6
Ичиндеги баласына да акырындап жан кире түшкөндөй, былкылдай түштү.
Көзүн ачты.
Адегенде эле калдайган асканын бети көзгө урунуп, үстүнө кулап келаткандай,
мына-мына азыр басып калчудай көрүндү.
Көзү чакчайып кетти.
- Жо-ок!!!
– алынын барынча кыйкырды.
Анын үнү жаңырык болуп, алда кайдан угулду.
Башын көтөрүп, эки жакын карагысы келди. Бирок атайылап эле корумдап койгонсуп, үстүн басып калган чакан дөбөчөдөн башка эч нерсе көрө албай койду.
Ушул тапта аны курчап, көрүп, угуп тургандын баары аны жек көрүп, табалап, Күнайымдын өчүн алып, ичтеринен күңгүрөнүп карап турушкандай дымып турган.
Кыңылдап ыйлай баштады.
Каяктандыр дабыш угулду.
Келиндин ыйы “тып” басылып, тыңшап калды.
Ый аралаш бакырып ыйлап ийди:
- Зуму-ра-ат?!
- Дүра-ай?! - бул – Зумураттын үнү болчу, – Дүрай?!
- Мен... мен..! – оозуна башка сөз келбей мукактанып,
“мен бияктамын” дегенди айта албай тили буулуп, далбастады келин. – Мен... ме-ен!
Башын көтөрүп, бурулуп карай албай жаткан Дүрайым бар күчүн көзүнөн чыгара алаңдап жатып, акыры демин ичине жутуп, тыншап калды.
Дабыш жакындап келаткандай болду.
Жараңканын имерилишинен бутун сүйрөп, аскага жөлөнүп араң баскан Зумурат пайда болду.
Ошону туя койгон Дүрайым:
- Зу- му-ра-ат?! – деди ый аралаш.
Анын үнүн өзүнөн башка эч ким уккан жок.
Дабыш токтоп калды.
Жымжырттык.
Дүрайымга жашоо токтоп калгандай сезилип кетти. Бу жолу:
- Зу... – дегенге араң жарады. Үнү чыкпай калды.
Кандайдыр белги бергиси келип, жанталашып башын чайкагылады.
Айткандай эле билинер-билинбес майда кум шыгырап, куюлган болду.
Кудайдын ушунусуна да шүгүр кылып, мунусун дагы кайталады.
Ара чолодо өзүн-өзү тыңшап, курсактагы баланын аман-эсен
экенин билгиси, ишенгиси келгендей көздөрүн жумуп, бир убакта анан алда нени сезип, санаасы тынчыгандай өз айласын издей баштады.
Жараңкадан бери өтүп, көзүнө жогортон кулаган жаңы таштар менен жалгыз аяк жолдун үстүн басып калган кум-шагылдан башка эч нерсе көрүнбөй, эки жакты селейип тиктеп турган Зумурат кумдун билинер-билинбес шыгыраганын эшитти.
Демин ичине катты.
Кудум олжосун издеген бүркүт сымак кош кареги тикчийип, бардык жерди кылдат карап келатты.
Көрдү! Атайын үйүп койгонсуган боз дөмпөктүн этеги былкылдап, кум агылып жаткан болчу.
Сөлтөктөп, бир бутун сүйрөгөн Зумурат улам ошол дөмпөккө жакындап келаткан сайын Дүрайымдын кош карегинен жаш булактап, ансайын дем алуусу оордоп, ичинин, этинин ооруксунганын сезе баштады.
Толгоосу башталып калган болчу.
Жыландын сүйүүсү «Жыландын сүйүүсү» автор тарабынан алымча-кошумчаланып, аңгемелер мене
#282 26 Июль 2018 - 15:28
7
Дүрайымды адегенде кум-шагылдын арасынан айрып тааный албай жаткандай, Зумурат нес боло түшту.
- Дүрай?
Ушуну гана күтүп тургандай келин кыңкыстап, онтоп жиберди. Эриндери эмшеңдеп, көзүнөн сызылып аккан жаш жаагындагы топурак-чаңга жуурулуп, ылайга айланып кетти.
- Ичим, - деди Дүрайым араңжан шыбырап. – Ичим...
Эсине келе түшкөн жигит жигит бутунун ооруганынан эринин кесе тиштеп, көздөрүн жума бир катуу онтоп алып, боз дөмпөктү эки колу менен шилегилеп, ача баштады.
Кудай жалгап, курсагы коңулда экен.
Ошондон кийин экөө бири-бирин кучактап, бошонсо эле кайра жоготушуп алчудай, бу дүйнөдө ушул көрүшүүдөн өткөн бакыт, жыргал, кубаныч жоктой көпкө отурушту. Экөөнүн тең:
- Жаным, жаным... Жалгызым, жашоом, жарыгым, - дегенден башка сөз ооздоруна келбей, эзилип ыйлай беришти. Бир убакта Дүрайымдын ыйы катуулап, бакырып жиберди. Зумураттын кучагынан бошоп, терең-терең дем алып, чалкалай калды.
- Эмне? Эмне болду? – толгоо келгенин боолгой калган Зумурат калчылдак баскан колдорун тарбаңдатып, айласы түгөнө карады.
- Аа-аа! - Дүрайым ага жан чыдагыс ачуу чаңырыгы менен жооп кылды.
Кара терге түшүп, жерге жата калып ыйынып-ыкчынган келинди айланып-тегеренип, эмне жардам кыларын билбей:
- Азыр! Азыр! – дей берди жигит.
Бир убакта толгоосу тынчый түшкөн келин:
- Коркпо, өтүп кетет. Баары жакшы болот, - деди.
Ушул саам келиндин оюна жеңесинин төрөтү түшүп кеткен болчу.
Ошол күнү, жеңеси да так ушинтип толгото баштаган. Ата-энеси айылчылап, агасы жылкы айдап кетип, үйдө экөө жалгыз болчу.
- Күнайымдын чоң апасын чакыр! – деген келин.
Дүрайым Асыл чоң энени көздөй чуркаган.
Алар келген кезде бечара жеңеси жерде жөрмөлөп калыптыр болчу.
- Алактаба! – деген чон эне кудум азыркы Зумуратка окшоп айланып-тегеренип калган Дүрайымга. – Баары жакшы болот. Баары өтүп кетет. Бу жарыкчылыкка адам алып келиш эле оңой дейсиңби. Силерди да ушинтип тапканбыз. Кумганга суу, анан таза кезедеме алып кел.
Дүрайым чуркап, айткандарын алып келген.
Чоң эне төрт аяктаган келиндин алдына шейшепти жая салып:
- Терең-терең дем ала гой. Өзүңдү эркин ташта, кысылба. Бала кысылып калат. Ии, кана-кана, ыйын! – деп, өзү да кара терге түшүп кеткен.
- Апа-а! – деп алка-шалка тер кетип, жаны көзүнө көрүнгөн келинди жоошутуп:
- Кыйкыра берсең күчүң кетет, каралдым. Андан көрө терең дем алып, толгоо келген кезде ыйын. Аз калды. Азыр эле ымыркайыңды колуңа аласың, мунун баары унутулат, балам! – деген.
Айткандай эле коп өтаөй балканактай болгон уулду төрөтүп алган чон эне баланын киндигин кесип, келиндин бооруна жаткыра салган.
Өзу төрөп алгансып, Дурайымдын кош жаны жай алып, эс ала түшкөн болчу.
Кайрадан толгоо башталды.
Жанында чындап эле Асыл чоң эне келгендей, анын элесин эш тутуп, демдене түшкөн Дүрайым Зумуркатка ара чолодо:
- Суу алып кел, - дегенге жарады.
Зумурат сууга чуркады.
Ал келгиче толгоонун ачуулугунан үйүлгөн шагылдын үстүнө үч жолу чыгып, кайра үч жолу оонап түштү.
Суу көтөрүп келип калган Зумуратка:
- Кемселинди чеч! Баланы тос! – дегенге араң жарады.
Айткандай эле, Зумурат кемселин чече калып, келиндин этегине жая салып, баланын жарыкка чыгаарын күтүп калды.
- Чыда, чыда! Баары жакшы болот! – дей баштады эми ал. Дүрайымдын ишенимдүү, токтоо мамилеси анын өзүнө шык берип, кайрат берип койгон болчу.
- Азаматсың, жаным! Аз калды. Эми дагы бир аз чыдап кой, баары жакшы болот! – деп, өзу да ошого ишенип, чындап эле баары жакшы болушун каалап, бул азаптан батыраак эле арылууну тилеп, кара терге түшүп, "Кудайлай" берди.

