jindirak (03 Декабрь 2020 - 15:52) жазган:
Кызып атат жаным тездет
*****
-Ильяз канча убакыт өттү? - деди жанында олтурган досу Акыл.
-Алты жыл.
Ильяз ошол компьютерге үңүлүп эки кашын бириктире аябай берилүү менен бир нерсени издеп аткандай,досуна көңүлсүз жооп берди.
-Воо, алты жыл. Аныңдын бир дайынын билбей эле издей бересиңби? Өткөн алты жыл ичинде Кыргызстанды түрүп ийдиң го. Ары дегенде Баткенден бери издеттиң. Билинсе бир жиги билинмек ушул күнгө чейин.
-Биз билбеген тоолордогу айылдар кемби Кыргызстанда Акыл? Ар бирин аңтарып чыкпадык да, - деди Ильяз ошол калыбынан козголбой.
-Жок,макул ошончо болду эгер сени сүйгөндө өзү деле бир дайынын айтмак да туурабы? Же силер келишип алгансыңарбы периң менен. "Мен жашынам сен тап" - деген талап койду беле?
-Жөнчү адамды күлдүрбөй.
Ильяз досунун кебетесин көрүп жылмайып алды.
-Чын да. Карасаң эми социалдык сайттар калбады сен кирбеген. Алимова Асел! Тогуз жүз токсон тогуз Асел чыгып турат. Мунун кайсынысы сенин периң экенин кайдан билесиң? Жарымынын сүрөтү жок!
-Жүрөгүм менен сезем!
-Койчу, сенин могу түшүнбөгөн өжөр жүрөгүң бир нерсени сезгенде качан эле "Ильяз, Асел үйлүү жайлуу болуп, балдары менен бактылуу бапырап жашап жатат, мен сезип жатамын!" - демек да "тиги Айжанды эле сүйүп алайын" - деп айтмак.
-Балким, Асел бир жерде мени күтүп жүрсөчү? Жардамга муктаж болсочу?
-Ээй азыр деген 21- кылым. Өнүккөн заманда жашайбыз. Төрөлгөн баладан бери колунда телефон.
-Мүмкүнчүлүк болбой аткандыр такыр... - деди Ильяз чындап эле кабатыр үн менен.
-Эмне кулчулук дооруна түшүп калды дейсиңби аныңды?
Акыл чындап жини келе сүйлөп жатты.
-Бир аз жашоого реалдуу көз менен карачы Ильяз? Кыялыңдагы Аселди издеп жаныңда сени чындап жакшы көргөн адамдарды байкабай калып баратасың. Жашоонун кадимки күнүнөн ырахат алып жашай элексиң. Качан болсо шашып ар жакты кыдырып, башың кагаз архивтер менен компьютерден көтөрүлбөйт. Алты жыл издедиң, балким жетишер. Тиги Айжандын деле көңүлүн муздап бүтмөй болдуң, же ал байкуш сенден үмүтүн биротоло үзсөчү. Мына дагы сага келди, - деген Акыл эшик оозунда буларды карап турган Айжанды көрүп ордунан турду.
-Кандайсыңар жигиттер?
Айжан бөлмөгө кирип булар менен учурашты.
-Макул мен кеттим, бүгүн кезектемин, - деген Акыл экөөнү таштап чыгып кетти.
-Эмне болду? Кабар барбы? - деген кыз колун акырын Ильяздын желкесине койду.
Айжандын үнү мээримдүү чыкты. Ильяздын кулагында жанатан досу айткан сөздөр калып кетип таасир эттиби же чын эле чарчадыбы Айжанга жүзүн буруп абдан маани берип карап жатты.
Тунук жүзүнө жарашып турган мурду, оозу,бажырайган көздөрү. Анан да жанда жок жароокер. Мээримдүү жылмайып турат. Ильяз окууга тапшырган жылы эле экөө мамилелери ,көз караштары келишип ынак болуп кетишкен. Окуусу милиция болгондуктан тайпада көбүнесе эркек балдар, кыздар аз гана санда. Айжандын атасы өзү орган кызматкери болгондуктан кызы атасынын жолун улап тапшырып калыптыр. Эки агасынан кийин жалгыз кыз болсо да тайраңдап эрке эмес. Сүйлөгөн сөзү ордунда, абдан жөнөкөй жан. Дос болушканы канча жолу Ильяздын үйүнө келип Салима энеге кол кабыш кылып кетип жүрдү. Экөө жанаша жүргөн күндөн эле кыздын Ильязда көңүлү бар экени өзүнө эле эмес, айланадагы бардыгына байкалган. Бирок Ильяз Асел жөнүндө көп айтчу. Жада калса экөөлөп издеген күндөр болду. Айжан кээде " ээхх ушул кыздын ордуна мен болуп калсам эмне?" - деп тамаша чыны аралаш Ильязга тийишип өтчү. Кыздын өзгөчө сапаты бар, ал башка адамдардын сезимдерин сыйлоону билет. Сүйүп турса да кызганып жулкунбай, кайра жардам көрсөтүп издешип келген. Ары жагынан эле ушундай сабырдуубу же Ильяз үчүн сабырдуу болгонго үйрөнгөн беле...
