Саламатсыздарбы урматуу суперстандын окурмандары!
Сиздер менен дагы жүрөктөн чыккан окуям менен бөлүшөйүн дедим. Бул окуяга менин эч кандай тиешем жок,болгону жакын адамдарымдын жашоосундагы көз ирмемдерди кичине болсо дагы колго жазып,чыгармачылык менен алектенгенди жактырам. Сиздерге жагат деп ойлойм)
Жыргалым менин,сени аябай сагынып жатам!-дагы бир жолу денемди муздак калтырак басып,көзүмө жаш айлана үнсүз отуруп калдым. Ал билбесе керек,сагынычтын айынан анын ар бир айткан жылуу сөздөрү,эркелеткени мага катуу тийип жатканын. Билбейт да,ар бир ирээт айткан сайын анын жанына баргым келип кетет,мага жылуулук тартуулаган кучагына оролуп,анын маңдайымда жылмайып мени карап турганын элестетип да,эстеп да алам. Деги эле үнүн уккан сайын көкүрөгүмдү нерсенин ооруганы күчөй турган болду. Бүгүн анын алыска кеткенине 53 күн,а жолуга элегибизге 78 күн. Биздин акыркы жолугушуубузда энесинен ажыратып жаткан жаш балача жанынан кетким келбей,суукка карабай үйгө кирбей койгом.
-Жыргалым,мен кеткиче дагы жолугабыз. Сени бир көрүп алып анан кетем.
-Чын элеби?
-Ооба,чын. Сөзсүз жолугабыз!
-деп айткан эле ошол күнү. Жолукпай да кетип калды. Ортодо түрдүү себеп. Ошол кетип жаткан күнү аэропортко барып,аны жок дегенде бир көрүп алышым керек болчу! Бир жолу кучактап,анан бетинен сылап... Кайра баштадымбы?
Эгерде аэропортко бара турган болсом,аны кучактап алып шолоктоп ыйламакмын.
Аны дагы кыйнап,жок,кереги жок! Ал кыйналбай эле койсун,ал ойлонбосун,
ал оорубасын. Кызык? Мен аны санаа тартып ойлонгондой,
ал мен жөнүндө ойлоор бекен? Сүйөм деп айтат,демек ойлойт. 10 күндөн кийин сүйлөшүп жүргөнүбүзгө 1 жыл 7 ай болот. Мен үчүн аябай көп убакыт,бирок ошол көп убакыт ичинде аз эле жанында боло алдым. Аны менен жолугууга баратканда ичимде башкача сезимдер ойноп,ушундай бир бактылуулук менен барат элем. Китептерде жөн жазылбаптыр,
ичимде кадимкидей эле көпөлөктөр учуп жүрчү.
Акыркы күндөрү түн ичинде асман,жылдыз анан Ай менен көп сырдашчу болдум. Жаздыгымды кучактап алып,көөнүмдө толгон муңдун баардыгын көзүмдүн жашы менен чыгарууну адатка айландырып алдым. Өзүм бир кызыктай адаммын! Жанымды бергиче,баардыгына даяр болуп аны сүйөм дагы,ошол менде жашаган укмуштуу сезимдеримди чечилип ага айта албайм,ичиме гана сактап коем. Акыркы чалышып сүйлөшүүбүз дагы бири-бирибизге болгон түшүнбөстүк,
таарыныч менен аяктады. Коноктон чыгып машинага отуруп,үйгө жеткичекти оюм туман болуп,ар кайсынын башын ойлонуп келдим. Бул санаамды да сезбесе керек. Болду чалбайм,билгенин кылып алсын! Ансыз күнүм өтпөчүдөй тим эле деп коюп үйгө келер замат өзүм эле кыя албай чалдым. Телефонду алганы менен 10 мүнөтчө унчукпай тура бердик. Ал дагы унчукпайт,мен дагы унчукпайм. Же эмнеден баштаарымды билбейм,же өзүм сүйлөгүм келбей койдубү,айтор унчукпай эле туруп алдым. Ал эми мурун ушу сыяктуу чукчуңдаша кетсек кыз башыма карабай өзүм жалынып,күнөөлүүдөй болуп кечирим сурап ийчү элем. Аным деле калып келатат окшойт. Эмнегедир өзүмдү-өзүм башкара албай бир туңгуюкка түшүп калгандаймын.
