Кыздар, күйөөӊөрдү сүйөсүӊөрбү?
#201 18 Июль 2018 - 23:48
Күн өткөн сайын жолдошума болгон сыйым артууда. Балким бул сүйүү.
#202 19 Июль 2018 - 00:05
Мурдагыдай эмес может бытавуха менен болуппу билбейм озгортоюн десем колдон келбей жатат билбейм билбейм
#203 19 Июль 2018 - 14:09
Суйом ещё как суйом) Куйоом,омурлук тугоюм,келечектеги балдарымдын атасы.
Куйоомдон башка жат эркектерден итиркейим келип жийиркенем, башкаларга тик карап суйлобойм. Куйоомду сыйлайм,суйуусун сыйлайм,айтканын аткарам.
Куйоомдон башка жат эркектерден итиркейим келип жийиркенем, башкаларга тик карап суйлобойм. Куйоомду сыйлайм,суйуусун сыйлайм,айтканын аткарам.
#204 19 Июль 2018 - 16:28
Семейный проблемалар болуп,ошону чечпей,ар кайсы жерде качып журот дагы мени куноолоп коет.Эч калыстык жок бизде.Ушул адатын карап отуруп жолдошумду жек коруп кетем.Анан кантип дагы суйо бергенимди билбей калам.Негизи суйуп тийдим эле.Бул проблемаларыбыз чечилсе дагы суйо берем...Айтор эн алсыз аял заты экенмин.Тажаганда тура калып кете албайт экенмин.
#205 19 Июль 2018 - 21:41
-Sumitra-
(19 Июль 2018 - 16:28) жазган:
Семейный проблемалар болуп,ошону чечпей,ар кайсы жерде качып журот дагы мени куноолоп коет.Эч калыстык жок бизде.Ушул адатын карап отуруп жолдошумду жек коруп кетем.Анан кантип дагы суйо бергенимди билбей калам.Негизи суйуп тийдим эле.Бул проблемаларыбыз чечилсе дагы суйо берем...Айтор эн алсыз аял заты экенмин.Тажаганда тура калып кете албайт экенмин.
Үйбүлөлүк маселелерден "тура калып" кетип калуу, чанда эле аялдардын колунан келет болуш керек.
Жек көрүп, кайра эле сүйө берүү, "никенин ысыктыгы" менимче.
#208 19 Июль 2018 - 23:50
Суйуу балким жакшы коруу балким махабат, билбейм бир нерсе бар, бирок кээ бирки нерселерди эстегенде(унутууга мумкун эмес окшойт) конулум ооруп кетет. Коодонум ачышып, ыйлагым келип, куйоомо болгон таарыныч, капачылык пайда болот. А анын суйуусуно ишенбейм, кайдыгер мамиле кылганда ичимден бир нерсе узулгондой болот. Балким ошонусун дагын деле суйот, эгер ал болгондо мындай мамиле кылмак эмес, аны мынтип кыйнамак эмес деген ойлор заматта мээмди жеп салат. Кээде бара бер десемби дейм, кетпейм дейт го бирок чыдабай кетем.
#209 20 Июль 2018 - 10:22
Sushi_wok (19 Июль 2018 - 21:41) жазган:
Үйбүлөлүк маселелерден "тура калып" кетип калуу, чанда эле аялдардын колунан келет болуш керек.
Жек көрүп, кайра эле сүйө берүү, "никенин ысыктыгы" менимче.
Жек көрүп, кайра эле сүйө берүү, "никенин ысыктыгы" менимче.
Ошону айтсаныз.Жок дегенде таарынып да кетпептирмин. Ушул алсыздыгыман пайдаланышат окшойт деп ойлоп калдым.Мен коп эле аялдарды билем.Сразу жыйнаштырып бала-чакасы менен кетип калган.Аларды ата-энелери да колдойт.Керек болсо тополон кылышат кызынын уйуно барып.Бизди кысыып жаша дейт кичине четин чыгарсан эле.Турмуш оюн эмес сага деп башташат кайра озубузду урушуп апаларыбыз. Иши кылып сабыр кылгандан башка айла жок!
#210 20 Июль 2018 - 11:34
-Sumitra-
(20 Июль 2018 - 10:22) жазган:
Ошону айтсаныз.Жок дегенде таарынып да кетпептирмин.
Ушул алсыздыгыман пайдаланышат окшойт деп ойлоп калдым.Мен коп эле аялдарды билем.Сразу жыйнаштырып бала-чакасы менен кетип калган.Аларды ата-энелери да колдойт.Керек болсо тополон кылышат кызынын уйуно барып.Бизди кысыып жаша дейт кичине четин чыгарсан эле.Турмуш оюн эмес сага деп башташат кайра озубузду урушуп апаларыбыз.
Иши кылып сабыр кылгандан башка айла жок!
Андайлардан үлгү албаныз, керек болсо ошол "ызы чуулар" сизден сабак алсын.
Сабырдуулук эн жакшы сапат, бактылуу болунуз!
![:достор:](https://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/24.gif)
#211 23 Июль 2018 - 20:05
Суйууго караганда, сыйлоо сезими кучтуурок менде.Тушунушуп эриш, аркак болуп жашап келе жатабыз.Жолдошум жакшы инсан, суйууго да, сыйлаганга да татыктуу.Демек убакыт барып, барып сыйлоо, урматтоо суйууго айланаар.
#212 24 Июль 2018 - 23:51
Биз 2-3ай сүйлөшүп үйлөндүк,ошол убакытта бири-бирибизге туура келээрибизди эле түшүнүп баш коштук. Сүйүү никеден кийин башталды))
Кудайга шүгүр,жар тандоодо адаштырбаганына шүгүр кылам.
Кудайга шүгүр,жар тандоодо адаштырбаганына шүгүр кылам.
#214 26 Июль 2018 - 12:59
Жанымда жашап аткан аяшымды коруп, озумдун куйоомо кундон кунго суйуум ашып барат. Аялына деги айтканда семьясына жасаган мамилесин коруп тан калдым. Аялына деген сый, ишеним деген нерсе жок экен. Оозунан жакшы соз уккан жокмун. Болбосо уч баласы бар. Катуу айтмак турсун эркелетип суйлобой калдын деп таарынам куйоомо. Кудайга мин мерте шугур ушундай адамга туш болгонума. Он жыл жашадык бири бирибизге болгон сезимдерибиз эч озгоргон жок. Албетте болду ортодо араздашуу, капалашуу бирок конул калуу болбоду. Омурумдун аягына чейин ушундай болушун каалайм иншааллах!
#215 26 Июль 2018 - 13:33
Куйоому тааныбайм, ким экенин билбейм, бирок олллло катттттуууу суйом.
Salam baaryna
#216 26 Июль 2018 - 18:41
Суйгонум учун тийдимда. Бирок мурдагыдай олоорчо суйом деп суйуумду билдире бербейм. Коп жерде суйлобой коюп капа кылам(
#220 06 Август 2018 - 20:02
Сүйүүм сакталуу. Дале ошол бойдон. Даже мурдагыдан да катуу. Бирок акыркы күндөрү көөп капа кылчу болду. Көөп тарынтат. Ыйлатат. Көңүл бөлбөйт. Же эки баласы мн кайда бармак эле дейби..
Билбейм деги калганы не болот
Билбейм деги калганы не болот
Билдирүүнү түзөткөн: aizirek...: 06 Август 2018 - 20:02