Бөбөктүн ылдамдыгы менен жашоо
Бала бакчага чейинки жол жарым саатка созулат. Ал эми кайра кайткан жол дээрлик бир жарым саатты алат. Багыт ошол эле, ал эми ылдамдык такыр башка… Баратканда жумушка шашкан, бир нерсени пландаган, оюу ар кайсы жакка чачыраган ата-эне.. Бирде чуркап, бирде желип, айтор, тез эле кирип бармай. Ата-энесинин шашып атканын сезген зирек бала да ошол ылдамдыкка көнүп калган. Бир нерсеге алаксыганга,
эркелеткенге,
сүйлөшконгө деле убакыт жок. Анткени, тегерек чекеси шум болуп жаткан шаардын ичинде бөбөктүн үнү менен айтылган сөздү угуу үчүн токтоо керек, эңкейип, бөбөктүн не дегенине кулак салу керек. Ал эми ылдамдыкты азайтуу жумушка кечигүүнү билдирет. Бөбөк да ушул нерсени сезгендей унчукпай ошол ылдамдыкта бакчага барат. Ал эми келе жатканда шашпай бөбөктүн ылдамдыгы менен илкип кайтмай.
Бөбөктүн ылдамдыгы демек – бул чөптөрдүн арасындагы көпөлөктөрдү аңдуу, кумурскалардын уюгун, парковкадагы кызыктай бир маркадагы унааларды кызыгып кароо. Буларды жана башкаларды бөбөк гана кызыгып байкайт. Ал эми чоңдор үчүн мындай нерселер кызык деле эмес да.
Бир күнү бөбөктүн апасы бала бакчага келип баласын кум дөбөнүн четинде бир чоң ташты эки колдоп кармап турганын көрдү.
- Апоу, карачы?! Кумду казып, казып могундай бир алтын таш таап алдым. (таш сары өңдө экен эле) Сонун, э?
Апасы баласынын колундагы ташты көзү менен ченеп атты. Салмагы бир килограммдай чыгат го...
- Ооо! Кандай чоң алтын таш! Кечке казсаң керек?
- Ооба, аябай узакка каздым!
Бөбөк эбегейсиз баасыз олжосун колуна кармап тарбиячысынан кеткенге уруксат сураганы жөнөп калды.
- Эмне, ушул оор нерсени үйүңө алып кетесиңби?, - деп кызыгып калды ал.
- Албетте! Күнүгө эле ушундай казына таап алып жатыпмынбы?
Атама көрсөтөм. Сүйүнөт го!
Апасы тарбиячыга байкатпай көз кысты.
- Ооба, көрсөт. Кубант атаңды.
Анан жолдо баратып бөбөк таяк таап алды. Мындай таякты кайсы гана бөбөк болбосун таштап кете албайт. Узун, калың, колго да жакшы отурат. Бирок, талаш маселе – казына менен таякты кантип бирдей алып кетүү керек?.. Алтын таш чоң, ансыз да эки колдоп көтөрүп баратат. Ал эми таякты да таштап кетишке болбойт. Бөбөк ташты жерге таштап таякты алып аны менен жакын жердеги көлчүктүн тереңдигин ченеп кирди. Анан тосмону ургулады. Оо, бекем, сынбай турган таяк. Таякка жөлөнүп бир канча жолу секирип да көрдү. Керектүү таяк! Таштаганга болбойт!
Таякты жерге таштап ташты эки колго алды. Таяк жерде калды. Ойго батты.. Ичинде ойлоп атты окшойт “таштасамбы же алып кетсемби” деп. Акыры кыя алган жок. Керектүү таякты таштап кете бермек беле? Эртең алып кетсечи?. Ага чейин башка бирөө илип кетет го... Ташты айлантып колтугуна алып эптап колу менен кармап, сол колуна таякты алды анан кызарып-татарып.
Чынында олдоксондук пайда болду. Апасынан жардам сураганга болбойт. Атасына “өзүм алып келдим!” деп айтышы керек да?.. Апасы да аны сезгендей баласы бул ал үчүн татаал кырдаалда өзү чечим чыгарсын деп мыйыгынан күлүп унчукпайт. Бул анын чечими, анын тандоосу!
Тарбия ушундайдан башталат эмеспи... Тек, баратып, жолдон өтүп атканда таяктын бир четинен кармап жардам берди.