Анда сөз башынан болсун.
Мектеп окуучусумун,
буйруса мектеп уясынан учканы турабыз,бутүрүүчү класстамын.
Атым Нуржан. Эс-тартып,кыз бала чоңое баштаганда артынан бирин-серин жигиттер чуркап,бир аз болсо дагы токтолуп калат эмеспи. Өзүм шаарда төрөлүп,шаарда атамдын колунда өскөн кызмын. Апам мен 12жашымда кайтыш болуп,эки байкем үчөөбүз атабыздын колунда өстүк. Атам жакшы жумушта иштегендиктен эч нерседен кем кылбай,жокту көргөзбөй,бардан калтырбай чоңойтту. Анын үстүнө жалгыз кыз болгонум үчүн баардыгы тең көзүмдү карашат,бир жагынан апасы жок болсо деп аяшса керек. Атам апамдын өлүмүнөн кийин бир аз өзүн таштап барып,анан кийинчерээк оңоло кетти. Байкелерим менден 4-5жашка улуу,бири үйлөнүп өзүнчө кеткен. Эмнегедир эс тарта баштагандан тартып эркелегим аздан болсо дагы калат го дешти баардыгы,бирок анда деле атамдын эрке кызы боюнча кала бердим. Анын үстүнө эне мээриминен эрте ажырады деп алар менин көзүмдү гана карап турушаар эле.
Баракча 1 - 1
Сүйөм, бирок жек көрөм
#2 14 Декабрь 2019 - 18:24
Окуу жылынын жаңы башталып жаткан учуру. Бүтүрүүчү классыбыз да,мектептип күзгүсү дешип жаңы өсүп келаткан муундарга үлгү,мулагимдердин сыймыгыбыз.
Жалбырактар жаңы саргая баштаган күндөрдүн биринде эгиз козудай ээрчишип жүргөн курбум Гүлнур экөөбүз мектептен адаттагыдай чогуу чыктык. Капкара болгон БМВ үлгүсүндөгү машина дароо көзгө урунду. Бир жигит эшигин ачып түшүп негедир биз жакка басып келатты.
#3 14 Декабрь 2019 - 20:19
Албетте,кычыраган машинадан түшүп очкисин чечип колуна алып биз жакты карай басып келаткан бою узун,кең далылуу жигит көз жоомду албай койгон жок. Кудум эле кинодогудай,
музыкасы эле жетишпей калды да! Көзүмдү албай көпкө чейин тигиле карап калыптырмын.
-Иий,таптакыр унутуп калган турбаймбы! -деген Гүлнурдун добушунан улам эсиме келе түштүм. Жигит келип учурашты.
-Кандайсың Гүлнур? Саламатсызбы? -деди мага карап.
-Ой,Данчик айтып койбойт белең?! Мен конок туурасында таптакыр унутуп коюптурмун да!-деди Гүлнур. Унутма жайы бар,айткан нерсени тез эле унутта калтырат да,анан эле ушинтип баштайт.
-Баса,таанышып алгыла. Бул менин аталаш тууганым болот аты Данияр. Бул сулуу кыз менин эң жакын курбум-Нуржан, -деп Гүлнур бизди үстүрдтөдөн тааныштыра өттү. Анан эле келишимдүү деп эсептеген жигит мага колун суна:
-Данияр!
-Нуржан!-дегенде көздөрүбүз бири-бирине чагылыша кетти. Ошондогу менин денемди муздак калтырак басканычы? Колдорубуз бир саамга чейин кармашып турду,өзүм колумду тартып жибердим. Жоодураган, бакыракай көздөрү адамды өзүнө тартып турат. Кайра кайра карагың келет! Узун бойлуу,чымыр денелүү көрүнөт. Үйгө өзүм кетем дегениме карабай Данияр менен Гүлнур мени үйгө тыштап коюп андан ары кетишкен. Машинада баратып дагы жөн барбай,улам машинанын алдыңкы күзгүсүнөн карашып коебуз. Үйүбүз чоң көчө менен келип бурулуштан өткөндөн кийин төртүнчү үй. Гүлнур үч көчө өйдө жашайт,аларды жолдон калтырбайын деп бурулуштан түшүп калдым.
