Саламатсызбы урматту окурмандар! Мен бул теманы ачканымдын себеби, мен да болсо озумдун башыман откон кундорду жазгым келет. Балким, бир учурда китеп болуп чыгып калаар. Озум жонумдо айта кетсем, Чуйдун чурогумун
![Сүрөт](https://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/50.gif)
Мектепте жакшы окудум, класстын алдынкы окуучусу элем. Кудай мага жакшы да жаман да сапаттарды, бирин коп бирин аз кылбай тен бериптир ойлоп корсом. Табиятымдан тын келдим, абдан жоопкерчиликтуу кыз болгондуктан класста 10 жыл бою староста болдум, тын болгонумдан коп эле ийгиликтерге жетиштим,бирок мага бир нерсе жетишпеди.
Ата энем менен айылда турабыз. Торт бир тууганмын,3 эжем жана эн кичуусу менмин. 3 эжем тен сулуу эле. Муну мен айтканымдын себеби, мен сулуу болбой калыптырмын. Бирок сулуулук эч нерсени чечпейт,эн биринчи орунда адамдын ички дуйносу, адамдык сапаттар тураарын мен ото кеч билдим. Мектепте окуп жургондо эмне, классташ курбуларын жигит жандап,артынан балдар чуркап журсо, менин дагы жигитим болсо деген ой келет экенда. Мектеп курагында оспурум кыздар кобунчо акылсыз келет экенбиз. Сулуулук мен учун абдан маанилуудой сезилди. Эмне учун сулуу эмесмин деп копко жаман болуп ийлаган кундор болду. Мен кичкий кезде,эжем сен кебетен анча эмес деп айтканы дагы да болсо эсимде. Мындай создор кичкий кыздын психикасын бузуп, журогун оорутат экенин чон адамдар билишпейби?
Ошентип менин самооценкам(кыргызчасын билбейм,кечиресиз) абдан тушуп кетти.
Анда мен 9-класста окуйт элем. Бир куну биздин класска Адель деген кыз келди. Чон класстын балдары, ал кызга соз айтышып жатып калышты. Ал кыз менен мен бат эле тил табышып кеттим. Бек деген бала, 11- класста окуйт эле. Ал мага Аделдин номерин алып беруумду суранды. Бирок Адель конулу чаппады. Номерин бергиси келген жок. А Бек экообуз одноклассниктен Адель жонундо суйлошуп жатып, бир маалда кантип мен жонунжо суйлошуп калганыбызды билбейм.
-Арууке, экообуз суйлошуп алсак кантет?!-деди кебелбей