"Ант" Автор:Н.Кадырбеков.
#1 11 Апрель 2016 - 13:31
Мансап барымтасы.
Мени телегейи тегиз,оомат- бактысы чексиз адам деп ойлогондор коп.Кез-кез гезит-журналдардан озум тууралуу макалаларды окуп,жолдоштор, кесиптештер, туугандар менен маектешип ошондой ойго келем. Маалымат жыйындарында мекендеш жана чет элдик кабарчылар: "Сизде баардыгы бар бийлик, байлык,кадыр- барк,уй-було, ийгиликтер. ..Арман кыла турганбай эчтемениз деле жоктур?"-деп кызыгып сурап калышат.Эч кимге ачылып сырымды айтпайм." Кудайга шугур,баары ойдогудай" ,- деп кыска жооп менен кутулам.
Копчулук арасында мен тууралуу мындай пикирдин болушу бир жагынан жагымдуу. Анткени,бала кезден озумдун каалоом ошондой эле:эл козуно кучтуу,айкол, чечкиндуу,акылман, иш билги инсан болуп корунгум келчу.Алсыз жактарымды башкаларга байкатып алыштан коркчумун.Жашоомдогу максаттарым жана аракеттерим да ушундай дымагымды канаатандырууга багытталды. Жыйыныгы, Жаратканга шугур,жаман болгон жок. Кайда журбойун сый-урматка, ишенимге арзып,аброюм арта берди. Наристе курагымдан кыялданганымдай достор,жакындар сыймыктанып, душмандар сестенген даражага жеттим.Деген менен,жаш откон сайын жашоо-турмушка, дуйного,чойрого болгон мамилем, коз карашым озгоруп баратат. Жасаган ар бир ишимди "элдин козуно" ынгайлаштырып журуп, омурумду табигыйлыктан ажыратып алгандай сезчу болдум. Кээде,чыныгы табиятым кандай болсо,дал ошол бойдон ааламдын агымына аралашып кетким келет.Бирок, менин канча жыл далалат кылып журуп жетишкен жалган бейнемди коруп конгон копчулук,чыныгы табиятымды, пейил-мунозумду Эми эч качан кадыресе кабылдай албасын ойлоп заманам курулат.Бул онуттон караганда озум озумдун кылган аракеттеримдин туболук барымтасында калгансыймын.
Жакындарым, уй-булом жана эл-журтум боло туруп жан дуйномдо карайлаткан жалгыздыктан жабыркоом куч алып баратат.Ушинтип дуйно тааныган инсан болгондон корокчо эл-журтум менен эриш-аркак жашаган карапайым эле аламандын бири болсом эмне деп ойлоп кетем. Ар кунундун дээрлик жыйырма торт саатын тен копчулуктун коз алдында откозуу кандай оор: эркидигим думугуп,капаска салынган канаттуудай бушайманга тушом. Чындыкты, "арманын жок болсо керек"дегендерден жашырсам да,Кудайдан жана оз абийиримден кантип жашырам? Жада калса, ушул сурагандарга болгонун болгондон айтып коюу укугумдан да ыктыярдуу баш тарткам.Айтылбай ичте сакталган нерселердин азабы кандай кучтуу.Искендер Зулкарнайндын башындагы муйузу тууралуу сырды эч кимге айтпоо убадасын аткарам деп ичи бышып олуп кала жаздап,акыры коздон ыраак,ээн жердеги булакка бар" Искендердин башындагы муйузу ба-а-ар#"деп кыйкырган чачтарач тууралуу аныздын маанисин бала курагымдан тушунгон эмес элем. Мен учун учурунда бир байкуш сезилген ошол чачтарач,азыр ойлосом,бир жагынан мага караганда алда канча бактылуу окшобойбу.Ээн талаага булак издеп жалгыз чыкмай мындай турсун,оз уйумдун короосуна да жансакчыларымдын коштоосусуз чыгууга акым жок. Менин коопсуздугум учун керт баштары менен жооп беришерин тушунсом да,алардын баарын кээде козум корбос тарапка кубалагым келет. Омурумду сатыгы учун эркиндигимди куроогог бергенден коро,алтын башты тобокелге салып,ээн-эркин жашоону самайм.