#283 26 Июль 2018 - 15:33
8-серия
- Аа-аа-аа! – Дурайымдын ачуу чаңырыгы бүт асканын арасын жаңырыкка бөлөп, демин ичине каткан Жер-Куйдун түбү бир катуу силкинип алгандай, ар кай жерден шыгырап кум куюлуп кетти.
- Аа-аа-аа!! !
- Келатат окшойт! – деген жигит кубангандан карбаластап, чекесинен тыпылдап тамган кара терди арчууга да дарманы жетпей, кемселдин астындагы эки колу калчылдап, баланы күтүп жатты.
Дагы жакшы, бала кезден мал менен өсүп, короосундагы беш-алты кой менен жети-сегиз эчкини айдап, төл маалында апасы менен кошо чуркап жүрүп бул боюнча анча-мынча кабары бар. Толгоосу кармаган кезде мал да болсо көзү чакчаңдап, башын жерге койгулап, бакырып –өкүрүп жатып, бир убакта козунун тумшугу көрүнүп, андан кийин калган денеси “булак” этип шыпырылып түшчү. Апасы экөө адегенде эле козунун тумшугун тазалап жиберишчү.
- Антпесең, тумчугуп өлүп калат, балам, - дечу эне шымаланып алып, козунун оозу-мурдун, денесин каптаган челди шыпырып алып ыргытып жатып. Баарынан кызыгы, эми эле кыйналып жаткан койбу, эчкиби, тура калып эле баласын издеп, колдон талашып ######-жуктап, мекиренип, айланып-тегеренип калчу. Андайда Зумурат менен апасы козуну оозандырганга өтүшчү.
Мына ошонун пайдасы тийип, баланын башы улам көрүнүп, кайра “култ” этип кирип кетип жаткан сайын:
- Ыйын, ыйын, аз калды. Мына, башы көрүнүп жатат, - деп жатты жигит. Баланын ата-энесин да, өзүн да кыйнабай, бат эле жарыкка чыгышын Кудайдан сурай берди.
Жада калса күрмөнү кармаганга да алы азайып, шайы ооп бараткан жигит өзүнө-өзү күч-кубат жыйнап, улам чыбырчыктап, караңгылай түшүп жаткан көзүн бекем-бекем ачып-жумуп, анткенм енен аталык сезим аны чыйралтып жатты.
Бир убакта карарып баланын башы көрүнүп, бирок Дүрайымдын алы кетип, ыйынууга дарманы жетпей жатып калганда, кайра ары кирип кетти.
- Жаным, бир аз күчүңдү жыйчы! Мына чыгыпк елатканда кое берип жиберип жатасың, - деди Зумурат аялына дем берип.
- Макул, - деди алка-шалка терк еткен келин.
Ошого удаа эле баланын түйүлгөн муштуму көрүндү.
Малдын туягы биринчи чыгып калган учурду чанда билчү.
Андай кезде:
- Ий, каран күн, козу туура эмес келатат, - деп энеси чебеленип кетчү да, колу менен ондоп-түздөгөн болуп алышып жатып, араң тартып алчу. Андайда бечара кой кыйлага кыйналып, кээде ошол бойдон турбай да калчу.
Бу жолу да Зумураттын оюна ушул келип кетти.
Антсе да баланын улам кичинеден бери салаңдап, чыгып келаткан кичинекей муштумун кармагысы, тартып алгысы келди. Бирок бат эле кайра денеси “дирт” эте түшүп, колун тартып алды. Көздөрү умачтай ачыла түштү.
Анткени баланын муштуму Зумуратты колго чаап жибергендей серпиле түшкөн болчу. Зумурат чел кабыктын ары жагындагы баланын муштуму арасынан кудум жыландын тилиндей чыбырчыктаган кызыл сызыктарды байкады. Ошондон кийин баланын колу кайрадан ары сорулуп кирип кетти.
Зумурат көздөрүн бекем жумуп жиберип, кайра ачты.
- Жаным, качан бүтөт бул азап? Бүтпөйт го. Бул качан чыгат? Эч качан чыкпайт го?!. Өлүп калам го?! – деди аңгыча Дурайым. – Кыйналып кеттим. Батыраак эле өлүп калсам кана?!

#284 26 Июль 2018 - 15:35
9 10
- Зумура-ат! – Дүрайымдын энтигүү арасындагы ачуу чаңырыгы эси ооп калган эмедей бир чекитти тиктеп, дендароо болуп калган жигитти башка чапкандай селт эттирди.
- Ыя?! – катуу чочуп, башын бир силкип алды эле, чекесинен чыпылдап аккан тер майда тамчыларга айланып, туш-тушка чачырай берди.
- Аа-аа-аа! - Дүрайымдын чаңырыгы эми узакка созулган ыйынууга айланып, бети-башы кара көк тартып, чыңалып чыкты.
Зумурат адатынча ага дем берип: “Дагы бир аз, кана, кана, келатат!” – деп күч бере албай, баланын чыгып келе жаткан башын карап, алда неден сестенгендей тиктеп тура берди.
Аңгыча кызыл эт ымыркай “култ” этип Зумураттын алаканында жайылган күрмөгө кулап түшөрү менен, Дүрайым жаны жай алгандай сулап жатып калды.
Саамга дел болуп, баланы тиктеп калды Зумурат.
Жаңы эле жарык дүйнөгө келип, тарбалаңдаган баланын колдорун карады.
Ушул тапта:
- Ыңаа-аа, ыңаа-аа!! ! Ыңаа-аа, ыңаа-аа!! ! – деп баркырап жиберди бала.
Бул үн, бул добуш жараңканын ичине жан киргизип, жарык чачып, жашоого кандайдыр үмүт жаратып, Жер-Куйдун ичин эле эмес, бул экөөнүн жандүйнөсүн дагы аруулап жиберген сыяктанды.
- Бала... балам... - Зумурат балага кошулуп ыйлап, баркыраган эркек баланы өзүнө жакын тартты. –Уулум...
Чарчоодон көкүрөгү солкулдап, жаны жай ала түшкөн Дүрайым башын көтөрүп, ата-баланы карады.
Баягы жеңеси төрөгөндо чон эненин шашпай отуруп алып, баланын киндигин кескенин эстеди.
- Баланын туулганынан да, тондун түшкөнү өтө маанилүү, - деген ошондо эне кобруранып. – Тон ичте калып калса жакшы болбой калат.
Мунун баарын эне барган жеринде, бала төрөткөн сайын кыз-келиндердин кулагына “күмүш сырга” кылып айта берер эле.
- Биле жүргөнүңөр жакшы, айланынайындар, биз дайыма эле жаныңарда жүрө бербейбиз. “Болжолу келсе бок турбайт” дейт, толгоо деген талаа-тузбү, күнбү-түнбү, ынгай-шартты тандабайт, маалы келген кезде келе берет, - деп ошондо да кобуранып отурду эле кайран эне.
- Зумурат, - деди эми да Асыл эне так маңдайына келип айтып жаткандай элестеткен келин. – Баланын киндигин кесиш керек.
- Кантип?!
- Коркпо...
Зумурат баланы жаткыра коюп, Дүрайым айткандай кылып, киндигин кести.
- Туура, - деди көзү мына-мына илинип кетчүдөй араң жаткан келин. – Сен жакшы атасың.
Бул анын күйөөсүнө бир чети чын дилинен ыраазычылыгы болсо, бир чети ага дем берейин деген аракети болчу.
- Уктаба, - деди Зумурат аны түтткүлөп.
Муну да ал энесинен уккан. Козу-улагын тууп алып, башын көтөрүүгө алы келбей жатып калган кой-улагын жөлөп-таяп тургузуп: “Тур, тура гой. Анан жатасың. Аялдын бир ажалы – төрөт дейт, адам менен мал окшош эле... Тону түшпөй уктап кетсе, кара басып кетет...” – деп кобурап калчу. Ушу эсине түшкөн жигит келинди алаксатыш үчүн кобурап, сүйлөнүп жатты:
- Сен азаматсың, жаным. Сен үйрөттүң го, мага. Анын үстүнө мен мал менен өскөм да. Бала кезимде апам мени күн болсо да, түн болсо да жанына эрчитип алчу. Күндүзү ойноп жүрсөм кыйкырып чакырчу. Мен жанына жетип келмейинче кол булгалап тура берчү байкушум. Оюнга алаксып, унутуп калбасын дечү го. Түнкүсүн да жанына эш кылып: “Тур, балам, баягы какылдаган кара кой тууганы калыптыр”, - деп ойготчу. Кээде: “Менсиз эле бара бербейби”, - деп нааразы болчумун. Бирок бара-бара апама шерик болуп, караан болуп, анын ишеничине кирип калганыма кубанчумун. “Апам менсиз коркот”, - деп өзүмдү эр сезип калар элем. Көрсө, апам малга жакын өссүн, үйрөнсүн, билсин дечү тура.
