Чоон рахмат, колунузга береке уландысын кутобуз.!
Карышкырлар майданында Детектив криминал
#47 09 Июнь 2019 - 13:18
Ата стадионго жетип келгенде устаты алда качан келип аны күтүп турган экен.
-мен ойлогондон да бат чечим кабыл алыпсын, азамат! Мени катуу урматтарынды билгем, тынчымды алып байланышка чыга бербегенине рахмат, деген какшык сөз менен тосуп алды.
-менин ар бир кадамымды эсептеп отурган адамга кайрадан аны тактап айта берүүнү туура көргөн жокмун. Эсинде болсун бир кетирген ката үчүн адам эки жолу жооп бербейт, бул биринчиси да акыркысы дагы.
Япон карыя адатынча кар-кар күлүп,
-Бул ирет сени менен макул болбоого аргам жок. Ар токсон жылда бир ката кетире турган болсоң мен ойлойм кийинки токсонунчу жылды көрүү бизге насип кылбаса керек, деп чакыруусуз эле атадан биринчи учакка секирип чыгып отуруп алды.
Артынан карап бир аз туруп калган ата да экичи болуп учакка жайгашты. Ал мына азыр түшүнүп отурат бул карыянын күчү эмнеде, себеби ал эч качан акылын боштондукка коё бербейт, ачуусу да кубанычы да тизгинделуу. Өзү да көп жылдар ушундай тартипте жашап ар дайым алдыда келген, бир эле жолу акылын тизгиндей албай ичиндеги уйгу туйгуну бош койду эле эмне болду акыры. "Бүтөт, бүгүн бүтөт" деген оюн бекемдеп ага өзү абдан ишенгиси келип баратты ал учакта, бирок жүрөгү тынчтанбай жаткандай, байлыктан ажыралуу ушундай оор белем.
Мындайда жолдун акыры көрүнбөй коёт кычагагсып, адатта көз ачып жумганча жетип калчуу аэропортко жете албай койду Мелис. Адатынча эле эң катуу ылдамдыкта келген, ошентсе да эски Ту 144 абага көтөрүлгөндө гана жетип келди.
-Шайтан алгыр! деп алдында жооп берип турган кыз экөөнүн ортосун болуп турган столду бир уруп алып басып кетти. Ооба, ал өзү жалгыз эч нерсе чече албайт экен, атасынын бир ооз сөзү, буйругу жок ага эч ким баш ийбейт тура. Өзүндө канча күч болсо да эч ким баш ийбесе маселе чечүү кыйын болоорун түшүндү, ал үчүн бийлик керек экен, ал бийликти ким берет адамга. Өзү гана куруш керек, эч ким өзү турган ордун бошотуп бийлигин карматып коё бербейт.
Эми эки саат күтүү керек, ал эки сааттын ичинде эмнелер болуп кетпейт, болгондо да өзү жүргөн чөйрөдө. Ал чөйрөдөгу адамдар баарын бат жасаганга көнүп калышкан да. Унаа менен чыкканда да баары бир кечигет, ошондуктан азыр экинчи кабатта жайгашкан күтүү залында отуруп оюн тизмектегенге өттү. "Ким мени чакыртышы мүмкүн жана эмне себептен? Атабы? Жоок, ал түз эле айтмак жана баарын даярдап коймок. Таттыгулбу? Эмне себептен? Балким ал кыйынчылыкка түшүп калгандыр, а балким ата аны таап алдыбы? Анда кантип мага кабар жеткире алды?" Ах дагы деле толгон суроо жообу жок. Жооп алуу үчүн айтылган жайга баруусу керек.
Кутуудо өткөргөн эки саат кылымга тете болду ал үчүн, эми учакка чыгып көңүлү жайлана отуруп калды. 45 мүнөттон соң Ош шаарында болот, андан ары тоого жетиш үчүн жана жарым саат керек, ошондо ал арада 2 саат убакыт жоготуп отурат.
2 саат - эмне деген убакыт? Кээлери жөн гана керебетте эч нерсе менен алектенбей же уктабай жөн гана жатып өткөрүп коёт, а кээлери үчүн келечек тагдырын чечүүчү убакыт.
"Мен эмнеге шашылып жатам?" деп суроо узатты өзүнө. Чынында ал азыр билбейт эмеспи аны алдыда эмне күтүп турганын, Таттыгулго же атага маалым болгон нерсе ага маалым эмес да азырынча. Бирок ал баарынан катуу кыжаалатта.
Бишкек Ош жолунда зуулдап келе жаткан кара BMWнын алдын тоскон эч ким болбоду. Аны көргөн МАИ кызматкерлери көрсө да көрмөксон боло тескери карашат. Ананчы аларын эмне жандарынан тоюшуптурбу мындай ачуулу адамдын алдынан чыгып, ачуусун алардан алып койбойбу. Ошондой ачык жолдо өзүн эркин сезбей анан качан сезмек эле, бирок азыр чынында Таттыгул азыр баарына даяр, Маичилер жакшы кылат алдын тоспой антпесе эң жеңили сынык менен болбосо өлүм менен аяктамак окуя.
"Мелис улгурдунбу? Улгуросун! Келечек керек болсо улгуросун! Жана албетте мени кутосун, кабарды мен жонотконумду сен билдин. Ооба баары так ушундай болот" деп алды, оюнун акырын улабай туруп.
Боорунда кыргыз желегинин сүрөтү тартылган учак тоонун башында айланып учуп жүргөн учура күндүн нуру али бар эле. Адатта мындай убакта бул жердин булун бурчунда толгон токой адам жүрмөк, азыр болсо кырдаалга байланыштуу кыбыр эткен жан жок. Жана башкалар учак учканына этибар да беришпейт, ар кими өз жанын үрө менен алек. Келиши келип алып, учактын арканын түшүрүүго буйрук берүүгө ашыкпай ойлуу гана терезеден томонду карап отурган атанын далысынан таптаган устаты,
-түшүнөм, деди. Бүт өмүрүнду коротуп жыйган байлыкты бир саамда эле мага кармата бергин келбей жатат. Бирок эсинде болсун мен сага душмандык кылбадым. -Тескерисинче сени сактаганы жатам майдандын ортосуна салып бербей. Ансыз да күнүн жакындап турганда абийирин менен көч деп жатпаймынбы бул дүйнөдөн.
Кабагын буркоп жооп айтайын деп демин тартып даярданып барып кайра оюнан кайтып кетти ата.
-арканды тушур!
