09.05.2020 Улуу жениш майрамына 75жыл.Бизди ушул кунго жеткирген аталарыбыга таазим.Жаш кезде кадимкидей ушул кунго даярданып, кутот элек. Ал кезде майрамдын тупкуруно тушунбосок да озгочо шан менен тосот элек. Майрамдыкка деп ар бирибизге 5 сомдон берчуу, ошол акчанын берелуулугун,
баардыкты алып жечуубуз го чиркин...
КҮНДӨЛҮК... Ар бир күн форумчунун көзү менен
#5661 10 Май 2020 - 02:33
Ал мени итсин деди,ооба дедим,
Жон гана тээрикпестен кулуп туруп.
Не кылам аны менен жаакташып,
Мен анын ит экенин билип туруп.
Жон гана тээрикпестен кулуп туруп.
Не кылам аны менен жаакташып,
Мен анын ит экенин билип туруп.
#5662 10 Май 2020 - 16:35
Күндөлүк, мен 9-классты кайсы жылы бүттүм??? таак 2012-13-жылы бүттүм э. Айылымдан ошондо кеттим э? Ошол бойдон бүгүн айылымды биринчи жолу жөө аралап бастым. Келип эле турам дечи, техниканын өнүккөн заманы, жөө бастыра койбой машине мн жеткизип турчу атам... Бүгүн жөө бастым, дүкөнгө бардым, балалыктагы жолдорумду сагыныптырмын.
Мектепке да дал ушул жолдор мн басып барчубуз. Баягы эски үйлөр жок. Чаңыган жол да жок. Жол асфалть, жаңы салынган үйлөр. Унутупмун кайсы үй кимдики экенин да. Аа баса, көпүрө, кичинекей көпүрө кыйчылдап араң турчу. Ата-энелерибиз жайкысын суу улуулаганда жетелеп өткөзүшөөр эле. Түшүп кетпегиле, суу агызып кетпесин деп. Жаңыланыптыр.
Тим эле бийик, сонун көпүрө салып коюшуптур. Эс алып калдым жөө басып.
Баарынан кызыгы мында Күндөлүк. Жолугуп калдым. Жок, өзү. Өзү аркамдан басып келди. Саламдашты. Алик алдым. Дүкөнгө чейин кошо барып үйүмө чейин жеткизди. Өткөн-кеткенди сүйлөштүк. Капа болуп, таарынып калган экен. Кайдан билем мен анысын. Таштап кеткен өзү болбосо. Мен эч нерсе деген эмесмин да ага. -Мен эч нерсе дебесем деле, эч нерсе кылбасам деле "мени унута аласыңбы" дегенсиз го дедим.
-А сен ойлонбостон "без проблема" дедиң го
-Омиий ошентип айтып атсаңыз не демек элем анан???
-Эмнеге деп сурап да койбодуң го.
-Эмнеге сурамак элем? Көңүлүңүз калган соң ошол сөздү айттыңыз да.
-... Калбай эле, сүйүп баштадым эле сени, мурдагыдан да жакшы көрүп баштадым эле. Сен мага көңүл бөлбөй койдуң. Сүйөм деп жазган смстериме деле маңдайыңа келип айтсам деле жылмайып койгондон башка эч нерсе кылбай койдуң. Бир да жолу мен дагы сүйөм деп айтпай койдуң. Балким унута аласыңбы деп сурап көрсөм сүйөөрүн айтаар десем ансайын көңүлүмдү чөктүрдүң.
-Билбесем.. 15 жашта экен элем ал убакта, жаш элем да. Сүйүүнү түшүнбөсөм керек. Кантип сүйгөндү билбесем керек эле. Ошого ошентип жооп берсем керек да.
-Балким. Чын эле оңой эле унутуп койдуңбу мени?
-ха-хаа Сизди кантип унутайын. Жаштык кез бойдок кез. жападан жалгыз жигитимди кантип унутмак элем. Сүйүү деген нерсени билбесем да жигит деген түшүнүктү билгемин да.
-Жалгыз???
-Ооба жалгыз. Сизден башка жигит болгон эмес да менде. Кийин эле күйөөм пайда болду жактырдым жигитим болду анан күйөөм болду. Күйөөмө чейин бир эле сиз болгонсуз да.
-Сени көп аңдып жүрдүм. Күйөөгө тийгенден кийин деле үмүт кылып жүрдүм.. Балким ажырашып кетип келип калса, дагы аракет кылып көрмөкмүн деп.
-Жинди болбоңчу. Кудай сактасын ажырашпай калайын. Тооба деңиз да аялыңыз мн жөн жашаң!
-Сен кызыңды төрөгөндөн кийин анан үйлөндүм. Ага чейин жиндидей эле сени унута албай.
-Кызымды да билеспи??
-Билбей анан? Уулуңду да, күйөөңдү да, кайын журтуңду да билем.
-Кайдаан?