Дүрайым жылмайды.
- Ичимде бирдеме калып калгансып жатат дале, акырын ушалачы. Тону түшө элекпи? - деген Дүрайым кайра да толгоо келе жаткандай эки кочушу менен жер чапчып, көздөрүн бекем жумуп, бакырып жиберди:
- Аа-ай!
- Эмне?! Эмне болду?! –жигит алдастап кетти. – Эмне болду?!
- Ичим! Аа-аа!
Жигит баланы жанына жаткыра коюп, ичин ушалады:
- Коркпо, баланын тону келетат го, коркпо, - деди жигит.
Дурайымдын ичикудум багя кош бойлуу кездегидей түйүлүп, эми эле жай ала түшкөн жаны кайрадан жаналакетке түшүп кетти. Ордунан бүргөдөй ыргып тура калып, кайра оонап жата калып, Жер-Куйдун ичин ачуу чаңырыкка толтуруп жиберди.
Бир маалда тура калып, сокудай болгон кара чаар ташты таянып, терең-терең дем алып:
- Уф-уф-уф! – деп жатып, белин баса кайкалай түшүп ыйынып-ыкчынып алды эле, жерге “топ-топ” этип баланын киндигине окшогон беш-алты чубалган неме кулап түшүп, ары-бери кайсактап, соймолондой башташты.
- Бир-экөө келиндин балтырына оролуп, денеси өйдө чыгып кетти.
Жаны ачып, эти ооруксунган келин анны сезген да жок. Тек гана, жаны жай алып, ошо турган калыбында дагы бир ыйынып алганда баланын тону “балп” этип түшүп калды.
Аскалардын арасы кулак-мурун кескендей дымырай түштү.
Айрыкча Зумурат тил-ооздон калган немеге окшоп, көргөн көзүнө ишенип-ишене албай жалдырап тура берди.
Ушул убакта бала ыңаалап ыйлап жиберди.
Ташты кучактап, боортоктоп турган боюнча көзу илинип бараткан Дүрайым “селт” этип, уулун карады. Көздөрү чакчайып, денесин кара тер басып кетти.
Күрмөнүн үстүндө жаткан баланын колу-бутуна, мойну-башына майда жыландар оролуп, бирөөсү башын баланын жүрөгүнө туштап, курсагында жатыптыр.
Ошол убакта өзүнүн койнунда жүргөн бала жыландарды да сезди.
Эмне болуп жатканын түшүнбөй жаткандай ар кай жерин чапчыгылап жатып, бир убакта көкүрөк тушунан “серең” этип чыга калган бала жыландын башын көрө коюп, бакырып жиберди.
темененин козүндөй болуп жылтыраган бейкүнөө коздөр менен тиктеше калды. Ошол коздөрдөн келин кандайдыр жылуулук сезгенсип кетти. Денесинин жылан турган жери ысып, каны-жанына жагымдуулук таралып, баладай балбырап мээрим издеген бала жыланга ичи имериле бою балкып, атүгүл сүтү ийип кеткен окшоду. Бул – энелик мээрим болчу. Бирок келин эмне болуп жатканын аңдап түшүнө албай жатты.
Зумуратты карады.
Зумурат анын суроосун түшүнгөндөй, баш ийкеген болду.
Бирок бул келинге жакпай кетти.
Ичи аңтар-теңтер болуп, көзү карангылай түштү.
Баласы жакты карады.
Койнундагы жыландарды силкип, жерге түшүргөнгө аракет кыла баштады.
- Жок, жок, жо-ок! Кет де, өлтүр! – деди келин далбастап, өз дене боюн чапкылап. - Зумура-ат?! Аа-аа!!!
Зумурат башын чайкады:
Мына-мына кулап калчудай теңселип, көзү караңгылап келаткан Дүрайымды кармай калды.
Эси ооп жыгылган келинди көтөрүп келип, баланын жанына жаткырды жигит.
Көздөрүн жумуп, эс-учун билбей шалкылдагн келиндин көкүрөк-көөдөнүнө айланып, өзөгүн өрттөп бир өксүк келди... Жумулган коздөрүнүн ары жагында ал каргашалуу баягы күндү көрүп, кулагы ошол үндөрдү угуп, туюп жаткан болчу...
Мына, ошондогу күндүн күркүрөгү... Чагылгандын чартылдагы. .. Асканын боорунан күрүлдөп түшкөн көчкү... Зумурат жасап, жаткырыпк еткен так текчеде Күнайым жатат...
Аңгыча, жакын эле жерден күрүлдөп көчкөн көчкүнүн үнү, таштардын тарсылдагы угулат. Кулагын басып, отура калат бул...
Онтоп, кыңкыстаган курбусуна карайт.
“Жада калса, жаны кыйналып жатып да сулуу! – өзүн жалдырап тиктеген Күнайымды карап отуруп ушуну ойлойт ал. – Ушунда да көздөрү башкача!”
Күнайымдын жайнаган кош каректеринен сызылып чыккан жашка күн желесиндей болгон узун кирпиктери жуулуп, ого бетер ажарланып кеткенсийт. “Кокус Зумурат келип, ушул сулуулукту көрүп калсачы?” – Дүрайымдын оюна ушул “тык” этет.
Күнайымдын жайнаган каректерин дит багып карай албай, кайпактап кетет.
Ушул көздөргө ал бала күндөн суктанар эле. Кээде ыйлап, кээде кыялданып, кээде Жаратканга, кээде апасына нааразы болуп кете турган. Айылдагы “мен кыйын” деп көзгө көрүнгөн уландардын баарын ушул көздөр арбап, арзытып жаткандай, жандүйнөсүн кызганыч бийлечү. Анткени, билчү, ким болбосун баарынанм урда Күнайымга назар төшөп, ким болбосун анын көзүнө көрүнүп, көңүлүнө илинип калууну самачу. Жада калса, эми да бул Зумуратты канчалык итерип, жек корүп жатса да, имерилип туруп албадыбы тиги!
Ушуну ойлогон кыздын оюна баягы укмуштуу ой кайра да келе калат!
Канчалык ошол азгырыктан алыстап кетүүгө аракет кылганы менен, айланып келип эле экинчи бир туюму: “Жок! – деп шыкактап туруп алат. – Мунун жанында сен дайыма экинчисиң! Азбы, көппү, канча жашасаң да анын көлөкөсү болуп жүрүп өтөсүң! Ошондуктан, Зумурат келгиче муну жогот! Анын үстүнө, бул мамилең үчүн сени ал эми эч качан кечирбейт! Зумурат да жек көрүп калат!”
Кум аралаш көбүк аккан ууртун арчыгысы келгендей, манжаларын кыбыратып, колун көтөрүүгө аракет кылып, бирок ошого да алы келбей көгөрүп-татарып жатат Күнайым. Болгону гана эриндерин кыбыратып, түшүнүксүз кыңкыстаган болот. Дүрайымдын оюн окугандай, ага бир нерсе айткысы келгенсийт.
Дүрайым тескери бурулуп кетет.
Айныгыс чечимге келгендей, башын бийик көтөрөт.
Отура калып, эки уучуна кум толтуруп келет да, өзүн карап жайнаган кош карекке куюп жиберет!
Демейде, карап эле койгону эле адамдын жандүйнөсүн жылытып, күнгө окшоп балбылдап турчу кош карек үстөккө-босток топурак-кумга көмүлүп, башын ары-бери ал качкан сайын кулак-мурдуна кошо кум толуп, үнү чыкпай, дем жетпей тумчугуп, бирок жандүйнөсүндө, жандилинде жандай көргөн курбусуна таарынып да, нааразы болуп, ара чолодо: “Ичиңден ийри жылан чыксын! Ичиңден ийри жылан чыксын! Ичиңден ийри жылан чыксын!” – деп үстөккө-босток каргыш айтып, жандалбастайт кыз...
- Жо-ок! – кудум ошондогу Күнайым кейиптүү башын онго-солго чулгуп, жандалбастайт Дүрайым.

#285 26 Июль 2018 - 15:41
Жыландын сүйүүсү
(жомок-повесть)

#286 26 Июль 2018 - 15:45
9-10
(туура варианты)

#287 27 Июль 2018 - 05:36
aipo89 (26 Июль 2018 - 15:45) жазган:

Кайталап эмнеге жөнөттүнүз булар жазылып туратго
#289 01 Август 2018 - 22:54
10
ЖЫЛАНДЫН СҮЙҮҮСҮ
(жомок-повесть)
Кара терге түшүп, чабалактап жаткан келиндин коюн-колтугунда эми эле өз денинен чыккан бала жыландар соймолондоп, көкүрөгүндо жаткан балканактай болгон эркек бала эринин чормондото эмчек издеп кайсалактап жатты.