Дароо эшик ачылып аркан ылдый ташталды. Бул ирет да устаты аны күтүп отурбай биринчи болуп арканга жабышып төмөн көздөй ашыга кадам коюп тепкичтин акырына жеткенде секирип тоонун ташына бутунун учу менен туруп калды. Артынан эле ата да түшүп келип эки жагын карабай өзүнө таандык ылдам кадамдары менен төмөн түшүп кетти. Биринчи үңкүргө кирип торуно жеткенде боорундагы таштарды күч менен түртуп койду эле туртулгон жерден эмес андан бир аз обочороок турган бир таш аркага карай кулап, бир адам кенен баткыдай оюк ачыла түштү. Ал артын карабай туруп,
-баштаныз, деди мыскыл.
-албетте сенден кийин, деген устаты сөзүн адатынча кыска күлкүсү менен коштоп койду.
-эмнеге? Экөөбүз учурашкандан бери эле алдыга кадамды сиз баштап жатпайсызбы. Мынтип эң негизги учурга келгенде мени алдыга коё бергениниз кандай? Же эмне чыкпай калуудан коркуп турасызбы?
-ай, тамашага жарап турганына караганда абалын анчалык начар эмес, деп күлө андан ары сөзүн улады карыя. Албетте коркуп турган жокмун, мени жок кылчуу адам сен эмес. Вьетнам, Афганистан, Франция, Берлин, Петербургда он алты жолу жардыруучу заттын алдынан тирүү чыгып, менмин деген үч өлкөнүн башчыларынын жанын алган адам ушул бир таштан артынан кутула албай калмак беле, кийин сен анчалык эрктуу да акмак да эмессин мага кол салууга баргыдай, бул жайга жалгыз эле келе бербегенимди биле туруп.
Мындан ары сөз менен тайлашууну маанисиз көрдүбу ата дароо тешикке кирип кетти, ансыз да акыркы төрт саат аралыгында бүт өмүрүндогудон көп сүйлөп койду. Артынан кирип келген чал эки алаканын жая,
-карачы э укмуш! ушунун баарын кантип топтоп алдын, баарын бир жайга катып кетпеген чыгар Бабур хан. Ал киши деген журт башкарган акылдуу жан болгон да, анан кантип эле журт байлыгын бир жайга катмак эле, деп алтын тыйынга толгон алтын кумураларды сыйпалап жатты.
Зер буюмдар, алтын күмүш тыйындар, таажы, али иштетилбеген куюлмалар, деги койчу эмне гана жок бул жайда, бир кичине мамлекеттин элин иштетпей толук беш жыл бакса жеткидей байлык катылган. Бирок мунун баары карыяны кызыктырбаганга окшойт, жүзүндөгу жанагы эле кызыгуу жоголуп бозоро түштү.
-ал жок!
-эмне жок? бул жерде жок нерсенин өзү жок, деди ата ага артын салган калыбында.
-Бул байлыгын өзүнө буйрусун. Мага аны бер, билмексен болбо, кылычтын бири сенде экенин билем. Мага кылычты бер!
Ата “кандай кылыч” деп анткорлонууга даярданып артына бурула берип устатынын түрүн көрүп оюнан кайтып кетти. Ал азыр эч нерседен кайтпай турган абалда экен. Акылдуу инсан эмеспи дароо түшүндү, устаты бул жайга келгенинен уюмдун эч бир адамы кабардар эмес экенин, ал жөн гана көп жылдар артынан калбай онтойлуу учурду күтүп жүрсө керек. Ушунча жол басып үңкүргө киргенче анын оюнан шек санабаганын кара, ал да кылыч тууралуу ооз ачпаган да, эгер Бишкекте үйүндө ал тууралуу укканда балким ошондо эле тушунмок. Азыр эми актануунун кереги жок, бул жулжуйгон япон карыя эмне деп жатканын жакшы билет. “Ырас бир кылычты сурап жаткан болсо демек калган экөөсу анын колунда.” деген ой атанын акылын аралап өттү.
-Демек калган эки кылыч сизде. Айтынызчы алардын бир биринен айырмасы барбы? Кайсы балдарына арналып жасаганын билүүгө болобу?
-Айрымасы жок, эч бир жеринен. Алар Бабур хандын өз колунан жасалып чыккан деп уккам. Ал өзүнүн дубалары менен кылычтарга өзүндөгү илимди, күчтү, эркти, акылды, сүйүүнү тенге бөлүп куюп койгон дешет. Мындай кылуусунун себеби аларды алып жүргөн үч уулу ар дайым бир бирине муктаж болуп, бирин бири толуктап турсун деген, бийлик талашуу, атаандашуу, болбосун, болгон ченде да аларда мүмкүнчүлүк бирдей болсун десе керек көрөгөч жан. Кылычтардын окшоштугу менен ал уулдарына өзүнүн сүйүүсү бирдей экенин коргозгон.
-сиз менен макул болбоого аргам жок. Бирок ал нерсенин сизге кандай тиешеси бар. Бабур хандын япондор менен эч бир жагынан байланышы болбогон.
-Албетте тиешеси жок, сага тиешеси болбогондой эле. А мен Бабур ханды талашып келген жокмун, болгону ал ээ болгон күчтү акылды издеп келдим.
-Кылычтарды бириктирсем эле издегенимди табамын деп ойлойсузбу. Кантип эле адамдын жан дүйнөсү жансыз буюмга өтүп кетсин.
-Эгер бул сөзгө ишенбесен эмнеге өзүн ал кылычты катып отурасын. Аларды бириктирүүгө аракет кылбадым дегени турасыңбы, калган экөөнү да тымызын издетип жатканынды билем. Өзүн айтчы экөөбүздүн кимибиз андай күчкө ээ болууга татыктуубуз.
-эгер экөөбүз тең татыксыз болсокчу. Эгер бирибиз ага ылайык болгондо алда качан ээ болгон болоор элек.
- Эгер кылычтын экөө менде болгонун эске алсак менде мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Үчүнчүсүн алып кел. Өзүн билесиң мен беттеген нерсемди аламын ар дайым.
Ата бир аз ундобой калды. Чынында эле бул карыя өзүнүн айтканынчалык бар. Убагында өзү жаш бала болуп ушул устаттын колуна барганы эсинде, “сенин мүнөзүн тандаган жолуна төп келет” деп ойго келбеген нерселерди аткартчуу. Кудум ушул устаттын артынан өзү азыркы даражага жетип отурбайбы, анын анда санда айтып калган кеңештерин жашоодо колдонуп жүрүп. Анын бул жерге келгенин эч ким билбеген болсо андан да коркунучтуу, эгер төбөлдөрдон коркпой өз билемдик менен иш алып барып жатса демек көздөгөнү өзү үчүн өтө маанилүү, демек андан эч качан баш тартпайт. Үч уктаса түшүнө кирбеген экен атанын, өзү издеген кылычтары так ушул устатында болуп чыгаары. Бир гана ушунда болбосо эмне, башка каалаган адамына каршы чыга алмак, а бул адам анын кадамы жерден көтөрүлө элек кайда коюлаарын билет эмеспи.
