Кокууй. Бул жакта жапжакшынакай жубайы, чырактай кыздары турса бирөөнүн этегине жармашып, күч күйөө болуп кирип алганы неси??? Аны да туудурганга жетишиптир.
Өтттө өтө зээним кейиди. Өз эжеси айтып отурат, жакшыле убагында сен баш тартып, бизге келин болбой койгон экенсин, шоруңду курутмак экен дейт. Кудайга миң мертебе тообо дедим. Акмак, акмак, аялына кыздарына боорум ооруду. Кудай эркек, аял баарыбызга ынсап берсе экен...
Монолог Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#2082 23 Август 2018 - 08:42
Сен Кудайга шүгүр кылып жашагын, жолдошуң азыркы замандын чанда кездешчү күйөө балдарынан,
универсал күйөөң бар десе шанаңдап, мурдум таңырайып, жолдошума болгон сүйүүм дагы да арта түштү. Кудайга шүгүр!!!
#2083 23 Август 2018 - 19:33
Сени ойлоп журогум алып уруп согуп бактылуу болуп олтурам, сени кучагыма алып кое бербей, бар кучум менен , бар страсть менен жытына мас болуп кучактап эч кайда кое бербей тургум келип жатат. Мен сени сагынып куса болдум, сени сагынып суйгонум учун, сенин барын учун кудайга чексиз шугурлор болсун. Менин коздорумдун кареги, менин асманым , менин бут дуйномсун сен. Мен сени чексиз чексиз суйом. Журогум менин.
#2084 23 Август 2018 - 22:39
Монолог...? Мен коптон куткон бакыт кушум учуп келди... эми эч качан коё бербейм! Ыраазымын ушул тагдырга!
Кандай бакыт! Сенин барын омурдо!
#2086 24 Август 2018 - 14:11
Ушул форумда эки үч эле ник бар. Кайсы темага кирбе чарылдашып,
биринин юбкасын бирине кийгизип аткан. Эмне жөнүндө темага киргениңи да унутуп каласын. Вирт дүйнө деп эле ажылдай бербей жүгөнүн бираз тартышса. Кыз кыздай созулуп назик, эркек эркектей бир сөздүү болгону эле жакшы.
Жаман өзүнө, көр көзүнө алат!!!
Жаман өзүнө, көр көзүнө алат!!!
#2087 24 Август 2018 - 14:51
Supsuluu (24 Август 2018 - 14:11) жазган:
Ушул форумда эки үч эле ник бар. Кайсы темага кирбе чарылдашып,
биринин юбкасын бирине кийгизип аткан. Эмне жөнүндө темага киргениңи да унутуп каласын. Вирт дүйнө деп эле ажылдай бербей жүгөнүн бираз тартышса. Кыз кыздай созулуп назик, эркек эркектей бир сөздүү болгону эле жакшы.
Жаман өзүнө, көр көзүнө алат!!!
Жаман өзүнө, көр көзүнө алат!!!
Ошону айтпайсынбы
#2089 24 Август 2018 - 22:56
Уйку жоок... Сенин ушу созун ашыкча болду, бир кун болбосо бир кун угам деп ойлоп жургом, мына эми уктум... Эми сен менен башкача суйлошом. Менден жакшы мамиле кутпой эле кой!!!
Азыр озумо сабр тилейм,эртенки кунго чейин чыдайын!! !
Азыр озумо сабр тилейм,эртенки кунго чейин чыдайын!! !
#2090 25 Август 2018 - 00:16
Бир күнүңдү аркага кайтарып алсаң эмне кылмаксын деген суроо берди таанышым. Мен сизди жоготкон күндү эстедим. Эгер бир күнүмдү аркага кайра кайтара алганда сизди бар күчүм менен кучактамакмын , мен сизди жакшы көрөм демекмин , кечириң мени кечириң демекмин, жытыңызды тое тое жыттымакмын анан ыйлабайм бара бериң демекмин ......... Жоок жалган билесиз да буулугуп ыйламакмын , бакырып жыгылмакмын , эч кимге баш бербей ыйламакмын.
Бирок акыркы жолу кечирим сурап , акыркы жолу моокум кана жыттап , акыркы жолу үнүңүздү угуп калат элем. Бир күн эмес он эле минута аркага кайтарууга мүмкүн болсо ушунун баарына үлгүрмөкмүн . Мен сизди аябай сагындым Ата.