Зумурат болсо буларды карап акылын жыя албай, а бирок таштап, басып да кете албай, арбалып, айрыкча , башкалардан өңү-түсү менен эле эмес, кандайдыр кыймыл-аракети менен да айырмалан агыш-боз жыланды карап отура берди.
Агыш жылан түссүз, бирок кудум баео баланын көзүндөй жылтыраган көздөрүн энесинен албай, анын кулак түбүнө келип алып, ымыркайдын билегиндей болгон мойнун серейтип көтөрө калып, Дүрайымды аягандай тиктеп турган болчу азыр. Дүрайым онтоп, алда нелерди жөөлүп, тынчый калган кезде башын жерге жаздап, унчукпай жатты да, энеси кыңкыстап жиберенде ерендеп кайра башын көтөрдү. Жымылдаган жымжырттыктан бүткөн сындуу, адам баласынын акылын айран кылган бул сүрөт, бул көрүнүш дагы канчага уланат эле, Зумурат таң калуудан эсин жогото дагы канчага отура берет эле, бир убакта эмчек издей берип чарчаган ымыркайдын ызалангандай чыңырып-чычып ыйлаган ыйы бу жердеги тирүү жандыктардын эле эмес, баятан бери демин ичине катып тунжураган асканын ичине бүт чаң-тополоң салып жиберди.
Агыш жылан эми балага келди.
Жалпактап ары жагына, бери жагына чыгып, сооротууга жандалбастаган сыяктанды.
Айткандай эле, ымыркай аны сезгендей алаксып, алда нени күткөндой соороно баштады. Бала жылан баланын бетине жакын келип, башын бетине бетин тийгизип жатты.
Булардын курсактагы жашоосун элестетти Зумурат. “Бул экөө жатында да чогуу болушкан окшойт. Көнүшүп, жыты сиңишип калган тура”, - деди оюнда.
Дурайым көздөрүн ачты.
Адегенде ага тирелген аскалардан ортосундагы жалгыз аяк жолго окшогон асман көрүндү. кээде Дүрайым аны айылдын четинде созулуп, тунуп аккан, кудум асман түстүү Бала-Дарыяга кошотчу. Ошондуктан ар дайым аны эш тутуп, жээкте чуу кубалап чуркап ойногон бала чагын эстечү. так ошол кездегидей болуп, суунун бетинен чагылышкан күндү издечү...
Ушу азыр да күндү көргүсү келди.
Бирок бул да ага тек гана кыялга, жомокко айланган. Болбосо, буга чейин канча издеди? Акыры Кудайдын ушунусуна да шүгүр кылганды үйрөнө баштаган.
Кирпиктеринин астынан эки тамчы тып-тып этип кулап кетти.
Бирок абалкыдан алда канча жеңилдеп калганын сезди. Демейде, ойгонору менен үстүнөн бирөө басып тургансып, ары-бери оодарыла албай араң кыймылдап, ичиндеги өпкө-жүрөгүн үзүп кетчудөй удургуган “алааматты” кошо ойготуп алчудай коркуп турар эле.
Оозу кургап, каны катып калгандай сезди.
Эриндерин ######-жуктап, кыңкыстады.
- Суу?
Ымыркай менен бала жылан көшүлүп уктаары менен кошо үргүлөп кеткен Зумурат серпиле түштү.
Белиндеги көөкөрчөнү чече коюп, энесин тегеректеген карачаар, темгил, агыш түстүү бала жыландарды аттап өтүп, келиндин оозуна суу тамызды.
Эки көзүн жалдыратып күйөөсүнө бир чети эркелеп, бир чети күнөөлүү жандай абдаарый тиктеген келин “кыл-кылк” эттирип суу жутту.
Зумураттын аны аягандай, ага бел болгондой мээримдүү күлүмсүрөгөнү келинди бир чети эреркетип жиберсе, бир чети дем, күч бергендей ый аралаш жылмайган келинге кадимкидей жан кирип, тириле түштү. Башын көтөрүп баланы издеди.
Зумурат бир нерсе айткысы келгендей, билинер-билинбес калтырак баскан колдорун келиндин маңдайына койду.
Дүрайым аба жетпей жаткандай терең-терең дем алган сайын көкүрөгүндө жаткан ымыркай менен агыш түстүү бала жылан кошо термелип, уктап жатышты.
Келин аларга удаа эле соймоңдогон бала-жыландарын көрдү.
Зумурат аны соороткусу келдиби, же чындап эле өзү да ушундай ойго келдиби:
- Баары жакшы, - деди акырын унчугуп. – Биз эми жалгыз эмеспиз. Уулубуз жалгыз эмес. Буларды бизге Кудайым, уулубуз колдоп, коргосун деп жиберди.
Дүрайым ошого ишенгиси келгендей, жигитти жалдырай тиктеди.
Жигит башын ийкеди.
Ошондон кийин гана келин күйөөсүнүн колун эки колу менен аяр алып келип эринине тийгизип өөп, шорулдатата жыттады. Бул – күйөөсүнүн сөзүнө ишенүүнүн, ыраазы болуунун жана өзүнүн да жандүйнөсүнүн да тынчып, көңүлүнүн көтөрүлө түшкөнүнүн белгиси эле...
(буюрса, уландысын жана толук вариантын эми китептен окуйсуздар)
P.S.
Урматтуу "Жыландын сүйүүсүнүн" окурмандары, көпчулүк окурмандардын суроолору боюнча чыгарманы китеп кылып чыгаруу аракети жүрө баштады.
Адаттагыдай эле китеп чыгаруу - окурмандардын (заказчылардын) алдын ала каражатын жөнөтүп, тапшырык кылуу жолу менен ишке ашат жана китептин нускасы (тиражы) заказ берүүчүлөрдүн санына жараша болот.
Китепке чыгарманын 3(үч) китебинин буга чейинки жана окурмандарга жарыя боло элек (уландысы) - толук варианты чогултулуп чыгат.
Китептердин ар бири 400 сомдон айланууда.
Заказ кылуучулар жана суроолор менен менин личкама жазсаңыздар же 0700 49 65 49 ватсап номериме кайрылсаныздар болот.
Ж.И.

#291 02 Август 2018 - 00:01
Ааа эми чала олгон жыландай болуп калып калабызбы? Жанылышпасам 1-китеби чыкса керек ээ? 10жылдай мурун? Ким бироонорго колунарга тийип калса китеби, жазып коерсунар бул жакка.
#292 02 Август 2018 - 21:25
Жыпар Исаева эжекебиз 3-китебин жазып жаткан боюнча токтотуп коюптур Кыргыз туусу газетасынан ар санында окуп жатканбыз белгилуу бир себеп менен токтотулду деген боюнча жок.
#293 01 Сентябрь 2018 - 07:46
Кызыктуу тема экен. Чон энем"1000жылда бир жолу жылан адамга, адам жыланга айланат" деп бир жомокту айтып берчу. Колу бутум муздаса жыланга айланып кетпесем экен деп балалыгымда коркуп жомогун угар элем.Кээ бир обзацтарын ыйлап окудум. Жандык да болсо адамга караганда жан дүйнөсү таза экендигине ынандым.Эки экиден айтышкан форумдагы темаларды окугандан коро ушундай темаларды окусам рахаттана окуйм Уландысын кутом
#294 22 Ноябрь 2018 - 09:49
Жыландын сүйүүсү китебин(жаңы чыгып жаткан сатыкка) ким алса бул жакка да жазып коёт го деп үмүт кылам.
#296 04 Январь 2019 - 19:15
Жыландын сүйүүсү
(жомок-повесть)
1
Кара терге түшүп, чабалактап жаткан келиндин коюн-колтугунда эми эле өз денинен чыккан бала-жылан соймолоңдоп, көкүрөгүндө жаткан балканактай болгон эркек бала да эринин чормондото эмчек издеп, кайсалактап жатты.
Зумурат болсо, буларды карап акылын жыя албай, а бирок таштап, басып да кете албай, арбалып, айрыкча , башка жыландардан өңү-түсү менен эле эмес, кандайдыр кыймыл-аракети менен да айырмаланган ак сары жыланды карап отура берди.
Ак сары жылан түссүз, бирок кудум баео баланын көзүндөй жылтыраган көздөрүн энесинен албай, анын кулак түбүндө ымыркайдын билегиндей болгон мойнун серейтип көтөрүп, адам-энесин аягандай тиктеп турган болчу азыр. Дүрайым онтоп, алда нелерди жөөлүп жатып, тынчый калган кезде гана башын жерге жаздап, унчукпай жатып калып, энеси кыңкыстап жиберенде серендеп кайра баш көтөрө калды.