-Ооба кылыч менде, бирок эмне себептен мен аны сизге берип жиберишим керек? Ал сизге кандай баада болсо мага да ошондой кымбат экенин ойлоп корбодунузбу? деди бир убакта.
-биздин ойлор жана кыялдар менен жашоо курулбашын билесиң да. Мен же сен ойлогондон пайда жок, жашоо өзү таразалап чечип койгон алда качан, ким ага көбүрөөк татыктуу экенин. Кийин сен өз оюндагы бийиктиктин чокусуна чыгып болдун, мындан ары жолунду кайда улаарынды да билбейсин. Озун тан алып отурбайсынбы жашоондун акырына келип калганынды. Ошондуктан ал кылыч сага эч кандай пайда алып келе албайт, эгер зыян жеткиришин каалабасан батыраак андан кутулууга аракет кыл.
-Макул дейин, мен каалоомдун туу чокусуна жеттим, а сенчи? деди ата ачуулу ары суроолуу бир нерсени билгиси келгендей кызыгуу менен. Акылы менен кеңешип жаткансып көздөрүн тумандатып өзү ушул жерде турганы менен ою арттагы жашоосун кыдырып кеткенсиди. - токтой турчу, деди кайра өзү. Сен аларга каршы чыкмакчысын, уюмду башкармакчысын? Ооба, дал ошондой. Эми түшүндүм сенин али да тирүү бул жашоо менен алышып жургонундун себебин. Сенин каалаганын кылыч эмес, бийлик! Талашсыз бийлик, эч кимге баш ийбеген, бүт дүйнөнү тизелете турган бийлик!
-кыялды чокудан башташ керек. Сен бир кичине мамлекетти гана самап жашаганын үчүн мен күнөөлүү эмесмин, болгону өзүңдү ошого гана ылайык сездин. Ооба мен бүт дүйнөнү кааладым, анткени өзүмдү ошого ылайык көрдүм, деди карыя атага жогорудан жийиркеничтүү карап.
-бирок бир нерсени унуттун, Бабур хан кылычты жасаганга чейин эле хан болчу, а ал кылычтар анын бир да уулун хандыкка көтөрө алган жок.
-Анткени анын уулдары кылычтарды бириктиришкен эмес. А мен алардан алда канча акылдуу да амалдуу жолдон баштайм.
-Сени башкача ойлоого мажбурлабайм, каалаган нерсени алып көнгөнсүн, азыр да ала бер, бирок мен сага жардам бербейм, андай кылууга ант ичкен эмесмин, деп ункурдон чыгып кетмекчи болгондо жанагы өз үйүндөгүдөй катуу соккулар эки жоон санына тийип жерге сурулуп кулап түштү.
Буттарын колдору менен тартып турууга аракет кылып көрдү эле алар кыймылга келчүүдөй эмес.
-Бул ирет буттарын акылындан эмес менин жардамымдан көз каранды. Мага жардам бербесен мен да сага жардам бербейм, деди устаты аны тегерене басып.
Ата кыска гана күлүп койду.
-мен баарына макулмун, өлүмгө да даярмын. Бирок азыр менин өмүрүм өзүмө караганда сага көбүрөөк керек. Кааласан тилимди жулуп ал, баары бир кылычты ала албайсың. Бул ирет каалаганына жетпей калдын көрүнөт.
Бул эки карышкыр бир бирине тап берип турганча үңкүрдүн ичине баш багып келе жаткан дабыш угулуп калды.
Бир саамга тынчып кулак төшөп калган карыя жымындай түштү.
-Туура айтасың сенин өлумун азыр мага пайдасыз, бирок кыйналганынды көрүү моокумумду кандырат, деди да кирип келген тешиктен сыртка баш бакты.
-дабыш кимге таандык экенин туюп жатасыңбы? Анын басыгы да өзүнө окшойт ээ? Мен да сенин ордунда болгондо бул менен сыймыктанмакмын, деп артына бир кылчайып карап коюп чыгып кетти.
Устаты ким жөнүндө сүйлөп жатканын даана билип турган ата анын артынан сүйлөөгө жетишпей жерди бир чапчып, өзүнө баш ийбей жаткан буттарын ургулай ач кыйкырып кала берди. Ал жылчыктын аркасында аба ушунчалык тыгыз болгонгобу кыйкырык эмес бомба жардырса да сыртка угулбай турган эле.
-А мен сени кутком, деди карыя үңкүргө кирип келе жаткан Мелистин алдын утурлай басып.
Анын ким экендигин тааный албаган Мелис бутун койгон ордунан жылдырбай катып туруп калды, коргонууга да кол салууга да даяр болуп.
Адаттагы кыска күлкүсү коштогон сөздөрүн жаадырып анын жанына басып келе жатты жулжуйгон карыя. Жигиттин жүзүндө эч бир өзгөрүүнү байкабаганда гана,
-ой тообо, сенин атаңды канча көп билсем ошончо таң калганым кучойт. Өзү булбулдай сайраган япон тилин уулуна уйротпогону эмнеси, деди кыргызча сүйлөй алакан жая тар үңкүрдү тегерете карап, анын өлчөмүн санап жаткансып.
Мелис эми жайлана түштү, атасы жөнүндө так маалымат сүйлөп турган адамдан чочулабай. Өзүн тааныган, болгондо да япончо сайраган атасы бар экенин билген адамдар өтө сейрек кездешет. А бул адам аны кудум илгертен тааный тургандай сүйлөп жатпайбы, болгондо да так ушул жерден жоолугаарын билгендей. "А балким менин бул жайда болуумдун себепкери ушул болсочу" деп ойлоп кетти, бирок сактыгын жоготпой көзү менен анын ар бир кыймылын күзөтө.
-Мелис. Цериндин шакирти, кунг фунун мастери, акылдын ачкычы, 30 жашынын 25 жыл өмүрүн күрөшүүгө сарптаган, келечеги кенен атасынан айырмаланып адал жолду тандаган, Тибет тоолорунун уулу Мелис, деп кучагына жая аны мактап жакындап келе жатты карыя да кадамын аярлай басып.
Мелистен болсо эч кандай жооп болгон жок.
