Тынчтыкбек (24 Декабрь 2007 - 21:00) жазган:
Форумда (интернетте) отурган форумчу ошол учурда (же ошол күнү) эмне кылып жатат жана эмне кылды? Кылбаса да айланасында эмне болуп жатат. Ошону сүрөттөөсү керек. Мен баштап берейин анда.
Күнгө дүйшөмбү. Декабрдын 24ү. Саат 21:00. Түнкү Бишкек. Сыртта кар жаап жатат. Бирок калың деле эмес, учкундап жаап жатат. Интернет клубдун ичинде мени менен кошуп 14 адам отурат. Кээбири оюн ойноп, кээлери ар кандай сайттарга кирсе, кээлери реферат жазып жатат. Мен форумга жаңы тема ачып жатам.
Теманын баштапкы эрежелерин сактагыла!