#2 11 Апрель 2016 - 14:29
Ошентсе да,жумуштагы тартип,мыйзам-
эрежелер жана адамдык ахлагым андай орой болууга жол бербейт.Жансакчыларымдан арылган кундо да мени караган,андыган саныз коздордон,тыншаган кулактардан жана кеп кылган тилдерден кантип кутулмак элем.
Чачтарачты тааныса туугандар,коншулары, достору жана чачын алдырган аз гана адамдар таанышкандыр. Сыналгы,фотоаппарат жана гезит жок Зулкарнайндын заманында чачтарач мындай турсун таанымал инсанадардын деле ондорун копчулукко корсотпой сыр кылып сактоо мумкунчулугу болсо керек.Маалымат каражаттары болуп корбогондой онуккон азыркы заманда мамлекет башындагы туруп эр болсон ошентип кор.Жаны гана эмгек жолумду баштаган жылдары жагдай муктаж кылса"биз кичинекей адамбыз"деп кутулчумун. Кичинеликтин эркиндик деген зор бактысынын кадырын анда кандай тушундум....
Жазсан ичтеги бугун кагазга отуп кетет деп жаш кезимде бир топ гезиттен окуган элем.Ошондон улам акындардын кобу кайтарымы жок суйуулорун кагазга тушурбосо,алардын сезимтал журоктору анчалык арманын ачуу азабын которой албай калмакпы деп ойлончумун ал кездерде.Ошодойбу же ошондой эмеспи бир Жаратканга маалым.Бирок, мен ондогон жылдар бою Жан дуйномо жай бербей келген сырымды кагазга тушурууну чечтим.Антпесем, анын жугун мындан ары жалгыз которой алчудай эмесмин.Жок дегенде кагаз менен болушойун ошол жукту,ошол азапты.Зулкарнайндын чачтарачты учун булак кандай болсо,мен учун актай кагаз ошондой.Чачтарач кычуусу канганча кыйкырып бугун чыгарса,мен ун катпай калем шилтеп,жан адамга билгизбей жашымды агызып женилдейт окшодум.Менин арманым акыркы демим коодонумон чыгып,акыретке сапар алганымча бир саамга да журогумо тынчтык бербесин сезип турсам да,алда кандай умут менен калем сапты колума алдым.Бул жазуумду озумдон башка жан адамга окутайын деген ниетим жок.Бирок,качандыр кимдир-бироонун колуна тушуп калбайт деп ким кепилдик берет?Ошондой да кимге таандык экени онойлук менен билинбегидей кылып жазууну чечтим.Андыктан жерлердин аттарын атабашка аракет кылам,адамдарды ысымдарын озгортом
А эгерде Бул жазуунун мага таандыктыгы билинип калсачы?Анда, аалам боюнча миллиондогон, а балким жуз миллиондогон адам менин сырдашыма айланат.Ошочо адамга айкын болгон сырдын ыйыктыгы калабы?Мени ойлондурганы ушул.
Адамдын сырдашыма саналуу гана болот эмеспи.Менин жападан жалгыз ишенип сыр айтаарым эбак кайтыш болуп кеткен.Калган бир да адамга ишене албайм.Ишенем деп канча жолу оозум куйуп,конулум муздады.Мен учун кадыр-касиети чексиз,ыйык сырлар"бузук телефон"аркылуу чындыкка коошпос булганыч ушактарга айланып,абийир- намысыма доо кетиргенден шагым сынган учурлар коп болду.Адам аттууга ишене албай,кагаз менен калемге кунум тушкону ушундан.Башка эч кимге сырымды жарыя болушун каалабас элем.Сырдуулук- бул менин кубат-кучумдун, таасиримдин жана баа-баркымдын тамыры. Жалган дуйнонун жарыбас алдамчы закымдары экенине кун санап бекем ишенип баратсам да,белгилуу бир себептер менен ошол"кубат- кучум,таасирим жана баа-баркым" учун кам корушум шарт. Башка айла жок...