-Мейли,жакшы жетип алгыла! Рахмат!
-Бул жерде досум жашайт эле,эми көп-көп келип турат окшойм!-деп жылмайып тим болду Данияр. Кайсы досу болду экен деп ичимден ойлонуп калганым менен унчукпай эле өз жолум менен басып кеттим.
Эртеси Гүлнур Даниярдын менин телефон номеримди сураганын айтып калды. Демек жаккан экенмин дегеним менен назданып жок,номеримди бербей эле кой деп койдум. Анткени аны жаңы билип,жаңыдан таанып жатканга номеримди эле алып тим болоор бекен,же чечкиндүүлүк мүнөзгө салып өзү кадам жасар бекен деген ой турду. Анын жигит катары биринчи кадам жасаарына көзүм жетип турган эле. Ошол биринчи жолугушуудан кийин 3 күн өтүп,мен күүгүмгө жакын дүкөнгө барып келаткан элем. Бир учурда эле тааныш машина шуу эте,көчөнүн баарын чаң ызгыта өтүп кетти.
-Ушинтип машина айдабай эле койбойбу! -деп жинденип калдым ичимден. Бир учурда ары барып токтоп,кайра артты көздөй келатты. Данияр экен. Машинанын терезесин түшүрөп,адаттагыдай эле капкара очкисин көзүнөн алып мага учурашып калды.
-Кайда баратасың?
-Үйгө.
-Жүрү жеткирип коеюн.
-Рахмат жетип деле калдым.
-Досумдун үйүнө бараткам, сени да таштай кетем,жүрү?- деп жылмайып караганына да болбой машинага отурбай койдум. Анткени менин тарбиям ушундай эле,атамдан байкелеримден ийменип турчумун. Бир жолу 1 класс өйдө окуган жигит жөн эле үйгө узатып келатканын улуу байкем көрүп калганда,андан уялганыман канча күн тартынып өзүнчө тамактанып жүрдүм? Данияр айласы кеткенде машинаны арыраак токтотту да жаныма басып келди.
-Макул анда,жөө басалы,-деп мени менен жанаша басып баратты. Ичимен күлүп коем,каадаланбай эле отуруп койбоймбу десең,бирок атам менен байкем көрсө эмне дейт? Кызык,бул эмнеге мынча мени менен баскысы келди?
-Кайсы окууга тапшырайын дейсиң?
-Кыялыма ишенсем мен актриса болмокмун. Тилекке каршы үй-бүлөм менен кеңешип медицина жагына кетейин дедим.
-Артисттердин жашоосу оор. Ак халат кийсең жарашат!
-Бирок жан дүйнөм элди,публиканы, камераларды сүйөт! А сиз кайсы жакта окуйсуз?
-Мен келечектеги юристмин! -деп Данияр лз кесиби жөнүндө, окууну бутөөрүнө дагы бир жыл калганын айтып келатат. Басып келаткандан бери мени улам карап коет. Аны сезип турсам дагы башымды өйдө көтөрүп аны карагым келген жок,аябай уялдым. Эмнегедир уялып кеткенде адамды көзүнө карай албай калган адатымбар.
-Сиз түз элеби?
-Жетип калдым,сеники кайсы үй?
-Могул үй,-деп эки кабаттуу,сырты кызыл кирпич менен тосулган жашыл дарбазаны көргөздүм. Үйгө да жетип калган элек,дарбазанын түбүнө келип:
-Мейли жакшы барыңыз!
-Сен ушу үйдө жашайсыңбы?
-Ооба,а эмне болду?
-Мен бул үйгө келип эле жүрөм.
-Тамашалап атасызбы?
-Досум жашайт,Айбек деген.
