_Jalgyzym_ (07 Июль 2020 - 01:05) жазган:
28 жыл кундой жылуу мээрим, дениздей чалкыган чексиз суйуу, кубаныч, бакыт! Бейишим менин, бул кун менин эмес, сиздин майрамыныз. 28 жыл мурун дал ушул куну олум менен омурдун ортосунда мени жарык дуйного алып келгенсиз. 28 жыл бою ушул кунду ошондой толкундоо, ошондой кубаныч менен козго жаш алып айтып бересиз. Ошол куну, жок коп жыл куттуруп анан мен пайда болгон кундон баштап кандай бакыт менен кутконунузду, анан биринчи колунузга алып боорунузга басканынызды эстеп, кудум ал убактагыдай бактылуу болуп суйлоп бересиз. Омурунузду тобокелге салып мага жашоо бергениниз учун рахмат. Апакем, мени кечирип коюнузчу конулунузду оорутсам.((( озумду кыйнап кээде ыйлап калсам дароо сизди эстеймин. "Мени апам ушундай кыйналсын деп, же кайгырсын деп, жашоого нааразы болсун деп омурун ортого коюп жарык дуйного алып келген эмес!" - деген ойлор келет. Аппппооов, сизди жакшы коромун, жашоо учун рахмат! Ден соолугунуз жол бербей турса да, менин жашоом учун курошкон сиздин мээнетинизди эч качан актай албайм. Бирок аракет кыламын. Сиздей эн жароокер, эн сулуу жанда жок мээримдуу аялдын кызы болуп ушул куну торолгонумо чексиз шугур! Атам менен сиздин изинер болуп калганыма шугур! Сиздердей журогу тоо, жан дуйнолору таза бирин-бири дайым колдоп суйгон, жолоп таяган адамдардын кызы болуп торолгонумо сыймыктанамын! Атам менен апам дайым ушундай ээрчишип журсонуздор экен. Аппппооов баягы эле биринчи болуп озунуздор чалдыныздар "сары гулум туулган кунун менен!" - деген созду угуп бактылуумун.