Жымылдаган жымжырттыктан бүткөн сындуу, адам баласынын акылын айран кылган бул сүрөт, бул көрүнүш дагы канчага уланат эле, Зумурат таң калуудан эсин жогото дагы канчага отура берет эле, бир убакта эмчек издей берип чарчаган ымыркайдын ызалангандай чыңырып-чычып ыйлаган ыйы бу жердеги тирүү жандыктардын эле эмес, баятан бери демин ичине катып тунжураган асканын ичине бүт чаң-тополоң салып жиберди.
Ак сары жылан эми балага келди.
Жалпактап ары жагына, бери жагына чыгып, сооротууга жандалбастаган сыяктанды.
Айткандай эле, ымыркай аны сезгендей алаксып, алда нени күткөндой соороно калды. Бала-жылан баланын бетине жакын келип, башын бетине бетин тийгизип жатты.
Булардын курсактагы жашоосун элестетти Зумурат. “Бул экөө жатында да чогуу болушкан окшойт. Көнүшүп, жыты сиңишип калган тура”, - деди оюнда.
Дүрайым көздөрүн ачты.
Адегенде ага тирелген аскалардан ортосундагы жалгыз аяк жолго окшоп, узатасынан суналып жаткан асман көрүндү. Кээде Дүрайым аны айылдын четинде созулуп, тунуп аккан, кудум асман түстүү Тунук-Сууга окшотчу. Ошондуктан ар дайым аны эш тутуп, жээкте суу кубалап чуркап ойногон бала чагын эстеп, карай берет. Так ошол кездегидей болуп, суунун бетинен чагылышкан күндү издей берет...
Ушу азыр да күндү көргүсү келди.
Бирок бул да ага тек гана кыялга, жомокко айланган. Болбосо, кана көргөнү? Акыры, Кудайдын ушунусуна да шүгүр деп өзүн алдоочу болду.
Кирпиктеринин астынан эки тамчы тып-тып этип кулап кетти.
Бирок абалкыдан алда канча жеңилдеп калганын сезди. Демейде, ойгонору менен үстүнөн бирөө басып тургансып, ары-бери оодарыла албай араң кыймылдап, ичиндеги өзөртө тепкилеген туюкбайды кошо ойготуп алчудай коркуп турар эле.
Оозу кургап, каны катып калгандай сезди.
Эриндерин ######-жуктап, кыңкыстады.
- Суу?
Ымыркай менен бала- жылан көшүлүп уктаары менен кошо үргүлөп кеткен Зумурат серпиле түштү.
Белиндеги көөкөрчөнү чече коюп, келиндин оозуна суу тамызды.
Эки көзүн жалдыратып, күйөөсүнө бир чети эркелеп, бир чети күнөөлүү жандай абдаарый тиктеген келин “кыл-кылк” эттирип суу жутту.
Зумураттын аны аягандай, ага бел болгондой мээримдүү күлүмсүрөгөнү келинди бир чети эреркетип жиберсе, бир чети дем-күч бергендей, кадимкидей жан кирип, тириле түштү. Башын көтөрүп, баланы издеди.
Ал дем алган сайын көкүрөгүндө жаткан ымыркай менен агыш түстүү бала- жылан кошо солкулдап, уктап жатышкан болчу.
- Баары жакшы, - деди Зумурат акырын унчугуп. – Биз эми жалгыз эмеспиз. Уулубуз жалгыз эмес. Балким, бизге муну Кудайым уулубузга атайын жолдош кылып бергендир?
Дүрайым ошого ишенгиси келгендей, жигитти жалдырай тиктеди.
Ошондон кийин гана келин күйөөсүнүн колун эринине тийгизип өөп, шорулдатата жыттады. Бул – ыраазы болуунун жана өзүнүн да жандүйнөсүнүн да тынчып, көңүлүнүн көтөрүлө түшкөнүнүн белгиси эле...
***
Жинди-Чаптын ичиндеги баш-аягы ат чабым жерге созулуп жаткан жараңканын четинде түнү бою жалбырттап күйгөн кызыл таң агарып келатканда өчтү.
Жомок токтоп, Алымкан уулунун колундагы көөкөрдү алып, кылкылдатып суу жутканга чейин бу тегеректе кыбыр эткендин баары уктап, жалгыз гана жомок айткан аял кобурап отургандай туюлган.
Ким-кимиси тунжурап, ойго батып кеткенгеби, же болбосо аз убакыттан кийин күн нуру жылытат дештиби, отко чычала ыргытууну Асан да, кез-кез сүйлөп отуруп эле отту ичкерте калып жаткан Алымкан да, анын уулу менен Кызмончок да аракет кылган жок.
- Жеңе? – тээ бир убактан кийин таң калгандай да, калтаарыган үн менен акырын унчукту Кызмончок. – Демек, ошол агыш жылан?..
Жанды карады:
- Жанбы?
Жан буга макул эместей башын көтөрүп, сереңдей түштү.
Алымкан башын чайкады:
- Жок, башка!
Бирок бул жооп эми эле жообу табылгансып келаткан табышмакты кайра татаалдантып жибергендей болду.
- Анан ким? – деди Кызмончок шашкалактап.
Ушул убакта айлана-тегерек абалкыдан да агарып, жарык болуп калгандыктан, бу жердегилер бири-биринин жүзүн даана көрө башташты.
Баарын тегерете карап келаткан Асандын көзу алайып, бир чекитти тиктеп калды.
Жандын жанында көздөрүн тостойтуп, бирок ага караганда алда канча сүрдүү көрүнгөн дагы бир жылан чубалып жаткан болчу.
Асандын алда нени айтуучудай обдулуп барып, сүрдүгө түшкөнүнөн уламбы, бейтааныш жыланды эми башкалар да көрүштү.
Бая эле жылып келип, ак жыланга куйрук улаш жаткан Күмүш жон жылан адамдардын түгүл, ак жыландын бу карашынан кооптоно түшүп, сактангандай башын көтөрө калганда Жан да ага бойлошо түшүп, тиктешип калышты.
Кызмончоктон башкалар эки жыландын эмнеге узакка тиктешип турганын билишкен жок.
- Тс-с... – түнү менен уккан жомоктун таасириненби, Жан адегенде катуу бир тийди. – Тс-сс!..
Анын башын сереңдете сес берип, куйругунун учун жерге: “чып!” эттире чаап: “Дагы эле артымдан жүрөсүңбү?! Өз убалың эми өзүңө!” - деген каарын Кызмончок түшүнүп, эми ушул жерден экөө чамгарактап чабышып, алышып кете тургансып коркуп кетти.
Эки жылан бири-бирине оролуша калчудай беттене калышканда:
- Жан?! – деп, адатынча ой аркылуу жанталашып жиберди Кызмончок. – Суранам сенден, Жан?! Азыр уруша турган учур эмес! Жомоктун аягын укпай калабыз, Жан?! Токтот!
Жан бул чакырыкты кабыл алды.
Кызмончоктун кебине муюгандай, тырыша түшкөн мойну саал жумшарып барып, бошой түштү. Ошону түшүнө койгон Күмүш жон жылан да денесин жумшартып, ошол убакта ал дагы жоош, акырын жооп кылып:
- Тс-сс... – деп ачакей тилин соймоңдото калып, кайра унчукпай калды.
“Мен сени булардан коруп отурдум!” – дегени болчу бул анын.
Кызмончок эмнегедир Күмүш жонго ыраазы болгондой, ичи жылыгандай ууртунан жылмайып.

#297 04 Январь 2019 - 19:20
2
Жыландын сүйүүсү
(жомок-повесть)
Кызмончоктун бар кыймылынан көз албай карап отурган Асан, ал жылмайганда өзү кошо жылмайып, эмнегедир жандүйнөсү жарык боло түшкөндөй туюм келип кетти. Ошондон улам го, көңүлү ачылып, бардүйнөсү жагымдуу бир балкып, бактылуу сезилди. “Бакыт деген ушул да, - деди оюнда өзүн-өзү кубаттап. – Эс тарткандан бери жактырып, жакшы көргөн, бирок эч качан кол жеткистей болгон Кызмончоктун тамырын кармап, башын жөлөп, өз колум менен дары жасап ичирип, түн катып жанында отуруу – бакыт эмей эмне?! Мындай күн үч уктасам да түшүмө кирген эмес... Анан калса, жомок... түш... жашоо... булар бири-бирине жакын, кандайдыр байланышы бар тїшїнїктєр окшобойбу... ”
Кечетен берки укмуштуудай окуялар, адам таң каларлык көрүнүштөр көз алдына їзїл-кесил элестей түшкөн Асан ушинтип ойлоду. А бирок алардын баарын эстеп, таразалап отурууга азыр махабатка мас болуп отурган уландын чама-чаркы жетпейт эле.
