jindirak (17 Март 2021 - 10:19) жазган:
Жакшы жазып атасын жаным
*******
Ыңаалап ыйлап бул жарык дүйнөгө жаңыдан келип жаткан ымыркайлардын үнү жаңырган төрөт үйүнүн узун коридорунда олтурду Ширин. "Эмнеге адам баласы төрөлгөндө эле ыйлап төрөлөт? Балким бул жашоонун ушундай таш боор, анан тайкы жолдору бар үчүн. Балким бул жалган дүйнө жыргал эмес экендигин сезишет чыгаар?... Жараткандын буйругу, каалоосу да.." - деп ойлоду өзүнчө. Төрөт узака созулуп оор өттү. Жийденин өмүрү өлүмдүн кылдай учуна барып кайтты...
Акыл өзү айткандай Шириндин апасын эки күн ичинде абактан сууруп чыгарып берген. Ай күнү жетип араң жүргөн Жийде абактан келгенден соң бир жума өтпөй мынтип төрөп жатат. Уул төрөлдү. "Эхх аттиң кыз болуусун каалагам.." - деп алды улутунган Ширин. Эмнеге экенин өзү деле билбейт, бирок ушул наристе кыз болуп төрөлүүсүн каалаган эле.
Эртеси күнү апасы Жийденин алдына киргенге уруксат беришти. Абактан чыкканга ансыз да бозоргон жүзү, төрөттөн кийин ого бетер бозоруп өңдөн азып кетиптир.
-Аппоу! - деген кыз Жийденин алдына келип эркелей кетти.
-Шириним менин...
-Кандайсың апа? Өзүңдү жакшы сезип калдыңбы?
-Мен жакшы балам. Силерчи?
-Бизден камсанабачы апа. Андан көрө менин инимди көрсөтчү? - деди Ширин жароокер күлүп апасына эркелеп.
Жийде ары жакта уктап жаткан уулун колуна алып кызына сунду. Колдорун болор болбос майда калтырак басып наристени алды. Оролгон апакай кездеменин ичинде кичинекей эле кызыл эт жаткандай көрүндү Ширинге. Бирок кичинекей бул ымыркайдан, чукуранган жүзүнөн Сагындыкты көрүп турду. Башка инилери менен эч нерсе билинбейт. Муну да ошондой көрөм деп ойлогон, бирок башкача болду. Өзү күтпөгөн, өзү да түшүнбөгөн бир сезимге кабылды да калды. Мындай жагымсыз абалды апасына сездирип албайын деп баланы жүзүнө жакын кылып келип искеп алып шашыла кайра эле апасына сунду.
-Ширин?
-Оу апа?
-Балада эмне күнөө чынбы?
-Түшүнбөдүм? - деди негедир, баарын түшүнүп турса да. Неге мынтип апасын алдады өзү деле билбейт. А чындыгында апасын эмес, өзүн алдап өзүнөн качканы го...Болгону баланы көрүп Сагындык эсине түшүп ызаасы күчөп жанын коёрго жер таппай кетти.
-Бул бала атасынын акмакчылыгы үчүн жооп берүүгө милдетүү эмес го? - деди кайра Жийде жалооруп кызын тиктеп.
-Апа мен...
-Мен баарын түшүнөм балам. Түшүнбөскө деле башка арга калбады. Болгону баланы жээрибечи. Мунун күнөөсү ошол акмактын туягы болуп төрөлгөнүндөбү?
-Апаоу андай эмес. Сөз берем мен жээрибейм, - деген Ширин кайра чүрпөнү колуна алып олтурду. Апасынын көңүлүн аяп сыртынан эч нерсе билдирбегени менен, баланы биринчи көргөндө ичине түшүп кеткен муз акырындык менен бүт денесин чыйрыктырып, ага кошуп жүрөгүн да тоңдуруп баратты.
-Ширин акчаны кайдан алдың?
-Кайсы акча?
-Мени абактан жөн чыгарбаса керек?
-Аа, иштедим апа. Кала берсе үйдү саттым го.