Таштардын артында баарын угуп бирок сөзүн сыртка угуза албай дубалдын артында атасы өз демине муунуп отурган, бир тарабынан уулунун тируулугуно кубанса экинчи тарабы анын так ушул тапта кирип келгенине жаны сыздап. Аз эле дегенде ал өзүнүн ажалын издеп келди, а көбү болсо бүт өлкөнүн тагдырын түп тамырынан бери өзгөртүү үчүн. Анткени тиги жан алгыч аны пайдаланып көп нерсени жасоого мажбур кылат. Ата үчүн азыр кайсы биринен баш тартуу оорураак болот.
Жигиттин үнсүз туруп калганынан эки анжы ойдолугун билип өзүнүн оюна көбүрөөк оодуру аракетин көрө баштады карыя. Алардын атасы экөөнүн ортосунда чоң жарака, ишенбестик бар экенин билип калбадыбы тээ Бишкектеги үйдүн чачылган абалынан кийин. Эми бул карыянын кадамы ошол жараканы биротоло ажыратып экиге бөлүп салуу, таштардын артында кыймылсыз отурган өзүнүн шакиртин сындыруунун бир гана жолу ушул. Анын алдуу да алсыз да жери уулу экенин байкаган, ал кылычты ушул уулунун өмүрүнө же ишенимин кайрып алууга гана алмашат.
-менин бул жайда турганымдын себеби эмне? деди бир убакта Мелис.
Карыя көзүн антарып катар тизилген чоң таштарды карап койду, ал ойлогон атасын издеп келди анын бул жерделигинен кабары бар деп, бирок анын сөздөрүнө караганда ал ойлогондой эместей. "Анда ким?" деди оюнда. Кантсе да убакыт тарга окшойт, бул абал тууралуу башка да адамдардын кабары бар көрүнөт. Эмнеси болсо да шашылуу керек, убакытты созбой аракетке өттү.
-Атаңды таанып билүү үчүн бул жердесин. Билем сен ал жөнүндө эч нерсе билбейсин, жада калса ал сенин атаң экендигинен да кумонун бар. Сага бир мүмкүнчүлүк берем, каалаган суроонду бер, эмне тууралуу сураганын мааниге ээ эмес, мен сага толук так маалымат берем, бирок бир гана жолу.
Кыйтыр киши ушул жол менен Мелистин ички дүйнөсүн билгиси келди, аны көбүрөөк эмне кызыктырат, кандай жол менен өзүнүн тарабына өткөрүп алуу керек экенин билип алуу эле.
-Сиз кимсиз? деди ал тике карап.
"Сиз кимсиз?" деп кайталап жатты карыя ичинен. "Бул эмне анын жонокойлугубу, же ашкан акылдуулугубу? Чындап эле аны ушундай кырдаалда каршысында турган адамдын ким экендиги кобуроок кызыктырып жатабы, атасынын же Таттыгулдүн тагдыры эмес. А балким бул да атасын жазбай тарткан болбосун, өзүнүн тагдырынан башка эч нерсе кызыктырбаган. А балким менин кимдигимди билүү менен баардык суроолорунун жообун тапканы жатабы?" Карыя ушуларды ойлоп турган аз аралыкта Мелис да көп нерсени ойлоого жетишти.
" Кана так жооп берип көрчү бул суроого. Башканын ким экенин айтуу эң оңой, бирок өзүңдү эмес. Сенин жообун азыр баарын чечет, сен аткаруучуусунбу же аткартуучуусунбу" деп жаткан кезде карыя ооз ачып сүйлөй баштады.
-Мен сенин атаңдын устаты Кичиро болом. Билесинби экөөбүздүн окшош жагыбыз бар, ал менин ысымым. Кичиро деген ийгиликтүү уул дегенди билдирет, эгер сенин атаң япон тилин сенден кызганбаганда ал да сени Кичиро деп чакырса жарашмак. Белгилүү, атаңдын жашоодо жетишкен жалгыз ийгилиги сенсин, сен анын эң ийгиликтүү уулусун, деп адатынча кыска күлкүсүн коштотуп койду.
Мелистин жүзүндө болсо өзгөрүү жок эле, көз карашы муздак болуп, уккан жообуна канааттанбагандай.
-а баса мен бул жайга сенин атаңдын чакыруусу менен келдим, деди карыя андан ары сөзүн улай. Ар нерсенин баасы болуш керек эмеспи, ал да менин учурундагы көрсөткөн кызматымдын үзүрүн көрсөтүү үчүн чакырыптыр, мен келдим. Биздин мектепте ушундай тартип бар, биринин чакыруусуна экинчиси жооп берүүгө тийиш ааламдын кай чекитинде болгонуна карабай, деп жигиттин жүзүнө төмөндөн жогору карай көзүнүн кыйыгы менен карап койду. Анын али да өзгөрүлбогөн жүзүн көргөндө кийинки баскычка өттү.
-биз бул жерде турганыбыз кандай, тиги жакта атаң күтүп отурбайбы бизди, журу деп алдыга түшүп алып келген тарабына үңкүрдүн торун көздөй жөнөй берди. - Кызык эмнеге ал сени тандады деп ойлойсуң? Сен ал үчүн эң жакыны болгонун үчүнбу же тескерисинчеби? А баса үй булоо куруу, бала жытын жыттоо жөнүндө ойлонуп коргонсунбу? Ал кандай болду экен ээ? Эгер менде өз канымдан жаралган бала болсо ушул жолго баштай алмакмынбы? Балким, эгер ал тууралуу элге маалым болбосо ошентмекмин. А эгер калың журтка маалым болсо анте алмак эмесмин го. Карачы сенин жардамын менен бир суроонун жообун таба алдым, деп өзү менен өзү сүйлөшүп тешикке жетип туруп калды. - а баса мен өзүм жөнүндө айтып жатпадым беле. Мен 16 жолу жардыруучу заттын алдында калганмын, бирок анын бир да учкуну денеме так калтыра алган жок. Өзүн билген эч жыгылбачуудай, тактан түшпөочудой болгон менмин деген үч өлкөнүн башчыларынын жаны менин колум аркылуу бул дүйнөдөн кочушкон. Чоң кичине болгон мамлекеттерди башкарып жатам деп ойлогон адамдардын арасынан мага карыз болбогону аз эле. Баарын баш ийдирчуу күн да алыс эмес. Сенин атаң да ошону каалайт деп сайрап жатты.
