Chagylgan2 (10 Сентябрь 2018 - 07:03) жазган:
Кыска ойлуулар ушундай ойлошот. Мисалы, сенин тилин он карыш болуп кечке ажылдап куйоондун мээсин жей берсен, жакшы созго да, жаман созго да тушунбосон, ажырашайын десе ортодо балдар болсо, куйоон эмне кылышы керек. Чыдап жашай бериши керекпи? Сабыры тунонуп кол которсо алсыз эркек болуп калабы?!! Унчукпай жургону алсыз экени эмеспи кайра?!!
Айттым го, кыска ойлоносунар. ..
Кээде эркек чон муштум болот. Кээде аял озу ошого жеткирип озуно муштум тилеп алат. Бир тараптуу кароо туура эмес...
“Ислам аялдарды уруп же сөз менен кемсинтүүгө жол бербейт, – дейт Кыргызстандын уламалар кеңешинин мүчөсү, теолог Кадыр Маликов. – Бирок айрымдар Ан-нас сүрөөсүнүн 34-аятына шилтеме жасашат. Анда: “Аялдын баш ийбей жатканынан кооптонсоңуз, төшөктөн качып же койгулаңыз” деп айтылат. Бирок мында аяттын Мухаммед пайгамбардын сүннөтү менен түшүндүрүлүшүнө караш керек. Аткени Курандагы башка аятта биздин Мухаммед пайгамбар үлгү экени, Аллах ага эң мыкты мүнөз бергени айтылат. Сүннөткө ылйык, пайгамбар эч качан колун көтөрүп же аялдарын жазалаган эмес. Өлөөр алдында ал мусулмандарга аялына жакшы мамиле кылууну керээз айткан. Эркекке төшөктөн качууга үч күн гана уруксат берилген, анткени андан узап кетсе, аялдын укуктары башталат. Аяттагы “койгулоо” деген сөз – бул азыр биздин өлкөдөгү болуп жаткан нерсе же, тилекке каршы, турмушта кезигип жаткан үй-бүлөлүк зордук-зомбулук эмес. Бул жөн гана мамилелерде кемчиликтер болуп жатканын аялга көрсөтүүчү белги. Ислам аялды урууга уруксат бербейт. Мусулмандар же башка дин өкүлдөрү аялдарын уруп-соккону – бул адамдык гана фактор”.
“Мында ислам күйөөгө аялын тарбиялоо максатында кол көтөрсө болобу деген суроо турат?” – дейт Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын даават бөлүмүнүн адиси Султанали Гапуров.
Исламда аялынын жүрүм-турумуна нааразылыгын күйөөсү үч жол менен көрсөтө алат:
1. Ал аялы менен сүйлөшпөй, суроолоруна жооп бербей кое алат.
2. Аялы түшүнбөй жатса, төшөктөн качат.
3. Бул эки жол тең жардам бербей жатса, шариатта аялды урса болот деп айтылат. Бирок катуу эмес. Хадисте аял назик жан, кабыргадан жаралган делет. Түздөп же урам деп жатып, биз аны сындырып алышыбыз мүмкүн.
Айрым окумуштуулар урганга эмес, мисвак менен чабууга уруксат дешет. Мисвак менен “сокку” уруу деп эсептелет. Бул ыкмалар күйөө тараптан аялын бир нерсени мажбурлап жасатууга же кайра тарбиялоо үчүн эмес, таарынычын билдирүүгө гана колдонулат. Анткени аял – бул адам, Кудай ага акыл-эс, тил берген, ал уруп же бир нерсеге мажбурлагыдай жаныбар эмес. Шариаттагы мисвак менен согуу уруксатын көгала кылып же бир жерин сындырганча ур-тепкиге алуу менен теңебеш керек.
“Мага аялды урса болобу деп суроо бергендер, аялын дароо эле ур-тепкиге алгысы келет. Андай болбойт. Эгер аял көчөгө чыгып кете берсе, кой деп айтыш керек. Такыр болбой кетип жатса, анда бир үйдүн ичинде төшөгүн бөлүп салыш керек, бирок балдар көрбөсүн бөлүнүп жатканын. Бул үч күнгө уланышы мүмкүн. Анда да болбосо, уруш керек, бирок эч жери көгөрбөй тургандай кылып. Самандын сабагы менен урса болот. Урду деген аты бар, бирок заты жок. Ушул үч аракеттен майнап болбосо, аксакалдарды чакырып, кеңешин угуп, ал да жардам бербесе, ажырашууга болот. Мени аялды урса болбойт деп Куранды бузуп айтты дешет. Ал адамдар диндин маанисин түшүнүшпөйт. Куранда биздин эркектер аялын ургандай нерсе айтылбайт. Эгер кыргыз аялын урса, ал сөзсүз реанимацияга түшүп калат”.
Так что аялды тарбиялайм деп килтейген муштумуңар мене уруп жатып калган болбойт. Акырын гана түшүндүрүү керек.