-Айбек байкемби? Мен анын карындашы болом,-дегенимде Даниярдын жүзүнөн таң калуу сезимин байкадым. Себеби,байкелерим достору менен келгенде уялып өзүмдүн бөлмөмдө отура берчүмүн. Карабайсыңбы эми Даниярдын байкемдин досу болуп чыга келгенин.

#4 19 Декабрь 2019 - 17:41
Байкемдин бул танышууну жактырбасын билдим да,Даниярга айтып түшүндүрүп үйгө кирип кеттим. Даниярды көргөнүмө бир сүйүнсөм,бир жагынан үйдөгүлөрдөн коркуп турдум, жүрөгүмдүн согушу тездеп,бөлмөмө кирип бардым. Ошо бойдон байкемдер үйдөн кеткичекти улам аңдып,бөлмөдөн чыкпай отура бердим. Бир саамда байкем Даниярды узатып дарбазаны көздөй чыгып баратып,дарбазанын жанына бир нече кадам жетпей токтоп калышты. Мен болсо терезеден акырын уурдана карап жаттым. Данияр бир нерсени айтып жылмайып күлүп жатты. Жылмайганы дагы бир укмуш,улам сайын адамдын көз жоосун алып,карагың эле келет. Мен буларды эмнеге карап турам? Деги эмне эле болуп атат мага? Жигитим болсо бир жөн,анын үстүнө менден канча жаш улуу? Байкемдин дагы досу экен... түн кирип,ошол күнү эмнегедир уйкум келбей бир топко чейин жаттым. Улам ар кайсыны ойлонуп,терезеден жарык берип тийип жаткан Айды карап коем. Тынчтыкты телефондун шыңгыраган үнү бузду. Бейтааныш номер. Кызык,мага түн ичинде ким чалып жатат болду экен? Телефонду алдым дагы унчукпай тура бердим. Чалып жаткан киши дагы үндөбөйт. Мени текшерейин дегенби ким болсо дагы?
-Алло,алло?-Даниярдын үнү. Бул эмнеге чалып атат? Номеримди кимден алды?
-Бул ким?-дедим мен билмексенге салып.
-Нуржан,бул сенби?
-Ооба,а бул ким?
-Бул мен. Даниярмын. Тааныдыңбы?
-Тааныдым,-дедим жай гана.
-Эмнегедир уктай албай жатам. Уктай элек белең?
-Телефон менен сүйлөшүп жатам го? Уктай элекмин.
-Сени чыгып калабыдеп күтсөм,эч эле чыкпай койдуң го?
-Мен чыга калсам байкем эмне дейт? Анын үстүнө анын достору келгенде,өз бөлмөмдө эле болом.
-Эмне үчүн мурун көрбөдүм экен? Үйүңөргө көп эле барчумун.
-Макул,жакшы жатыңыз. Башка күнү сүйлөшөбүз да,-эмнеге мынтип айтып жибердим өзүм дагы түшүнбөйм. Сыр бербегеним менен ичимден кудуңдап сүйүнүп жаттым. Үйгө далай жолу келип жүрдү,байкемден коркконум үчүн алардын көзүнө илинбей,акырын гана шыкаалап караган боюнча кала берчүмүн. Ошентип аны көргөнүмө эле бактылуу болуп чыга келем. Телефон менен сүйлөшүү дагы адатка айланып баратат. Чалбай калса дагы өзүм чалчу болдум. Ошондой күндөр менен убакыт өтүп,күз мезгили дагы аяктап калган учуру. Жамгыр жаап жердин баары көлчүк. Жеңил кийинип кетип,үйгө жеткиче башыман ылдый былчылдап суу болдум. Үйгө эптеп жетип эле бутумду чечип,кухняга чуркап кире калсам байкем менен Данияр анан дагы бир досу болуп отурушат. Чуркап кире калган кебетемди айтпай эле коеюн. Кийимимден, чачыман тамчылаган суу жерге тамат. Баары тең мени таң кала карап калышты. Мындай абалда эмне кылаарымды билбей артыма бурула бастым.
-Нураш(Айбек байкем мени ушинтип эркелетет эле)!-деген байкемдин акырын чыгарган үнүнөн улам байкеме карай бурулдум.-Суу болгонсуң го? Жылуу кийинип кетпейт белең?