Бул сөздөрдү көбүн эсе Мелиске эмес анын атасына карай айткан өңдүү, ал уксун деп алдыда боло турган маекке даярдап жатпайбы. Эгер ушундай дебесе уулуна кандай маалыматтар жетээри, анын чыныгы жүзүн ачып коеру тууралуу астыртан кабар берип. Ооздо бир аз турду да таш түшкөн тешиктен аттап кирип кетти. Ал кирген тешиктен баш баккан Мелис жерде тизелеп отурган атасын көрүп ага карай жакындап келе жатты. Тегерегинде тизилген буюмдарга карап да койбой атасына түз басып келе жаткан жигитке япон карыя таң калып да суктанып да жиберди. Кана эле өзүндө да ушундай бир жакыны болгондо, кочуштап алтын берсе да азгырылбай өзүн тандаган. А бирок ал суктанып кыялданып турууга азыр убактысы жок.
-Мен сага айтпадыбы биз бир мектептен чыкканбыз деп, ошол себеп биз бир бирибизге зыян өткөрүп болгондо да омурубузго кол салуу тыю салынат. Андай ыйык жай кай жерде экенин билгин келеби? А унута жаздапмын, сен ал жайды билет эмессинби, Таттыгулдү алып кетпендинби ал жайдан, деди акылындагы акыркы амалды колдонуп. Туура тапкан экен, Мелис аста басып бара жаткан жайында тык токтоп атасынын көздөрүнө тигилип туруп калды.
Бул көз карашта, "Чынбы? Чалдын айткандары чындыкпы? Жооп бер! Ал ким? Таттыгул сен үчүн ким? Сен анын өмүрүнө кол салдынбы? Сен кимсин? Мен киммин?" деген суроолордун учкундары бар эле.
Уландысы бар.

#50 10 Июнь 2019 - 16:04
Topolon. (10 Июнь 2019 - 10:33) жазган:
Ушундай жомок жазгыча жон гана ангеме жазса болбойбу? Бул жомоктор туалетный бумага сыяктуу, короче одноразовый.
..
Чыгарма жазууга шыгы бар адам ангеме жазсын, новелла жазсын, анан повесть, роман жазсын... Мындай сандырак жомоктор кимге керек? Донцованы мисалы ким баалайт? Эч ким. Чыгармалары дешевка.

Балким. Бирок баары эле сиздей ойлоно берсе жашоо бир тусто болуп калбайбы. Аалам ар тур тусто болушу керек, кара түс жаман болсо да ансыз дүйнөнүн көркү толук чыкпайт дегендей. Кордунузбу баалабасаныз да Донцованы сиз тааныйсыз, а сиз менен бизди ал адам тааныбайт.
#51 12 Июнь 2019 - 22:22
Dimedra (10 Июнь 2019 - 16:04) жазган:
Балким. Бирок баары эле сиздей ойлоно берсе жашоо бир тусто болуп калбайбы. Аалам ар тур тусто болушу керек, кара түс жаман болсо да ансыз дүйнөнүн көркү толук чыкпайт дегендей. Кордунузбу баалабасаныз да Донцованы сиз тааныйсыз, а сиз менен бизди ал адам тааныбайт.
Эң туура айтыпсыз, көңүл бурбай уланта бериң.
#52 18 Июнь 2019 - 00:58
Эмне болду автор. Күтүүдөбүз деп жазбаганыбыз менен а так көп эле адам күтүп атабыз. Кайдасыз???
#54 19 Июнь 2019 - 14:42
Карышкырлар майданында.
15-болум.
Арттан аларга көз салып турган япон чалга бул үнсүз тиктешуу жакпай баратты, мындай көз караш менен көп нерсени түшүндүрүп алуулары мүмкүн. Аста тамагын кырып,
-Бизде бир гана учурда омуро кол салууга уруксат берилет. Качан ал уюмдун башка күнөөсүз мүчөсүнө кол салганда же уюмдун мүлкүнө көз артканда. Бул жаза деп аталат, жазага татыктуу болгон адам аесуз кордук менен жан берет, деп атанын артына өтүп келди ал.
Карыянын бул сөздөрү Мелисти уйкудан ойготкондой селт эттирди, азыр эле ал атасынын жанын алып койчудай. Бутун жерден көтөрүп карыяга карай секире бергенде жерде чоголоп отурган атасы экөөнө гана тааныш болгон тил менен "токто! " деп буйрук бергендей болду. Мелис буйрукту угуп өзү каалагандай карыянын артына эмес атанын алдына бутун коюп көзүн карыяга такап туруп калды, алардын арасын атасы гана бөлүп турат. Бирок алдыдагы каргашаны токтотууга кеч болгон эле, кындан суурулган кылыч кансыз кайра кынга кирбегендей эле өзүнө карата коюлган кол салууну япон чал кечирмек эмес.
Ата уулунун кылганына өкүнүп улгурбой Мелис так маңдайында туптуз турган турпаты менен аркага кулай берди. Ал эч ойлобосо да кутпосо да керек жүздүн тегерегиндеги чал өзүнүн кыймылдашына да мүмкүнчүлүк бербей жерге жыгаарын. Андыктан бар күчүн жыйып жер таяна тура бергенде анын артына өтүп улгургон чал эми жигитти комкорусунон жер суздуро кулатты. Кичиро жерде сулап жаткан Мелистин арка омурткасына үч манжасын сойлото бергенде,
-Токто! деди ата.
Ушул убакка чейин түшүнбөгөн экен ал жашоонун баалуулугун. Башка учурда эмнеге уулун өлүмдөн мынчалык кызганбаган, же абийири эми гана ойгондубу? Иши кылып азыр анын жулуну менен бирге өзүнүн жаны үзүлүп кетчүдөй калтырап кетти.
-Каалаганынды ал, кааласан устогуно менин жанымды кошуп ал, коё бер аны, уулумду коё бер!
Жанагы эле ишенимдүү жүзү, мыскыл күлкүсү жоголуп жалбаруудан да уялбай отурду ата.
"хым" деди ичинен япон чал, "абалын ушул эле экен го" . Ал азыр эле өзүнүн Мелистей жакыны жок экенине өкүнүп турса эми тескерисинче кубанып жатты. Жакынын кандай сенин күчтүү тарабын болсо ошондой эле алсыз да тарабын болот, а ал болсо өзүнүн жанынан башка эч кимди ойлонуп кабатыр тартпайт. Өзүнүн эркиндигине маашырлана атага карай бурулду.
-кайда?
-мени тургуз, алып барам.
-макул, деди да Мелистин омуртка согунун ортосунан басып коюп атага карап басып келди.