Жогоруда айтканымдай мен"озумдун кылган аракеттеримдин туболук барымтасында калгансыймын" .Ал барымтадан бошоп,кадимки жузумду,болгон табиятымды коргозсом,башка тугул оз калкым мени туура тушуно албайт. Бери эле дегенде акылыман адашып калгандай кабылдашы турган иш.Андай болгондо,бутундой бир элге баш-коз болууга акым да,мумкунчулугум да калбайт.Канчалаган адамдардын журогуно олкобуздун келечеги тууралуу ишеним-умутуно оз колум менен суу сепкен болом.Ошондуктан, качандыр бир кезде капысынан Бул жазма сенин колуна тушуп калчу болсо,суранаарым мунун менин калемиме таандык экенин эч кимге айта корбо.Жок дегенде эле менин козум тируу турганда Бул сырымды шарданалай корбо.Бул менин отунучум менен аманатым.Отунучтун отоосуно чыкпастык,аманатка кыянаттык кылуу жана бироонун сырын ачуу Жаратканга жакпас иш...

#3 11 Апрель 2016 - 17:02
Ысым.
Жазда байчечекей ачылган кезде,танга жуук торолгон экем.Асман ачык болуп,балбылдап жанган чолпондун кайталангыс керемет карааны апам коз жарган болмонун терезесинен корунуп туруптур.Ал жылдыздын бир башкача бактылуу жымындашы,мемиреген айланага мээрим менен шоола тогушу эми гана толгоонун жан чыдаткыс азабынан арылып,жарык дуйного жаны жаралган наристенин ынаалап ыйлаган унун угуп,чексиз бакытка балкып турган апамдын конулун андан бетер которуп,эсинде туболукко уюп калыптыр.Демейде, конул-оюбуз кымындай да бурулбаган нерселердин канчалык сырдуу жана керемет экенин байкаш учун кээде ошол баланын торолушу сыяктуу озгочо окуянын орун алышы зарыл белем...
Атам уулдуу болгонун укканда кубанычы койнуна батпай,апамдан мандайынан ооп"Алтыным, сенин бул учунчу торотун.Ар бир торогондо аял куноолорунон арылып,периштедей тазарат дейт.Азыр ушунчалык тазасын,Андыктан кылган жакшы тилектерин женил кабыл болот. Балабыз учун асыл тилектерди купуя тилей бер",- дептир. Апаи мага биринчи кезекте аманчылык жана бекем ден-соолук тилептир.Ыймандуу, адеп-ахлагы терен,омурлуу, таанымал жана кадырлуу инсан болушуму каалап Жаратканга кайра-кайра жалбарыптыр. Ошол тандагы кундун алтын нуру,гулу эми гана бажырая ачыла баштаган бадамдын терезеге тийип турган бир шингил шагын аралап отуп,жанында уктап жаткан менин жузумо чагылышканы да апамдын эсниде коонорбос болуп калыптыр.Ага жарык дуйного келген наристенин Кудайдын буйругу менен танкы жылдыз жана танкы кун удаама-удаа тосуп алгандай сезилип,эреркип конулу осуптур. Ошондон коп отпой кун бурколуп жамгыр башталып,уч кун тынбай жааптыр." Бата менен эр,жамгыр менен жер когорот" деген макал оюнан кетпеген апам мен учун эн бир аруу тилектерди ичинен тилеп туруптур...
Чон атам мени Баатыр деп атоону сунуштаптыр. Каргашалуу согуш жаны гана аяктап,кан куйгон майданда Ата-Журтту коргогон баатырлардын атак-данкы таш жарып турган мезгил болчу экен. Бейпил турмушта болсо деле эр азаматтын Баатыр болушун кайсыл ата-эне каалабайт.Ар замандын,ар бир доордун оз баатырлардын болот эмеспи. Омурундо бир адамдын канын токпогон,бироогог курал которбогон Мухтар Ауэзовду,Чынгыз Айтматовду ким баатыр деп атабайт?
Дагы бироосу баланы Нооман деп атагыла деп кенеш айтыптыр.
Биздин уй-булолук салтыбызда, балага чон атадан озунуп эч ким ат кое албайт.Бирок, апам мага озу каалаган атын бергиси келет.

#6 16 Апрель 2016 - 11:12
А мындай мумкунчулук бар болчу,анткени менден улуу агам менен эжемдин ысымдарын чон атам ыйгарган.Апамдын акылында мага арналган эки ысым болуптур:биринчиси Тазажан жана экинчиси менин оз атым.Тазажан дегени,мен торогондо уч кун тынбай жамгыр жаап жатпайбы.Жазгы жамгырдан кийин аба да,теребел да тазараарын,
жашылданаарын ким билбейт.Анан да сырткы жана ички тазалык-бул бакыттын башаты,кубанычтын кенчи,журоктун жана жан дуйнонун сулуулугу,нуру жана бейпилдиги экенин,озундун гана эмес жакындарындын келечек урпактарындын тамырына куюлган мурок суу сыяктуу болорун насили таза апакем терен тушунсом керек.