-Эртең менен аба-ырайы жакшы эле болчу,байке, -дедим башымды жерге сала. Даниярдын менден көзүн албай карап жатканын байкап калып бир аз ыңгайсыздана түштүм.
-Кийинип келип,тамактан. Үшүдүң го?
-Байке,курсагым ток эле...-деп барып байкемдин мени олуттуу караганын көрүп:-Макул, азыр,-деп өз бөлмөмө чыгып кеттим. Бир жагынан тамактан деп айтканына таң калдым. Ал буга чейин бир дагы жолу досторунун алдына чыгарып көргөн эмес эле,же чын эле үшүдү деп аядыбы билбейм. Тамактан деп айтканынан достору менен тааныштырса керек,Данияр экөөбүз эми коркпой сүйлөшүп калабыз деп сүйүнсөм, бирде андан уялып турдум. Үстүнө чыгып кийимдеримди алмаштырып, чачымды кургатып,өзүмдү калыбына келтире баштадым. Улам сайын күзгүгө каранып отуруп,акыры ух деп алып кайра кухняга кирип бардым. Үчөө тең кирип келген мага жалт карашты.
-Мына бул менин сулуу,акылдуу карындашым болот. Аты Нуржан,-деп байкем тааныштыра өттү. Мынтип буга чейин досторунун алдына чыгарбаганга аябай эле уялып кеттим,эки бетим албырып,кызара түштү көрүнөт.
-Саламатсыздарбы. ..-дедим акырын башымды көтөрүп. Данияр дагы деле көзүн албайт. Уурданып аны карап атып бир кезде көздөрүбүз чагылыша түшкөндө,денем чымырай кетти.
-Бул Данияр байкең болот. А бул...-деп мага эки досун тааныштырып жатты байкем. Менин көкүрөгүмдөгү нерсенин согушу уламдан улам тездеп,эки бетим албыргандан албырып баратты. Чай куюп столго отурдум да,чыныны караган абалымда отура бердим. Байкемдин айтып жаткан сөздөрү оң кулагымдан кирип,сол кулагымдан чыгып жатты. А Даниярдын көздөрү дагы деле менде. Башымды өйдө көтөрүп мен дагы аны карап жибердим. Жалындап күйүп турган,капкара көздөрү адамды өзүнө тартып турат. Көздөрүнө бир саамга гана тигиле калсам дагы,ал мени сыйкырлап алгансып кайра кайра карагыңды келтирет. Бир аз уяла түшүп,көздөрүмдү ала качтым. Бир аздан соң кайра эле Даниярды карайм. Көздөрүбүз чагылыша кетти,эми көзүмдү ала албай тиктеп туруп калдым.
-Нуржан,Нураш? -деген байкемдин үнүн уккандан кийин гана өзүмө келе калып,ордуман туруп ары басып барып токтоп калдым. Ошондогу байкемдердин, Даниярдын астында уялганым ай!
-Нураш,сага эмне болду?
-Тиги... неме... мен үшүп калганга...-деп алаңдап байкемдин бетин карай албай,жерди тиктедим.
-Кел,отурчу, ысык чайды ичип алып жатып эс ал. Биз дагы бир жакка барабыз,-деди байкем. Эмнегедир байкемдин мага кылган бул мамилесине таң калдым,балким буга чейин ал досторунун алдында чыгарбагангабы, айтор мага баардыгы көзүмө башкача көрүнүп жатты.
-Чай деле ичпейм,байке. Барып эс алайынчы,-дедим дагы да жерден көзүмдү албай. Менин бактыма байкемдер кетели деп калды,ошондогу менин абалым ай?! Уялганыман эмне кылып,эмне сүйлөп жатканыма деле көңүл бурбаптырмын. Туруп ашканадан чыгып бараткан байкемдердин караанын узатып,турган калыбымдан жылбай турганым турган. Бир учурда гана эсиме келип байкемдин артынан чуркап чыктым.