-Эээй?
Маңдайында күлүп турган кыз колдорун булгап Ильязга сүйлөдү.
-Эмне болду сага? Дагы Аселди ойлоп жатасыңбы?
-Чарчадым. Бир аз басалычы...
Ильяз Айжандын колун кармады. Жигиттин эч качан мындай аракетин көрбөгөн Айжандын толкундангандан жүрөгү апкаарып, жүзү албырып чыкты.
-Ии макул, анда мен формамды алмаштырып алайын.
-Сыртта күтөм, - деди Ильяз.
Борбордо кыш. Кеч кирип, көчөнүн жарыктары жандырылып андан майда жумшак себелеп жаткан кар укмуш көрүнөт. Эки караан сейил бакты аралай басып баратышты. Күн жылуубу же Айжандын жүрөгү жанып ичине түшкөн оттон ысып жатабы белгисиз, үстүнө кийген пальтосунун алдын ачып алган.
-Керемет! - деди Ильяз бир убакта жүзүн жаап жаткан карга тосуп.
-Чын эле.
-Кар сонун жаап жатат негедир.
Айжан жигитти таң калып карап турду. Күндөгүдөн такыр башкача бүгүн.
-Кар жылда эле ушундай жаайт, - деди Айжан күлүмсүрөп.
-Ээк сени. Романтик болоюн десе бузасың да, - деген Ильяз күлүп кадамын улады.
-Ильяз айтсаң эмне болду?
Бир убакта Айжандын чыдамы кетти көрүнөт алдын торой калып, жигиттин маңдайында туруп сурады.
-Эмне болуптур?
-Сен башкачасың? Эмне жаман кабар уктуңбу Асел жөнүндө? Же кайгырып жатасыңбы? Табылат да Ильяз, сен жеңилбе да.
Айжан чын дилинен камкорлоно сүйлөп жатканын көрүп Ильяздын жүрөгү элжиреп кетти. Маңдайында турган кыздан эки кадам артка таштап алыстады. Айжан так эле жол боюнданы көчөгө жарык берген жол чырактын астында турган экен. Андагы жарыка чагылып түшүп жаткан бүртүктөрү менен Айжандын бул турганы өзгөчө кооз көрүндү.
-Эң сонун кадр! - деген Ильяз чөнтөгүнөн телефонун алып кызды тартты.
-Ильяяяз?!
Ильяз кайра Айжанга жакын келди да:
-Айжан кел бүгүн башка нерселер жөнүндө сүйлөшөбүз? - деди.
Айжан эми көрдү жигиттин көзүндөгү жашты.
-Бүгүн бардык нерсе жөнүндө сүйлөшөбүз, Аселден башка... - деп кыйкырган Ильяз алдыга басып баратты. Жанында унчукпай Айжан келе жатат.
-Айжан? - деди бир убакта Ильяз.
-Ооу?
-Адатта жолугушууга чыкканда ресторанга тамактанганы алып кирет экен жигиттер. Мен антпедим, капа эмессиңби? - деди.
-Тентек!
Айжан күлүп койду.
-Эмне экөөбүз кыз-жигит белек? Досторбуз да!
-Ооба, досторбуз.
Ильяз Айжандын сөзүн артынан кайталап койду. Ал күнү экөө көпкө сейилдеп басышты. Ильяз айткандай көп нерсе жөнүндө сүйлөшүштү. Бала күнүндөгү кар кечип, жылгаяк тепкен, кар киши жасаган, жаңы жылды кубана күтүп аяз атага ишенген күндөрүн айтып келе жатып томсоро түштү. Анткени ал күндөрдүн баарында жанында Асел болгон. Такыр эле Ильяздан ажырагыс болуп жашоосуна байланганын карасаң...
Түн бир убакта Айжанды үйүнө жеткирип келген Ильяз коштошоордо кыздын маңдайынан сүйүп койду. Кызга ушул эле керек белем? Ансыз да албырып, сүйүнүчтөн бир калыпта сокпой тыпырап жаткан жүрөгү кантип бул кубанычтан жарылып кетпегенине өзү таң Айжан. Үйгө кирип албырган жүзүн колу менен басып кыялдана көпкө жатты кыз.
Жолдо үйүнө бараткан Ильяз машинасында жаңырып жаткан ырга бирде кошулуп, бир үнсүз муюп угуп баратты.
Ак толкун болуп, ак шоокум болуп,
Түшүмө кирчи Периииииштеееем! ....
-Туулган күнүң менен периштем! - деди Ильяз шыбырап, качан гана ыр соңуна чыкканда.
Так ушул убакта бир канча алыстыктарда кыпкызыл розалар толуп, өзгөчө шамдар жагылган бөлмөнүн бир бурчунда колуна кызыл жоолукту кармап олтурган Асел ушул ырды ырдап жаткан.
Түшүмө киирчии, түшүмө кирчи Перииииишттттеем! ....
Мукам үнү басылып көзүнөн жалгыз бермет ылдый кулады.