-Кызым сен билбесең да мен абакта жатып, ал жактын мыйзамы менен жашоосун жакшы эле түшүнүп калгам. Адам өлтүрүү менен түшкөндөрдү жөн эле акча төксөң коюп жиберишпейт. Мени менен чогуу бир камерада жаткан аялдар айтты, "бул жактан белгилүү эле органда иштеген адам же кримдүйнө мүчөсү эле чыгарып кетпесе жөн адамдын колунан келбейт" - дешти. Кана эми айт кызым, кандай айла таап мени сууруп чыктың?
-Апа, эч кандай айла таппадым. Мен сураган акчаны гана бердим. Бир адам аркылуу чыгарабыз дешти. Өтө чоң сумма төлөдүм, - деди Ширин башын жерге салып, эриндерин тиштегилеп турган калыбында.
-Макул кызым, бир күн өзүң айтаарсың. Күйгөнүм келечек жашооңо кедерги болчу иш жасап жибербедиңби дегеним.
-Жоок, баары жакшы.
-Базарды эмне жаап салдың?
-Апа мен азыр товар алып келип өткөрүп жакшы табамын, - деди Ширин .
-Макул кызым. Бирок окууңду да улантсаң болмок. Мына мен чыктым, буйруса белимди бекем бууп сен үчүн, силер үчүн иштеймин. Кайра базарга чыксам окшойт.
-Жок апа, эми сен үйдө болосуң. Энем да кыйналды. Балдарды карайсың. Мен иштеп силер үчүн кам көрөмүн.
-Алда кызым ааай! Сен деген жаш кызсың. Келечегиңди курушуң кажет. Убагы келип теңиң чыкса узатып той кылабыз.
-Иий апа койчу.
-Эмне экен ботом? Боло турган нерсе да. Жее теңиңди тапкан белең? - деген Жийди акырын күлүп жанында олтурган кызын түртө тийишип алды.
-Жоок апа. Тапсам эле сага айтамын, - деген кызы да апасын кучактап жүзүнөн өөп алды.
-Макул эми үйгө бар. Инилериң кантти? Эки үч күндө биз да чыгып калабыз.
-Макул, - деген Ширин апасы менен коштошуп чыгып баратып эшик оозуна жеткенде тык эте токтоду да кайра артына бурулду:
-Апа ысымын ким деп коёбуз?
-Жакшылык. Ушул периште менен жашообузга жакшылыктар келип, жашообуз жакшы өтсүн деген тилек менен, - деди апасы Шириндин көзүн карап үмүттүү. Апасынын көздөрүндө чочулоо, абайлоо жаткан. Ширин чыдабай кетти. Апасынын аянычтуу абалына боору ооруп турду.
-Макул апа, - деп жылмайып чыгып кетти. Палатадан сыртка чыгаары менен жанатан апасынын алдында күч менен кармап турган жылмайган жүзү сустайып өзгөрүлө түштү. "Кайдагы келечек? Кайдагы күйөө? Эх апа кызыңдын келечегине алда качан балта чабылып, тагдыры талкаланып бүткөнүн билбейсиң. Билсең кантер экенсиң? Кантер элең мен үчүн түрмөгө түшкөн жаның кайра эле мени ойлоп өзүңдү окко тосмоксуң да. Жок! Эч качан сен муну билбейсиң! Сен мен үчүн баарын кылдың апа. Эми мен силер үчүн жасаймын баарын. Сен үчүн, инилерим үчүн. Инилерим... Жакшылык... Неге муну жүрөгүм кабыл албай жатат? Неге ичим муздап кетти бул наристеге? Жакшылык... "Жашообузга жакшылык алып келсин!" - деген апасынын сөзү жаңырды. Менин жашоомдо дагы кандай жакшылык болушу мүмкүн? Өмүрүм булганып бүттү го? ... " - жол боюнда ушулардын баарын ойлоп, кээ бир убакта өзү менен өзү сүйлөшүп басып баратты.