-Айбек байке!-эмне үчүн кыйкырып жибергенимди өзүм деле билбейм,үчөө тең дароо мага карай бурулушту. Даниярды тиктеп карап калдым. Дагы анын жымыңдап күлүп турган көздөрүнө карап,ага чөгүп бараткансыдым.

#5 28 Декабрь 2019 - 02:08
Жөнөкөй эле адамдын көздөрү. А эмнеге эс-учун жоготкон абалга чейин жеткирип,адамды өзүнө улам сайын тартып,менин көздөрүмө кара деп турат болду экен? Же анын бир көздөгөнү барбы? Кызык,эмнеге мынча... балким мен аны? Жок,жок! Кайдагы болбогон нерсени эле ойлонуп атам? Ал байкемдин досу экен,анын үстүнө менден канча жаш улуу? Аны сүйүп калуу мүмкүн эмес!
-Нуржан,эмне эле болуп атасың? Бир нерсе болуп атабы?-байкем мени таң кала карады. Эмнеге артынан чуркап барып, эмнеге чакырганымды да билбейм. Кандай жооп берээримди да билбейм. Бир нерсе дебесем кутула албайм.
-Тиги,бир аздан кийин эшикке чыгып келсемби дегем,-биринчи оюма келгенин мына сага деп айтып ийдим.
-Жаан жаап жатат го?!
-Жаан жаап бүткөндөн кийин... таза аба жутуп,-байкем башын ийкеди да достору менен чыгып кетишти. Эгер байкем тез эле үйгө кайтып калса анда аны алдап койгон болом. Демек эми мен эшикке чыгып келишим керек. Эмне деп тантып ийдим? Данияр эмне деп ойлоду мен жөнүндө? 1 саат убакыт өткөндөн кийин жылуу кийинип алып эшикти көздөй жөнөдүм. Чоң жол менен чыгып,паркка барып ары-бери басып эс учумду жыйып келейин дедим. Аңгыча телефонум шыңгырады. Данияр чалып жатат.
-Угуп жатам.
-Каяктасың?
-Эшикте.
-Ким менен жүрөсүң?
-Сизге кандай тиешеси бар ким менен жүргөнүм?
-Кызык болду,-деп Даниярдын үнү күнөөлүү кишидей өзгөрө түштү. Катуу сүйлөп алып ыңгайсыздана кеттим.
-Паркта жүргөм.
-Кайсы парктасың? Мен азыр бара калам,-деп калды ал. Келээрине көзүм жетип турду,заматта машинасы менен жетип келди. Кайрадан баягы кадр. Темир тулпарынын эшигин ачып түшүп келет да,чачын бир тарапка бурган калыбында олуттуу көз караш менен бир карап коет да анан бери басып келет. Жылмайып мени карап өзүнө тартып баштады,кадимкидей эле берилип баштадым,өзүм деле түшүнө бербейм. Көздөрүндө, жылмаюсунда сыйкыр бардай?! Жолугуп ар кайсыны сүйлөшүп бир аз ары баскан соң,акырын колумдан кармады.
-Колуңдун муздагы кантет? Аябай үшүп калыптырсың, -деп колдорумду алаканына салып,муздак колдорумду жылытымыш этет. Анан кучактап жиберди. Ооба,өзүнөн ыпысык жалындап күйүп турган бооруна тартып кучактады. Денем дүркүрөй түштү.
-Унчукпа,жыргалым менин! Баарын көздөрүң айтып турат,баарын билем,-деп кулагыма шыбыраганда тилимди жутуп алгансып оозума сөз келбей калды. Менин муздак денем анын денесинен кандайдыр бир жылуулук тапкансып,бүрүшүп турду. "Жыргалым" деген сөзүн ошондо биринчи жолу уктум. Кучагында унчукпастан, үн дебей сөз дебей канча турганымды билбейм.
-Эмне кылып атасыз?
-Кечир...-деп мени акырын кое берди.-Эмне кылып жатканымды өзүм да түшүнбөй турам. Мени эмне кылып атасың? Эмне деген адамга айлантып атасың?