Оз ысмым болсо мен торолгон танда кулуп турган чолпон менен,кулуп чыккан кундун элестери элжиреткен апамдын журогунон акылында аян болуптур. Экоо тен шоола чачып аткан тандын жарчысы,белгиси жана корку сынары эмеспи.Шоолада жарык да сулуулук да тазалык-бул да бар.Кун шооласы болсо жылуу жана асмандан нуру жеткен жердин баарына тегтз тиет.Канчалаган зыяндуу заттарды кум-жам кылуучу касиеттери бар.Шоола болбосо козго сайса корунгум карангылыкта кантип жашайт элек.Атымдын биринчи болугунун манызы жана сыры ушундай.Шооладай касиетке ээ чыгаан азамат болсун деген энелик аруу тилектин акыбетинде, атымдын экинчи болугу косом,калемгер, баатыр дегенди туюндурган соз менен аталыптыр.Бул ысымды айтмакчы, сунушталган ысымдарын ичинен атам тандап калыптыр.Ал чон атам барып уруксат сураптыр:
-Ата,ушул уулума бул ысымды берсек болобу,кандай дейсиз?
###Чон атам бир аз ойлонуп туруп:
-Жакшы ысым тандапсын уулум,балан ошол атка татыктуу эр-азамат болсун.Кудайым омуруно-ырыскысына береке берип,бактысынын ачсын,-деп алакан жайып батасын берген экен.
###Балага ат коюу кандай сыймыктуу да,жоопкерчиликтуу да,татаал да озуйпа. Болгонун бир гана соз,бирок анда не деген гана терен маани,аруу тилектерин камтылган. Кээде,откон тарыхка болгон урмат-сыйды, таазим этууну,кээде келечектен умут-кыялдарды чагылдырат. Бир гана соз...Бирок создан да эпкини,кудурети болоорун ким билбейт. Ошондуктан, ат коюп жатканда периштедей ошол атка жарашыктуу бол деп бата беришет деген ишеним бар элибизде.
###Кээде "Мага оз ысмым жакпайт" дегендерди кезиктирип калам.Менде андай сезим эч качан болгон эмес.Ал тургай алгачкы жолу чет олколорго чыга баштаганда, чет элдик оноктошторум, досторум" атын узун айтууга кыйын экен"дегенде да...Бул сейрек кезигуучу ысым,анткени менин тагдырымдын бир болукчосу.Аны аздектеп бийик сактоо ниетим мени ар бир кадам жасоодо,иш-аракет баштоодо жана чечим кабыл алууда ушунчалык жоопкерчиликтуу, чынчыл,калыс жана намыстуу болууга ундойт

#8 01 Июль 2020 - 11:40
Балалык
Мен айылда төрөлүпчоңойдум. Согуш аяктап, адамдар аз жерден урап кала жаздаган өлкөнү калыбынакелтире баштаган замандагы айыл турмушу бир жагынан абдан оор, экинчи жагынаношончолук кызык эле. Оор болгону – канча эр азаматтар согуштан кайтпай калды,канчаларынын өлүк-тиригинен кабар жок. Ошолордун жакындарынын кан жутканкайгыруусу али унутула элек болчу, үзүлбөгөн үмүттөрү али бүлбүлдөгөн биликтинсыңары өчпөй жанып турган. Ал эми айылга эсен кайтып келген жоокерлердин да баарынынэле алты саны аман эмес эле. Колунан, бутунан, көзүнөн ажырагандар, акылына доокеткендер, нерви жабыркагандар, денесине октун сыныктары кайра чыкпас болупкадалып калгандар бир топ болчу. Аман келгендеринин айрымдары аларды күтпөйтөркүнүнө качкан же башка эрге чыгып кеткен жубайлары кароосуз калтырганкороо- жайларынын жөргөмүштүн желелерине толуп, чөп басып, чаң кабатталып, кут-кунары учуп турганын көрүп шактары сынып, баштары шылкыйгандарын айтышат.