Эки тизесин кучактап, Алымкандын жомогун күтүп отурган Кызмончокко карай дилинде болбурап ийип отурду: “Мен сени кандай сүйөөрүмдү билсең кана, Кызмончок? Сен гана макул болсоң, мен сени эч кимге бербейт элем. Сени эч ким мендей сүйө да, баалай да албайт. Ооба... Сенин баркына Бектемир жеткен жок, мына бу жылан жетеби? Жанындагы сурданган сур жыланын көрүп жатасыңбы? Айбан да болсо ак жыланды акмалап, айбаат кылса да кетпей, а бирок сенден көз албай тиктеп жатат. Ал сенден кызганат окшобойбу. Бирде болбосо, бирде акараат кылышы мүмкүн сага. Айбан да акыры....”
Кызмончок Асанга “жалт” карады.
Канчалык карабоого аракет кылганы менен, улан тараптан келген жылуу сезим, мелүүн мээрим агыш нурга айланып, аны жагымдуулукка ороп, жандүйнөсү түгүл дене-боюн кошо нурдантып турганын сезди.
Бул сезим ага тааныш сезилип кетти. Кече күндүз да, ага чейин да бир эки-курдай колу-буту чымырап муздап, ошол муз дүйнөгө окшогон сезим көкүрөгүнө чейин жылып келген кезде.... бир буту бул жакта, бир буту таптакыр башка жакта жүргөндөй, асман менен жердин ортосунда, абада асылып жатканда, так ушундай сезим-нур, так ушундай агыш жарык анын боюндагы музду эритип, караңгылыктан берини карай тартып, жандалбастап чакырып жатпады беле? “Сен кимсиң? Сенби, ата? Апа, сенби? Бектемирби? Алымкан жеңе? Же Жанбы?” – деп, өзү жакынсыгандардын баарынын атын атаган. Бирок ал башка сыяктанган. .. Демек?.. Сен белең?
Асандын көздөрүнө тиктеди келин. “Мен сени кандай сүйөрүмдү билсең кана...” – деп турду уландын каректери.
Кызмончок көздөрүн тартып алды.
Анткени, Жанга бул көрүнүш жакпай, ээгин жерге ныгыра-ныгыра басып, ордунда соймолондой баштаган.
Ушул убакта баарынын көңүлүн өзүнө бургусу келгендей, Алымкандын:
- Кхы-кхы... – деп тамагын кырып, жөтөлүмүш эткени ажеп болду.
- Э, Кудай, айланайын... – деп андан аркысын ичинен күңгүрөнүп, адатынча жоолук-башын ондонуп, этек-жеңин түздөп, тизесинде оозун ачып уктап жаткан уулун кымтылап отурган аял буларга азыр, кечээ кеч күүгүмдө башталып, таң агарганча айтылып бүтпөгөн жомоктун эле эмес, ушу табышмактуу, таң калыштуу окуялардын баарынын себепкер-эгедери сыяктуу сезилип кетти.
- Андан ары эмне болду? Зумурат менен Дүрайым жер үстүнө чыктыбы? – деди Кызмончок. – Балдарычы?
Жандын да көкүрөк-көңүлүндө, көзүндө ушул суроо бар болчу.
- Мен эми мындан аркысын батыраак айтып бүтөйүн, балдарым. Алагды кылбагыла. Короо-жай эмне болду экен, кой маарап, уй мөөрөп калды го. Берки Өгөөнүн баласы жакшы бала эле, же ошол кийрип койду бекен? – деп, санааркагандай айыл тарапка умсунган Алымкан:
- Дагы Кудайдын ушунусуна шүгүр, - деп бырылдап уктаган чоң уулунун маңдайынан сылап койду. – Жаманым келбесе, санаам тынчып, кантип отурат элем?
Ошентип, жомок андан ары уланды.
***
- Эми эмне болот? – деди жигиттин колун кое бербей, көздөрү жашылданып жаткан Дүрайым.
- Билбейм, көрө жатабыз, жаным. Кудайым маңдайыбызга эмнени жазса, ошону көрөбүз да. Менимче, баары жакшы болот, - деди Зумурат.
Жерде соймоңдогон бала-жылан Зумураттын мойнуна чейин чыгып барып, кулак түбүн сүзгүлөп жатып, кайра “топ” этип жерге кулап түштү. Кайра тырмышып жатып жеңине кирип, коюн-колтугун аралап кетти.
Канчалык кытыгысы келип, бырышып-тырышканы менен Зумурат чыдады. Кокус чочуп кетип, чагып албасын деп коркту.
Ошондон көп өтпөй эле бала-жылан Дүрайымдын койнунда жүрдү.
- Зумурат, муну алчы? – деди келин.
Зумурат канчалык иренжип турса да, бала-жыланга алаканын тосту. Айткандай эле, оң алаканына түшкөн бала-жылан ата мээримине магдыраган балага окшоп, түйунчөктөй түйүлүп, мемириеп жатып калды.
Зумураттын тырышкан денеси жумшарып, көңүлү жайлана түшкөн окшоду. Бала-жыланды өзүнө жакын алып келип, көпкө карады да, жанындагы жылмакай, жалпак таштын үстүнө жаткырды.
Ошондон кийин гана келин башын көтөрүп, чукуранып ойгоно баштаган уулун колуна алды.
Эмизе аласынбы? – деди жигит жерде жаткан кемселди келиндин жонуна жаап, эне-балага жакын отурду. - Сүтүң чыгабы?
- Чыгат...
Дүрайым баланы жыттап, кыңылдап ыйлай баштады:
- Үү-үү... үү-үү... Жаным... каралдым... балам... берекем...
.
- Кимге окшош экен?
- Сага, - ый аралаш күлүмсүрөдү келин. – Карасаң, сенин эле өзүң... Мурду, оозу, кулагы, чачы дагы. Жаным менин. Жүрөгүм... атасынын баласы ушу... Кудайым буйруп, жер үстүнө чыгып алсак экен. Балам, менин... Сенин балдар менен кубалашып, чүкө атып ойногонунду, ат минип чаптырганыңды көрсөк экен. Сени көрсөткөн Кудай, аны да көрсөтөр, ээ, Зуму?
Дүрайым Зумуратка карады.
Зумурат эки ийнин солкулдата улутунуп, башын ийкеп, тиги таштын үстүндө жаткан бала-жыланды карап койду.

#298 04 Январь 2019 - 19:24
3
Жылдандын сүйүүсү
(жомок-повесть)
- Кудай насип кылса, көрүп каларбыз. “Жокту бар кылган да, барды жок кылган да Кудай” дечү апам.
- Муну да ала кетебизби? – Дүрайым бала-жылан жакка ээк жаңсады.
Жигит алда неге кабатыр сыяктанган келинди таң калгандай да, аягандай да тиктеп калды. “Кантсе да ичинен чыккан да... Таштагысы жок...” – деди оюнда.
Анын унчукпай тиктеп калганынан улам:
- Таштап кетебизби? – деди келин кабатыр болгондой.
- Аны убагында көрөбүз...
Зумурат эңкейип, адегенде келинди маңдайынан өөп, анан эриндерин бүлкүлдөтүп эмчек эмген ымыркайын шорулдата жыттады. Жылмайып чачынан сылап, кулагын кармалаган болду.
- Курсагым ачты, - деди ушул убакта келин. – Аябай курсагым ачты.
Өзүнүн да өзөгү карарганын жигит ошондо сезип, бирок буйдала түштү жигит. Демейдегидей отко кактап, бышыра койчу сүр эчак түгөнгөн. Жакын жерде чөп-чар да жок. Эзели күн тийбеген жерде эмнени чөбү? Алүчүн тээ жалама асканын бооруна чыгып келиш керек. Анткени ал жергекүнүгөбир чай кайнам убакыт күн тийип өтөт. Ошондуктан бирин-серин чөпөсөт. Бирок анын баарын теңэлежейберүүгөболбойт. Жарактуусунун тамырынан тааныбасаң, азыр гүлү менен бүрү күбүлүп калган маал.
Ушуларды ойлогон Зумурат оюна бир нерсе түшүп кеткендей, эмнегедир бала-жыланды карады.
Аны байкай койгон Дүрайымдын көздөрү алайып кетти.
- Бу чымчыктарды кайдан кармагансың? – деп шашкалактап кетти анан.
- Кайсы?
- Алдагычы, белиңдеги?
Жигит өзүнүн белинде байланып, моюндары шалактап, канат-куйруктары кайрылып, боз топуракка оролгон чымчыктарды көрүп кубанып кетти.