-уулун экөөндү бирдей ээрчитип алат деп кутпогогдурсун деп умуттоном. Анын жашоого кайтышы же кайтпашы сенин кыймылындан көз каранды, деп атанын омурткасынын арасына эки манжасын сайып койду эле ата ачуу кыйкырып алып комкорусунон кулап түштү. Анын омурткалары кычырап устатынын манжалары матырылып сөөктү так ортодон бөлүп салгандай туюлду.
-болду эми, азап тарткан адамдын кейипин кие бербе. Сенин жоон санына урулган соккулар эки омуртканды жабыштырып салган, мындай күч менен урулбаса алар ажырамак эмес. Бул жерде ким азап тартып жаткан болсо ал даана сен эмес, деп көзү менен жерде жаткан Мелис тарапка ымдап койду.
Ата жер таяна сойлоп барып уулунун дем алуусун текшерип чочулагандай жүрөк тушуна кулагын төшөй берди. Астыртан карап турган чал аларга жакын келип көкүрөк чонтогунон кичине кузгуну сууруп чыгып Мелистин мурдуна такады.
-Көрдүңбу буу чыгып жатканын, демек ал али жашап жатат. Жүрөгү сен уга албагандай жай согууда. Эгерде 15 мүнөтто жүрөк согуусу калыбына келбесе дем алуусу токтойт.
Акылдуу адам акылдуу да азыр тайлашып отурууга убакыт жок экенин түшүнүп жанагы эле жан чыдагыс оорусун унутуп аяктарына тик туруп калды ата, ал билет бул карыя үчүн Мелистин жанын алуу эч нерсеге татыбайт. Мелис ким болуп калыптыр башкалар оюна алуудан корккон адамдарды жолунан алууга даяр турганда. Ал устатынын жүзүнө бир карап, акылына келе калган ойлордон өзү корко алдыга карай кадам таштап ункурдон чыга жөнөдү. Кадамын баттан таштап тоонун ылдый тарабын көздөй маркумдар көмүлгөн жайларды аралап ашыга басып бара жаткан атанын артынан араң жетишип келе жатты Кичиро. "Бул кандай сезим болушу керек өзүнөн айырмасы жок таш жүрөктү адамды өзгөртүп, жанын анын амандыгына айрыбаштаганга жеткире турган" деп ойлонуп бараткан ал жер жайылган кабырларга маани бербей. Бир убакта алдыда бараткан шакирти төрт бурчтуу ташка сүрөтү чегилип коюлган бир адамдын кабырынын жанына келип токтоп таштын түбүндогу топуракты колу менен артка сүрүп баштады. "Тапкан экен кайда катууну. Эгер уулунун жөн гана шал болуп жатканын андабай өлүм алдында дегениме ишенген болсо чындыгында бул каарылыкка моюн сунуп калган экен, бул ирет жеңиш меники" деп ойлоно анын артынан көзөмөлдөп турбай ага катар отуруп өзү да жер коологонго өттү.
10 мүнөттүн ичинде бир метр аянттагы терендиги да ошончо болгон жерди экөө колу менен казып, мына анын колу муздак катуу нерсеге уруна бергенде колу бутун жыя албай шал боло чункурчанын ичине кулады. Ата ордунан жай туруп көздөрү гана кыймылдап жаткан чалга аяр карап,
-Көрдүңбу жашоондун маңызын көргөндө акылын качкан кандай болоорун. Кылычты көрүп өз жаныңдын сактыгын жоготтун. А мен мындай болоорун билгем. Сен менин устатымсын, ар дайым сени туурап жашап жаңылган эмесмин, жада калса азыр да мага туура жол коргозуп бердин. Уулумду кармап, жашоодогу эң маанилүү нерсени көргөндө өз жаныңды унутуп калаарынды уйроттун. Рас бул кылыч сенин жашоондо эң маанилүү нерсен экен адилеттүү болуш үчүн бул кылычтын жанында бир аз бирге болууңа уруксат берейин. Колуңа уучтап кынынан сууруй албасан да көзүн менен тое тиктеп ал, мен уулумдун шалын жазып кыймылга келтирип келгенимче, деп чункурдан чыгып, келген жолу менен секирип жогору карай жөнөдү.
Кызыгы ал үңкүргө кирип келгенде анын боорундагы оюк жок, жанагы эле кулап жаткан таш ордуна туруп калган экен. Көнгөн адатында аны түртүп көрдү эле катар тизилген таштар кыймылдап да койгон жок. Эмне болуп кеткенин түшүнө албай үңкүрдүн боорлорун ургулап, турган ордунда секирип алып артка чуркады. Тааныш кабырга келгенде ал калтырган көмүлүү кылыч менен шал болгон устаты эмес өз колдору менен казган чункурдун орду жок болуп чыкты. "Болушу мүмкүн эмес! Мен эмне алжып турамынбы же түш көрүп жатамынбы?" деп энкейе топуракты кармаса муздак, жаңы эле жабылганы билинип турат. Дароо эки жагын элендей карап кимдир бирөөнү издей баштады. Жинди болгон адамча, -Таттыгул, Таттыгул! деп кайталай.
-Акылдуу жансын ата баары бир, жок дегенде ушуну биле алдын, деген кыздын назик үнү арка тарабынан жаңыра берди.
Үн чыккан тарапка бурула берип, батып бараткан күндүн нуруна чагылышып жалтылдаган узун кылычтын учун жерди карата кармап турган Таттыгулдү көрдү. Көзү кылычтын учуна жете бергенде Кудай бетин коргозбосун жерде көзүн жалдыратып жаткан Мелиске такалды. Анын жанында эле устаты Кичиро жатат.
-Кантип? деп алдыга бир кадам таштаганча япон чалдын башы аяк астына келип кулай берди. Он кадам арыда жаткан башы жок дененин кекиртегинен аткан ыссык кан атанын жүзүнө жете чачырап жатат.
Көтөрүлгөн кадамы жерге коюлбай денеси титиреп кетти атанын. Кылым карыткан, эч кимдин тиши өтпөгөн, эч бир жанга ийилууну каалабаган картан баш топтой тоголонуп аяк астында жатат. Ал экинчи кадамын коюуга эмес башын өйдө көтөрүп кыздын жүзүнө кароого даабай турду. Мындай кадамга баруу үчүн кандай эрк керек, же жан кечтилик.
-Экинчи кадамыныздын баасы уулунуздун башы менен бааланат, деди жанагы эле назик үн.
-сен билесинби так азыр өз өлүмүнө кол коюп алганынды!
Араң үн катты ата канча толкундоосун басканга аракет кылганы менен баары бир үнүн титиретип.