#2091 25 Август 2018 - 07:07
...Жашоо.....Турмуш.
...Тагдыр....Ушул үч сөз-синонимдерби?
...же кандай?....
Жашоо үчүн күрөш-дешет. Бул дегени ар бир адамдын жекече өзү каалагандай жашоосу деп түшүнөм.Анда неге адамдар башкалардын жеке жашоосуна кийлигишет? (акыры түшүнөсүң,аң- сезимиң жетет го,кайсы кадам туура,кайсы кадам туура эмес экенин.Ак-караны айырмалап калгансың го....)
Ал эми турмуш....Эки жаш турмуш курушту дешет.Бул дегени-аял-эркектин алдыга койгон максаттарына биргеликте жетүүбү?Демек, инсан өзүнүн жеке жашоосун өзү тандаган өмүрлүк жарына туташтырды. Аларда эми жеке жашоо эмес-биргеликте жашоо...
Тагдыр....Тагдыр- бул Жараткандын ар бир пендесине өмүрүнүн аягына чейинки маңдайына жазганы деп түшүнөм....Ооба, пендебиз,периште эмеспиз.Жаңылабыз, адашабыз,бирок аны моюнга ала билүүдө.....Текеберленип кетебиз да.Бир жаңылгандан кийин экинчи ирет жаңылуудан коркуп,терең ойлонуп кадам таштайсың.Экинчи жолку кайталанганы- бул уже КАТА кетиргениң эмес,эми бул сенин тандооң.Себеби, экинчи жолку окшош көрүнүш.
А мен.....мен кайсы жерден жаңылдым?......(((

Дайыма жакшы нерселерди гана ойлонуу......
#2092 25 Август 2018 - 15:43
Чокума бироо тарсылдата койсо, мээме келчудой болуп калдым окшойт.
#2094 25 Август 2018 - 18:48
Экинчи аял алып бересинби деген создору кундон кунго кобойдуго тооба чын эле алып беремби?! Же башка бироосу барбы тамашалайм дейт бир кундо 3-4 жолу да тамашалайбы адам,башкасы болсо ачык эле айтпайбы. Алсан ал бирок билип кой мен жондон жон алып бербеймго баарын документин озумо откоруп анан гана,мен озум балдарым менен кем каржым болбой турган кылып алып берем тфу блин алып берем деймда бемарал алып бербейм эле
#2095 25 Август 2018 - 20:28
Бактылуулук бар экенине дагы бир ишендим...мен эле эмес,апам эле эмес бул нерсеге кубо адамдын баары бактылуу болчудай,Кудайым оу ыраазымын сага!)))))
#2096 25 Август 2018 - 20:43
Жожолорум менин! Баары ызылдашып, сатып алган кийимдерин мага корсотушуп,
"Эже, сизге жактыбы?"
деп сурап коюшат)))
Аларды коруп кантип бактылуу болбой коёюн? Тамырымдан аккан каным, журогум, бир тууганым. Жараткандан сурап келем, сурай берем: Бешоосунун омурун узун кылсан экен)))
Аларды коруп кантип бактылуу болбой коёюн? Тамырымдан аккан каным, журогум, бир тууганым. Жараткандан сурап келем, сурай берем: Бешоосунун омурун узун кылсан экен)))
#2097 25 Август 2018 - 23:10
Неге клиптерде суйушкондор дайым бирге жашашкан болот точнее Бир уйдо журо беришет? Ата энелери унчукпайбыкен а тооба кечке ушуну ойлоно берем
#2098 25 Август 2018 - 23:19
Монолог
ал мени кызганбай койду
. Жаман экен
. Тамаша муну окуп алып такыр жоголуп кетпе
. Билем сен окуйсун жазганымды кашынды бир аз которуп, жылмайып коёсун. Иии баса башкача жылдызды кордум азыр , жымындап турат эч озгорбой
. Адамдар деле озгорбосок.
.....
![:капамын:](https://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/106.gif)
![:108:](https://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/108.gif)
![:cray:](https://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/cray.gif)
![:oilonup2:](https://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/oilonup2.gif)
![:)](https://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)