- И-ий десең, таптакыр унутуп калганымды кара. Жана аскадан кармап, байлап койбодум беле. Сени бүгүн төрөйт деп, Кудайым атайын эле берсе керек да. “Берем десе кулуна, белен кылат жолуна” дечү беле? Жардын боорунда көздөрүн жалдыратып, качпай туруп алышкан болчу.
Дүрайым жылмайды.
- Азыр бышыра коём, жаным, - деди Зумурат кошо кубанып.
Анткен менен Дүрайымдын жандүйнөсү чакчалекей болуп кетти. Эмнегедир, Зумураттын жанагинтип, бала-жыланды караганы ага жакпай, жүрөгүнүн опкоолжуганы бир топко чейин басылбай туруп алды.
Зумурат ары-бери күйпөктөп, жоокерлерден калган казан-аягын калдыратып, куурай-суурай жагып казан асып, жагымдуу, жаңы сорпонун жыты мурдун өрдөп, жашоонун шаңы келе түшкөнү менен эки көзү бир бала-жыланда, бир Зумуратта боло берди. Канчалык шалактап уйкусу келсе да, көзү ирмелсе эле бирдеме болуп кетчүдөй баласын бооруна кучактап, басып туруп алды. Бир-эки жолу көзү караңгылап, жер айлан-көчөк болуп, кулагы тунуп, темтеңдеп барып кайра түзөлдү.
- Эй, эмне болду? – элейе карады күйөөсү.
- Эчтеке, - өзүн күчкө салып күлүмсүрөдү келин. – Жөн эле...
Аны саамга карап туруп, кайрадан ишине киришкен жигит:
- Жата эле турбайсыңбы, мына азыр тамак да бышып калды, - деди.
- Жатсам уктап калам, - оюн угуза айтты келин.
- Уктасаң, ойготом.
- Жок, - башын чайкады Дүрайым. – Уктабашым керек...
Анын эмнеге анктенин чындап эле аңдабаган Зумурат:
- Ии? Калтырбай ичип алат деп жатасыңбы? – деп тамашалады. –Тамагымдан өтпөй калсын силерсиз... Мага силерсиз эч нерсенин кызыгы жок. Мына бу жер, мына бу жашоо... Менин өмүрүмдү узартып, жакшылыкка үмүт берип, мага күч берип турган экөөң гана. Силер үчүн жашайын деп жандалбастап, силер үчүн тирүү жүрөм да. Болбосо...
Зумураттын сөзүнө эреркеппи, же казанга куштун этин салып алып, чөп-чар жагып күйпүл ала болуп отурган, сакал-муруту, чачы өсүп жүдөгөн жигитти аяппы, балким ушундай күнгө кабылган тагдырларына нааразы болуп, а балким, ошончонун арасынан тирүү калып, тукум улап, жашап жаткандарына каниет кылыппы, Дүрайымдын карегине ысык жаш каканактап, эки жаагы ылдый балбаалап агып турган.
Чыртылдап күйүп жаткан майда-барат куураган чөп-чарды өчүрүп албаш үчүн бирине-бирин улай жагып отурган Зумурат ойго батып, кээде үргүлөп кетип, бирок уктап кетпейин деп кыңылдап ырдаган болуп жатып тамагын бышырды.
Бул убакта, анын ар бир кыймылын да, береги бала-жыландан көз албай, бүлкүлдөп эмчек соргон ымыркайын бооруна бекем басып, бирде жылмайып, бирде карегине жаш каканактап карап отурган Дүрайымдын көзү илинип кеткен болчу.

#299 04 Январь 2019 - 19:29
4
Жыландын суйуусу
(жомок-повесть)
Зумурат жерди чукулап жатып, топурак басып калган казан-аягын таап, эки жыгач аякка сорпо куюп, эзиле бышкан этти өзүнчө салып, келиндин жанына сыңар тизелеп отурду да, мемиреп уктап жаткан уулун жыттап, Дүрайымды акырын түрткүлөп ойгото баштады:
- Дүрай, ойгон, тамак бышты. Дүрайым?
Келин ойгонгон жок. Жигит улам катуулап жулкулдаткан сайын мойну-башы шылкылдап, жада калса уулун бекем бооруна баса кармаган колдору бошоп кетти.
Жигит уулун ала коюп, кемселинин боорун ачып, жылаңач койнуна катты. Оюна бир нерсе түшүп кеткендей «селт» этти. Отура калып келиндин тамырын кармап, ошондон кийин гана эс ала түшкөндөй баланы кучактап, отуруп калды.
Баятан бери мемиреп тынч жаткан бала-жылан да ойгонуп, таштын бетинен жыбылжып түшп келатты.
Зумурат былк эткен жок.
Бала-жылан алда неге кабатыр болгондой, алда нени издеп жаткандай Дүрайымдын коюн-колтугун аралап, көкүрөгүнө чыгып барып, ары-бери кайсалактай баштады. Кайра жерге түшүп, бир нерсенин жытын алгандай түз эле Зумураттын багалегине жармашып чыгып, ымыркайга жетти да, баланын бети-башын жыттагылап, дал көкүрөгүнө жатып калды.
***
Ошентип жашоо улана берди.
Кичинекей адамча эненин сүтү менен тамактанса, бала-жылан жерге жарык кирери менен кайдыр сойлоп кетип, тээ көз байланган маалда келип калат. Анын кайда барып, эмне менен тамактанып жүргонү буларды кызыктырбайт деле. Бирок эле Дүрайым ал кечиккен сайын күтүп, тынчсыздана бермей адаты бар. Атүгүл ага ат да коюп алган.
- Зумуке, Ак сары жок го? Бул убакта келип калчу эле? – деди бир күнү.
- Келет да, келбесе жайына кой, - деди Зумурат. – Бирөө кармап, жеп алды дейсиңби?
- Эмнеге ушундайсың? – Баласын кучактап, отту тиктеп отурган келин ага таарынды. – Жылан да болсо...
Зумурат отту чукулап, үстүнө бир-эки куурай таштап, эки ийнин солкулдата улутунуп койду:
- “Жылан да болсо – балаң” дейсиңби?
- Эмне кергиштеп калгансың? Мен аны эмне, кол менен жасап, же сурап алыпмынбы? Бул да болсо, Кудайдын кылганы! Же бул жер астына түшүп кеткенибизге да мен күнөөлүмүнбү? !
- Анан менби?! – баятан бери ойлонуп, араң турган Зумурат “тарс!” жарылып, ансыз да көчүктөрү араң тегеренген үңкүрдүн ичинде көлөкөсүн калдайтып, ордунан тура калды:
- Менби?! Анан мен күнөөлүүмүнбү? !
Анын тарбаңдаган колдору үлпүлдөп күйгөн оттун жарыгында кудум обдулуп келе жактан ажыдаардын башындай элестеп, Дүрайым башы-көзүн калкалап:
- Аа-ай! – деп жалтана калды эле, жаңы эле кирип келаткан Аксары экөөнүн ортосуна сереңдеп тура калды.
Зумурат да, Дүрайым да коркуп кетти.
Саамга тилден калып, үн-сөзсүз дел боло калышты.
Мындай окуя, мындай көрүнүш булардын жашоосуна, бул жарык дүйнөгө бала-жылан пайда болгону биринчи жолу болду.
Анткен менен, жерге түшкөндө эки карыштай болуп илбиндеген бала-жылан күндөн-күнгө узарып, туурасы да жооноюп, кадыресе чоң жыландарга окшошуп, кыймыл-аракеттери, кылык-жоруктары да алдагыдан алда канча өзгөрүлө баштаган. Анткен менен буларга зыяны жок, коюн-колтуктарын аралап эле чогуу жашап, тирүү жандардын санын көбөйтүп, караан болуп, жакшы эле.
Бир күнү Дүрайым:
- Зумуке, жаным, балким муну бизге Кудайым жөн берген эместир? Бул чоңойсо, бизге жогоруну карай жол салып берер? – деди. Чындап эле бул оюна ишенгиси келип, Зумурат “ооба” десе эле ошондой болуп калчудай үмүттү карады.
Бардыгынан үмүтү үзүлүп, жер үстүнө чыгуу тууралуу ойлонбой деле калган Зумурат адегенде анын айтканын жактырбаганы менен, ичнде: “Ким билет? Кудай таалам жасайм десе, баары колунан келет...” - деп күңгүрөнүп койду.