-Мен бул дүйнөгө келгенде эле өлүмгө кол койгом, же андан башка да жолду билесизби сиз, деди Таттыгул доошунда эч бир өзгөрүү жок, жөнөкөйлугунон жазбай.
Анын турган турпаты эмес доошу да эң жонокой, кадимки өзү тендуу кыздардыкынан айрымаланбаганына эми чындап маани берип турду ата.
-Сен аны өлтүрө албайсың. Ал эми кекердуу сүйлөдү, кантсе да бир амал тапканча убакытты созуп туруу үчүн.
Бирок адашкан экен, ал оозун жаап улгургончо уулунун оң колу мурудон үзүлүп япон чалдын башынын жанына түштү.
-эки мүнөт убакыт! Өз жанын менен кош айтыш, сен баары бир оңбой калдын. Эгер уулундун жарыктыкта жашашын кааласан шашыл. Антпесен эки мүнөт аккан кан муну соо койбойт, деп кылыч менен Мелистин шорголоп агып жаткан канын басып койду.
-Аа-а-аа деп жырткычтарча аба жаңырта кыйкырган ата кызга карай секире берип бүт денеси менен жаркылдаган Бабур хандын колдорунан чыккан кылычтын так ортосуна чейин кирип барып кырылдаган бойдон козундогу каарын тартпай жарык менен кош айтышты.
-Чечкиндуулугуно рахмат! Ушул эркин үчүн да уулундун жанын сактап калам, деген кыз жайбаракат сөзү мене колундагы кылычты коё берип анын колундагы саатын чечип өзүнүн колуна салып болуп гана жерде жаткан Мелистин канын токтоотуу менен алектенип баштады.
Өзүнөн эки келген эркектин денесин мурусуно асынган кыз тоонун этегиндеги дарбазадан чыгып баратып артына бурулуп тоонун чокусун карай он муштумун сол алаканына такай башын ийип коюп токтоп турган кара БМВга отуруп жөнөп кетти.
Чокудан аны күзөтүп турган устаты ага ыраазы болгондой башын ийкей беш мүнөттой ал кеткен тарапты карап турду да көздөн кайым болду.
Унаада бараткан Таттыгул арканкы орундуктан жаткан көзү гана кыймылдап жаткан Мелиске кузгудон карай сүйлөп баратты.
-Кечириниз, мен ушундай кылууга аргасыз элем. Бирок сиз тандаган жолго караганда ушундай жашоо алда канча жакшыраак. Эгер менде тандоо болгондо ойлонбой сиз менен орун алмашмакмын. Ооба эми сиз кыймылдабайсыз, бирок тынчтыкта жашайсыз, менчилеп көп баштарды денеден ажыратууга мажбур эмессиз. Сиз эми азатсыз!
Ушинтти да өз ойлору менен алек боло шаардын түндүк тарабында жайгашкан акылдан азгандар дарылануучу оорукананы көздөй бет алды.
Ал Сулайман тоого жетип келгенде капыстан унаанын алдынан чыга калган караандан чоочуй тормузду катуу басып токтогон. Көз ачып жумганча жанагы караан унаанын эшигин ачып кирип келди. Таттыгул мындай болуп кетүү мүмкүндүгүн билсе да устаты унаага жайгашканда денесин майда калтырак басты. Оюнда жанагы атанын Бишкектеги үйүндө өзү уккан кабар жеткен экен деп корккон, маалыматтын туура эмес экенин далилдөөгө жетишпей каалганына өкүнүп. Бирок устаты ансыз эле баарынан кабардар болуп чыкты, аз келгенсип укмуштай кабарды айтып Таттыгулдүн эсин экиге кылганга да улгурду. Өзү ата деп жүргөн инсан ага алыс да тууган эмес болгону аз келгенсип мына бүгүн анын чыныгы ата энесин кыйнап апасын акылы кемдер дарыланчуу ооруканага жайгарганын айтты. Алар Кичиронун бул жайда экенин жана кандай максатта келгенин да билишет экен жана Мелистин бийликти укканда өзгөрүп чыныгы жүзү ачылып калганын да айтып өттү.
-Баары бир алма сабагынан алыс түшпөйт деген ушул, ал бийликти көрбөгөнго чейин гана ак таза болгон, азыр да көрө элек бирок ал сөздү кулагы чалаар замат озгорду. Элестетип жатасыңбы эгер ал анын даамын татса кандай болоорун. Атасы сымал бийликтин кумарына батып, өлкөдөн алдын өз ордун коргоо менен алек болуп калат.
-менден эмне күтүп жатасыз, деди Таттыгул баарын угуп болгон соң.
-сен мага бир күн керек болосуң дегенмин, мына бүгүн ошол күн келди. Азыр ункурдо алышып жаткан экөө тең жазага татыктуу, алар татыктуу болгон жазаны сен бересиң. Бирок билгин алардын так маңдайынан чыгам десең адашасын, алар биринен өтүп экинчиси кыйын адамдар, дүйнөдөгү эң алдыңкы мыктылардан.
-Мелистичи? деди Таттыгул.
Чынында устаты андан башка суроону күткөн, мисалы "кантип же эмне себептен мен" деген. Таң калычка карай ал такыр ойго келбеген нерсени сурап жиберди.
-а сени башка нерсе кызыктырбайбы? Мисалы өзүңдөн он эсе күчтүү адамдарга кантип каршы чыгасын. А балким менден жардам сурайсын.
-мунун жообун билем, деди кыз жай гана. Анткени алар менден мындай кадамы күтпөйт, эгер алдынан чыкканымда да өмүрүнө коркунуч келтирчүү олуттуу маселедей карашпайт. Балким мени бири экинчисине каршы кузур катары да пайдаланып оюндун ортосуна ташташтары да мүмкүн, бирок экөө тең мага бир биринин көзүнчө кол сала алышпайт. Себеби мен уюмдун күнөөсүз мүчөсүмүн, мени өлтүрүү өзүнүн өлүмүнө кол кою менен барабар. Эми айтынызчы Мелис мында келдиби? Жана ал алдымдан чыкса кандай кылуум керек, маалым ал азырынча күнөөсүз эмеспи.
Устаты көз ирмемче ундобой карап отурду да.