-Дагы кучактап ийчү болсоңуз,мен кетип калам азыр!-дедим таарынган немече. Кучактап жибергени бир жагынан жүрөгүмдүн согушун тездетип,дагы кучактаса экен дегеним менен,экинчи жагынан эч нерсени түшүнл албай деңгиреп тура бердим. Аңгыча жаныма жакын келип дагы кучактап жиберди. Акырын уурдана анын көздөрүнө карадым да,жүзүндөгү жылмаюуну байкадым. Жаш балача сүйүнүп алган.
-Кете албайсың. Баардыгы алдагы бакырайган көздөрүңдө эле жазылып турбайбы! Мен дагы сени жакшы көрөм,Нуржан!
-...
-Эң биринчи жолу көргөндө эле жактырып калгам. Андан кийин досумдун карындашы экенин билдим. Жок,барбашым керек дегениме карабай сени көрөм деп оолугуп болбой эле үйүңө барам. Же карааныңды көргөзбөйсүң.
-Мен...
-Нуржанка,мен. ..-деп сөзүн аягына чыга электе телефонум шыңгырап калды. Байкем экен.
-Алло,Нураш? Каяктасың?
-Байке? Мен...мен парктамын.
-Азыр туруп тур,мен сени ала кетем. Сейилдеп болдуңбу?
-Иий,ооба. Кутуп турам сизди.-деп телефонду өчүрүп койдум. -Кетиңиз,-дедим Даниярга кайрылып.
-Нуржан...
-Азыр байкем келип калса мен эмне деп түшүндүрөм? Андан көрө кетиңиз.
-Кетпейм. Келсин Айбек. Экөөбүз жаман иш кылып жаткан жокпуз.
-Анда мен кетем. Жакшы калыңыз,-дедим ары бурулуп бир аз кадам таштап.
-Нуржан,дагы жолугабызбы? -дегенде Даниярды бурула карап акырын башымды ийкеп койдум.
Ал түнү уктай албай көпкө жаттым. Телефонум шыңгырады. Албетте,бул Данияр чалып жатат.
-Алло Нуржан? Уктай элексиңби?
-Жок,эмнеге чалып жатасыз?
-Үнүңдү угайын дегем.
-Данияр байке,жанагы нерселерди болуп өткөн жок деп эсептейин. Биздин ортобузда эч кандай мамиле болушу мүмкүн эмес. Анын үстүнө сиз менин байкемдин досу болосуз. Ошон үчүн суранам,экинчи мага чалбаңыз. Мен дагы сиздин көзүңүзгө көрүнбөйм,аракет кылам.
-Нуржан, эмне деп атасың?-телефонду коюп салдым да,өчүрүп туруп жатып алдым. Айткан сөздөрүмө кайра өкүнүп жиним келип жатты. Макул аны жакшы көрөм деп макул болоюн,жакшы көрөм деп? Жакшы көр? Эмне деп атам? Биринчиден ал байкемдин досу. Экинчиден ал экөөбүздүн ортобузда сүйүү эч качан болушу мүмкүн эмес деген ойлор менен өзүмдү сооротуп таңга маал гана уйкуга кеттим.

#7 31 Декабрь 2019 - 01:32
Өзүм чындык катары кабыл алгым келген жокпу,айтор аны жактырып калганымды танып жаттым. Эртең менен ойгонуп алып кайра мектепке жөнөдүм. Мектептен күндөгүдөй эле Гүлнур менен чыгып келатып,мектептин алдында токтоп турган баягы тааныш машинаны байкадым.
-Гүлнур,жүрү аркы жол менен кетеличи! -деп колдон тарттым. Дароо машина тарапты карады да:
-Эмне болуп кетти деп коем.
-Гүлнур дейм! Мен аны көргүм келген жок!-дегениме карабай машина тарапты көздөй жөнөдү. Данияр машинадан суз түшүп келди. Баягы кадр жок.
-Кандайсың,Данчик?
-Жакшы кандайсыңар? -деди мени күнөөлүү немече карап. Унчуккум келген жок. Баары кечээги айткан сөздөрүм менен бүткөн,уланышы мүмкүн эмес,ортобузда эч нерсе болбойт! Ал ким,мен ким? Бул аны теңиме албац коюууда эмес,жөн гана ал менден 4 жашка улуу,анын үстүнө байкемдин досу. А мен байкемдин дос баласын жактырып алып,байкемдин бетин кантип карайт элем?
