Кыздардын ойлору... бул жерден кыздар эле ойлонот...
#822 26 Август 2018 - 21:56
Эмне болсо ошо болсун деп, откон-кеткенди эстей бербей, келе элек келечек учун жондон жон эле тревога боло бербей, эч нерсени ойлонбой жашаса болор бекен дееп ойлонуп журом.
#823 26 Август 2018 - 22:02
#824 27 Август 2018 - 22:06
Бир эле ой апам жакшы болуп кетсе экен деп жүрөм.
Эх,
где то золотое время, когда меня хвалили за то, что я поспала и хорошо покушала!!!
#825 29 Август 2018 - 17:15
Жаным денемден акырындап чыккандай болуп жан дуйном ооруп жатам, баарын талкалагым келип жатат, ушул дуйнону талкалап салгым келип жатат. Мен сабырдуу жана кучтуу болушум керек экенин билем, бирок алым кетип , дене боюм калтырап жансыз болуп баратат.
#827 29 Август 2018 - 19:29
Экстрасенстер келечекти корушсо, билишсе, сезишсе ........
Неге оздорунун жашоосун жакшыртып албайт?
Ар бир кардардан тушкон акчага жашашат..?
Эми ошолорго барган адамдарга да тан кала берем.
Ошолорго барган адамдар , ошолордун жашоосун коруп эле чечим чыгарып коюшса болбойбу....?
Неге, неге , неге негедир акыркы кундору ушул темада коп ойлончу болдум.
Неге оздорунун жашоосун жакшыртып албайт?
Ар бир кардардан тушкон акчага жашашат..?
Эми ошолорго барган адамдарга да тан кала берем.
Ошолорго барган адамдар , ошолордун жашоосун коруп эле чечим чыгарып коюшса болбойбу....?
Неге, неге , неге негедир акыркы кундору ушул темада коп ойлончу болдум.
Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 29 Август 2018 - 19:29
#828 30 Август 2018 - 19:34
Менин бутун , бутун омурумдун кайгыларын , жоготууларын сенин бир кулкун эле жыпар жытуу гулго, тийбеген жери калбаган нурга айлантып жиберет. Сен менин жанымдын жарымысын. Мен сенсин эч киммин , эч киммин, мен сени менен гана адаммын, инсанмын, бактылуу жанмын.
#829 01 Сентябрь 2018 - 15:49
Бассам турсам бир адамды ойлойм. Окууму ойлойм. Таштап туруп турмушка чыгып кетким келет, бирок апамдарды ойлойм. Жакшы эле адамдай коруносуз, бирок билем сиз мн баары женил болбошун. Чарс-чурс этип турган экообуздун окшош мунозубуз урушка себепчи болсо керек бир кун болбосо бир кун. Бирок сиз чалганда анын баарын унутуп эзилип кетем. Маанилуу деле нерсе суйлошпойбуз,
кечке кулобуз, шылдындайбыз,
ошентип кантип тун бир маал болуп калганын билбей калабыз. Ээх не кылсам? Эмнеге экообуз бир шаарда эмеспиз?
#830 12 Сентябрь 2018 - 09:37
Той, тойго конверт, кийит, себет анан ушул сыяктууларды ойлоп отурам... Бара-бара эле кошмойлор да кобойуп барат, кийгизмейлер,
которуп бармайлар...
Кайда эле баратабыз озу?! Ысырапкорчулук эмей, эмне мунун баары?! Той откоргон киши деле жыргабай эле, той откорду деген эле аты болбосо, элден тушкон акча менен жаппай да, калып атат чыгымдары коп болуп... Тойлор боло берсин, бирок ушундай жактан онуксок жакында той учун иштеп, кылган мээнетибиздин жемишин жебей эле кочого чачып баса бергендей эле акыбалда калабыз го... Эл корсунго кийинип, эл корсунго той берип... Айтор, аманчылык болсун!
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#832 12 Сентябрь 2018 - 12:02
балдарым кунуно канча жолу " мама"- дейт болду экен, санап коруш керек болуп атат.
brother
#833 12 Сентябрь 2018 - 12:49
Кызык,эки кун нормально уктабай,учунчу кун кундуз шылкыйп журосун,ал мейли,бирок кеч кайра уктап,тортунчу кунго кайра нечун бодрая болуп калбайсын
#834 12 Сентябрь 2018 - 13:59
Кандай кылсам, кантсем.... мааниси жок күндөр, максатсыз жашоо...
#835 12 Сентябрь 2018 - 14:15
Кече баняга суумду которуп бара жатсам оозунан бир метрче жылан чыгып баратат. Карап тура бердим,мени тиктеп коюп огоротума кирип кетти. Кайда кетти? Уюгу жакын ортодобу же банянын астындавы? Огоротумдагы памидорлорумду кантип терем? Баняга кантип кирем? Оюм ошол жыланда...
#836 12 Сентябрь 2018 - 22:05
#837 13 Сентябрь 2018 - 18:03
Качан АПА болчуу кун келет деген ойлор. Дарбыздай тоголок болгон ичиме суктанып буталбай ойлонуп журом. Башка эчтекени ойлобой эле.
#838 15 Сентябрь 2018 - 20:05
Суукта жыпжылуу уй,даяр даамдуу тамак,уйдун ичи таза тыкан,жылмайган жуз,жагымдуу атмосфера...
мына ушулар коздон отуп жатыры дааа анан "ааа бойдоктор мнегеле уйлонгону шашышат десеее"-деееп ойлоп койдум)))))
Билдирүүнү түзөткөн: Yago.limon: 15 Сентябрь 2018 - 20:39
#839 19 Сентябрь 2018 - 19:02
Кош бойлуу окшоймун...))) эртеден бери ушул жагымдуу ойлор мн алекмин. Уул деп кыялданып да кеттим.
Озунду эр ойлосон , бироону шер ойло!
#840 20 Сентябрь 2018 - 21:47
Тезирээк эле воскресение келип калса экен.
Жалгыз болгон акыркы күндөрү жакпай баратат. Эрге эле тийип кетсемчи?
Жүзүм болгондоо, өллө жемекмин..
Дагы деле уктабай жатам , келип эле уктайм деген адам элем.
Эртең дагы иш..
Жалгыз болгон акыркы күндөрү жакпай баратат. Эрге эле тийип кетсемчи?
Жүзүм болгондоо, өллө жемекмин..
Дагы деле уктабай жатам , келип эле уктайм деген адам элем.
Эртең дагы иш..
Билдирүүнү түзөткөн: lazygirl: 20 Сентябрь 2018 - 21:48