-Демек аны сен чакырткансын. Ооба ал да бул тоонун койнунда. Чын ал азырынча биздин жолду кесе элек бирок эсиңде болсун күнөөсүз эч бир жан болбойт күнөөнү эсептеген заттан башка. Эгер ал тирүү калса сенден өч албай калбайт. Туура сенин акылын, амалкойлугун, жонокойлугун жана бир канча тарабын андан жогору болушу мүмкүн, бирок сенин боорукердигин ал үчүн керек эмес, кезеги келсе ал да сага сен сыңары боор ачып койбойт. Маалым ал сенден көбүрөөк ыкмалардын ээси, ага каршы тура албай калуун мүмкүн. Себеби тилекке каршы экөөңөрго бир орун, бул сенин же анын тандоонор эмес, тагдырдын тандоосу. Сен бул жолдон качып кутула албайсың, же өз элиңди мансапкор жан Мелиске карматып өмүр бою качкынга айланасын, андайда акыркы адамдык сапатынды жоготуп кою коркунучу бар ызаадан муунуп чыныгы жырткычка айланып, же тагдырга каршы чыкпай белекке берилген өз ордунду ээлеп отурасын, тандоо сенден, эки жолдун бири гана. Азыр болсо шашыл, эгер тапшырманын өтөсуно чыкпасан өмүр бою так майдандын ортосунда калып кетүүн мүмкүн, мен сага жардамчы эмесмин, деди да түшүп кеткен.
Ушул болуп өткөн окуяны көз алдынан өткөрүп жатып кузгудон жана бир ирет аркадагы орундукка карап,
-Билем азыр сиздин жаныныз ооруну сезбейт, мүмкүн өмүр бою сезбей өтөөрсуз, балким бир күн дененизге жан киреээр. Кантсе да мени эч качан түшүнбөйсуз, балким сурак үчүн мага келээрсиз. Сенде тандоо бар эле, жаныңды багыштасан да кутулмаксын алардан дээрсиз. Жок мен андай кыла албайт болчумун, мен эми алардын өмүр бойку туткунумун. Себеби алар менин талдуу жеримди табышты, менин ата энемди табышты, аларга каршы чыктым дегенимче жакындарымдан өч алышат, алар кексиз журушпойт, бул алардын жазылбаган мыйзамы. Андан да мен жырткыч болуп кетүүдөн корком, тапшырма менен эмес өз каалоом менен адам өлтүрүүдон көркөм. Көрүнүзбу мен сиздин атаныздын ордун ээлоону эч каалабагам, а сиз женилууну. Кээде ушинтип адам качкан жолу аны артынан кууп алат экен. Рас жолум ушул экен, билиниз мен эми алдынкылардан айырмаланып өкмөткө эмес өлкөгө иштейм, бул менин сөзүм!
Аңгыча ал көздөгөн жерине жетип келди. Ичкери кирип күзөттө отурган эркек адамдан бүгүн жеткирилген Кара кулжадан келген аял жөнүндө сурап калды эле тиги жаш сулууну көрүп көзүн тартып кете албай ээрчите экинчи кабатка алып чыкты. Бөлмөнүн эшигин ача бергенде керебетте эки колу ташталып сулк жаткан аялга көзү урунду Таттыгулдүн. Жетип барып жүрөгүн тыншаса согуп жатат.
-тирүү, деди арттан ооздо турган киши. Тополоң чыгара бергенинен ток бергенибиз, ошол таркай элек.
Аялга карап кубарган жуздорунон сылап бир сыйра суктанып алды кыз. Чачтарды сапсайган көздөрү терендеп кыймылсыз жатса да сулуулугу билинип турат.
-мен алып кетем муну, деп ордунан козгой бергенде, киши жетип келип каршылык көргөзөйун деди эле ага улгурбой калды. Кулак тупко жеген соккудан бат эле мемиреп уйкуга кете берди. Апасын мурусуно асып коридорго чыга бергенде алдында ак халат кийген салмагын араң көтөрүп баскан мед айым келе жаткан экен, аны да ооз ачканга улгуртпой бутунун учу менен жерге кулатты. Алар али бери ойгонмок эмес. Таттыгул сыртка чыгып унаанын алдыңкы эшигин ачып апасын аярлай отургузуп чачынан сылап койду да өзү ролго отуруп айдап жөнөдү. Сыртта караңгы түшүп калганга аларды эч ким деле байкаган жок.
Ал апасын Кара-Кулжага жеткире албайт ага чейин токтун күчү тарап апасы эсине келип калуусу мүмкүн, а ал аны каалабады. Шаардын чыга беришиндеги облустук ооруканага алып барып дарыгерди чакырып жакшылап дайындап жатты.
-бир эки саатта өзүнө келет, эгер сурап калса Кара-Кулжадан келгенин айткыла, башка укол даары сайбагыла.
Анын ишенимдүү сөздөрүнө жооп айта албады дарыгер, аялды кабылдап кущеткага жактырып калды.
Таттыгул жаткан апасынын мурусуно башын коюп, жүзүнөн сылай коштошуп жатты.
-Ушундай болгону жакшы Апа! Сиз мени өзүңүз билгендей кичине күнөөсүз наристе катары гана эстеп калганыныз жакшы. Сиз жоготкон наристе баш кесээр болуп чыкканын эч качан билбениз. Мен эч качан апам тууралуу ойлонбогом, эгер билсем эле апанын мурусу ушундай жумшак болоорун, колум булганганча тоо ашып суу кечип болсо да эчаак жетмекмин жанынызга. Эми кеч, Кош апа!
Кыз ушинтип тегерегиндегилер укпагандай кылып шыбырап коштошуп туруп кетти.
Андан чыгып Сулайман тоого жетип келип Мелисти мурусуно асып тоонун чокусун көздөй жөнөдү. Чокудан колундагы сааттын баскычын баасып ата келген учакты ал жайга чакырып борборго карай учуп кетти.
-Сиз атаныныздын үйүндө жашайсыз, ал жай эң коопсуз жай сиз үчүн. Мен да ошондо болом кобунчо, себеби мени ал жайдан издегендер дароо табыштары керек. Антпесе өлкөдө "хаос" башталат. Албетте аны жыйыштыра турган бир адам керек, бирок биз экөө болобуз. Рас Тагдыр экөөбүзгө бир орун даярдаган экен ошондой болсун, деп сүйлөнө Мелистин жалдыраган көздөрүнө тиктеп коюп терезеге бурула берди.
-Кыргызстан, мекени менин! Бул жайылган талааларына эми биз ээлик кылабыз, тагдырын чечебиз, деп ундобой калып, бизден кийинкилер да ушинтип айтышат, бул көрүнүш эч качан токтобойт деп кайдыгер гана алдын карап отуруп калды…
Аягы.

#55 25 Июнь 2019 - 20:45
Чоооң рахмат автор. Колуңузга береке. Калемиңиз мокобосун. Жаңы чыгармалардан күтүп калабыз