-Мен кеттим.
-Кайда барасың,экөөбүз баягы жерге барып келебиз деп сүйлөшпөдүк беле?
-Маанайым жок,-дедим мен. Гүлнур экөөбүздү алмак-салмак тиктей карады да,башын чайкап:-Түшүндүм. Экөөң кичине уруша кеттиң анан бири-бириң менен сүйлөшө албай ыңгайсызданып жатасыңар ээ?
-Кайдагыны айтпачы! Биздин ортобузда эч нерсе болушу мүмкүн эмес!
-Эмнеге? Данчиктин башы бош,сенин башың бош дегендей...
-Болдучу,Гүлнур, уккум келбейт.
-Ий,Нуржан,мектепке кирип чыгайын күтө турчу ээ? Азыр бат эле,-деп жүгүргөн бойдон Гүлнур чуркап кетти. Данияр экөөбүздү өзүбүзчө калып сүйлөшүп алсын деген ою айдан ачык эле көрүнүп турбайбы. Унчукпастан өз жолума түштүм. Аңгыча болбой Данияр колуман тартты.
-Нуржан...
-Суранам,мени дагы өзүңүздү дагы кыйнабаңызчы!
-Мен уктай албай чыктым,сени ойлодум Нуржан! Эмнеге мага мындай мамиле кылат деп ойлондум. Көздөрүң башканы, сөздөрүң такыр башканы айтат!
-Кеп сезимдерде гана эмес!
-Нуржан, суранам сенден...-Данияр мени жаш балача жалооруй карады. Анын көздөрү ушунчалык сыйкырдуу,бир жолу карап койгонуң бул анын жомогуна кирип кеткениң. Кайра чыгуу мүмкүн эмес. Жана айткан сөздөрүм шамал менен учуп кеткендей,баарын унуттум да койдум. Кайсыл учурда мени булчуңдуу колдору менен ысык денесине имере кучактап жибергенин билбейм. Акылым канчалык сезимдериме каршы чыгып турса дагы,бул жолкусунда жүрөгүмдү угууну чечтим. Өткөндөгудөй түртүп салып,качып кеткендин ордуна анын кучагында эч нерсени ойлонбостон тура бердим,аны чындап эле жакшы көрүп калдым окшойт. Жүрөгүмдүн согушу тездеп баратты.
-Нуржан,кичине болсо дагы сага жагамбы?
-Кичине?-дедим жоодур көздөрүнө суроолуу тиктей. Көздөрүнүн бакыттан кадимкидей күйүп турганын айт,мындай көздөрдү буга чейин кезиктирбегем.
-Кыйналып кеттим,буга чейин менде мындай сезимдер болгон эмес, ишенесиңби? Сени жакшы көрүп калдым. Айтчы,сенда жактырасың? Ооба деген бир сөзүң,Нуржан. ..
-Ооба дегенимде бир нерсе өзгөрүп кетет дейсизби? Баары бир ортобузда эч нерсе болбойт!
-Эмне мынча оюң жаман? Же коркконуң эде Айбекпи?
-Коркпогонго айлам барбы? Сиз мени менен теңтуш жигит болсоңуз бир жөн! Анын үстүнө мен жөн гана мектеп окуучусумун, -дедим кайра акылга салып. Кызык,өзүмдүн эмне каалап атканымды да билбейм. Бир туруп Даниярдын ысык кучагында,жалындап турган көздөрүнө карап өмүр бою аны менен калгым келет, бир туруп байкемден ийменем,байкем бул жөнүндө билгенден көрө мен арманда жашаганым артык эмеспи. Анын үстүнө Айбек байкемдин чорт мүнөзүн абдан жакшы билем, жалгыз кыз болгонум үчүн дагы мага көз салган жигиттерди ары барып сүйлөшүп эле,жаныма жакын жолотпойт эле.
-Анда мектептен ырагыраак барып сүйлөшөлү,-деди мага машинанын арткы эшигин ачып жатып.