-Аңдып жүрдүм дедим го.
-Эмнеге?
-Болду сураба. Эмнеге экенин билесиң. Эми бактылуу болуп жашайлы. Сен бактылуу бол баарынан.
-Сиз да..
Ушинтип коштоштук. Тообо. Таптакыр маани бербегенмин да. Катуу сүйгөн экен да. Кайдан билдим анысын. Сүйүү эмне экенин кайдан билди дейсиң мени ал убакта. Оюнга, күлкүгө тойбогон убакта өзү жазган агенттен. Армияда болчу анда. Ошол жактан жазчу. Түнү мн 11ден соң чалат эле, жазат эле. Сүйлөшчүбүз. Сүйүү сөздөрүн арначу экен эле азыр эстесем. Мен сүйбөйт белем же чын эле сүйүүнү билбейт белем? Азыр эстесем түшүнө албай турам. Жаңы жылда отпуск алып келдим деп келген. Биринчи жолу жолукканбыз. Мектепке барган. Нени сүйлөшкөнүбүздү эстей албайм. 1 жума айылда туруп кайра кеткен да биз 9-классты бүтөөрдө май айынын аягында келген. Тосуп аласыңбы деген. Жок дегенмин. Тосуп алганы барган эмесмин. Эстесем таарынчаак экен эле. Таарынган тосуп албадың деп. Апаларыңдын көзүнчө кантип бармак элем дегенмин. Күнүгө мектептен чыксам мектептин алдында күтүп тураар эле. Үйгө жеткизип бараар эле. Биздин үй кыйла эле алыс да мектептен. Балмуздак жеп же семичке чагып кетчү элек жолдо.
Ошол биз жолуккан акыркы күн... Кечинде кошуна досумдун ата-энеси бир жака кеткен. Досумдун үйүндө түнөгөнмүн. Ал жигитине жолугууга чыкканда. Мен да аны чакырганмын. Айылдын алма багында сүйлөшүп олтургагбыз. Коштошоордо баягы сөзүн айткан. Ошол бойдон жолукпай да, сүйлөшпөй да калган элек. Жакшы бала экен эле эстесем. Колумдан кармаганы эле болбосо таптакыр жакындачу эмес. ооз эмес бетимден өпкөн эмес...
Ыраазымын. Ушул күнгө да, ошол күнгө да...

#5663 10 Май 2020 - 17:25
Биздин мектепти бутконубузго 12 болду. Балдар беш минден кыздар 2 минден чогултмай болгонбуз. Аныда урушуп талашфп журуп балдар аран макул болушкан. Конбой кыздарда бештен бересинер деп бир топ болгонбуз. Эми минтип карантин деп акчаны чонтоко катып пысмыйып отуруп калдык. Дагы жакшы 12 жылдык 15 жылдык кандай отоор экен бу кетиште. Негизиле ынтымагыбыз илгертен жок эле.
#5664 23 Май 2020 - 23:32
Секунд, минут, саат тык-тык, тык -тык каарып атабыз, жакындарыбызды жоготуп атабыз, эч кимимди жоготкум келбейт, баары аман болсунчу, мен силерге садага болойун.
#5666 08 Август 2020 - 12:50
Анан ошо… Антип-минтип көз ачып-жумгуча 7 жыл өтүп кетиптир...
В каждой шутке есть доля правды...
#5667 19 Август 2020 - 23:07
Мага жамгырдын үнү жакпайт.. Попробуй эми ушул "быдыр-быдыр"
үн менен уктап көр..
Мен кичинемден абсолюттук тынчтыкты, караңгылыкты жана жалгыздыкты сүйүүчүлөрдөнмүн. .
Мен кичинемден абсолюттук тынчтыкты, караңгылыкты жана жалгыздыкты сүйүүчүлөрдөнмүн. .
В каждой шутке есть доля правды...
#5668 20 Август 2020 - 09:06
Кызымда токсикоз деген кандай болот экен дечүмүн, эми аябай кыйнап жатат (((Качан өтүп кетет а?!
#5669 20 Август 2020 - 10:29
Baktyluu_bolgum_kelet (20 Август 2020 - 09:06) жазган:
Кызымда токсикоз деген кандай болот экен дечүмүн, эми аябай кыйнап жатат (((Качан өтүп кетет а?!
Ар кимдики ар кандай экен.
Эжем төрөөр төргөнчө кыйналгам дейт.. Көпчүлүгүнүкү 12-14 жумалыкта токтошу керек имиш.
Бала менен күйөө үчүн отко кирип күл болуп чыгабыз го аялзат…)
В каждой шутке есть доля правды...
#5670 20 Август 2020 - 10:32
Мен бүгүн жүрөктөрдүн дабышын угуп келдим. Ту-дуф, ту-дуф деп тез-тез согот экен. Мен кайрадан сүйүү отуна түштүм окшойт. Көрө элек жатып сүйөм, жана өмүр бою..