Ак сары болсо, эрди-катындын ар бир сөзүнө кулак салып, сөз төркүнүн түшүнүп жаткансып, ошондон улам ойго тунуп кеткендей телмирип карап жатат. Анын бу турпатын байкап жургөн Зумурат кече ушул божомолун текшерип көрмөккө:
- Ак сары, мага жардамың керек. Өз эле курсагыңды тойгузуп келип калбай, биз тууралуу деле ойлонбойсуңбу? Бас, тамак таап келели, - деп өзү алдыга түшүп жөнөгөндө, айткандай эле Ак сары артынан жөнөдү.
Ичинен “жым” эткен жигит: “Демек, бул кеп-сөздү түшүнөт окшобойбу. Кантсе да, адамдан туулган неме да”, - деп, керелдин кечке ага кобурап, божурап жүрүп отурган. Жада калса, өздөрүнүн жер үстүндө кантип жашагандарын, ал жактагы жашоо, адамдар тууралуу, бул кара баскан кара үңкүрдүн ичине кантип кирип кеткендери, канча ирет чыгууга аракет кылып, бирок бу аскалар болбой эле орто жолдон артына “күп!” эттирип “ыргытып” саларын айтып, антсе да адам баласынын ичер суусу түгөнмөйүн үзүлбөй турган үмүт деген сезим бар экенин айтып:
- Ким билет, балким, чындап эле сени Кудай жөн жаратпаган чыгар? Бизге жардам берсин, жогоруну карай жол салсын дегендир? Жок дегенде үстүдөгү жашоодон, менин байкуш энемден кабар алып келип берсин, элге биздин тирүү бар экенибизден белги берсин дегендир? – деп, сөзүнүн этегин үшкүрүк менен жыйынтыктаган.
Ак сары анын айткан-дегенин түшүнгөндөй, тээ асман тарапты караган.
Мына эми, бүдөмүк болсо да ишеним жараткан Ак сарысы бүгүн жок!
Баятан бери башын салаңдатып, мойну үзүлүп кетчүдөй үңкүйүп отуруп, Дүрайымдын сөзүнө атырылып бир тийгени да ошондон болчу.

#300 04 Январь 2019 - 19:33
5
ЖЫЛАНДЫН СҮЙҮҮСҮ
(жомок-повесть)
Ак сары бүгүн жерге жарык кирери менен эле кече Зумурат айтып, көрсөткөн асман тарапты карай бет алган. Түнү менен ошол ачык асман алдындагы ажайып дүйнө тууралуу “жомок” түшүно кирип, анын үстүнө атасынын: “ Ким билет, балким, чындап эле сени Кудай жөн жеринен берген эместир? Бизге жардам берсин, жогоруну карай жол салсын дегендир? Жок дегенде үстүдөгү жашоодон, менин байкуш энемден кабар алып келип берсин, элге биздин тирүү бар экенибизден белги берсин дегендир?” – дегени кайра-кайра эсине түшүп туруп алды.
Кум-шагылдуу, орчук-бурчук таштуу, анда-санда жеринде тикенек-сөңгөк өскөн асканын боору менен кыялап жүрүп отурган сайын асман кеңейип, айткандай эле башка дүйнөгө жакындап келаткандай сезилип жүрүп отурган Аксары бир убакта токтоп, тээ ылдый жакты карады. Жараңканын түбү көүнбөй, тек гана бир узун тилке жаткан болчу. Анткен менен жол Зумурат айткандай, анчалык деле ага кыйынчылык жараткан жок. Ушунча жолду тепилдеп, оной эле басып коюптур.
Ата-энесин аяп кетти бала-жылан. “Эмнеге ушундай эби-сыны жок, жада калса жардын башына сойлоп чыгууга жарамсыз болуп жаралып калышкан? Болбосо, алар деле жер үстүн сагындык деп зар какшап отура бербей, эчак эле ушинтип чыгып алышат эле да!”
Өзүнүн балалык баамында, сезим-туюмунда ушуну ойлоду Аксары.
Ошондон көп өтпөй эле ал Жер-Куйдун үстүнө чыкты.
Ал ушунчалык жаркыраган күндү биринчи жолу көрдү. Ошондон уламбы, башын жерден өйдө кыла албай жер сүзүп, бир топко чейин жатып калды. Качан гана үстү жактан башкача бир күүлдөгөн, шуулдаган дабыштар угулуп, атүгүл жакындап келатканын туйганда гана селт этип карап алды да, коркконунан эмне кыларын, кайда бекинерин билбей кетти. Көздөрү бир башкача чекчейген, тырмактары оркойгон эки колун тарбайтып, калдайган эки неме асмандан түз эле муну карай шукшурулур келаткан болчу!
Култ этип кайра аска ылдый кире качты.
Жанагы немелер жерге тийип-тийбей кайра асманга көтөрүлүп, бийиктеп кетишти. Бирок ошондон кийин да дароо кетип калбай, тээ көктө айланып жүрүшкөн сыяктанды.
Бала-жылан коркуп калды. Баарынан да алардын чеңгели көз алдынан көпкө чейин кетпей туруп алды.
Анткен менен коңулда жашынып жатып, көп нерсени аңдады. Жер үстүнүн үнүн, шооратын, добушун укту... Ал башкача бир жагымдуу да, кооз да, ошол эле убакта сүрдүү, сырдуу да болчу...
Ушул эле жерден бир туугандарына, ата-энесине, үйүнө кайра кайткысы келип, бирок Зумураттын: “Жок дегенде ошол байкуш апамдын кабарын алып келсең кана?!” – дегени эсине түшүп, тээ түтүн жыттанган, тирилик жыттанган айыл тарапты беттенип, кетип баратты.
***
Бак-шактуу журтта жепирейген эки-үч жаман алачык, шоңшойгон эски боз үй бар экен. Боз үйдүн жанында мамыда ат байланып, жуушаган беш-алты кой-эчки, сара ала уй, кара дөбөт жатат. Алардан анча алыс эмес жерде соксоңдоп, эрчишип алып желип-жортуп жолбун иттер жүрүшөт.
Аксары боз үйгө жакындап келгенде ит арсылдап, мамыдагы ат кошкуруп, кой-эчки үркүп, байланып жаткан уйдун көзү чакчайып, ордунан тура калды.
Ошондон улам го, үйдөн бири Зумурат кейиптенген киши менен кичинекей бала, алардын артынан Дүрайым түспөлдүү аял чуркап чыга калышты.
Ак сары дел боло түштү. Бул жарык дүйнөдө өзүнүн ата-энесинен, эгизинин сыңары – Тилектен башка кош аяктуулардын бар экенин билсе да, биринчи көрүшү. Болгондо да булар үчөө экен... Ары жактан дагы бир, кудум өзүнүн бир тууганына окшогон наристенин ыңаалап ыйы угулуп, аял кайра кирип кетти.
- Ата, буларга эмне болду? – деди бала үрккөн малды жаңсай.
Колун маңдайына кое коюп, эки жакты карады атасы:
- Ким билет? Эч нерсе деле көрүнбөйт, - деди.
Алар үйүнө кирип кеткенден кийин көп узабай эле үйдүн ичинен жагымдуу да, муңдуу добуш созолоно баштады. Бул да Аксарыга тааныш болчу. Анткени, Зумурат күндө бир маал, баары чогулган кезде так ушул обонду созчу да, Дүрайым экөө аягында алакандарын жүздөрүнө сүртүп: “Омийин”, - деп бата кылышат да, ошондон кийин алар жеңилдеп калгандай сезилишет.
Эми да жер үстүндөгү адамдын ушул обону Аксары жылан алда кайда узап кеткенге чейин угулуп турду.
Бала-жылан баамдады, бул жер атасы кече эле эчкирип ыйлап, өкүнүчтөн өзөгү өрттөнүп айтып берген жер – энесинин өрттөлгөн ата журту болчу.
Зыпылдаган бала-жыландын ылдамдыгы менен Зумураттын айылы деле бул жерден анчалык алыс эмес. “Ортону эки ат чабым гана аралык бөлүп турат. Кудайдын каргышы тиер ошол күнү аттарыбызды адыраңдатып, демейдегиден да ылдам келгенбиз, - деген Зумурат өксүп отуруп. – Бечара энем! Эмненин күнүн көрүп жатты экен?! Ошондон бир кабар алып өлсөм мейли эле. Безилдеп ыйлай берип, бели бекчейип, белимчи болуп калды го? Же күйүттөн бүктүшүп жатып өлбөдү бекен? “Мен өлсөм көмөр медерим” дечү эмес беле! Жада калса ошого да жарабай, Кудайдын каарына калбадымбы! ” - деп өксүгөн Зумурат.
Жылан болгон күндө да бала эмеспи, жолдо айлана-тегерекке аңкайып карап, ажайып сулуулукка, кооздукка түшүнүп-түшүнбөй дел болуп, улам токтоп жүрүп отурду.