Илим жол чыракка токтоп айлананын карап алып жүрөгү бир жулкунуп алды. Унаалар жүргөн чоң жолдун жанындагы адамдар басчу жолдон көзүнө тааныш караан урунду. Ооба баягы тааныш келбет. Узун боюна жарашкан көйнөк кийип, чачын да келишимдүү жасалгалап алган Ширин. Дайымкыдай ишенимдүү кадам таштап, башын бийик көтөрүп ойлуу бара жатыптыр... Канчалык көңүл бөлбөй өтүп кетейин десе да жүрөк кургур чырылдап туруп алды. Акырын артынан жүрүп олтуруп унаасын четке токтотуп кыздын алдынан чыга калды.
-Салам! - деди толкундоосу али басыла элек үнү титиреп.
-Салам! - Ширин кудум күн сайын көрүп жүргөн адамы менен көрүшкөндөй кайдыгер анан токтоо үн катты.
Илимди көргөнүнө канчалык кубанып, канчалык толкунданып жатса да анысын ич - ичинен басып турду. Илимге окшоп көздөрү жанып, кубангандан доошу да титиреп чыкпай салкын турду. Кээде өзүнүн ушунчалык сабырдуулугуна өзү да таң калчу.
-Кандайсың Ширин? - деди Илим ошол калыбынан жазбай кубанып.
-Мен жакшымын, сенчи?
-Жакшы.
Илим андан ары сүйлөгөн жок. Чынында эмне дээрин деле билген жок. Кыялында Ширинге жолугуп калса көп нерсени айтып, көп нерсе жөнүндө сүйлөп бермек. Бирок бул кызды көрөөрү менен ошол жылдап даярданып камдап койгон сөздөрү шамалга учкан жалбырактардай сапырылып алда кайда учуп жок болот. Өзү мурун эле Ширинден сүрдөп турчу, азыр кыз андан бетер сүрдүү болуп кетиптир.
Чакан тамактануучу жайда экөө маңдайлаш олтурушту. Мурун тамактанганы киришкенде кыз колун ээгине таянып, Илимден көз албай шоктонгон каректери менен тиктеп олтура берчү. Илим кыздын ошол кылыгын, өзүн дал ошентип жароокерлене эркелеп тиктегенин жакшы көрөөр эле. Эми болсо кыздын ошол элесинен,ошол эркелегинен дайын жок. Сулуу жүзү суз тартып, каректери да мурункудай күйүп жанбай муздак тиктейт. Илим Шириндин көздөрүн ирмем убакыт тиктеп алып карегиндеги ызгаар кышкы чыйрыгып кеткендей болду денеси.
-Кандай жүрөсүң? - деп сөз баштады Илим кызга мээримдүү тигилип.
-Эң сонун! - Ширин күлүп жооп берди.
"Суранам ушинтип тиктебечи мени?! Кайратымдын баарын мээримдүү тигилип карап турганың ээритип баратат!" - деп жалынып жатты кыз ичинде.
"Сен не мынча өзгөрдүң? Ширин. Жок сен мен билген Ширин эмессиң!" - деп жатты Илим өзүнчө.
-Сенде жакшы болсо кубанычтамын!
-Сенчи? Кандай жүрөсүң? Канча балалуу болдуң? - кыз алдына коюлган суусундуктан ууртап бир кашын көтөрүп койду.
-Мен деле эл катары... Балалуу боло элекмин, 3 ай болду үйлөнгөнүмө. ..
-Ооо, бакыт каалаймын. Өмүрүңөр таттуу анан маңыздуу өтсүн! - деди Ширин куттуктап.
-Рахмат! Сенчи? Канча балалуу болдуң?
-Менби? Эми күтүп жатабыз! - деп койду Ширин жылмайып.
-Куттуктайм. ..
-Илим мен кетейин...
-Кетесиңби? Бир дайыныңды билдирсең боло? Кабарлашып турганга? - ортодогу абал канчалык оңтойсуз болбосун Илимге кыздын жанында олтурганы жагып турган.
-Эмне кереги бар Илим? Биз эми үй бүлөөлүү адамдарбыз. Андыктан кабарлашып турууга болбойт...
Ширин чыгып кетти. Илим болсо артынан сагынычтуу карап кала берди.