Жолдон өткөндө узундугу 40-50 метр келген бир дөңгөч бар. Ал дөңгөчтүн үстүнөн басып өтпөсө болбойт. Өзүңөрдү эстесеңер, жолдон ошондой нерсе жолуктурганда (3-5 жаш убаңыңарда) жөн өтүп кетчүңөр беле? Бала ал жерге чыкты, апасы таяктын бир учунан кармап, сак-сактап баратты.
Андан өткөндө бала жолдон көгүчкөндөрдү байкап калды. Алар ресторандын жанындагы фонтанда киринип атышкан. Бөбөк таш менен таякты жерге коюп, өзүнчө мыскылдап алды: “Ха, куруучулар фонтан кылдык деп ойлошкон, а, чынында көгүчкөндөр үчүн ванна болуп калыптыр!
”. Өзү үйдө ваннада кирингенди адат кылып алган.
Акыры үйгө олжолорду көтөрүнүшүп жетип келишет. Ылдам басык менен жарым саат убакыт алчу жол кайра келатып бир жарым саатты алат. Бирок, бул баалуу убакыт. Апасынын баласы менен өткөргөн убакыты. Бөбөктүн ылдамдыгы менен жашоо демек, асмандын өңүн байкоо, көчөнүн жытын, көгүчкөндөрдүн кирингенин,
кумурскалардын кандайдыр бир курттарды уясына көтөрүп баратканына баам салуу. Ошондой болбогон нерселерге таң калуу, жөнөкөй нерселерге сүйүнүү жана Жашоонун өзү керемет экенин сезе билүү...
Бизге кээде ушундай жөнөкөй нерселерди сезе билүү жетишпегендей.
Баракча 1 - 1
Бөбөктүн ылдамдыгы
#2 25 Июнь 2018 - 12:28
Таасирлендим.
..
Чындап эле ушундай...
Чындап эле ушундай...
"Касыңды кучактасаң - дос табасың,
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#3 30 Июнь 2018 - 14:38
Таасирдуу экен...
Мен дагы режимди кобунчосу "бобоктун ылдамдыгына" коюп алганга аракет кылам. Айлана-чойродо болуп аткан кубулуштардан максималдуу ырахат алып калганга бир аз шыгым бар.)) Ошон учун дайым маршруттук таксиге эмес троллейбуска тушконго аракет кылам. Айнекти карап, кыялданып кеткен сонун да.
Эки ай болуп калды окшойт, троллейбуста баратсам бир топ окуучу кыздар эки-экиден кучакташып аткан экен. Бир аз кучакташып турушуп анан кайра баары бири-бири менен тугойлорун алмашып, кайрадан кокурокторуно бекем сыгып кучакташышат. Ошентип баары бири-бири менен кучакташып чыкты окшойт. Баары кулуп, баары бактылуу. Эмне экенин билбейм (флешмобко деле окшобуду. Чын журоктон жасап атышкандай сизилди). "Ээх, фотоаппаратым болгондо тушуп суротко тартып калат элем" -деген боюнча кете бердим. Керемет кадр. Эгер бобоктун ылдамдыгына салбасам бул кереметти корбой калат элем да.. Смартфон "чукулать" эткен боюнча отуп кетмекмин.))

Билдирүүнү түзөткөн: Pelargos: 30 Июнь 2018 - 14:40
#4 30 Июнь 2018 - 21:04
Азыр Иттин уулу Байгара көтөргөн телефондо деле патапарат бар го ичинде? Мурункудай өзүнчө сүрөт тарткыч көтөрүп жүрүүнүн зарылчылыгы жок иштеген иш, кесип эле ошону талап кылбаса.
> Mен эл менен <
#5 30 Июнь 2018 - 22:19
Shanson (30 Июнь 2018 - 21:04) жазган:
Азыр Иттин уулу Байгара көтөргөн телефондо деле патапарат бар го ичинде? Мурункудай өзүнчө сүрөт тарткыч көтөрүп жүрүүнүн зарылчылыгы жок иштеген иш, кесип эле ошону талап кылбаса.
"Жонокой смартфон менен укмуш суротко тартып койсо болот"-дегенге кошулбайм. Тем более алыс аралыктан.
Биз университетти бутуп атканда баардыгыбыздын колдо бирден смартфон. Бирок виньетка учун атайын фотоаппарат алдырганбыз.
Анан дагы профессионал фотографтар жонокой смартфон менен иштегенин элестете албайт экенмин (мен профи эмесмин бирок ) Эгер жакшы фото тартуу мумкунчулугу болсо, профилер смартфон менен эле иштемек да....
Баракча 1 - 1