В каждой шутке есть доля правды...
#5671 20 Август 2020 - 13:32
Sweet-Lika (20 Август 2020 - 10:32) жазган:
Мен бүгүн жүрөктөрдүн дабышын угуп келдим. Ту-дуф, ту-дуф деп тез-тез согот экен. Мен кайрадан сүйүү отуна түштүм окшойт. Көрө элек жатып сүйөм, жана өмүр бою..
Сонун сезимдер .... ммм соз менен тушундуро алгыс сезимдер. Ал сезим ар бир балага озунчо, озгочо эмоциялар менен коштолот. Экинчи, учунчу балдарымда УЗИге барып, экрандан коруп, козумо жаш алсам ай келин биринчи бала ушундай ширин болот деген. Ой жоок эже, тогузунчу, онунчу бала деле башкача ширин болот деген элем.
#5672 28 Август 2020 - 11:27
Supsuluu (20 Август 2020 - 13:32) жазган:
Сонун сезимдер .... ммм соз менен тушундуро алгыс сезимдер. Ал сезим ар бир балага озунчо, озгочо эмоциялар менен коштолот. Экинчи, учунчу балдарымда УЗИге барып, экрандан коруп, козумо жаш алсам ай келин биринчи бала ушундай ширин болот деген. Ой жоок эже, тогузунчу, онунчу бала деле башкача ширин болот деген элем.
Албетте ширин болот да.
В каждой шутке есть доля правды...
#5673 29 Август 2020 - 00:20
Менин эжем бүгүн дагы тээ илгерки кездегидей болуп жардам берди. Мынча неге алтын адамсыз. Аман эсен болуңуз. Адамдагы бүт жакшы сапаттардын баары сизде бар. Чындыгында сизге Аллах ыраазы болсун!
#5674 02 Сентябрь 2020 - 17:12
Мен бугун озу бир жакшынакай эле журдум эле, эжем бир нерселерди жазып, жарамды тырмап койду.. Эми алаксый албай атам.. Отурсам-турсам оюмда сиз Апа... Сагындым... Кыйратып кино корсомм, ал жакта дагы качандыр бир убакта коз жумган апасы тируу болуп калат имиш экен.. Мне бы такой случай...
В каждой шутке есть доля правды...
#5675 02 Сентябрь 2020 - 17:15
Я совсем не хочу плакать, но слезы сами льются. Теперь вот думаю как прийти в себя до прихода мужа...?
В каждой шутке есть доля правды...
#5676 02 Сентябрь 2020 - 17:18
Мен жакшы адамдардын курчоосундамын негизи, коз тийбесин, бирок, жан дуйнонун жалгыздыгынан жакында акылыман айныбасам болду...
В каждой шутке есть доля правды...
#5677 04 Сентябрь 2020 - 16:52
Ушунчалык уйкучу болуп кеттим.. Мурда 6-7де үйгө келип, тамак кылып, нан бышырып, кир жууп, үйдү влажный уборка кылганга жетишчү экенмин. Азыр болсо эртели-кеч жатам соолуп. Уйкум эле келет...
Мендей уйкучу болбой, атаңардай сергек болгула дееп коюп жүрөм.
Тобоо, ушунчалык сергек, аж бир жолу түндө (өзү 4-этаждабыз) уктап жатсак, жолдогу машинесин сүзүп кеткенин сезип, ойгонуп, атып туруп, мени кошо чоочутуп, ылдый жүгүрүп түшүп, сүзүп кеткен кишини кармап калганга жетишкен эй)). Өзү дворго эле киргизип токтотсоңчу дегенди укпай, терезенин түбүнө жолго токтотчу эле да.

#5678 06 Сентябрь 2020 - 00:25
Бүгүн лексиконго прокрастинация деген сөз кирди. Эмнеле болуп жатам деген ойлор басып жатты эле,болбосо.
Эми жеңиш керек ушуну. Өзгөчө жумушка тиешелүү болсо же окуума, эртең кылам, анан окуйм, дүйшөмбүдөн баштап тооошно деп
#5679 18 Сентябрь 2020 - 04:48
Ошоо,
түндө бир маал туруп, чай-пай ичкен өнөкөт болуп алды.. Саат 2де ойгонуп алыпмын, уктап калаармын деп көзүм жумуп жата берип, башым ооруп кетти. Саатты карасам 4төн өтүптүр. Болбойт экен деп, туруп келип чай ичип отурган кербезим...
И вот что… Мне интересно: что соседи делают на лесничной площадке ночью...? Качан турбайын бир нерселерди калдыратып жүрүшкөн болот…
И вот что… Мне интересно: что соседи делают на лесничной площадке ночью...? Качан турбайын бир нерселерди калдыратып жүрүшкөн болот…
В каждой шутке есть доля правды...
#5680 29 Сентябрь 2020 - 02:22
Жашоо, күндөр ушинтип өтө берет экен да шашып эле.
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.