Эр азаматтар азайып кеткендиктен бойго жеткен көптөгөн кыздар теңин таап турмушкура албай, кара далы атанышса, башкалары үчүн «чегиңе түшсө чекчейбе» дегендейатасындай адамдарга баш кошуу кадыресе көрүнүш болуп калган экен. Он гүлүнүнбири ачылбай, арзып алгандары менен денесинин кызыгы, төшөгүнүн ысыгы кете элекжаш жесирлер тагдырын элестетүүнүн өзү кандай оор. Иши кылып, болгон алааматтынкесепети тийбеген айылда эч ким жок эле. Мындай шартта пендени адашууларданбекем ыйман гана куткарбаса, коомдо пайдасынан касырети ашып-ташканкылык- жоруктар орун ала берет тура. Адамзатынын бир тобу алсыздыгына барып,кулагына шыбыраган шайтандын акылын эш тутуп, жолдон оңбогондой эле жаңылатэкен. Деген менен согуштан кийинки биздин айыл, жалпы жонунан, ошол сыноолордонабийир менен өтө алды. Эл-журтубуздун нарк-насилин, ынтымагын, ар-намысын жанаберекесин ошондогу адамдардын басымдуу көпчүлүгү корккон жана сыйлаган уятдеген улуу түшүнүктүн бардыгы жана бекемдиги сактап калса керек. Азыр бардыгыжетишип турган бейпил заманда уятты унуткандар көбөйүп барат, аттиң.

#9 01 Июль 2020 - 11:54
Жашоонункызык болгону – биринчиден, кан күйгөн согуш токтогон. Эртең алда кандай күн болупкетет деген такай кооптонуу сезими артта калып, келечекке болгон асыл үмүттөркайрадан чыккан күндөй жаркырай баштаган. Бейпилдик жана амандык деген эчкандай жасалгасы жана асеми жок, өзү эле чексиз ырыскы экенин алаамат согуштунайтып бүткүс азабын баштан кечирген ар бир үй-бүлө, ар бир адам терең түшүнүптурган. «Ач отур, бирок тынч отур» дегендей, тынчтыкка бар байлыгынайырбаштаганга даярлар четтен чыккан учур эле. Ушул бейпил турмушоту курабыздеп айылдын ар бир адамы бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, кара жанынкарч ура иштеди. Бирди тапса, миңи бөлүшүп жешти. Ошентип, төрт жылга созулган согуш, бир жагынан, адамдардын бир туугандык сезимин жанабиримдигин күчөтүп койгон эле. Ошол сезим, ошол биримдик жашоону кызытты, согуштункайгы- касыреттерин акырындап унуткарып жатты. Эңсеген жарын наздана карап,эркелеп талаа жумушуна ээрчип бараткан келиндерди көрүү да, майыптар мененкарыган абышкалардан башка эркек аттуунун баары фронтко кеткендиктен унуттакалган эле. Тынчтык орноп, кайрадан андай ээрчишкен түгөйлөрдү күндө көрүүгөкөз көнө баштаган. Ошентип жашоо кызыгына батып бара жаткан…
#11 04 Июль 2020 - 19:42
Менин апам да жары согуштан аман келген бактылуу аялдардын бири экен. Атам 1943-жылы согушка кетип, 1945-жылы жаздын аягында кайтып келиптир. Төрт жолу жаракат алгандыктан согуш аяктаганга чейин эле аскердик милдетин өтөөдөн бошотулуптур.
Алаканынын тушундагы күрөө тамырлар арасында жана билегинде кадалып калган бомбанын сыныктары өмүрү өткүчө сыздатып жүрдү. Айрыкча,катуу суукта колунун ошол жерлерин ушалап, кабак-кашы жазылбай көпкө олтурчу. Мурда ачык-айрым мүнөздүү киши согуштан келгенден кийин кыжыры тез келип,ачуусун кармана албай калчу болуптур. Дээрлик үч жыл өмүр менен өлүмдүн ортосунда кыл чайнап, жамгырдай жааган ок алдында жашоо кечирүү темирдей мүнөздү деле жешип тынат тура. Апам, ошон үчүн, атамдын ачуусуна тийип албайын деп аябай абайлайт эле.
Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 04 Июль 2020 - 19:43
#12 04 Июль 2020 - 19:50
Мен ата-энемдин согуштан кийинки көргөн биринчи перзентимин.
Бир жыл эки ай ата-энем өздөрү багып, андан кийин эрмек болсун депчоң атам менен чоң энеме беришиптир.
Бир жашымда апам бир айлык окууга борбор калаага мени кошо алып барыптыр. Калаага жеткенден баштап ыйлаган бойдон токтобой коюптурмун.
Кайра аргасыз артка кайтып, айылга жеткенден кийин гана ыйлаганым басылып, апам менен иши жок ойноп калыптырмын.
Балким, ошондо аба ылгап, жер тандап калсам керек. Балким, балалык назик сезим менен шаардын айылдыкынан алда канча булганч аурасын сезип, кабыл ала албай койсом керек. Же киндик кан тамган жердин касиети ошондойбу? Азыр да ар мүнөт сайын айылыма тартылып турам. Кээде баарын таштап коюп, бир саатка болсо да барып, абасынан кере жутуп, мемиреген жымжырттыкта жайсаң чөбүнө чалкалап, асманды карап жалгыз жаткым келет. Ошентүүгө да үч-төрт жылда араң бир жолу убакыт табам.
Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 04 Июль 2020 - 19:51
#13 04 Июль 2020 - 19:57
Апам окуудан кайтып келгенден кийин атам экөө эс алганы тоо тарапка бир досунукуна барышыптыр.
Ошол үйгө ал күнү шаардан бир диндар, такыба өзбек молдо конокко келген экен. Сакалын ак аралай баштаган салабаттуу ал адам мени жакшы көрүп кечке колуна көтөрүп жүргөн экен. Ошол түнү аябай катуу ооруп, этим алоолоп ысып, кирпик какпай ыйлап чыгыптырмын.
Апам көзүнүн жашын көл кылып, Кудайдан мага шыпаа тилеп, суу менен улам бешенемди, денемди сүртүп, көтөрүп таң аттырса, демейде кайраттуу, бир сырдуу жүрчү атам да чый-пыйы чыккан чымчыктай айласы кетиптир. «Ошондо сага тигил молдонун эле сугу кирген болуш керек», - деп апам көп кайталачу. Ал окуядан кийин эл көрчү жерлерге апам эски кийимдеримди кийгизип, бетиме бир аз көө сүйкөп алып барчу болуптур.
Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 04 Июль 2020 - 19:57
#14 04 Июль 2020 - 20:09
Ошол дарттан сакайгандан кийин чоң атам мага жанабардык неберелерине арнап кой союп, дасторкон жайып, молдолорду топтоп, элди чакырып түлөө өткөзүптүр.
Атеисттик идеологиясы күч алган бейоопа заманда балдарды окуткан мугалим болуп туруп түлөө өткөзгөн жерде жүрөт деген сөздөн коркуп, апам мени колуна көтөрүп, үйгө кирип бекинип чыкпай коюптур. Дал эл агылып келип жаткан маалда көзү илинип кеткен апамдын жанынан тамтаңдап басып түлөө өтүп жаткан короого кетип калыптырмын.
Ойгонуп кеткен апам мени жанынан таппай терезеден шыкаалап караса, кирип-чыккандарга таңыркап, эл топтолгон жерде жүргөн экенмин. Бирок, апам жаныма келе албаптыр. Анткени, көрүп калгандар ушактап койсо мектептин жетекчилиги түлөөдө жүргөндүгү,
демек, «улуу партиянын көсөм принциптерине шайкеш келбеген эскичил кылык-жоругу» үчүн чогулушка салып, абийиримди кетирет деп коркуптур. А балким, партиянын катарынан чыгармак. Атам да ошондой эле кооптонуу менен жумушунан келбей коюптур. «Дин – элдин башын айланткан апийим» деген сөз улуу ураан катары мектептердин дубалдарына бадырая жазылган ошол доордун адамдарга тийген кесепет-кесири ай… Мен ооруганда оозунан Кудай деген сөз түшпөгөн апам менен атам, ошентип, Кудайга жакындыгын жашырууга аргасыз болуптур.
Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 04 Июль 2020 - 20:10
#16 09 Июль 2020 - 14:21
#17 10 Июль 2020 - 07:14