалы, 30 күн орозо үчүн 53 кг ун же 105 кг хурма же жүзүм мейизин берүүсү жеткиликтүү. Же болбосо, ушунчалык ундун баасынчалык алтын же күмүш акча кармала албай калган отуз күн орозонун фидйасы катары бир же бир канча кедейге Рамазан айынын башында же акырында берүүгө болот. Кедей алган фидйаны өзү колдонгондой эле башка бирине да бере алат. Фидйа бергенден кийин орозо кармай ала тургандай абалга келген адам кармай албаган орозолорунун казасын өтөйт. (Нехр-ул-фаик)
Оору, карылык сыяктуу үзүрдөн улам Рамазан орозосун кармай албаган бай адамдын бул абалы өлгөнгө чейин уланса кедейлерге тамак берилүүсүн осуят кылат. Велиси (осуятты орундачу адам) анын кармай албаган ар бир орозосу үчүн кедейге бир фытра же анын кунун берет. (Бедайи)
#6853 26 Май 2018 - 02:26
#6854 26 Май 2018 - 03:39
#6855 26 Май 2018 - 04:29
Maero (23 Май 2018 - 14:49) жазган:
<Шайтан кармап калат> деген жерине кандай түшүнөбүз ошондо? Себеби шайтан руханий, а заара материальный болуп жатпайбы? Мисалы, сиз колуңуз менен руханий болгон үндү кармай албагандайда.
(Дааратканадан чыккандан кийин, каналда бир тамчыдай өлчөмдө заара калып кетет, ошондо беш минут күтүп, же кырк кадамдай бассаңыз, ошол кезде ал жее чыгып кетет, же болбосо артка кайтып кетет, ичине түшүп кетет. Муну шариятта, же ФКХ илиминде <Истибра> деп коёт. Ушу жергеда шайтанды аралаштырбай, ушинтип эле түшүндүрүү керекко дейм!))
Билдирүүнү түзөткөн: Salaf: 26 Май 2018 - 04:32
#6856 05 Июнь 2018 - 12:11
Куйосун атынан айтып аке десе динде болбойбу?
#6857 05 Июнь 2018 - 12:12
#6858 06 Июнь 2018 - 06:39
#6859 22 Июнь 2018 - 18:25
Салаф ага саламатсызбы, мисалы, куйоосу аялына акча берет да ай сайын же жума сайын озуно керек кыл депчи. Ошол акчаларды чогултуп, жамандык жакшылыктарда (озумун) апама берсем, куйоомдун акысын жеген болбоймбу? Анткени апам ден соолугуна байланыштуу иштебейт, жалпак тил менен алганда ниже среднего жашачубуз. Атабыз жок, байкебиз да жок. Менден кийинки бир тууганым оорукчан…
Ушул нерсе журогумду жамааан ойуйт да.
#6860 22 Июнь 2018 - 23:58
your_problem (22 Июнь 2018 - 18:25) жазган:
Салаф ага саламатсызбы, мисалы, куйоосу аялына акча берет да ай сайын же жума сайын озуно керек кыл депчи. Ошол акчаларды чогултуп, жамандык жакшылыктарда (озумун) апама берсем, куйоомдун акысын жеген болбоймбу? Анткени апам ден соолугуна байланыштуу иштебейт, жалпак тил менен алганда ниже среднего жашачубуз. Атабыз жок, байкебиз да жок. Менден кийинки бир тууганым оорукчан…
Ушул нерсе журогумду жамааан ойуйт да.
Ва алейкум ассалам.
Мисалы бир ишканада иштесеңиз, өзүңүздүн айлык маянаңызды алганда аны каалаган жака, каалагандай коротосузда, бирок ишкананын бюджетиндеги акчага, ишкана башчысынын уруксатысыз тийише албайсыз, мына ошол сыяктуу, күйөөңүздүн, сиздин колуңузга, жекече муктаждыктарыңыз үчүн берген акчасын, каалагандай каржайсыз, апаңызга белек катарыда топтоп анда-санда берип койсоңуз болот, бирок үйүңүздүн бюджетиндеги акчаны күйөөңүздүн уруксатысыз сыртка каржай албайсыз...