lightning57 (11 Октябрь 2019 - 12:32) жазган:
Билгенге кайын журт,сыйлаарга кайын журт сенин канатын.Туболук ордоолуу журтун.Балдарындын ата журту....
Кыз бала ата эне баарында тордо болуп сыйда болосун жашын откондо ата эне мурас бугун барда эртен жок.Козу откондон кийин кайын журт душман деген келин болсо сыйдын тугонгону ошо.Барган эшигин жабылып сыйласа чайын ичип,сыйлабаса тилинди тиштеп келгиндин козун карайсын...
Ал эми кайын журт туболук сенин журтун.Жаш кезинде тилди тыйып сыйлап койсон,убайын коросун.Тордун тобосундо болосун...
Жаш кезинде жене болуп кыз узатып,жене болуп авысын алып,тойдун бет ачары сен болосун.Тарсылдап кызматтарын кылып турсан кудага баратканда кокуй келинди алалы деп эскерип турат.Жашын откондо чон апа болуп,чон эне болкп куймулчак алып тордун корку болуп сый коросун.
Ал эми торкундон аган тын болсо тойдун бирооно кошуларсын, тын болбосо эл катары келип эл катары кетип ата эненди эстеп бир сыгылаарсын. ..
Билгенге кайын журт балдарындын ата журту,сенин туболук ордоолу журтун.
Карып козубуз откондо да ушул энебиз жакшы эле деп акыркы сапарга узатып,кызматын кылып,эртели кеч уйго келип куран окутар элибиз болор...
Жада калса бейитибизден откондо баланча энебиз эле деп бир эскерип бата кылаар элибиз болор...
Кайын журтан айланайын алар бар ,биз бар да....